СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Диний экстремизм

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Диний экстремизм»

Тешебай Исак уулу атындагы №35 жалпы билим берүүчү

орто мектебинин диний экстремизмдердин, жашы жетелек өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктардын жана ар түрдүү терс көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында окуучулар, ата-энелер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча түзгөн

иш чарасы.



Аткарылуучу иштин мазмуну

мөөнөтү

Ким жоопту

1.

“Ыйман-деген эмне” тарбиялык саат өтүү.


сентябрь

Соц.педагог

КТИУ

Кл.жет

2.

Диний экстремизм жана терроризм боюнча тааныштыруу.

сентябрь

Соц.педагог

КТИУ

Кл.жет

3.

Окуучуларга дааватка чыгууга тыю салынат?-жалпы чогулуш өтүү.

20.09.2017

Соц.пед

КТИУ

Кл.жет

4.

“Диний агымдардын терс таасирлери”-ата-энелер чогулушу.

жыл ичинде

Соц.пед

КТИУ

Кл.жет

5.

Кылмыштуулуктун жана терс көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

ар дайым

Соц.пед

КТИУ

Кл.жет

6.

Диний экстремизм жана дин жөнүндө докладдар.

октябрь

Соц.пед

КТИУ

Кл.жет

7.

Мектепке чоочун адамдарды киргизбөө,күн-түнү коопсуздукту сактоо боюнча көзөмөлдү жүргүзүү.

ар дайым

Мект.директору завхоз, кароол, деж.мугалимдер

8.

“Терроризм жана диний экстремизм-бейпил жашоо душманы” тарбиялык саат өтүү.

жыл ичинде

Соц.пед

КТИУ

Кл.жет



Соц.педагог: Т.Насердинова

КТИУ: Н.Кыргызбаева

Тешебай Исак уулу атындагы №35 жалпы билим берүүчү орто мектебинин окуучуларынын арасында өтүлгөн жалпы чогулуштун

протоколу.

Колот айылы. 14.09.2018

Каралуучу маселелер.


1.Окуучулар арасында даават жөнүндө түшүнүк берүү.

2.Кезектеги иштер.

Угулду.

1-маселе боюнча Соц.педагог Насердинова Тургунбү сүйлөдү. Ал өз сөзүндө дааватка чыгуу окуучулар үчүн мүмкүн эмес экендигин айтты.Даават бул чоң адамдар үчүн окуучулардын милдети бул окуп билим алуу, окуучулардын негизги милдети экендигин айтты. Дават бул жакшылыкка чакыруу , жамандыктан кайтаруу.Даават түшүнүгү биздин өлкөдө 15 жылдын тегерегинде иштеп жатат.Дааватчылык менен алектенип жүргөн атуулдар көзөмөлдөнүп, Ички иштер бөлүмү тарабынан иш алып барылып турат. Ар бир дааватка чыккан атуулдун документтери текшерилип, муфтият тарабынан уруксат кагаз алмайынча дааватка чыга алышпайт. Дааватка улуу жаштагы адамдар гана чыга алышат. Мектеп окуучуларына чыгууга уруксат берилбейт. Дааватка чоңдор гана чыгышат. Канчалык текшерүү, көзөмөл болсо да дааватка жамынып алып өз кызыкчылыктарын ишке ашырып жаткан уюмдар бар. Ар кандай диний агымдар буга мисал боло алат. Сирияга азгырылгандардын көпчүлүк бөлүгун жаштар жана диний көз караштагы инсандар түзөт. Жаштар ар кандай нерселерге тез берилет. Ошондуктан, диний экстремизмди көздөгөн агымдар жаштарды азгыруунун жолун издешет. Кымбаттуу окуучулар мектепте билим алуу бул биринчи милдетибиз экендигин эсиңерден чыгарбагыла. Диний агымдардын терс таасирлери жөнүндө КТИУ Кыргызбаева да өз ой пикирин билдирди. Класс жетекчилерден Ибраимова, Миталоваларда жарыш сөзгө чыгышты.

Жогоркуларды угуп жана талкуулап чогулуш

токтом кылат.

  1. Диний экстремизм жана ар кандай диний агымдар жөнүндө түшүнүк берүү класс жетекчилерге милдеттендирилсин.

  2. Мектеп окуучуларына дааватка чыгууга тыю салынсын.

  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө соц.педагог Насердиновага милдеттендирилсин.







Мектеп директору: Т.Рахманова

Соц.педагог: Т.Насердинова

КТИУ: Н.Кыргызбаева























Тешебай Исак уулу атындагы №35 жалпы билим берүүчү орто

мектебинин ата-энелер чогулушунун

протоколу.


Колот айылы. 03 .10.2017.

Каралуучу маселелер.

1.Диний агымдардын терс таасирлери.

2.Кылмыштуулуктун жана ар кандай терс көрүнүштөрдүн алдын алуу.

Угулду.

