СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Канчалык жоопкерчиликтүүсүн

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Канчалык жоопкерчиликтүүсүн»

          Канчалык жоопкерчиликтүүмүн?     Өзүңө кандай баа берет элең?   Жоопкерчиликтүү болуу деген эмнени билдирет?   Эмне үчүн жоопкерчиликтүү болушум керек?   Канткенде жоопкерчиликтүүрөөк боло алам?

Канчалык жоопкерчиликтүүмүн?

  Өзүңө кандай баа берет элең?

  Жоопкерчиликтүү болуу деген эмнени билдирет?

  Эмне үчүн жоопкерчиликтүү болушум керек?

  Канткенде жоопкерчиликтүүрөөк боло алам?

  Өзүңө кандай баа берет элең? Мен дайыма ...; көп учурда ...; кээде ...; такыр андай эмесмин чынчылмын ишеничтүүмүн такмын эмгекчилмин жыйнактуумун элпекмин кичи пейилмин сылыкмын камкормун Ушул сапаттардын кайсынысы сенде көбүрөөк өрчүгөн? Ошол сапатыңды андан ары да өстүрө бер Ушул сапаттардын кайсынысын көбүрөөк өрчүтүшүң керек? Төмөндөгү кеңештер ушул жактан жакшырганга жардам берет.

  Өзүңө кандай баа берет элең?

  • Мен дайыма ...; көп учурда ...; кээде ...; такыр андай эмесмин
  • чынчылмын
  • ишеничтүүмүн
  • такмын
  • эмгекчилмин
  • жыйнактуумун
  • элпекмин
  • кичи пейилмин
  • сылыкмын
  • камкормун
  • Ушул сапаттардын кайсынысы сенде көбүрөөк өрчүгөн?
  • Ошол сапатыңды андан ары да өстүрө бер
  • Ушул сапаттардын кайсынысын көбүрөөк өрчүтүшүң керек?
  • Төмөндөгү кеңештер ушул жактан жакшырганга жардам берет.
  Жоопкерчиликтүү болуу деген эмнени билдирет?   Жоопкерчиликтүү адам үйдөгү болобу, же мектептеги болобу, же башка ушу сыяктуу милдеттери болобу, жакшы аткарат. Ошондой эле кылган иши үчүн жооптуу экенин жакшы түшүнөт. Эгер бир нерсени туура эмес кылып алса, катасын мойнуна алат жана аны оңдогонго аракет кылат. Ыйык Китепте эмне деп жазылган? «Ар ким өз жүгүн өзү көтөрөт»

  Жоопкерчиликтүү болуу деген эмнени билдирет?

  • Жоопкерчиликтүү адам үйдөгү болобу, же мектептеги болобу, же башка ушу сыяктуу милдеттери болобу, жакшы аткарат. Ошондой эле кылган иши үчүн жооптуу экенин жакшы түшүнөт. Эгер бир нерсени туура эмес кылып алса, катасын мойнуна алат жана аны оңдогонго аракет кылат.
  • Ыйык Китепте эмне деп жазылган?
  • «Ар ким өз жүгүн өзү көтөрөт»
Эмне үчүн жоопкерчиликтүү болушум керек? Эгер жаштар жоопкерчиликтүү болсо, өздөрүнүн шык-жөндөмдүүлүктөрүн туура жана акылдуулук менен колдонушат. Ошондуктан башкалардын кадыр-баркына ээ болушат жана аларга чоң кишиге мамиле кылгандай мамиле кылышат. Ошондой эле алар көбүрөөк эркиндикке жана артыкчылыктарга ээ болушат. Ыйык Китепте эмне деп жазылган?  «Өз ишин мыкты билген кишини көрдүң беле? Ал... падышалардын алдында турат» ( Накыл сөздөр ). Жоопкерчиликтүү адам, адатта, берешен болот, ошондуктан жакшы достору көп болот. Ыйык Китепте эмне деп жазылган? «Бергиле, ошондо силерге да берилет» Жоопкерчиликтүү адам кылган ишине ыраазы болгондуктан,  өзүн-өзү сыйлоо сезимине ээ болот. Ыйык Китепте эмне деп жазылган? «Ар ким өзүнүн иштерин текшерсин, ошондо ал өзүн башкаларга салыштырбай, өз иштерине кубанат» ( Галатиялыктар ).

