Сабактын темасы: Драмалык чыгармаларды көркөм окуу
Теманын компетенциясы
ИК- 5
Жаңы кырдаалга жана анын натыйжаларына баа берет, ага адаптацияланат.
Билет:
- көркөм тексттин маанисин билет;
Аткара алат:
- Окуучунун көркөм окуу чеберчиликтерин талдай жана баалай алууга жетишет;
Ээ болот:
- көркөм чыгармаларды көрктүү окуу жана аткаруу жөндөмүнө ээ болот;
ПК- 13
Тексттердин ар кандай типтерин лингвистикалык жана адабият таанытуучулук көз караштан өз алдынча анализдөөгө жана интерпретациялоого жөндөмдүү .
Билет:
- адабият таануунун жетишкендиктерин жана өнүгүү тенденцияларын билет;
Аткара алат: - тексттерди тегине, жанрына карай көркөм окуу өзгөчөлүктөрүн ажырата билип, көркөм окууга даярдай алат;
Ээ болот: - тексттерди тегине, жанрына карай көркөм окуу ыкмаларына ээ болот;
Каралуучу маселелер:
- Драманын адабияттын теги катары өзгөчөлүгү
- Драмалык чыгармаларды көркөм окуунун мааниси
- Конфликтик жагдайларда диологдорду көркөм чеберчилик менен окуй билүүнүн ыкмалары
- Драмалык чыгармаларды ролдорго бөлүштүрүп окуунуну өзгөчөлүгү
- Ремарка, сатиралык (юмордук) кырдаалдарды көркөм чеберчилик менен окуй билүүнүн ыкмалары
Сабактын максаты:
- Б илим берүүчүлүк максаты: студенттер адабият теориясынан драмалык тек жөнүндө маалымат алышат. Драмалык чыгармаларды окутуунун технологиясы, усулдары менен таанышышат. Кесиптик ишмердүүлүгүндө чыгармаларды драмалаштырып окутууга көнүгүшөт.
- Өнүктүрүүчүлүк максаты: өз алдынча ой жүгүртүп, өз көз карашын эркин, көркөм сөз каражаттары менен ынанымдуу, далилдүү сүйлөй алуусуна жетишишет.
- Тарбия берүүчүлүк максаты: эмгекчилдикке, кайраттуулукка, эрктүүлүккө шыктануу менен жогорку маданиятка үйрөнүшөт.
Сабактын тиби: жаңы теманы өздөштүрүү Сабактын жабдылышы: драмалык чыгармалардан алынган тексттер, окуу китептери, усулдук, илимий, көркөм адабияттар, тиркеме, ватман, маркер
Пайдаланылган адабияттар:
- Батаканова С. Драмалык чыгармаларды окутуунун технологиясы.Б.2013-жыл. 8-66-138-беттер
- Ишекеев Н. Батаканова С. Көркөм чыгармаларды окутуунун методикасы. Б-2014.200-бет
- Кубасова О.В. Выразительное чтение. Москва 2001
- Гинзбург Л.Г. Выразительное чтение. Фрунзе “Мектеп” 1988
- Асакеева Д. Адабият теориясы. 2013
- Муратов А. Шериев Ж. Кыргыз адабияты. Маалымадама. Б., - 2014
Драма- сахнага коюуга ылайыкталып жазылган чыгарма, ъз\нчъ бир адабият теги. Ал байыркы грек адабиятында пайда болуп, ошол мезгилдеги негизги сапаты азыр да кадимкисиндей сакталып келе жатат, башкача айтканда драмалык чыгармаларда окуя каармандардын речинде гана ън\гът, мында прозадагыдай автордук баяндоо, с\ръттъълър болбойт, жанрдын негизин конфликт т\зът. Драма жанры- комедия, трагедия, драма болуп \чкъ бъл\нът.
Пьеса, драма, комедия - булар адабияттын эң татаал формасы болуп саналат. Анткени, пьесанын ар бир каарманынын образы автордун түшүндүрмөсүз, алардын кыймыл-аракети, сүйлөгөн сөздөрү аркылуу мүнөздөрү ачылат.
