СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз адабияты

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз адабияты»

Практикалык сабак: № 1

Тема: Кыргыз адабияты предметинин окутуунун мааниси, максаты ж-а милдеттери

Сабактын максаты: Кыргыз адабияты ж-а кыргыз адабияты предмети жөнүндө кеӊири маалымат алышат. Кыргыз жазма адабиятынын жана профессионал көркөм өнөрдүн орто мектептин окуу программаларында орун алышын түшүнүшөт.

Түшүнүгүн өз сөзү менен айтып берүүгө, кыргыз тилиде сүйлөөгө үйрөнүшөт.

…Адабият--- элдин аӊ-сезими, анын рухий турмушунун гүлү, мөмөсү. В.Г. Белинский.

Сүрөткер өз өлкөсүнүн, өз табынын сезгичи,анын кулагы, көзү, жүрөгү; ал – өз доорунун үнү. М.Горький.


Түшүнүү: Кыргыз адабияты предметинин окутуунун мааниси, максаты ж-а милдеттери

Көркөм аадабият деген эмне? Көркөм адабият – искусствонун бир тармагы. Исусствонун тармагына: кино театр, музыка, скульптура, сүрөт өнөрү ж.б.кирет. Адабият жалпы мааниде колдонулган сөз. Тагыраак айтканда, басмадан чыккан бардык эле китептер адабият деп аталат. Адабият өз ара илимий адабият жана көркөм адабият болуп экиге бөлүнөт. Илимий адабият өзүнүн тармактары боюнча бир нече түргө бөлүнөт.М: медициналык,биологиялык, химиялык, математикалык, кибернетикалык, саясий адабияттар болуп бөлүнөт. Илимий адабият так эрежелерди, кортундуларды натыйжаларды талап кылат.

Көркөм адабият – сөз өнөрү. Көркөм адабияттын башкы куралы да сөз. Көркөм адабияттын предметти – адам, анын турмушу, жан дүйнөсү. Жазуучу өзүнүн чыгармасында кимди гана сүрөттөбөсүн, аны курчап турган айлана – чөйрөнү, жаратылышты, иштеген иши, адамдар м-н болгон карым – катнашты ж.б. менен бирдикте карайт. Демек турмуштагы болгон окуяны көркөм сөздүн күчү м-н сезим элегинен өткөрүп, образдаштыруу менен кайра иштеп чыгат. Бирок аны канчалык даражада образдуу иштеп чыгуу жазуучунун талантына, чеберчилигине жана турмуштук тажрыйбасына байланыштуу. Көркөм адабият оозеки жана жазуу түрүндө жашап келди. Байыркы кыргыздар тарыхый себептер менен жазуусун жоготкондон кийин элибиздин көркөм сөзү негизинен ооздон-оого өтүп, муундан-муунга мурас болуп өнүгүп келген. Улуттук көркөм сөзүбүз жазуу түрүндө да өнүгүп-өсүп келе жатат. Оозеки эл чыгармачылыгы адабият илиминде фольклор деп аталат. Көркөм адабияттын ыр түрүндөгүсү – поэзия, кара сөз түрүндөгүсү – проза, ал эми сахнада оюн коюуга ылайыкташтырып жазылган түрү – драма деп аталат. Булар көлөмүнө камтылган окуясына ылайык бир канча түрлөргө бөлүнүшөт.

Көркөм адабиятта турмуш чындыгы образдуу жана кызыктуу маанайда чагылдырылат. Жазуучу көркөм сөздүн кудуркти менен каармандардын образын жаратат. Ал окурмандарды, окуучуларды жаман адаттардан, сапаттардан алыс болууга, ыймандуулукка, адилеттикке, боорукердүүлүккө, эрдикке ж.б. үндөйт, асыл сапаттарга тарбиялайт жана турмушка даярдайт. Ошондуктан жазуучуларды «адам инженерлери» деп айтышканы бекеринен эмес.

