Үй бүлө тарбиясында балдардын жаш курак өзгөчөлүктөрүн эске алуу
Ж аңы төрөлгөн бала ( 1-2 айга чейинки мезгил )
Бул мезгилдеги негизги тарбиялык милдет баланын дене боюнун өсүүсү, ден соолугу жөнүндө камкордук көрүү, туура тамактандыруу (эне сүтүнө 1,5 жашка чейин тойгузуу), ден соолугун чыңдоочу процедураларды уюштуруу.
Бул мезгилден баштап бала (1-2 ай) акырындап айлана- чөйрөнү сезүү, туюу органдары аркылуу аңдай баштайт. Ошондуктан ушул мезгилден баштап сезүү органдарынын (көз, кулак, тери ж.б.!) туура калыптануусу, аракеттенүүсү үчүн шарт түзүү зарыл. Бул нерв системасынын, мээнин өсүшүнө алгачкы түрткү болот
2-3 айдан -1 жашка чейинки балдарда төмөнкү өзгөчөлүктөр байкалат
Башын түз кармап отуруп, жөрмөлөй баштайт. Кыймылы бир топ багыттуу боло баштайт.
Эң негизги – сүйлөө элементтери пайда болот, бала бул табылгасы аркылуу айлана- чөйрө менен байланышка чыгууга аракет жасайт.
1 жашка толуу процессинде сүйлөө речи калыптанат. Оюнчук, буюмдарды кармап ойноо, чоңдор менен байланышка чыгуу балага тарбиялык милдети- баланын сүйлөө речин өстүрүү. Ал өзүнөн өзү өспөйт. Ал тышкы таасир, байланыш, ата- эне, ага – эжелеринин мамилеге чыгуусу менен өсүп калыптанат, байыйт.
Мектепке барганда сүйлөй албай кыйналган балдардын көп себебинин бири, дал мына ушул (1-3жаш) мезгилде балага көңүл буруусу зарыл.
2-3 айдан -1 жашка чейинки балдарда төмөнкү өзгөчөлүктөр байкалат
Башын түз кармап отуруп, жөрмөлөй баштайт. Кыймылы бир топ багыттуу боло баштайт. Эң негизги – сүйлөө элементтери пайда болот, бала бул табылгасы аркылуу айлана- чөйрө менен байланышка чыгууга аракет жасайт.
1 жашка толуу процессинде сүйлөө речи калыптанат. Оюнчук, буюмдарды кармап ойноо, чоңдор менен байланышка чыгуу балага тарбиялык милдети- баланын сүйлөө речин өстүрүү. Ал өзүнөн өзү өспөйт. Ал тышкы таасир, байланыш, ата- эне, ага – эжелеринин мамилеге чыгуусу менен өсүп калыптанат, байыйт.
Мектепке барганда сүйлөй албай кыйналган балдардын көп себебинин бири, да мына ушул (1-3жаш) мезгилде балага көңүл буруусу зарыл.
Тарбия туура уюштурулса (3 жашында мүчө улап сүйлөп калат) бул мезгилде баланын мүнөзүнүн негизги белгилери да калыптана баштайт. Чоңдор менен болгон мамиледе моралдык нормаларды өздөштүрө баштайт
Кыймыл- аракетте, жүрүш- турушта өз алдынчалыкка, демилгелүүлүккө, эрктүүлүккө, эмгекти сүйүүгө алгачкы багыт берүү да зарыл. Ата- эненин «сокур мээримдүүлүгү» баланын жогорудагы жакшы сапаттарын басыа коюшу да мүмкүн. Анткени ыкшоолук, жалкоолук, айрыкча эркелик ж.б. терс сапаттар ушул мезгилде пайда болот
Бул мезгилдеги ата- эненин негизги милдети: «бала менен ымала түзүү жетиштүү, ага таанып- билүүнүн ар түрдүү формаларын үйрөтүү» болуп саналат. Бул куракта ар бир бала личность (инсан) болуп калыптана баштайт. Чоңдорго мүнөздүү көп сапаттар пайда болот. Ошол себептүү психологдор адамдын төрөлгөндөн чоңойгонго чейинки өмүр жолунун ортосу 3жаш деп эсептешет.
МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ КУРАК (3-6-7 ЖАШКА ЧЕЙИНКИ МЕЗГИЛ)
Бул мезгилде сезүү органдарынын ишмердүүлүгү элес, ойлоо, эс, сүйлөө речинин өсүүсү бардыгы – дүйнөнү таанып- билүүнүн сезимдик баскычына алып келет.
Бул курак баланы мектепке интеллектуалдык, моралдык, психологиялык жактан даярдоо мезгили.
Акыл эсти тарбиялап өстүрүүдө табигатты байкоо, жомокторду, аңгемелерди окуп же кызыктуу айтып берүү,геометриялык фигураларды тааныштыруу, кыймылдуу, ойлонтуучу оюндарды ойноо, балдардын чыгармачылык иштерин уюштуруу эң жакшы жардам берет. Эң башкысы бала озү аракеттенсин, ойлонсун, тапсын
Бул мезгилде адеп- ахлактык сезимдери калыптана баштайт ошонун негизинде туура тарбия уюштурулса жөнөкөйлүк, мээримдүүлүк ж.б. жакшы сапаттар калыптанат
Бул мезгилде баланын ишмердүүлүгүнүн негизги түрү- оюн. Оюн баланын кызыгуусун жана керектөөсүн канааттандыра турган каражат болуп саналат.
