Просмотр содержимого документа
«БКМ, МОМ, 6-семестр, 5.1»
Көбөйтүү амалынын мааниси
Көбөйтүү амалы бирдей кошулуучуларды суммалоо сыяктуу каралат. Терс эмес бүтүн (натуралдык) сандарды көбөйтүүнүн аныктамасы боюнча бул төмөнкү эрежелер боюнча аткарылуучу амал:
жолу
, эгер
болсо,
, эгер
болсо.
Көбөйтүү символун колдонуу бирдей кошулуучуларды кошуу жазуусун кыскартууга мүмкүндүк берет.
түрүндөгү жазуу 2 + 2 + 2 + 2 = 8 түрүндөгү жазуунун кыскартылышын түшүндүрөт. Аны төмөнкүчө окуйбуз: «2ни 4 жолу алса 8 келип чыгат» же «2ни 4кө көбөйтсө 8 келип чыгат». Көбөйтүү амалы башталгыч класстардын математика боюнча бардык окуу китептеринде бөлүү амалынан мурда окулат. Көптүктөр теориясы боюнча көбөйтүү бирдей жыйындылардын биригүүсү катары жыйындылар менен предметтик аракеттер. Ошондуктан, баланы амалдын жыйынтыгын эсептөө жана символдук жазылышын тааныштыруудан мурда ал ситуацияларды предметтик жыйындыларда моделдештирүүнү, мугалимдин сөзүн туура түшүнүүнү, туура элестетүүнү, колу менен процессти көрсөтүүнү, сөз менен мүнөздөөнү билүүсү зарыл.
2 – класста көбөйтүү амалынын символун тааныштыруунун алдында балдар төмөнкү тапшырмаларды аткаруу керек:
Экиден сана (үчтөн, бештен)
Сүрөт тарт: «үч тарелкада 2ден апельсин бар». Баары канча апельсин бар экенин сана.
Ашыкча жазууну тап: 2 + 2
2 + 2 + 2
2 + 2 + 2 + 2
2 + 3 + 2 + 2 + 2
Ар бир туюнтманы ыңгайлуу жол менен маанисин тап.
Сүрөт боюнча туюнтманын жазылышын жаз:
Бул амал менен тааныштырууда көбөйтүүнүн маңызын бала өздөштүрүү үчүн пайдаланылуучу тапшырмалардын түрлөрү:
Сүрөт менен математикалык жазылыштын туура келүүчүлүгүнө
Сүрөттү кара жана тапшырманы түшүндүр:
4 + 4 + 4
4
3 = 12
2 + 2 + 2 + 2 + 2 = 10 жана 2
5 = 10
5 + 5 = 10 жана 5
2 = 10
Бирдей кошулуучулардын суммасын табууга
Сүрөттөрдү кара жана жазууну аякта
6 + 6 + 6 = … 6
3 = …
Кошууну көбөйтүүгө алмаштырууга
Кайсы туюнтманын маанисин табууда кошууну көбөйтүүгө алмаштыруу мүмкүн болсо, алмаштыр жана жыйынтыгын эсепте:
5 + 5 + 5 + 5 1 + 1 + 1 + 1 + 1 5 + 6 + 3
42 + 42 0 + 0 + 0 + 0 + 0 4 + 6 + 8
Көбөйтүү амалынын маанисин түшүнүүгө
Кайсы сан кошулуучу катары алынат жана ал сан кошулуучу катары канча жолу алынаарын түшүндүр:
6
4 = 24 9
3 = 27
6 + 6 + 6 + 6 =24 9 + 9 + 9 =27
3
5 түрүндөгү туюнтма көбөйтүндү деп аталат. Бул жазуудагы 3 жана 5 сандары көбөйтүүчүлөр деп аталат.
3
5 = 15 түрүндөгү жазуу барабардык деп аталат. Бул учурдагы 15 саны көбөйтүүнүн жыйынтыгы болгондуктан, ал көбүнчө көбөйтүндү деп аталат.
Мисалы: 4 жана 6 сандарынын көбөйтүндүсүн тапкыла (4 жана 6 сандарынын көбөйтүндүсү 24).
Көбөйтүү амалынын компоненттери дайыма кепте айтылууга жана алардын жайгашуу ордуна жараша тапшырмаларды аткаруу сунушталат (плакат)
3 – класста балдар көбөйтүүнүн компоненттеринин өз ара байланыштары менен таанышышат, ал андан ары теңдемени чыгарууга ыңгай түзүү үчүн көбөйтүүнүн белгисиз компоненттерин табууну окутуу үчүн негиз болуп саналат: эгер көбөйтүндүнү бир көбөйтүүгө бөлсөк, 2 – көбөйтүүчү келип чыгат.