Кыргыз адабияттын тарыхын окуп үйрөнүү, адабият таануу илиминин көп жылдык тажрыйбасы көрсөткөндөй, тарыхый мезгилдердеги адабий өнүгүштүн негизги тенденцияларын аныктап, анан ошол мезгилдердеги адабий процесске омоктуу салым кошкон акын-жазуучулардын чыгармачылык портреттери негиз болуп келет.Кыргыз адабиятынын өнүгүү процесин төмөндөгүдөй мезгилдештирүү боюнча кароо илимий критерийге толук жооп берет. 1.«Кыргыз совет адабиятынын алгачкы мезгили», 2.«Отузунчу жылдардагы кыргыз совет адабияты», 3.«Кыргыз совет адабияты Улуу Ата Мекндик согуш мезгилинде», 4. «Кыргыз адабияты 1960-1990-жылдардагы совет адабияты», 5. «Азыркы мезгилдеги кыргыз адабияты» Бул мезгилдештирүү негизинен жалпы союздук масштабдагы (орус совет адабияты менен СССР элдеринин адабияттарындагы) адабий өнүгүштүн мезгилдешүүсүнө үндөшүп турат.

Биз, бул окуу процессинде кыргыз адабиятынын 1960-1990-жылдардагы тарыхына обзор берилет. Ошол мезгил аралыгында чыгармачыл арааны жүрүп турган залкар акын-жазуучулардын: Т.Сыдыкбеков, Ч.Айтматов, У.Абдукаимов,Т.Касымбеков, С.Эралиев, Б.Сарногоев, Т.Абдумомунов, М.Байжиев ж.б. өмүрү жана чыгармачылыгын окуп үйрөнөбүз,билебиз.Бул мезгилде, тагыраак айтканда, XX кылымдын соӊку кырк жылда кыргыз адабиятынын мазмун жактан да, форма жактан да изденүүлөрү жемиштүү болгонун таанууга болбойт.

Чыгармалардын көпчүлүгү канткен менен биздин кечээки тарыхыбыз, социализм деген системада жашаганыбыздын бир элеси болуп калды. Андан бери коом да, адамдар да, алардын аӊ-сезими да өзгөрдү. Силер болсо таптакыр башка-жаӊы муунсүӊар, башка улутсуӊар, андыктан көп чыгармаларга жаӊыча көз карашта карашыӊар керек.

Бул предмет силерге багыт,түрткү гана берет, адабий билим алууӊарга жана ошол адабий чыгармадан турмушту, мезгилди таанып билүүгө жардамчы гана болуп саналат. Предметтин милдети да ошол. Ошол милдетти туура түшүнсөӊор гана өз мезгилиӊердин эӊ алдыӊкы инсандары болосуӊар.

Тема: 1960-1990-жылдардагы кыргыз адабияты.

XX кылымдын 1960-1990-жылдарындаеы кыргыз адабиятынын өнүгүү жагдайын, негизинен, эки учурга бөлүп кароо ылайык. Биринчи мезгил- 1960-1985-жылдардын аралыгы.Бул учур Советтер Союзунун дүйнөлүк аренада күчтүү мамлекет катары жашап, анын курамында турган Кыргыз Республикасы маданият жагынан тездик менен өнүгүп жаткан мезгили эле. Экинчи мезгил- 1985-1991-жылдар аралыгы. 1985-жылы өлкө кайра куру, ачык айтуу саясаты башталгандан тарта 1991-жылы СССР тарап, республикабыз эгемендүү болгон 90-жылдардын кырдаалына туура келет. Бул эки мезгилдеги кыргыз адабиятынын өнүгүшүнүн эки башкача өзгөчөлүктөрү бар. Ал өзгөчөлүктөр эки башка коомдук-саясий, социалдык-тарыхый жагдайларга байланыштуу түшүндүрүлүшү зарыл.

