Кыргыз тили сабагы 6-класс Бекитемин :
Сабактын темасы : Тил- пикир алышуунун куралы 04.07.2024
Негизги компетенттүүлүктөр : Предметтик компетенттүүлүктөр :
1.Маалыматтык : алган маалыматын кабылдайт ПК-1 Тилдик компетенттүүлүк -тилдин системасын
2.Социалдык -коммуникативдик : өз ара аракеттенүүнү калыптандырат , тактап айтканда ,тилдин түзулүшү
ПК-2 Кептик компетенттүүлук -сйлөө жана жазуу
маданиятын өркүндөтөт
3.Өз ишин уюштуруу : маселени чечүүнүн жолдорун айтуу ПК-3 Маданий компетенттүүлүк -тилдин
улуттук маданийин үйрөнөт
Сабактын максаты :
1.Билим берүүчүлук : Окуучулар кыргыз тилин мамлекеттик тил катары билишет .
2.Өнүктүрүүчүлук :Мекен алдындагы жоопкерчилиги артат ,Мекендин ыйыктыгын сезишет .
3. Тарбия берүүчүлук : Окуучулардын кыргыз тилин сактоо ,кадырлоо жана урматтоо сезимдери артат .
Корсөткүчтөр :
-кыргыз тилин абдан бай тил экенин тушундүруп бере алса ;
-кептин түрлөрунө карай кырдаалдык -тематикалык деңгээлде сүйлөй алышса ;
- кыргыз элин салттуу турмушун түшүнуп жана баалай алышса.
Сабактын тиби : жаңы билимди өздөштүрүү сабагы
Сабактын жабдылышы : таблицалар , сүрөттөр , видео материалдар ,слайд
Окутуу усулу : интерактивдүү ,таанып -билүүчүлук усул
Сабактын жүрүшү :
Мугалимдин иш -аракети Окуучунун иш -аракети
(уюштуруу 3 мүнөт)
Окуучулар менен саламдашат , катышууну толуктайт. Окуучулар мугалим менен саламдашат .
Үй тапшырманы текшерүү (5мүнөт)
1.Тил дегенди кандай түшүнөсүңөр ? Тил -пикир алышуунун куралы
2.Кеп деген эмне ? Адамдардын ортосундагы пикир алышуу
3.Тилдин колдонулушу эмне аркылуу ишке ашат ?
Өтүлгөн темаларды кайталоо (3мүнөт)
Кептин кандай түрлөрү бар ? Окуучулар жооп берет
Жаңы теманы түшүндүрүү (10мүнөт)
Кыргыз тили кылымдарды карыткан ,
эч ким аны өчурө албайт тарыхтан ,-демекчи кыргыз эли -эң байыркы улуу эл.Кыргыз деген аттын чыгышы кытай жазмаларында б.з.чейин 201-жылдарга таандык .Ар бир элди эл кылып , улут катары таанытып келген .Элдин ким экени анын тилинен билинет .
Элди түбөлук эл -кылып турган анын тили .
Суроолорго жооп беруу (15 мүнөт)
1.Эмне үчүн кыргыз тили Кыргыз Республикасынын бийлик жана башкаруу органдарынын тили болуп калды ?
2. Кыргызстандыктардын көп тилдүү жаңы муунун түзүү максаты кайсы ?
Сабакты бышыктоо :(4 мүнөт)
1 .Кыргыз тили эмне үчүн кыргыз тили болуп саналат ?
2."Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнундө " Мыйзамын кабыл алууга эмнелер себеп болду ?
3. Тил жөнундө кандай макалдарды билесинер ?
Үйгө тапшырма берүү :( 2 мүнөт)
" Мен үчүн эне тилим ыйык -" деген темада эссе жазып келүү
Окуучулардын билимдерин баалоо :(3 мүнөт)
Сабакка катышуусуна карап бааланат .