СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Манас жалпы жооп.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Манас жалпы жооп.»

К.Уметалиев атындагы №22 Долон жалпы орто билим берүү мектебинин

С.Каралаевдин варианты боюнча 1-10 чейинки суроолоруна жооптору

  1. Манастын түпкү аталары кандай даражадагы адамдар болгон?

Жооп: Башкы атасы баары кан, бай, кадыр-барктуу, нарктуу адамдар болушкан.

Түп атасы Түгѳл кан,

Түбүнѳн Кыдыр даарыган,

Башкы атасы баары кан,

Башынан Кыдыр даарыган.

  1. Манастын түпкү аталарынын колдоочусу ким болгон?

Жооп: Түп атасы түгѳл кан

Түбүнѳн Кыдыр даарыган,

Башкы атасы баары кан,

Башынан Кыдыр даарыган

Кыдыр ата колдогон.

  1. “Түнөп өткөн жерине,

Түптүү мазар орногон” деген саптарды кандай түшүнүүгө болот?

Жооп: Манастын ата-бабалары Кыдыр даарыган, ырыс-кешиктүү адамдар болгондуктан, алардын уктаган жерин да мазарга айлантышып, ал жерлерди ыйык тутуп, зыярат кылышкан.

  1. Манастын ата-бабаларынын иретин атап өтүнүздөр?

Жооп: Бөйөн, Чаян, Огой, Балакан, Каракан, Жакып

  1. Кыргыздарды туш тарапка чачкан кытай кандары?

Жооп: Атагы алыска кеткен мыкты кан Каракандын кѳзү ѳткѳндѳ кытайдын Молто, Алооке аттуу кандары кѳп кол менен келип, кыргыздарды чаап алып, Каракандын балдарын чогуу туруусу кооптуу деп туш-тушка бѳлүп жиберишет. Кырк үйлүү туугандары менен Жакып Алтайга айдалат.





  1. “Камчыга ченеп бөлүү” дегенди кандай түшүнсө болот?

Жооп:

Иштеген ишине карата, жумшаган күчкө карата баалоо, бөлүү дегендик. Эпостон мисал катары Молто менен Алооке Каракандан айрылган алсыз кыргыздарды туш-тарапка айдайт.

Кандан калган кыргызды,

Камчыга ченеп бѳлүптүр,

Молто менен Алооке,

Арага мыктап алыптыр,

Азапты бекем салыптыр.

  1. Каракандын уулдары кимдер?

Жооп: Жакып, Улак, Текече, Шыгай, Бай, Үсөн

  1. Акбалта кайсы уруунун каны болгон?

Жооп: Акбалта жайын сурасан,

Нойгуттун мыктуу каны экен.

  1. Алоокенин канча уулу болгон?

Жооп: Алоокенин алтымыш уулу болгон.

Алоокеден туулган,

Алтымыш уулу бар экен.

Чынмачындын Бээжиндин,

Чындаган мыктуу каны экен

  1. Молто кан менен Алооке кан кыргыздарды биринчи чабууда катышкан

кытай балбаны?

Жооп: Дөңгө

Каптап кирди калын кол,

Эми бусурман журттун шору бар.

Калың колдун ичинде,

Кытайдан Дѳңгѳ балбан бар.

Дѳңгѳнүн жайын сураба,

Мунун жан казандай башы бар.

Жана жаткан иттей кашы бар.

Майлаган буудай жүздѳнүп,

Баатырдыгы башкача

Сары-Добо (11-20 ) суроонун жообу жок

11-20

20-суроо

Бул дүйнөнүн адамын

Менин ала турган алым бар

Аскерим бар , колум бар

Бел байлаган белим бар

Менин бекип жаткан жери бар

Шуру жакут бөркүм бар

Бурутуң эмес ааламды

Менин ббуй кыла турган эрки бар –деп токтотот.


21-суроо жалпы кыргыз эллин ар кайсы жерге көчүрүү буйругу кимге таандык ?

Жооп :

Баягы Молто таркылдап

Шуру , отогот маржан таш

Төбөсүндө жаркылдап :

Мунун бирөөнү айда Ийренге

Муну түшүрүп жибер теренге,

Мунун бирөөнү айда казакка

Кайра тартпас азапка.

Бирөөнү көчүр Каңгайга

Бирөөнү көчүр Алтайга –деп Молто кан буйрук берет


22-суроо

Алооке менен Молтонун экинчи чабуулунан кийин кыргыз эли кайсы жерлерге көчүрүлөт?

Кадырман кыргыз кайран журт

Каракандын сегиз уул –

Улуусу Бай , Үсөндүр

Үсөндүн колун байлады,

Орконду көздөй айдады

Байдын колун байлады,

Төмөн Желпиниш көздөй адады .