60-70-жылдары жалпы совет адабиятынын (анын ичинде кыргыз адабиятынын)өнүгүшү үчүн жакшы шарт түзүлгөн болчу. 40-жылдардын экинчи , 50-жылдардын биринчи жарымындагыдай катал кырдаал артта калып, кылдан кыйкым тапкан вульгаризатордук (бузуп –жарып бурмалоочулук) сындар жоголуп, идеалык-эстетикалык изденлүүлөргө кеӊири жол ачылып, ушундай кырдаалда кыргыз адабияты да жаӊы бийиктикке көтөрүлүп, бүткүл союздук, дүйнөлүк аренага таанылуусу артты. Ч.Айтматовго «Тоолро жана талаалардын повесттери» деген китеби үчүн Лениндик сыйлык ыйгарылды. «Таӊ алдында» аттуу ыр менен жазылган романы үчүн Аалы Токомбаев, «Сүйүү жана үмүт», «Абийир кечирбейт» драмалары үчүн Т.Абдумомуновко Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын алгачкы лауреаты болуп калышты. Ч.Айтматовго «Гүларат» повести үчүн СССРдин мамлекттик сыйлыгы берилди. А.Токомбаев менен Ч.Айтматовго Социалисттик Эмгектин Баатыры наамы ыйгарылды. Т.Сыдыкбеков, К.Баялинов, К.Жантөшев, Ч.Айтматов, К.Маликов, Я.Шываза, Т.Умөталиев, А.Токтомушев, С.Эралиев, С.Жусуев өӊдүү акын-жазуучулар Кыргызстандын Эл жазуучусу,Эл акыны наамдарына ээ болушту. Көптөгөн көрүнүктүү жазуучулардын тандалма чыгармалары, томдуктары жарык көрдү. Кыргыз жазуучуларынын катары таланттуу акындар, прозачылар, драматургдар менен толукталып, адабиятыбыз сан жагынан да, сапат жагынан да жогору бийиктикке жетти. М.Абылкасымова, Ж.Мамытов өӊдүү акындар Комсомол сыйлыгынын лауреаттары болушту. К.Маликовдун «Бийик жерде» драмасы, Ч.Айтматовдун «Эрте келген турналар» повести Токтогул сыйлыгын алууга татыктуу болушту.

Ч.Айтматов өзүнүн мыкты чыгармаларынын басымдуу көпчүлүгүн 1960-1970-жылдары, тагыраак айтканда, 1985-жылга чейин жаратты. «Биринчи мугалим», «Саманчынын жолу», «Гүлсарат», «Кылым каратар бир күн» өндүү чыгармалары СССР элдеринин тилдерине гана эмес, дүйнөлүк тилдерге которулуп, планета элдерине кыргыз калкы жөнүндөгүикабарларды таратып жатты. Бул чыгармалар киноискусствобуздун, драматургиябыздын, сүрөтчүлүк, музыкалык өнөрүбүздүн өркүндөп өсүшүнө да өзүнүн күчтүү таасирин тийгизди. Кыргыз прозасында көптөгөн романдар жаралды.1940-1950-жылдары романдар бир-эки деп эле саналса, эми чыгармачылыктын бул түрү жанрдык жактан да, сан жагынан да, сапат жагынана да байып, идеалык-эстетикалыктараза басымы артты.Жазуучу У.Абдукаимовдун Улуу Ата Мекендик согуш темасында жазылган «Майдан» романынын биринчи китеби 1961-жылы жарыкка чыкканда, ал жөнүндө А.Токомбаевдин курч жазылган сын макаласы жарыяланды. Жазуучулардын бир тарабы ашкере мактап, экинчи тарабы ашкере жамандап, өздөрүнүн пикирлерин айтышты. Талкуу автор үчүн пайдалуу болду. Ал романдын экинчи китебин жазууда согуш чындыгын туура чагылдырган салмактуу романды жаратты. Жазуучу Т.Касымбековдун «Сынган кылыч» романын окурмандар жактыруу менен кабыл алышты. Бирок бул романды партиялык жетекчилик орунсуз сындап, чыгарманын кийинки басылыштарына тоскоолдук кылып келди. К.Баялиновдун «Боордоштор» роман-трилогиясын Орто Азиада совет бийлигинин орношун жана чыӊдалышын көрсөтүүгө арналган. «Сынган кылыч» романында XIX кылымдагы түштүк Кыргызстандын тарыхый турмушу сүрөттөлүп, алар бир катар тарыхый инсандардын көркөм образдарын түзүү аркылуу элестетилсе, «Боордоштор» романында да коомдук түзүлүштүн алмашуу процессии бир катар тарыхый инсандардын (Мамбет Сүйүнбаев, Амандык Канаев, Магаза Саманчин, Токаш Бокин, М.В.Фрунзе,Ю.Фучик ж.б.) кыймыл-аракеттери, күрөштөрү аркылуу чагылдырылган. Бирок мында окуялардын өнүгүшү көп учурда хроникалуу пландагы сүрөттаркылуу ишке ашат. Т.Сыдыкбеков «Көк асаба» аттуу тарыхый роман менен бирге, «Зайыптар», «Ыманбай пейли», «Курбулар», «Сыр ачуу», «Жол» өӊдүү романдарды да жазган. Булардын ичинен «Көк асаба» романы учурунда адилетсиз сындардын негизинде ал кезде өзүнчө китеп түрүндө жарыяланбай басылып калган. Бул роман кийин кайра куру, ачык айтуу саясаты өкүм сүргөн кезде гана 1989-жылы жарык көрдү. Согуш учурундагы тылдын (ооруктун) турмушун бир кыйла дурус чагылдырган чыгармалардын катарынан жазуучу С.Омүрбаевдин «Бороонду күндөр» романы орун алды. Социалисттик курулушка жан дили менен берилип, колхоз түзүлүшүн чыӊдоого өтө активдүү катышкан революциячыл аӊ-сезими күчтүү кыргыз аялы Уркуя Салиеванын эрдик, уюштуруучулук иштери элге белгилуу эле. Мына ушул эр жүрөк аялдын образын өзүнү «Тарых эстелиги» романында түзүп, жазуучу Н.Байтемиров архивдик уйкуда жаткан чындыкка кайрадан жан киргизип, Уркуя Салиева жөнүндөгү кинофильмдин жаралышына, Бишкектин борбордук аянтына анын скульптуралык зор эстелигинин орнотулушуна себепчи болду.