Ата- эненин милдети баланын ар тараптуу туура өсүүсүн камсыз кылуу, түрдүү оюндарды таап үйрөнүүсүн да уюштуруу
Эмгекке тарбиялоодо баланын өзүн-өзү тейлөөсүн (кийим кийүү, тамактануу, идиш – аякты тазалоо, бөлмөнү жыйноо, короону тазалоо ж.б.) уюштуруунун ролу чоң
5-6 жаш – бул баланы түздөн- түз мектепке даярдоо, тарбиялоо мезгили. Мектепте системалуу билим алуу баладан акыл- эс, тарбиялык жактан белгилүүдаярдыкты талап кылат.
Өзгөчө көңүл буруучу сапаттар- өзүн- өзү башкара билүү, тырышчаактык, эмгекти сүйүү жана тапшырылган ишти аткарууга эрки жана каалоосунун жетишүүсү, ой жүгүртүүсүнүн логикалуулугу,дүйнөнү таанып- билүүгө, билим алууга кызыгуусу. Ата- эне болгону бул маселеге кызыгып, жоопкерчилик менен көңүл буруусу керек.
Кичи мектептик курак (6-7-10 жаш)
Балдар мектепке кызыгуу менен барат. Ошол мезгилде ата- эне да, мектеп да балдардын психологиялык, физиологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алып, мектепте, үй бүлөдө билим- тарбия алуусун уюштурса жакшы натыйжага жетишүү менен баланын кызыгуусун, умтулуусун сактап калып, аны андан ары тереңдете, өстүрө алат.
6-7 жаштагы балдардын дене- түзүлүштөрү калыптана элек болот. Алар ийилчээк келишет. Ошол себептүү мугалим мектепте, ата- эне үйдө бала отуруучу стол стулдарды ылайыктап даярдашы зарыл.
Бул мезгилде (айрыкча 7 жаштан кийин) баланын баш мээсинин салмагы кескин жогорулап, чоң кишилердин мээсинин салмагына жакындайт (1300г)
7 жашта баланын мээсинин маңдай бөлүгү тез өөрчүп, жетилүүсү аяктайт. Ошол себептүү бала максаттуу, плендуу аракеттерди аткаруу мүмкүнчүлүгүнө жетишет.
Балдардын манжаларынын, муундарынын да бекемделиши тездейт
(9-11жашка чейин) Ошол себептүү жазуу иштерин кыйынчылык менен аткарып, багыт берүүгө, жардамга муктаж болот.тез эле манжалары чарчап калат. Көп чарчатпай, тажатпай жаздырууга маани берүү керек.
- Бул мезгилде алардын образдуу кабыл алуусу башталат, бирок эрксиз негизде болушу мүмкүн. Ошол себептүү мугалим да, ата – эне да ишмердүүлүгүн көрсөтмөлүү жасоосу керек.
- Окуу, жазуу, оюнду тез- тез алмаштырып туруу керек. Бул жаштагыларда бироонү тууроо, окшош болууга аракети күчтүү болот. Ошого мугалим да, ата- эне да өзүн маданияттуу алып жүрүүлөрү керек.
Бул мезгилдин артыкчылыгы бала башка курактагыларга караганда салыштырмалуу мугалимдин талабын каяшасыз аткарат. Ишенчээк, эрчиме болушат. Берилген тапшырманы керек, керек эместигине карабай аткарууга аракеттенишет, тартиптүү, өз алдынчалыгы чектелүү инсан. Үй бүлөдө ата- эне да, мугалим да бул мүмкүнчүлүктү туура пайдаланса баланын келечегине жакшы болот.
Эгер бала мектепке келгенден баштап кыйнала баштаса, аны ата- эненин тарбиясынын кемчилдиги деп түшүнүү керек. Эгер окуу, жазуудан кыйналганы менен ал үй бүлөдө аракетчилдикке, эмгекти сүйүүгө, жоопкерчиликтүүлүккө тарбияланган болсо, анда мугалимдин устаттыгы менен окууга жетишип кетет.
Бул мезгилдин артыкчылыгы бала башка курактагыларга караганда салыштырмалуу мугалимдин талабын каяшасыз аткарат. Ишенчээк, эрчиме болушат. Берилген тапшырманы керек, керек эместигине карабай аткарууга аракеттенишет, тартиптүү, өз алдынчалыгы чектелүү инсан. Үй бүлөдө ата- эне да, мугалим да бул мүмкүнчүлүктү туура пайдаланса баланын келечегине жакшы болот.
Эгер бала мектепке келгенден баштап кыйнала баштаса, аны ата- эненин тарбиясынын кемчилдиги деп түшүнүү керек. Эгер окуу, жазуудан кыйналганы менен ал үй бүлөдө аракетчилдикке, эмгекти сүйүүгө, жоопкерчиликтүүлүккө тарбияланган болсо, анда мугалимдин устаттыгы менен окууга жетишип кетет.
Кенже мектептик курак- бул баланын инсан катары калыптандыруунун жооптуу мезгили. Ал эми бул иштин негизги өбөлгөсү акыл- эс, адеп- ахлак, эмгек, эстетикалык жана дене бой тарбиясын билгичтик менен айкалыштырып алып баруу