Эмне үчүн жоопкерчиликтүү болушум керек?

  • Эгер жаштар жоопкерчиликтүү болсо, өздөрүнүн шык-жөндөмдүүлүктөрүн туура жана акылдуулук менен колдонушат. Ошондуктан башкалардын кадыр-баркына ээ болушат жана аларга чоң кишиге мамиле кылгандай мамиле кылышат. Ошондой эле алар көбүрөөк эркиндикке жана артыкчылыктарга ээ болушат.
  • Ыйык Китепте эмне деп жазылган?
  • «Өз ишин мыкты билген кишини көрдүң беле?
  • Ал... падышалардын алдында турат» ( Накыл сөздөр ).
  • Жоопкерчиликтүү адам, адатта, берешен болот, ошондуктан жакшы достору көп болот.
  • Ыйык Китепте эмне деп жазылган? «Бергиле, ошондо силерге да берилет»
  • Жоопкерчиликтүү адам кылган ишине ыраазы болгондуктан,

өзүн-өзү сыйлоо сезимине ээ болот.

  • Ыйык Китепте эмне деп жазылган? «Ар ким өзүнүн иштерин текшерсин, ошондо ал өзүн башкаларга салыштырбай, өз иштерине кубанат» ( Галатиялыктар ).

Канткенде жоопкерчиликтүүрөөк боло алам?

  • Бул суроого жооп алыш үчүн айрым жаштардын төмөндөгү сөздөрүнө көңүл буралы. Кимисинин жагдайы сеникине окшош?
  • «Апам менен атамдын ар бир кадамымды текшерип, кичинекей балага мамиле кылгандай мамиле кылганы такыр жакпайт» (Кэри).
  • «Досторум менен бир жакка барып келүүгө суранганымда, адатта, ата-энем эч нерсе дебей эле коё берет» (Ричард).
  • «Курдаштарыма ата-энелери эмнелерди кылганга уруксат бергенин көргөндө: “ Мага деле ата-энем ушинткенге уруксат берсе, сонун болмок!” — деп ойлойм» (Анна).
  • «Негизи, ата-энем мени көп учурда өз эркиме коёт. Мен аларга мага ишеним артып, ушундай эркиндик берип жатканына аябай ыраазымын» (Марина).
  • Кандай жыйынтык чыгарса болот? Айрым жаштарга ата-энелери көбүрөөк эркиндик беришет. Эмне үчүн деп ойлойсуң?
  • Турмуштук тажрыйба: Сага канчалык эркиндик берилери көбүнчө ата-энеңдин сага канчалык ишенерине байланыштуу болот.
  • Жогоруда айтылган жаштардын буга байланыштуу эмне деп айтканын карап көрөлү.
  • Ричард: «Мурун ата-энем мага анча ишене бербегендиктен көп эркиндик беришчү эмес. Азыр болсо андай эмес. Анткени каякка жана ким менен барарымды алардан такыр жашырбайм. Мен аларга, сурабаса деле, пландарымды дайыма айтып турам»
  • Марина: «Өмүрүмдө ата-энемди эки жолу алдагам, бирок баары бир билинип калган. Ошондон кийин ата-энеме дайыма чынын айта турган болгом. Мисалы, эмне кылып жүргөнүмдү майда-чүйдөсүнө чейин айтып турам. Бир жакка кетсем да чалып айтып коём. Азыр алар мага көбүрөөк ишенип калышты».
Кандай жыйынтык чыгарса болот?

Кандай жыйынтык чыгарса болот?