Роман жанрында башка жазуучулар да жемиштүү эмгектеништи. К.Жантөшевдин «Хан-Теӊири», Ш.Бейшеналиевдин «Даӊкка жараша жүк», Ш.Абдырамановдун «Дыйкандар» романдары учурдагы колхоз турмушун көрсөтүүгө арналса, К.Каимовдун «Атай», С.Омүрбаевдин «Телегей» романдары жеке бир адамдын турмуштук жолун элестетүүгө багышталган.Совет бийлигинин алгачкы учурларын чагылдырган К.Акматовдун «Мезгил» романы басма сөздө бир карар талаш пикирлерди туудурган.

1960-1990-жылдары кыргыз прозасында, өзгөчө, повест жанрынын күчтүү өнүккөндүгүн бассса белгилеп айтууга туура келет. Ушул жанрда өздөрүнүн талантын ачык көрсөтө алган жазуучулалдын тобу 1960-1970-жылдары өтө активдүү иштешти. Ал жылдары адабий коомчулукта ж-а адабий сында оӊ бааланган повесттердин бир тобун атасак болот. М: К.Каимовдун «Жигит баратат», «Кыш кайрыктары», Ш.Бейшеналиевдин «Аманат», Ж.Мавляновдун «Турмуш», А.Стамовдун «Кеч күздө», «Жаӊы тууган», «Чүй баяны», «Нөшөрдөн кийин», О.Даникеевдин»Кыздын сыры», «Кызыл аска», М.Байжиевдин «Чыйыр», К.Жусуповдун «Аталар», «Капчыгай жазы», К.Осмоналиевдин «Эзелки кек», М.Мураталиевдин «Жаӊы конуш», М.Гапаровдун «Кыштакча», «Дарыялардын шоокуму» О.Орозбаевдин «Кыл көпүрө», З.Сооронбаеванын «Астра гүлү», И.Мансуровдун «Ак бугу», С.Жетимишевдин «Ички кайрыктар», Т.Мияшевдин «Махабат менен коштошуу», О.Султановдун «Ак жол көк асман», А.Жакыпбековдун «Катаал багыт», М.Сейталиевдин «Тегирменчинин кызы», К.Акматовдун «Эки сап өмүр», Э.Отунчиевдин «Алтын казык», А.Молдокматовдун «Жоогазын» ж.б.чыгармалары.

