Кыргызстан тарыхы
11-класс
Кыргыз Республикасынын тышкы саясаты жана эл аралык байланыштары
Сабакка колдонулган медиа материалдар
Саясий байланыштардын өсүшү
Кыргызстан эгемендүүлүккө жетишкенден кийин эл аралык мамилелерди өз алдынча чечүүгө жетишкен.
Кыргызстандын тышкы саясаты:
-КРнын чек араларынын туруктуулугун сактоо;
-КМШ өлкөлөрү жана дүйнө элдери менен ар тараптуу байланыштарды чыңдоо;
-чет элдик инвестицияларды эл чарбасына тартуу;
-эл аралык соодага улуттук өндүрүштүн продукцияларын алып чыгуу;
-БУУнун ж.б. эл аралык уюмдардын иштерине активдүү катышуу;
-согуштук блокторго жана союздарга катышпоо.
КРнын тышкы саясаты
Кыргызстан тышкы саясатында эл аралык аренада кеңири колдоого алынган.
-1992-ж. февралда АКШнын элчилиги ачылды;
-1992-ж. 2-мартта Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) мүчө болгон;
-1991-1993-жж. Кыргызстандын көз каранды эместигин 128 мамлекет таанып, 80ден ашык мамлекет менен дипломатиялык мамилелерди түзгөн;
-1998-ж. Кыргызстанды 135 мамлекет таанып, 91 мамлекет менен дипломатиялык мамилелерди түзгөн;
-Бишкекте 11 элчилик жана өкүлчүлүк ачылган;
-чет өлкөлөрдө республиканын кызыкчылыгын 17 дипломатиялык мекемелер коргойт;
-эл аралык БУУ, ОБСЕ, Эл аралык валюта фонду, ЮНЕСКО ж.б. уюмдарына мүчө болуп саналат.
-
Кыргыздардын Бүткүл дүйнөлүк курултай
1992-ж. августта Кыргызстанда биринчи жолу Бишкекте Кыргыздардын Бүткүл дүйнөлүк курултайы болду. Ага дүйнөнүн 20 өлкөсүндө жашаган кыргыздардын өкүлдөрү катышышты. Азыр дүйнөдө 3 млн ашык кыргыздар бар, алардын жарым миллиону башка өлкөлөрдө жашашат.
КМШ өлкөлөрү менен болгон тышкы саясат
1990-ж. ортосунда Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын негизги милдеттери такталган.
Казакстан
18.02.1991
К ы ргызстан
Өзбекстан
14.03.1991
КМШ
Борбордук
Азия
Түркмөнстан
16.07.1991
Борбордук Азиядагы интеграциялык процесс
Достук, кызматташтык, экономикалык, илимий-техникалык жана маданий жардамдашуу боюнча маселелер Борбордук Азиянын Ташкентте 1991-ж. өткөн жолугушуусунда талкууланган. Бул жолугушууда Орто Азия жана Казакстандын республикалар аралык консультациялык совет түзүүгө макулдашылган.
1994-ж. Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстандын ортосунда Бирдиктүү экономикалык мейкиндикти түзүү келишимине кол коюлган. Ал эми 1994-ж. үч мамлекеттин президенттери жана өкмөт башчылары кирген Мамлекет аралык Совет түзүү, анда иш жүргүзүү үчүн Министрлер Советин, Тышкы Министрлер Советин, Коргоо Министрлер Советин түзүү каралып, жумушчу Аткаруу комитети түзүлүп, Алматыда жайгашмак. Ушул үч мамлекеттин президенттери 1995-ж. 12-февралда жолугушуп, Үчтүктөр союзун түзүп, иштей баштаган.
Бул союз Борбордук Азияда интеграция процессинде маанилүү милдет аткарууда.
Россия менен болгон тышкы саясат
Кыргызстандын тышкы саясатында Россия Федерациясы менен мамиле өзгөчө орунда турат. Бул тарыхый, экономикалык, социалдык жана этностук факторлор менен байланыштуу. Алардын ортосундагы келишимидер:
-эки өлкөнүн ортосундагы достук, кызматташтык жана өз ара жардамдашуу;
-экономикалык кызматташтык, соода-экономикалык байланыш;
-согуштук-стратегиялык абал, чек ара маселелери;
-дипломатиялык мамилелер ( 1992-1997-жж.) 120 дан ашык келишимдер түзүлгөн.