Улак кан колун байлады ,

Ийренди көздөй айдады

Баштыгы Балтай , Жакыпты

Алтайды көздөй айдады


23-суроо Алооке менен Молтонун экинчи чабуулунан кийин Бай кайсыл жерге көчүрүлөт?

Байдын колун байлады төмөн Желпиниш көздөй айдады


24-суроо Алооке менен Молтонун экинчи чабуулунан кийин Улак канн кайсы жерге көчүрүлөт?

-Улак кан Ийренди көздөй айдалат

25-суроо

Үсөн кайсы жерге көчүрүлөт? Орконду көздөй айдалат


26-суроо Акбалта менен Жакып Алтайга канча мал менен көчүрүлөт?

Алты өгүз, төрт качыр ,

Күчүн берип айдады .

Алты эчки ,үч уйдун ,

Сүтүн берип айдады .


27-суроо

Акбалта менен Жакып Алтайга канча түтүн эл менен көчүрүлөт ?

40 түтүн эл менен көчүрүлөт


28-суроо

Акбалта менен Жакып Алтайга көчүп баргыча ал жерди кайсы эл жердеп турган ?

Кара калмак, Манжуу журт ээлеп турган болот


29-суроо

Акбалта менен Жакып Алтайда жүрүп кантип байышкан?

Кара калмак Манжуу журт

Булл аштык билбес эл экен

Аштыкты мыктап алалы

Байып жатып калалы –деп Акбалтанын жарлыгы менен жер иштетишип , алып койгон аштыгынын табагын тайга сатышып байышат. Жакып – бай Жакып атка конот.


30. Топон суу толкуп жете албаган жердин аты?

Жообу: Бээжин

31. Манастын дооруна чейин Чынмачында калып калган кыргыздардан тараган элдин аталышы?

Жообу: Саламык

32. Манастын дооруна чейин кыргыздан тараган эл кантип Чынмачынга туруп калышат?

Жообу:

33. Кытайдын аярлары, сыйкырчылары колдонуп турган китептин аталышы?

Жообу: Данза,Илимий (илий), бичик

34. кыргыздардан Манастын төрөлө турганын Эсенкан алдын ала кантип билген?

Жообу: Аярлар тегиз жыйылып,

Илимий(илий) бичик колго алып.

Бичигин көрүп айтышат.

35. Эсенкандын аяр сыйкырчылары төрөлө элек Манас тууралуу кандай кабар айтат?

Жообу: Буруттан Манас шер туулат,

Ошол Манас туулса,

Себилдүүсү сексен төрт

Телегейи теӊ кубат,

Жургөнүнөн чаӊ чыгат,

Добушунан жан чыгат

Манас атка миӊгенде ,

Сенин тыргоотуӊ тыйпылы кырылат .

36.Эсенкандын аяр сыйкырчылары төрөлө элек Манас кандай өзгөчө белгилер менен жарыкка келээрин айтат?

Жообу: Кабагы бийик заары бар,

Аркасында белгиси.

Кара көк жал, жалы бар

Анын колдогону Кожосан,

Чын жолдошу кырк чилтен.


37- Суроо

Эсенкандын аяр сыйкырчылары төрөлө элек “ Манас” жөнүндө маалыматты “Чон Даңза” деген китептен алышат.

38-суроо

Кытайдын “Чоң Даңза” аттуу китебинде “ Атактуу Манас эр чыгып, Бээжинден сурак алат”-деп чийилген. Аны жети жылдык азапты жети күндө билүүчү жети аяры, сыйкырчылары Эсенканга келип айтышат.

39-суроо

Кытай хандары Эсенкан, Карыкан маалыматты “ Чоң Даңза” китебинен аярларынан, сыйкырчыларынан алган. Бичик, боотайларынан көрүшкөн. Мисалы: “Аты Манас Көк жал” депбоотайына чийилди. Бар атагы Манастын, ичигине катталды.

40-суроо

Бээжин бекер жер эмес, кытай оңой эл эмес.

Нух пайгамбар тушунда , топон суу шургөн ушунда.

Пайгамбар Мукамбет тушунда, нур төгүлгөн Бээжинге.

Пайгамбардеги тушунда, ушал турган Бээжинге эчен түркүн эл калган, Эсенкандын түп атасы Чыпаба орноткон кымбат шаары ошол.

41-суроо

Бул кабарды укканда Бээжиндеги Карыкан;

Аты Манас уул болсо , кол аягын байлап кел,

Он жетиден ылдыйкы, жарфм жаштан өөдөкү.