Көркөм прозанын сатиралык жанрында эӊ активдүү жана жемиштүү эмгектенген овторлор өсүп чыккан. Алар: А.Убукеев, С. Бөлөкбаев, М.Турсуналиев, Ж.Алыбаев ж.б. Ал эми, көркөм публицистика жагында өзгөчө эмгек кылган Асанбек Табалдиевдин аракетин бөлүп айтууга болот. Анын «Салт жөнүндө ой» (1965), «Сүйүүдөн турмуш жаралат» (1970), «Октябрга эстелик» (1979) аттуу китептерине коомдук турмуштагы эӊ маанилүү маселелерди козгогон курч публицистикалык чыгармаларын жарыкка чыккан. Публицистика жанрында К.Жусупов, М. Мураталиев, С.Усуповдор да активдүү иштешкен. Көркөм очерк жанрында ал жылдары белсемдүү иштегендердин алдыӊкы сабында жазуучулар С.Сасыкбаев, Э.Медербеков, Б.Сексенбаевдерди айтсак болот. Көркөм мемуар жагында пайда болгон китептердин ичинен Калык Акиевдин « Баскан жол» , Осмонкул Бөлөбалаевдин « Менин өмүрүм» аттуу мемуарларын өзгөчө белгилесек болот.

Кыргыз поэзиясы 1960-1970-жылдары жаӊы идеалык изденүүлөр менен алек болуп, жаӊы көркөмдүк табылгаларды жаратууга,жаӊычылдык сапаттар менен байытууга жетишти. Кыргыз поэзиясынын тарыхында биринчи жолу ыр менен «Кандуу жылдар» романы 1952-жылы Кыргызстан КП БКнын чечими м-н колдонулуудан алынып, алымча-кошумчаларды киргизип, ар бир сабын, куплетин оӊдоодон өткөрүп, анын жаӊы редакциясын жаратып, «Таӊ алдында» деген ат менен (1947-ж.) жарыялады. Бул романда А.Токомбаев кыргыз элинин 1916-жылкы улуттук-боштондук көтөрүлүшүн ар тараптан реалдуу сүрөттөй алган. Кыргыз поэзиясынын тарыхындагы экинчи ыр менен жазылган «Алтын тоо» романы акын А.Токтомушевдин калеминен жаралды.

