СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кол өнөрчүлүк кесип

Категория: Технология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Дегеле ар бир адамда кол өнөрчүлүк шык бар ошол шыкты өнүктүруп багып кетүү бардагынын колунан келе бербейт

Просмотр содержимого документа
«Кол өнөрчүлүк кесип»


Сабактын  максаты:  Кол өнөрчүлүк

Сабактын  максаты: 

  1. Окуучулар  бул  тарбиялык  саатта  “Ата  көргөн  ок  жонот,  эне  көргөн  тон  бычат” -  деген  накыл  сөздүн  маанисин  терең түшүндүрүү;

  2. Ата  -  бабалардын  кол  өнөрчүлүгүнө  башка  элдердин  суктанганына  тарых күбө  экендигин  окуучуларга   жеткирүү; 

  3. Ууз, зергер  -  деген   сөздөрдүн  маанисин  түшүндүрүү.

Сабактын  жабдылышы:  боз  үйдүн  макети,  калпак,  комуз,  кыяк.

Сабактын  жүрүшү:

1 .  Уюштуруу.

2.  Мугалим  бул  сабакта  кыргызда  “Ата  көргөн  ок  жонот, эне  көргөн  тон  бычат” -  деген  накыл  сөздүн  сакталып  калгандыгын  тарыхый  фактылар  -  дын  негизинде  окуучуларга  түшүндүрүп  берүүсү  керек.  Себеби  биздин  ата  -  бабаларыбыз  жасаган  сыр  найза,  ач  албарс  кылыч,  жоо  октору  ийине  жеткире  тапталып,  зор  чеберчилик  менен  жасагандыктан  ташты  кыя  чабууга  даремети  жеткен.  Ошондуктан  атактуу  Чынгыз  хан  жортуулга  чыгар  алдында  бүтүн  кыргыз  усталарына   согуш  куралын  жасаткан.  Кыргыз  усталарынын  атайын  коргонуу  үчун  жасаган  калкан,  туулгалары  эң  сонун,  алып  жүрүүгө  жеңил,  найза  жана  кылычты  өткөрбөгөн  бышык  болгон.  Ал  эми  уз  энелерибиз  мисалы,  Каныкей  энебиздин  Манас  атабызга  тиккен  ак  олпогунун  керемет  сырын  айта  келсек  сөз  жетпейт  .
         Ошондой  эле  кыргыздын  боз  үйүн ,  кол  өнөрчүлүгүн  аталарыбыздын  акылмандуулугун,  энелерибиздин  уздугун  бүткүл  дүйнөгө  даңазалап  турган  кыргыз  бренди  десек  жаңылышпайбыз.
Ошондуктан тарыхка көз чаптырсак, кыргыз улуу эл
болгонуна ынанабыз.
Кыргыз элинин улуттук өнөрүнүн символикасы болгон шырдакка, кийизге
кайрылсак, анын кооздугуна таң калып, философиялык ой жүгүртүүлөрдү баамдоого болот. Жараталыш жасап койгон килемдин дал өзү… Бул жерден өң-түстүн бири-бири менен айкалышын, көктөмдө көз жарган байчечекей гүлдөрүнүн өңүн көрсө болот.
Шылдырап аккан булактын наз үнү угулуп тургансыйт. Тоо арасында аркар-кулжалардын беймарал жайылып жүргөн элеси. Мына ушунун бардыгын шырдактын оюм-чийимдеринен көрсө болот. Ал отуз-кырк жыл бою пайдаланылат. Ал эми кыргыз элинин баш кийимине көз чаптыра турган болсок, адеп эле калпак көзгө урунат. Анын формасы - ак мөңгүлүү Ала-Тоо символу. Калпак кыргыз элинин визиттик карточкасы болуп эсептелет. Аны кадыресе жумушка да, салтанаттуу жолугушууга, кечелерге да кийсе болот. Эс алуу жайларында, курорттордо кийип жүрсө, көркүнө чыгат. Аны кыргыздар кадырлаган, сыйлаган адамына белекке беришет. Калпак
менен жакшынакай салттарды байланыштырышат.
Калпак менен жакшынакай салттарды байланыштырышат.
Азыркы кезде кыргыз кийими европалык модадан кем калбайт, мезгилге жараша өзгөрүп, жаңырып турат. Ошону менен бирге эле кыргыз кийими өзүнүн улуттук маанисин, колоритин жоготпостон, накта улуттук элементтерин кошо ала жүрөт. Алар күндөн күнгө жаңыланып, толукталып келет. Өң-түс жагынан алганда, улуттук кийим ачык түстү көп колдонот. Ак түс актыкты, тазалыкты, сулуулукту билдирет. Жаш колуктунун кийими ак түстөн болгон. Кыргыз оюу-чийүүсүнөн мал-жандын элестерин, жаратылыштын, бак-дарактардын, өсүмдүктөрдүн элементтерин көрүүгө болот. Ошондой эле элге мүнөздүү болгон ой жүгүртүүлөрдү, кыял-тилектерди, үмүт-каалоолорду баамдоого болот.
     Азыр  да  улуттук  кол  өнөрчүлүктөн  уучубуз  кур  эмес.  Буга  далил  Асоль Молдакматованын  мода  көргөзмөсүнүн  Америкада,  Парижде  саякат  жасап  жүргөндүгү

3 .Окуучулардын  арасында кол  өнөрчүлүккө  кызыккандар  барбы  алар  муну  кимден  үйрөнүштү . (суроо- жооп негизинде пикир алышуу)