Кыргыз тили. Тесттер
1. Тыбыш деген эмне?
а) тамгаларды белгилөө үчүн алынган шартуу белги
б) сөздөрдү айтканда кулакка угулган айрым-айрым үндөр
в) үндүн созулуп жана тыбыш менен айтылышы
г) үндүн белгилүү өлчөмдө созулуп айтылышы
2. Тамга деген эмне?
а) белгилердин ирет-ирет менен түзүлгөн жыйындысы
б) үн катышпаган тыбыштарды жазууда көрсөтүү үчүн алынган белгилер
в) тыбыштарды белгилөө үчүн алынган шартуу белги
г) сөздөрдү айтканда кулакка угулган айрым-айрым үндөр
3. Кыргыз тилинде канча тамга, канча тыбыш бар?
а) 36 тамга,39 тыбыш б) 14 тамга, 25 тыбыш
в) 12 тамга, 22 тыбыш г) 36 тамга,36 тыбыш
4. Сөздүн маани берген бөлүгү эмне деп аталат?
а) мүчө б) сөз
в) уңгу г) тамга
5. “Аюу” деген сөздө канча тамга,канча тыбыш бар?
а) 3 тамга, 3 тыбыш б) 3 тамга, 4 тыбыш
в) 2 тамга, 3 тыбыш г) 4 тамга, 3 тыбыш
6. Мамлекеттик тил майрамы качан белгиленет?
а) 31-декабрда б) 23-сентябрда
в) 5-мартта г) 1-сентябрда
7. Эки тыбышты билдирген тамгаларды белгиле.
а) ц, щ б) оо, уу
в) ъ, ь г) я, ю
8. Кыргыз тилиндеги созулма үндүүлөрдүн жалпы саны.
а) 8 б) 6
в)12 г) 4
9. Макалды толукта. Аракет кылсаң-.......
а) жетесиң б) билесиң
в) берекет г) үзүрүн көрөсүң
10. “Класс” деген сөздө канча тамга, канча тыбыш бар?
а) 5 тамга, 5 тыбыш б) 5 тамга, 4 тыбыш
в) 3 тамга, 4 тыбыш г) 4 тамга, 4 тыбыш
11. Кыргыз тилинде канча үндүү тыбыш бар?
а) 14 б) 8
в) 25 г) 6
12. Жоон үндүүлөрдү белгиле.
а) а,э,ы,и б) о,ө,у,ү
в) ы,и,у,ү г) а,ы,о,у
13. Ичке үндүүлөр катышкан сөздү белгиле
а) комуз б) гүлдөр
в) кыздар г) калпак
14. Кыргыз тилинде канча үнсүз тыбыш бар?
а) 14 б) 36
в) 25 г) 8
15. 2018-жыл кайсы манасчынын 150 жылдыгы.
а) Саякбай Каралаев б) Жусуп Мамай
в) Сагымбай Орозбаков г) Тоголок Молдо
16. Жалаң шыбыштын катышынан пайда болгон үнсүздөр.
а) каткалаң б) уяң
в) жумшак г) түгөйлүү үнсүздөр
17. Уяң үнсүздөр катышкан сөздү белгиле.
а) аарылар б) кашык
в) таажы г) газета
18. Каткалаң үнсүз тыбыштарды белгиле.
а) п, т, с, щ б) б, д, ж, з
в) м, н,л, р г) х, ф, г, к
19. Туура ташымалданган сөздү белгиле.
а) келге-ндерд-ин б) келг-енде-рдин
в) ке-лг-ен-де-рд-ин г) кел-ген-дер-дин
20. Сингармонизм деген эмне?
а) үндүү тыбыштардын үндөшүүсү
б) жоон үндүүлөрдүн үндөшүүсү
в) үнсүз тыбыштардын үндөшүүсү
г) ичке үндүүлөрдүн үндөшүүсү