Уулу муундагы акындарыбыз поэма жанрында бир кыйла түшүмдүү эмгентеништи. Алар, көбүнчө, поэмны сюжеттүү, окуялуу жазууга, көркөм образды түзүүгө аракеттеништи. Буга А.Токомбаевдин «Комуз күүсү»,(«Ак сулуунун айынан») , К.Маликовдун «Мылтык», А.Токтомушевдин «Сүйүү жана коркунуч», Н. Байтемировдун «Акынга эстелик» поэмаларын мисал кылсак болот. Бул жылдары С.Эралиевдин «Атам, жерим жана мен», Б.Сарногоевдин «Уккун мени чоӊ ата», С.Жусуевдин «Тирүүлөргө», М.Абылкасымованын «Эстелик сүйлөйт», Ж.Абдыкалыковдун «Ак толкундар», Т.Кожомбердиевдин «От өчпөгөн коломто», Р,Рыскуловдун «Республикам жөнүндө оратория», О.Султановдун «Жер титирегенде», А,Бердибаевдин «Адамдарга ачык кат», Ж.Мамытовдун «Башат жана мухит», Ж.Садыковдун «Сагыныч» өӊдүү поэмаларында лирикалык ой толгоолор басымдуу орундуу ээлейт. Ал эми, лирикалык поэзиядапоэтикалык ой жүгүртүүлөрдүн тереӊдиги, көркөмдүк табылгалардын молдугу жагынан айрымаланган акындарыбыз арбын болду. Алардын катарында Н.Байтемиров, С.Эралиев, Б.Сорногоев, Ж.Садыков, С.Жусуев, Ж.Абдыкалыков, Т.Кожомбердиев, Ж.Мамытов, С.Абдыкадырова, Э.Ибраев, О.Султанов, Р.Рыскулов, С.Акматбекова, өӊдүү акындарды атаганыбыз туура болот. Озгөчө, прэзиябыздын сырткы формасын жаӊылоо багытында 60-жылдары уйкашсыз эркин формасында жазылган ырлар, поэмалар көп талаштарды туудурду.Н.Байтемиров махабат темасын, С.Эралиев айыл, жаратылыш темаларын, ар тараптан ачып сүрөттөп, тереӊ поэтикалык ойлорду айтууда өздөрүнүн зор чеберчилигин көрсөтүштү. М.Алыбаев, Р.Шүкүрбековдор бийиктике көтөргөн сатиралык поэзияны андан ары өнүктүрүүдө Ж.Алыбаев, М.Турсуналиев, Э.Ибраев акындардын көп изденип, көп табылгаларга ээ болгондугун айтпай кетүүгө болбойт. Кырзыз драматургиясы 1960-1970-жылдары мурда болуп көрбөгөндөй жаӊы бийиктикке көтөрүлдү. Турмушта курч конфликттерди туура баамдап, адамдардын ички дүнүйөлөрүнө тереӊ иликтөө жүргүзүү менен драмалык чыгармаларды жазуу бул жылдарга өтө мүнөздүү көрүнүш болуп калды. Биринчи кезекте бул багытта Ч.Айтматовдун чыгармаларын сахналаштырууда жетишилген ийгиликтерди белгилей кетүү зарыл. Улуу Ата мекендик согуштун адамдарга алып келген кайгысын, уулдарынан ажырап, айылда жалгыз калган аталардын тагдырын ар тараптан көрсөтүү жагынан Б.Жакиевдин «Атанын тагдыры», А.Дыйканбаевдин «Мүрөктүн суусу» драмалары чоӊ ийгиликтерди жарткан. Адам дүйнөсүнүн жашыруун сырларын ачып көрсөтүү залкар драматург Т.Абдумомуновдун «Абийир кечирбейт», «Ыйык таштар», «Каркыралар кайтканда», «Бюро жүрүп жатат», «Кадырлаштар», «Машырбек үйлөнөт» аттуу чыгармалары биринин артынан бири зор таасирленүү менен сахнага коюлуп жатты.

Кырзыз драмтургиясында тарыхый, тарыхый-таржымал жана тарыхый-революциялык темадагы драмалардын саны арбыды. А.Токомбаевдин «өлбөстүн үрөнү», «Күндүн чыгышы», К.Маликовдун «Осмонкул», Ш.Бейшеналиевдин «Кычан», Ж.Садыковдун «Жукеев-Пудовкин», «Күйөө жолдош» (Шаршен), Ш.Садыбакасовдун «Ак боз ат», Н.Байтемировдун «Уркуя» пьеасаларын атоого болот. Ал эми улуу акыныбыз Токтогулдун 100 жылдыгына карата анын өмүр жолун, күрөш аракетин чагылдырган онго жакын драмалык чыгармалардын жаралганын айтсак болот. Бул багытта жазылган Т.Абдумомуновдун «Сүйүү жана үмүт», Б.Жакиевдин «Миӊ кыял», Р.Шүкүрбековдун «Акындын үмүтү», Т.Касымбековдун «Алымкан», К.Маликовдун «Айланган тоонун бүркүтү» пьеасалары Токтогулдун өмүрүн ар тараптан көрсөткөндүгү мненен айрымаланат. Адамдын рухий дүйнөсүн кеӊири иликтөө менен жазылып, Кыргызстандын гана эмес, СССРдеги республикалардын көптоөн театрларында ийгилик менен коюлган драмалык чыгармалардын катарында Ч.Айтматов менен К.Мухаметжановдун биргелешип жазган «Фудзиямадагы кадыр түн», М.Байжиевдин «Эрөөл» («Төрт адам»), М.Тойбаевдин «Жаӊы келин», Т.Абдумомуновдун «Абийир кечирбейт» драмаларын мисал кылсак болот. Кыскасы, жогоруда учкай саналып өткөн маалыматтардан ачык көрүнүп тургандай, кыргыз адабияты бардык негизги жанрларынын өнүгүү деӊгээли боюнча мурдагы жылдарда болуп көрбөгөндөй ири ийгиликтерге жетишип, идеалык-эстетикалык, профессионалдык салмагы жагынан бүткүл союздук, дүйнөлүк аренага таанылып, алдыӊкадабияттардлын катарына кошулду. Буга эки нерсенин себеп болгонун бөлүп көрсөтүүгө туура келет. Биринчиси- кыргыз элинин таланту, жөндөмдүү эл экендиги. Экинчиси- ошондой таланту адамдарды өстүрүүгө ар тараптан жагымдуу шартты түзүп берген коомдук системанын артыкчылыгы, мамлекеттик камкордуктун үзгүлтүксүз болуп тургандыгы.