Экономикалык жана социалдык байланыштар
Кыргызстан экономикалык жана социалдык байланыштарды биринчи кезекте КМШга кирген мамлекеттер, өзгөчө Орто Азия жана Казакстан менен өнүктүрүүгө көңүл бурган. 90-жж. биринчи жарымында экспорттук-импорттук байланышында Россия, Казакстан, Өзбекстан, Украина, Түркмөнстан, Тажикстан, Белоруссия менен жүргүзгөн.
Кыргызстан аларга тери буюмдары, жүндөн, пахтадан, жибектен токулган кездемелер, килем, пахта буласын, сейрек кездешүүчү кендерди, гранит, мрамор жана керамика такталарын экспорттойт. Ал жактан күйүүчү майларды, таш көмүр, автаунааларды, айыл чарба техникаларын, кара металл, газ, ж.б. алып турат.
Экспорт-импорттук байланыштар
Азыркы мезгилде Кыргызстан 40тан ашуун алыскы, 11 жакынкы чет мамлекеттер менен экономикалык, экспорттук-импорттук байланыштарды жүргүзөт. Алардын ичинен Кытай Эл Республикасы биринчи орунда турат, бирок Кытайдан сапаты начар товарлар көп келүүдө.
Чет элдик инвестициялар да көбүрөөк тартылууда. Эл аралык валюта фонду, Дүйнөлүк банк, Эл аралык өнүгүү ассоциациясы сыяктуу эл аралык финансы уюмдары көмөк көрсөтүшүүдө.
Чет элдик ишканалар
Азыркы мезгилде Кыргызстанда чет мамлекеттер биргелешип курган ишканалар, компаниялар жылдан жылга көбөйүп, иштеп жатат. Алсак, Кыргызстан менен Канадалык «Камеко» корпорациясы Ысык-Көл областындагы «Кумтөр», Таластагы «Жер-Үй» алтын кендери иштеп жатат. АКШ менен бирдикте Жалал-Абадда, Англия, Россия менен биргелешип Кант шаарында нефтини кайра иштетүүчү заводдор, Швециялык фирмалар менен бирдикте балдардын тамак-ашын даярдоочву комбинат, тери иштетүүчү, минералдык сууну бөтөлкөгө куюучу ишканалар курулуп, иштеп жатат.
Жер жана агрардык реформалар
Жер жана агрардык реформанын натыйжасында Дүйнөлүк банк дан өндүрүү үчүн 60 млн доллар бөлгөн. Канаданын жана Израилдин адистери 20 миң га аянтына өздөрүнүн үрөнүн, технологиясын пайдалануу менен дан өстүрүп жатышат. О. э. кой чарбасына бөлүнгөн 16 млн доллар максатсыз, чаржайыт жумшалган.
1995-ж. Республиканын тышкы карызы 600 млн доллар болсо, 2000-ж. 2 млрд болгон, ал эми азыр 4 млрд долларга жетти. Аларды төлөөнүн мөөнөтү да башталат, ошондуктан аларды үнөмдүү, максаттуу пайдаланышыбыз керек.
Социалдык чөйрө
Эгемендүү өлкөбүздүн социалдык чөйрөсүндө эл аралык байланыштар кеңейүүдө. АКШнын колдоосу менен Борбордук Азия-Америка университети, Россиянын колдоосу менен Кыргыз-Россия (Славян) университети, Түркиянын колдоосу менен Кыргыз-Түрк «Манас» университети ачылган.
Эл аралык «Сорос-Кыргызстан» фондусу 1994-1998-жж. маданиятты көтөрүүгө 16 млн доллар жумшаган.
Түштү Корея, Япониянын, АКШнын, Түркиянын фирмаларынын жардамы менен телефон байланыштары жаңыланууда.
Кыргызстандын руханий турмушу
Кыргызстандын руханий турмушундагы байланыштар адабият жана искусство тармактары аркылуу да өнүгүүдө. 1995-ж. «Манас» жылы деп жарыяланды.
