СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз адабияты...

Категория: География

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз адабияты...»

Ч. Айтматовдун «Биринчи мугалим» повестинен 5-класстар көрүнүш аткарышат.

Атчандардын бирөө – Эй балаам, бу сенин ата-тегиңдиго билебиз. Бизге окшогон кара таман. Сен кайдан жүрүп молдо болуп жүрөсүң?

Дүйшөн: Мен молдо эмесмин аксакал. Мен камсомолмун азыркы убакта кат тааныганды мугалим дешет. Аксакал. Аа бали! Аның жөн экен.

Дүйшөн: Мени мугалимдикке дайындап, бала окуткун деп жиберди. Мектепти силердин жардамыңар менен тээтиги дөбөдө ээн турган жаман тамды оңдоп ачалы деген оюм бар. Кандай дейсиңер? Акылыңарды айткыла.

Сатымкул карыя: Аныңды кое тур, окууңдун бизге эмне кереги бар?

Үндөр: Баса туура айтат. Биздин балдар окуу окуп, эл сурап өкмөт болмок беле? Кой айланайын башыбызды катырба.

Дүйшөн: Силер балдарды окутууга каршысыңарбы?

Үндөр: Каршы болгонду эмне зордойсуңбу?

Дүшөн: (Төш чөнтөгүнөн кагаз алып чыгып, колуна кармап кыйкырат). Силерге жер суу бөлүп берген кеңеш өкмөтүнүн бала окутсун деп мөөрүн баскан ушул кагазына каршы чыгасыңарбы? Кана кенеш өкмөтүнүн мыйзамына ким каршы ким? Ким? Өкмөт бизди билим алсын көзү ачылсын деп атат. Кат таанысын деп ошондуктан балдарды окутушубуз керек!

Сатымкул карыя: Мейли эми кылаар ишиң болбосо окутсаң окутасыңда.

Дүйшөн: Мен силерди жардам бергиле деп атам тээтиги аткананы оңдойлу көпүрө салалы. Отун керек.

Сатымкул карыя: Ой жигит кое турчу! Мектеп ачам деп кыйкырасыңда кыйкырасың үстүңдө тонуң жок. Астыңда атың жок. Айдап койгон жериң жок. Көздөп алган малың жок. Сен өзүн кантип оокат кыласың?

Дүйшөн: Оокатым эптеп өтөөр. Өкмөт мага айлык төлөйт.

Сатымкул карыя: Ааа мына ошондоой де! Сөздүн аныгы эми чыкпадыбы. Сен ошол өкмөтүң менен эле өз жумуштарыңды бүтүрүп мектебиңди оңдоп көпүрө салып ал. Бизди жайыбызга кой.

(Элдер тарап кетет.) Дүйшөн көпкө чейин ордунан козголбой туруп калат.

Автор: Дүйшөн өзү кетмен күрөк, балта алып өйдө бир өтүп, кечинде бир өтүп саман куурай отун ташып өзү жүрдү.

Сатымкул: Аа бечерара мугалим деген кызматың деле жыргаган жумуш эмес экенго. Карасаң байдын токолунча отун ташып жүргөнүн. Ушинтип жүрүп чоң сүйлөгөнүнө эмне бересиң! Колунда мөөр басылган кагазы барда күчтүн баары мына ошондо болуп атпайбы.

Автор: Дүйшөн өзү жалгыз айылдыктардын жардамысыз, эски атканага меш салып, тегерегиндеги тикендерди чаап, ичине саман төшөп, сарайдын түшүп калан жерлерин шыбап, бала окутууга даярдайт.



Женеси: - Сен кайда жүрөсүң ыя!

- Караңгы түнгө чейин сандалып жүрүп тергениң ушулбу? Оо, өлүкканаңды гана көрөйүн шүмшүк, мектепке сенин эмнең бар экен! Мектептен айланат бекенсиң!

- Ит жетим, көк жетим! Томаяк бөрү баласы ит болбойт. Элдин балдары үйгө ташыса, сен үйдөн ташыйсың! Экинчи ошол мектеп сектебиңе барып көр шыйрагыңды ташка чагып, талпагыңды сыйрып, туз куям! Мектепчилдигин мунун ал жакта эмне бар?

Дүйшөн: - Оо жеңе, иш илгери! Мына, бул балдар болуп, баарыбыз конокко келдик!

Жеңеси: Келгиле.

Дүйшөн: Кана эмесе бүгүн окуу башталат. Кызыңар нече жашта?

--------жооп жок.

Дүйшөн: Алтынай, жашың канчада?

-----жооп жок.

Жеңеси: Мунун жаш-пашын эмне кыласың? Буга окшогон томаяк куу жетим эмес, нанды “нана” деп жүргөн аталуу-энелүү эркелер да окубай жүрөт. Тетиги ээрчитип жүргөн балдарды окутуп ал, мында ишиң болбосун.

Дүйшөн: - Бул эмне дегениңиз. Жетим деген кудайга жазыптырбы! Жетим кыздар окубасын деген закон бар бекен?

Жеңеси: -Ой сен каяктагы чоң элең? Багып жүргөн мен билемби! Же жериңден ооп тентип келген сен билесиңби?

Акеси: - Эй катын! – Сен качантан бери элди башкарып, биларман болуп кеткенсиң? Көп сүйлөбөй ишиңди кыл. Айда, Таштанбектин баласы, чатагыңды кой, алып кет кызды мектебиңе, окутасыңбы-чокутасыңбы, алып кет мектебиңе!

Женеси: Муну мектепке талтаңдатып коюп, сокуну ким жанчып, жаргылчакты ким тартат экен!

Акеси: - Э жап жаагыңды калжырабай! Дегеним, деген айттым, бүттү. Алып кет мектебиңе.