Кыргыз адабиятынын өнүшүшүнө жаӊыча багыт берген 1985- жылдан кийинки мезгилди мурунку тарыхый кырдаалдар менен бирдей кароого болбойт. 1985-жылдан тарта жалпы Советтер Союзунда (анын ичинде,Кыргызстанда да) кайра куруу, айкындуулук саясаты күч алды. Мурда кандайдыр бир себептер менен айтылбай басылып, жарыкка чыгарууга жол берилбей келген айрым бир адабий маселелер жөнүндө (жалаӊ эле маданият маселелер жөнүндө да) эми ачык айтып, жарыкка чыгарууга жол берилбей келген айрым бир адабий маселелер жөнүндө (жалаӊ эле маданият маселелери эмес, андай маселелери эмес, жалпы эле экономикалык, чарбалык,ж.б. маселелер жөнүндө да) эми ачык айтып, далилдеп, талашып, туура чечип, андай маселелердин өз ордун таап, адабий тарыхыбызга, күнүмдүк турмушубузга киргизүүгө мүнкүнчүлүктөр ачылды. Мурда жарыкка чыкпай келген Молдо Кылыч, Касым Тыныстанов жөнүндө Кыргызстан КП БК 1988-жылы чечим кабыл алып, алардын мурастарын жарыкка чыгарууга мажбур болду. Ошондон кийин Молдо Кылыч, Калыгул, Арстанбек, Жеӊижок, Эшмамбет, Казыбек, Молдо Нияз өӊдүү акындардын чыгармалары, Касым Тыныстановдун, Белек Солтоноевдин, Осмоналы Сыдык уулунун, Бала Айылчынын мурастары, эмгектери жарык көрүп элге тартууланды. Алардын мурастарын үйрөнүү, окуу үчүн мектептердин жана жогорку окуу жайлардын окуу программасына киргизилип, окутула баштады.

1991-жылы СССР ыдырап, Кыргызстан өз алдынча эгемендүү болгондон тарта жогорку сыяктуу ишткр ого бетер жандана баштады. Октябрь революциясына чейинки мезгилдерде кыргыз эллине таанымал болуп, эл-журтту башкарууга активдүү катышып жүргөн Курманжан датка, Балбай, Батик, Шабдан ж.б. жөнүндө кеӊири айтылып, алардын элге өтөгөн эмгектери тууралуу жаштарга ар тараптуу маалыматтар берилле баштады. «Манас» эпосунун миӊ жылдык юблейи 1995-жылы Эл аралык масштабда өткөрүлдү. Мурда колдонулуудан алынып ташталган»Кандуу жылдар», «Балбай» өӊдүү чыгармалар кайрадан жарык көрдү. Элдин турмушунда кескин өзгөрүүлөр болду. Мурдагы социалисттик коомдук система жоюлуп, жаплы элдик менчиктен жеке менчикке өтүү саясаты ишке ашууда. Бийликте тургандар көп жылдар бою топтолгон элдик, мамлекеттик байлыкка тымызын ээлик кылып, карапайым калк чете калды. Республикабыздын калкынын 60 процентти жакырчылыкта жашап жаткандыгын өлкө башчыбыз өзү да баса белгилеп айтты. Кызмат адамдардын арасында «коррупция», «мафия» деген кылмыштуу иштерге биригишкен топтор пайда болду.