1.Диний агымдар жана алардын терс таасирлери жөнүндө соц.педагог Насердинова кеңири айтып берди.Андан кийин сөз айыл аксакалы Абдуллаев Өмөнгө берилди. Ал өз сөзүндө төмөнкүлөргө токтолду. Кымбаттуу ата-энелер жаш балдарды ыймандуу кылып тарбиялоо ар бирибиздин милдетибиз. Бирок кандай жол менен деген маселе турат. Ар бир бала мектептен окуп билим алууга милдеттүү. Бирок тилекке каршы балдарды медициналык кароодон өткөрүүдөн, дары –дармектерди ичүүдөн, эмдөө алгандан баш тарткан ата-энелер жок эмес. Азыркы учурда балдарды мектептен билим алуусуна каршы чыккан адамдар дагы бар. Алар балдарын мектепке жибербей, өзүлөрү менен кошо дааватка алып чыгып кеткен фактылар башка айылдарда кездешкендигин . Билимдүү болуу эч качан зыян келтирбейт. Ошондуктан, балдарды эң биринчи мектепте жакшы билим алышына шарт түзүп бериңиздер. Айрыкча кыздарды эрте турмушка берүү да ушулардын эсебинен болуп жатат. Ал эми медициналык кароодон өтүү эч кимге зыян келтирбейт. Дин менен диний агымдардын ат менен төөдөй айрымасы бар. Экөөнү туура түшүнүп мамиле кылыңыздар.

2.Кылмыштуулуктун жана аркандай терс көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча ИДН Амираев Тариел сүйлөдү. Кылмыштуулук көбүнчө балдарды бош калтыргандын эсебинен пайда болот. Азыр ата-энелер өз балдарын жалгыз кароосуз калтырып кетүүнү адат кылып алышкан. Мунун эсебинен балдар өзүлөрү билгенин кылышып, ар кандай кылмыштарга дуушар болуп калышы мүмкүн. Кечинде балдар канча көчөдө жүрсө да сурабаган ата-энелер да бар. Кылмыштын дагы бир себеби бул баланы өтө эрке баккандын кесепетинен болот деп мен ишеничтүү айта аламын. Анткени, баланын айтканын кылып м: машинаны берип коёсуздар .Ал машина менен өз билгенин кылат. Кимдир бирөөнү койуп кетиши мүмкүн же өзү кырсыкка учурашы мүмкүн. Бири-бирине салык салып, мушташууну айтпай эле коёлу.

Башка адамдарга сый мамиледе болбогон бала да тартипсиз катары эсептелет. Ар кандай терс көрүнүштөрдүн бири болуп ичкилик ичүү , тамеки, нас чегүү болуп эсептелет. Буларды да биринчи орунда үй-бүлөдө тарбиялаш керек. Мектепте мындай терс көрүнүштөрдүн алдын алуу жана болтурбоо боюнча жакшы эле иш алып барылат. Бирок, ата-энелер өзүбүз балдарды акча берип кафе-ресторандарга, түнү аш жегени жиберип коюп, кечинде кайтып келгендеги абалын текшергенибиз жок. Мындай күндөн кийин бала сабак караштын ордуна, сабакта уктап олтурган учурлар кездешет. Баланын жүрүш- турушунан ата-энелер, кабар алышпайт. Окуу куралдарын, күндөлүктөрүн текшеришпейт. Кыскасы баласынын мектепте эмне кылып жүргөнү аларды кызыктырбайт. Мунун баары ар кандай жаман кылык жоруктарга , тартип бузууларга өбөлгө түзөт. Демек, балдарды тарбиялоодо ата-энелердин ролу чоң. Жарыш сөзгө ата-энелер комитетинин мүчөсү, Токтокараева Мария чыгып кыздардын жүрүш-турушу жөнүндө айтып өттү. Кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча КТИУ Кыргызбаева да өз ой пикирин билдирди.

Жогоркуларды угуп жана талкуулап ата-энелер чогулушу

токтом кылат.

1.Ар кандай диний агымдарга кирип кетпөө максатында окуучуларды көзөмөлдөө ата-энелерге жана мектеп мугалимдерине милдеттендирилсин.


2.Кылмыштуулуктун жана ар кандай терс көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча иш алып баруу жана көзөмөлдөө ата-энелерге жана мектеп мугалимдерине жүктөлсүн.


3.Мектептен сырткаркы мезгилдерде окуучулардын коопсуздугу ата-энелерге милдеттендирилсин.


4.Жайкы каникул мезгилиндеги окуучулардын эс алуусун туура уюштуруу жана алардын коопсуздугу ата-энелерге жүктөлсүн.


Мектеп директору: Т.Рахманова

Катчы: Т.Насердинова





























Тешебай Исак уулу атындагы №35 жалпы билим берүүчү орто мектебинин кароосуз калган окуучулар менен иш алып баруу боюнча түзүлгөн

иш чара.



Аткарылуучу иштин мазмуну.

мөөнөтү


Ким аткарат?


1.

Окуучунун жайда кайсыл жерде өткөрүүсүн тактоо.

26.05.2017

Соц.педагог

Класс жетекчилер


2.

Окуучулардын ата-энеси менен байланышып, балдарынын жайкы эс алуусу жөнүндө сүйлөшүү.

02.06.2017

Соц.педагог

Класс жетекчилер


3.

Окуучулардан кабар алуу.

Ар дайым

Соц.педагог

Класс жетекчилер


4.

Жайкы лагер же эс алуучу жайларга кароосуз калган окуучуларды жайгаштыруу

Каникул мезгилинде

Соц.педагог

Класс жетекчилер








Соц.педагог: Т.Насердинова