Ч. Айтматов, А. Токомбаев, К. Баялинов, Сыдыкбеков Т., Ш. Бейшеналиев ж. б. жазуучулабыздын эмгектери орус тилине которулган. 2008-жыл-Айтматов жылы деп жарыяланды.
2002-ж. эл аралык тоолор жылы белгиленип, Бишкекте Глобалдык тоо саммити өткөрүлгөн. Анда тоолуу мамлекеттердин өсүп-өнүгүү үчүн чоң программа иштелип чыккан.
Ошентип, Кыргызстандын чет мамлекеттер менен саясий, экономикалык жана социалдык байланыштары өсүүдө.
Эл аралык терроризмдин таасири
XX к. аягы-XXI к. башында эл аралык терроризм күч алды, аны менен бирге экстремисттик борборлор да ислам динин таратууга аракет жасашууда.
1990-ж. августта Баткен районунун диний экстремисттер өздөрүнүн лагерин курган жана аларды чыңдоого аракет жасашкан. Алар кыргызстандык милицияны, райондук администрациянын кызматкерлерин, ал жакта иштеген төрт геологду жана карапайым адамдарды барымтага алган. Региондук терроризмге каршы күрөшүүдө «Шанхай бешилтигинин» келишимдерге ылайык Өзбекстан, Россия, Армения жана Казакстан аскердик-техникалык жактан көмөк көрсөтүштү. Кыргызстандын 55 офицерлери жана жоокерлери Ата мекен үчүн курман болушту.
Куралдуу кагылышуудан кийин 1990-ж. октябрда Баткен областын түзүлгөн.Чек араны коргоо үчун аскердик заставалар негизделди. Натыйжада 2000-ж. күзүндө кайрадан кирип келген бандиттик топтор артка чегинүүгө мажбур болгон.
Эл аралык антитеррордук коалиция
2001-ж. 13-14-декабрда Бишкекте эл аралык терроризге каршы күрөшүү үчүн эл аралык конференция болгон, ага 60 өлкөдөн 280 делегат катышкан. Анда Бишкек декларациясы кабыл алынган.
2002-ж. АКШ, Россия, Кытай, Франция ж.б. мамлекттер менен катар Эл аралык антитеррордук коалицияга кирип, анын куралдуу күчтөрү убактылуу жайгаштылган .
Чек ара маселелри
Кытай жана Россиянын Кыргызстан аймагындагы чык арасын аныктоо Санк-Петербург келишиимде ( 1881-ж.), Иле ( 1882-ж.) жана Маргалаң токтомдарунда каралган. Натыйжада Кыргызстандын жери эки державага бөлүнүп, бир бөлугү Россияга, экинчиси Кытайга караган.
1960-ж. Кытай Эл Республикасы СССРге чек ара маселелери боюнча бир катар дооматтарды койгон, бирок Кытай менен СССРдин чек ара маселелери өзгөрүүсүз калган.
1996-ж. 4-июнда Кытай Республикасы жана Кыргыз Эл Республикасынын ортосунда чек ара маселеси каралып, талаш болуп келген жер аянтынын 4 миң чарчы километр жердин 70% ти Кыргызстанга, ал эми 30 % ти Кытайга өткөн. Бул иште эки мамлкеттин тең кызыкчылыктары эске алынган.
Шанхай кызматташтыгы
Шанхай Кызматташтык Уюму ( ШКУ )-өкмөттөр аралык өз ара коопсуздук уюму. 2001-жылы Шанхайда Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын башчылары тарабынан негизделген. Өзбекстандан башка өлкөлөр 1996-жылы түзүлгөн Шанхай бешилтигинин мүчөсү болушту, 2001-жылы Өзбекстан кошулганда мүчөлөр уюм деп аталышты. Штаб-квартирасы Пекинде жайгашкан. Азыркы мезгилде 8 мамлекет мүчөсү, 4 байкоочу мамлекеттери бар.
Уюмдун максаты терроризм, сепаратизм жана экстремизмге байланыштуу коосуздук боюнча кызматташтык болуп эсептелет.
Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат!
Республикалык М. Абдраев атындагы атайын адистештирилген музыкалык мектеп-интернатынын тарых мугалими Ажыбаева нурила Эргешбаевна