Жогоруда аталып өткөн коомдук турмуштун чындыгы кандайдыр бир деӊгээлде көркөм адабиятта чагыылдыруу керек эле. Ошондой аракеттер да жүзөгө аша баштады. Коомдук турмуштагы терс көрүнүштөрдү, коомдук өзгөрүүлөрдүн туура эмес багытта бара жаткандыгын сындап Н.Байтемиров, Б.Сарногоев, С.Жусуев, Ж.Садыков, О.Султанов, А.Омүрканов, Ш.Дүйшеев өӊдүү көптөгөн акындарыбыз өздөрүнүн китептерине, гезиттерге жарыяланган ырларында ачык эле айтып чыгышты. Шабдан, Курманжан датка, Байтик тууралуу акын Н.Байтемиров көлөмдүү казалдарды жазып жарыялады. «Курманжан датка» деген ыр менен жазылган романы үчүн С.Жусуев Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болду.

Драматургия жанрында да салмактуу чыгармалар пайда болду. Ж.Садыков мурда театрларда ийгилик менен коюлуп келе жаткан «Манастын уулу Семетей», «Сейтек» драмаларынын табигый башталышы болгон «Айкөл Манас» драмасын кийинчерээк жазып, эпостун үчилтик бөлүктөрү боюнча үчилтик пьеасаны жазды. Анын диний темада жазылган «Адам жана азезил» драмасы 90-жылдарда театрларда коюлуп, көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынды.Кыргызстандын академиялык драм театрында чоӊ окуя болду- ага драматург Токтоболот Абдумомуновдун аты берилди, коюлду. Анын алдында драматургдун чыгармаларынын эки томдугу жарык көрүп, бул да драматургиябыздагы баарандуу көрүнүш катары кабыл алынды. Б.Жакиевдин «Саадат какты», Ж.Садыковдун «Олүп тирилгендер», М.Тойбаевдин «Пишпектин уулу» аттуу пьеасалардан куралган китептери, М.Байжиевдин «Алтынчы күнү кечинде», Б.Жакиевдин «Жүрөлүүчү жүрөк оорутпай», Зуура Сооронбаеванын «Сынган мазар» спектакелдери окурмандардын жана көрүчүлөрдүн кызыгууларын арттырды. Бирок, драматургиянын өнүгүшүнө өлкөнүн экономикалык кризиске капталып турган турмушу көп жагынан тоскоол болуп турганын көз жаздымда калтырып болбойт эле. Анткени, театрлар акча каражаттын жоктугунан системалуу иштеп туру мүнкүнчүлүгүнө ээ болбой калды. Ушундай эле кыйынчылыкка жазуучулар да туш болду. Жаӊыдан жазган чыгармаларын басмалар аркылуу чыгарууга акча каражаты болбогондуктан, алар саргайып, жазуучунун үйүндө гана сакталып турган учурлар уламдан –улам көбөйүүдө. Алардын ордуна акчалуу жазмакерлер өздөрүнүн халтура чыгармаларын өз бет алдынча китеп кылып чыгарууга үлгүрүп жатышты. Алардын ак, карасын ылгап турчу адабий сын да жок. Жазмакейлер бир топ майда топторго бөлүнүп кеткен . Жазуучулар союзунун чыгармачылык секциялары таасирдүүлүгүн жоготту.«»222«2»»»22«»222222«222«2222222222

«Жвоововуовьтсттлккоаоущуущ«1111113333«22222«22222рвраврпрпвсуггугг«»2лтик бөлүктжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжвжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжж ввц