Драмалык чыгармалар башка жанрдагы чыгармалардан окуяны айтып гана тим болбостон, кърсът\п да берилгени менен айырмаланат. Бул драмага турмуштук ситуацияга къб\ръък окшоштугунан кабар берет. Драмалык чыгармалар ар дайым театр, сцена башкача айтканда аткаруу \ч\н жазылат. Ошондуктан бул жанрдагы чыгармаларды къркъм окуу татаал. Драмалык ар бир къшъгъс\н\н артында турмуштун ар бир кырдаалы кърърманга кърсът\лът.
Драмалык чыгармалар лирикалардан, диалогдордон тургандыктан ар бир каармандын ар т\рд\\ м\нъздър\н билдир\\ч\, кърсът\\ч\ кептерин окуу кыйынга турат. Ошондуктан мектепте болобу, жогорку окуу жайда болобу, м\мк\н болсо чыгарма жън\ндъ толук маалымат берген соё ролдоштуруп окуу сунуш кылынат. Бул окуучуларга чыгарманы къпкъ чейин эсинде сактоого къмъктъшът. Алар чыгарманы окуп жатып, кээде ъздър\ндъ чыныгы актердук чеберчиликтин ойгонушуна жана калыптанышына шарт т\зът.
Окуучуларды төмөнкү нерселерге көңүл буруу керектигин сунуш кылуу керек: 1.Эмне себептен бул ролду тандап алдың?
2. Сенин каарманың драмада кандай орун ээлейт?
3.Анын тышкы көрүнүшү, өзүн алып жүрүшү, манерасын кандай элестетесиң? 4.Драманын башкы каарманы менен анын мамилеси кандай?
Драмалык чыгарманы окуунун алдында чыгармага адабий теориялык талдоо ж\рг\з\п, ал драманын кайсы т\р\, башкы каармандар кимдер, алардын образына м\нъздъмъ бер\\, конфликтер алардын чечилиши жана башка ушул сыяктууларга окутуучу токтолуп, кеёири маалымат берип, анан гана чыгарманы окууга кириш\\ керек.
Драманы ролдоштуруп аткарууда төмөнкүлөргө көңүл буруу керек:
- Өзү аткарып жаткан каармандын образын жакшы түшүнүү
- Каармандын образына кирүү
- Диалогдорду жаттоо. Интонацияны калыптандыруу
- Эмоционалдык абалды жакшы чагылдыруу керек
- Мимика, жест, кыймыл кошуу керек
- Кыймылдын ар бир сахнага ыңгайлуу, пландалган болууга тийиш. Мисалы сахнадан көрүүчүлөргө эч качан артын салып турбаш керек. Сахнада жатып алып аткаруу, же жыгылып калуу учурларында да көрүүчүлөргө одоно болбогондой, этикага туура келгендей болууга тийиш.
- Монолог айтып жаткан актёр башкалардан айырмаланып бир, эки кадам алдыда туруу керек.
- Актердун костюмдары да анын образын бергендей болуу керек.
Пьеса – драмалык чыгарма.
- Драма (гр. аракет)- сахнага коюуга ылайыкталып жазылган чыгарма, адабиятын бир теги .
- Трагедия – драмалык чыгарманын бир түрү, аягы негизги каармандын өлүмү же кайгы капасы менен бүтүүчү чыгарма. Түпкү келип чыгышы байыркы Греция искусствосуна байланыштуу. Алар шараптын кудайы делген Дионистин урматына эчкилерди сүзүштүрүп, тамашалар өткөрүшкөн, мына ошол тамашалар трагедия д.а.
- Комедия – драманын негизги үч түрүнүн бири. Анда күлкү келтире турган турмуш көрүнүштөрү, адам мүнөздөрү сүрөттөлөт. Бирок, комедияда ашкере эле күлкүлүү көрүнүштөр эмес, социалдык мааниси чоң көрүнүштөр, кыял-жоруктар сындалат, шылдыңдалат. Ал ироиня, юмор, сарказм белгилерин алып жүрөт.
Конфликт - латын тилинен алынган, бизче карама-каршылык дегенди туюндурат .
