Суроолор:
Билим берүү системасынын башкаруу органдары.
Билим берүү системасыны реформалоо процесси.
Педагогикалык баалуулуктар.
Класс жетекчинин функциясы.
Мектеп. Мектептин максаты.
Жооптор:
1.Билим беруу тутумун башкаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын билим берүүсүн мамлекеттик башкаруу борбордук жана региондук органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүргүзүлөт.
Билиим берүү тутумун мамлекеттик башкаруунун түзүмү Кыргыз Республикасынын Өкмтү тарабынан ага мыйзам берген ыйгарым укуктардын чегинде иштели чыгат жана бекитилет.
1.Билим берүүнү башкаруу мамлекеттик коомдук мүнөздө болуп, мамлекеттик бийликтин жогорку органдары, жергиликтүү органдары, жергиликтүү башкаруу жана өзү-өзү башкаруу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
2.Билим берүү системасын реформалоо процесси бала бакчадан университетке чейинки бардык системаны камтыйт. Бирок анын борборунда мектеп турат, анткени дал ошонун алкагында жаштарды өндүрүштүк жана коомдук турмушка активдүү аң-сезимдүү катышуучу, ошондой эле үзгүлтүксүз билим берүүнү контексине билимдерди дайыма толуктап турууга базалык даярдоо жүргүзүлөт.
2008-жылдын 28-авгусунда өзгөрүп жаткан дүйнөнүн талаптарына ылайык жалпы орто билим берүү системасын реформалоо концепциясын иштеп чыгуу максатында Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясында жалпы орто билим берүүнүн алкактык улуттук билим бербуу стандарты(куррикулум) кабыл адлынган.
3. Педагогикалык баалуулук – бул педагогикалык иш-аракеттин натыйжасын-да өнүккөн билим берүү тармагынын жана педагогдун жетишкендиктери.
Пед. баалуулуктар жекече(инсандык), группалык(топтук), жана социалдык(коомдук) болуп бөлүнөт.
3.1. Инсандык - пед. баалуулук – бул социалдык-психологиялык билим катарында жеке мугулимдин максатын, идеалын, мотивин жана көз карашын белгилеп, таанып бтлүу компоненти гана эмес, эрк- эмоциялык компоненттерди да камтып, социалдык жана топтук пед. баалуулуктар менен тыкыз байланышта болот.
3.2. Группалык пед. баалуулук- пед. концепцияларды, ойлорду, нормаларды билим берүү чегинде институттар тарабын ирээтке келтирүү жана багыттоо деп түшүнсөк болот.
3.3.Социалдык пед. баалуулуктар – билим берүү иш-аракетинде пайда бологон ойлор, түшүнүктөр, эрежелер, нормалар, каада-салттар, билим берүү мазмунун жана мүнөзүн коомдук аң-сезимдеирээтке келтирип турганы эсептелет.
4. Класс жетекчинин функциясы.
Класс жетекчи-педагогикалык коллективдин жана мектептин педагогикалык кеңешинин мүчөсү. Класс жетекчинин негизги функциясы-окуучуларды тарбиялоо жана аларды ынтымактуу коллективге бириктирүү. Сөзсүз, өз классындагы окуу иштери, окуучулардын билим деңгээлин жогорулатуу маселелри анын көңүлүн бурбай койбойт. Ал класствгы бардык окуучуларга мугалимдерге окутуунун сапатын жогорулатууда негизинен тарбиялоонун каражаттарын(окуу ишине аң сезимдүү жана жоопкерчилик менен мамиле кылууга тарбиялоо, окутууда мектеп режимин сактоого окуучуларды үйрөтүүгө өз ара жардам берүунү уюштуруу ж.б.у.с.) колдонуу менен жардам көрсөтөт
Ар бир класста мугалимдердин белгилүү коллективи иштейт, алар окуучуларга коюлуучу бирдиктүү талапты жетекчиликке алууга, аларга жекече мамиле жүргүзүүнү ишке ашырууга тийиш. Класстагы мугалимдин тарбиялоо иштерин бирдиктүү жана багыт берүү – бул анын маанилүү милдети.
5.1.Мектеп-мамлекеттик идеологиялык мекеме, ал кележаткан жаш мундарды окутуу жана тарбиялоо жөнүндөгү мамлекеттик саясатын жргүзүүчү бир бүтүндүк.
5.2.Мектептин максаты-бул инсандын укуктук, экологиялык, эмгектик эстетикалык, нравалык, интеллектуалдык жана башка маданияттарын камтыган базалык маданияттын негизин түзүү болуп саналат.
Жалпы максат-окуу тарбия иштерин өзүнчө багыттары боюнча түзүлгөн. Жекече багыттарда чечмеленет (регулировка/корретировка).