СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жат жазуу 6-класс

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Жат жазуу 6-класс»

6-класс Жат жазуу

Тема: Окуучунун эрдиги

Жайдын күнү эле. Күн ысык. Ысык- Көл мелтиреп тыптынч жатат. Ачык тийген күнгө чагылышып, жээктен караган кишиге жаркырагансып көрүнөт. Анда-санда жээк бойлой сууга түшүп жүргөн балдардын кубанычтуу добуштары болбосо, айлана жымжырт.

Ушул кезде жакын жердеги сегиз жылдык мектептин окуучусу Капар да сууга түшүп, денесин сергитип алуу үчүн жээкке келип калган эле. Ал сууга түшүп, чабак ойноп жүргөн балдарга көз жүгүртүп, бир азга карап туруп калды. Капардын көңүлү башка балдардан алысыраак жакта чабак уруп, куушуп ойноп жүргөн эки балага бурулду.Алар бир аз убакыт куушуп ойношту. Анан балдардын бири Ысык- Көлдүн мелтиреп жаткан ачык бетин көздөй улам арылап сүзүп кете берди. Бир кыйла алыс сүзүп баргандан кийин гана ал бала кайта жээкти көздөй кайрылды. Бир убакта бала чарчап чөгө баштады.

Капар дароо эле сууга секирип түштү да, чөгүп бара жаткан балага тез эле жетип, жээкке алып чыкты. / 120 сөз /

Грамматикалык тапшырма:

1.Мектептин- бул сөзгө морфологиялык талдоо жүргүз.

2.Капар- бул сөздү жөндөмөлөр менен өзгөрт.

3.Текстен тактоочторду таап, алдын сыз.

4.Тыптынч деген сын атоочтун даражасын тапкыла.