Конфликт – көркөм чыгармада берилген бири-бирине карама-каршы эки идеянын, пикирдин ортосундагы каршылыктын жогорку формасы. Ал чыгармадагы каармандардын кулк-мүнөзүндөгү, көз карашындагы жана аракетиндеги күрөшүндө көрүнөт. Коом турмушундагы эски менен жаңынын, оң менен терстин ортосунда жүрүүчү элдешпес күрөш көркөм чыгармаларда адам мүнөздөрү аркылуу ачылат. Конфликт – драмалык чыгармаларда айкын көрүнөт.
Ремарка – француз тилинен алынган, түшүндүрүү дегенди билдирет.
Ремарка – драмалык чыгармаларда сүрөттөлүп жаткан жерлердин көрүнүшү, каармандын жашы, тышкы кебете-кешпири, психологиялык абалы, сөзүндөгү интонациялары жөнүндөгү автордун түшүндүрмөсү. Ремарка каармандын речи катары жазылбастан, ал артисттерге, окурмандарга, режиссерго пьесаны түшүнүүгө жардам берүү үчүн жазылат.
Сарказм – сатиралык чыгармаларда ар кыл көрүнүштөрдү, же адамдарды автордун өтө заардуу тил менен шылдыңга алышы
Сатира – коомдук турмуштагы ошол чөйрөгө, түзүлүшкө ылайык келбеген айрым бир көрүнүштөрдү, адамдардын иш аракеттериндеги, мүнөздөрүндөгү жагымсыз сапаттарды күлкүгө алып, сындаган чыгармалар.
Бейтааныш жана тааныш терминдер
Терминдер
Терминдердин семантикасы
- Авансцена
- Акт
- Амфитеатр
- Анонс
- Антракт
- Аншлаг
- Аплодисменты
- Буаферия
- Сахнанын алды жагы
- Көшөгө
- Залдын артындагы көтөрүңкү орундар
- Болуучу спектаклди жарыялоо
- Тыныгуу, танапис
- Спектаклде эл толтура болуу
- Кол чабуулар
- Сахнанын жасалгасына жасалма нерсе
- Галарея
- Декорация
- Диалог
- Интерьер
- Интрига
- Комедия
- Конфликт
- Театрдын жасалгасына тиешелүү нерселер
- Сахнанын көркөм жасалгасы
- Сүйлөшүү
- Залдын ичинин көркөм жасалгасы
- Драмадагы чаташкан сюжет, каармандардын бузукулуктан жаралган күрөшү
- Күлкүлүү пьеса
- Кагылышуу, карама каршылык
- Кулиса
- Кульминация
- Либретто
- Монолог
- Мимика
- Мизансцена
- Партер
- Сахнанын артындагы көрүнүш
- Окуянын курчуган жери
- Опера жана балеттин текстинин күчөтүлгөн сезимде, курч конфликт менен сүрөттөлүп берилиши
- Каармандын өзүнчө ой жүгүртүүсү, жеке кеби
- Ымдоо, жаңдоо
- Жарык берүүчү
- Залдагы алдыңкы орундар
- Персонаж
- Постановка
- Постановщик
- Премьера
- Пролог
- Рамка
- Режиссер
- Резонанс
- Ремарка
- Репертуар
- Катышуучу каармандар
- Сахнада коюлган оюн
- Оюнду коюучу
- Пьесанын алгачкы коюлушу
- Оюндун кириш бөлүгү
- Сахнанын алдындагы жарык приборлор системасы
- Көркөм жетекчи
- Залда үндүн угулушу
- Пьесада сүйлөнбөгөн тексттер, мүнөздөмөлөр
- Театрдын программасына кирген пьесалар
- Реплика
- Роль
- Спектакль
- Сцена
- Фойе
- Эпизод
- Ярус
- Актердун каршы сөзү
- Каармандын образын ойноо
- Театр оюну
- Сахна
- Антракт учурунда чыгуучу зал
- Бөлүк
- Театрдын үстүңкү кабатындагы орундуктар
Айкөлдүгү бабам Манас өңдөнөт...