Ал булуттан крап кел, койбой бери айдап кел,

Тирүү койбой тим эле, бери карай айдап кел. Деп буйрук берет балбан аярларына.

42-суроо

“Манасты ушунчасында күтүшүп,

Сынчыларын жиберип,

Айдатып келгин Бээжинге.

Таксыр Манас аттуу баланы,

Кырк аркан бойлуу чоң зындан.

Жер чуңкурга салалы. Аты Манас туулса мунун эсебинен минтип табалы” деп сыйкырчы аярлары сунуш кылыйшат.

43-суроо

Төрөлө элек Манасты издөөнгө Карыкан менен ЭсенканЧоң Дөңгө балбанды, Бээжиндеги 40 аяр, ага кошупмиң аяр, Шибээден- Музкиндик, Тыргооттоон – Солобо , Токушкерден- Бозкертик, Солоңдон-Оракыр кыргызды көздөй бет алды. Кошумча Чоң Дөөдүр, Маамытбек кетти.

44-суроо

Төрөлө элек Манасты издеп, төгөрөктүн төрт төрт айланып кыдырат. Алтай, Кангай, Желпиниш Көөнө Турпа, Кең Барбар, Лоп дайра, Алты шаар, Кокон хан, Маргалаң, Анжиян, Букар, Сары арканы кыдырып, алты жылда Самарканга келишет.

45- суроо

Чыныгы Манастын ордуна Самаркандык Чоң Жиндин 17 жаштагы баласы Жарманасты кармап алып кетишет кытайлар.
46-суроо

“ Манасты кармап келик”-деп кытайлар 45 күнү кылышып, Жарманасты бийиги кырк аркан бойлуу чоң зынданга тирүүлөй салышат. Ал жерде 12 жыл кармайт. Кийин Манас туткундан бошотуп, карындашы Карлыгачты алып берет.

47-суроо

Балага зар болуп жүргөн Жакаып түш көрүп, той берип, түшүн жоорутат. Анын түшү: Көзүнө көрунгөндүн баарын алган, озгөчо кыраан бала барчын бүркүт кармап алат, жоосуз жоодон колунда пайда болгон зулпукар курч кылычы менен таштарды кесип, түшөт; Бутун дүйнөгө көлөкөсүн тийгизген чатырман кирип, ай менен кундү чакмак кылып ойнойт.











56.

Чыйырды төрөөрдө Жакып элин чогултуп алып, кыз төрөсө ала бээни сойгула ,сүйүнчүлөбөй эле койгула ,эгер эркек төрөсө токсон атты сойгула, мага сүйүн чүлөп баргыла деп айтып жылкыга кетип калат.

57

Түшүнө Кызыр Алейхи Салам кирип туула турган уулу Манас жөнүндө баян кылат. Кытай Калмак Манжуга уулунун аты Манас экенин билдирбөөсүн айтат.

58

Жети жыл мурун Кытайдын даӊзасына чийилген.

59

Кайыптан туулган жылкылардын бири бул Кула бээ болчу.

60

Манас төрөлгөндө оӊ колуна кара кан кармай түшөт,бул кармашууга жоо болсо кара кандай агызып канын төгөм дегени. Ал эми сол колуна сары алтын уучтай түшөт, бул салышаарга жоо болсо мен түбүнө жетем дегени. Арт жагында кара көк жал, капталында кара чаар кабылан,оӊ жагында көсө куйрук көк арстан чамынат. Бакырып бала түшкөн жерден чаӊ чыгып, зилзала жүрүп кетет. Бакырганда үнү тай чабымдай жерге угулат.

61.Билерик кытайлардын туткунуна кантип тушуп,барымтага алынат(анын ата-теги)?


Жообу:Билерик Айкожонун баласы.Бээжинге элчи барган Билерикти сынап коруп,кармап алышкан Нескара менен Жолой «Буруттун ушул белдуу баатыры чекти бузуп келип ,согушта далай эрди олтурду эле,кармап сизге тартууга алып келдик»-деп Эсенкандын колуна берет.Эсенкан Билерикти кырк аркан бою зынданга салып коет.

62.Суйунчулоп келген Акбалтага Жакып эмне тартуулайт?

Жообу:Суйунчулоп келген Акбалтага Жакып боз айгыр уйуру мин байтал,нардан чыккан торт жузду,уйдан торт жузду берет.

63.Манасты тороп жаткан Чыйырдыга ким,эмне деп кайрылат?

Жообу:Чыйырдыга ак сакалчан дубана:

Бул торогон баланыз –

Алты шердин кенжеси,

Аты Манас суйгон артык шер.

Жан жаратып мендеден

Эзелде чыкпайт мындай эр,

Айза имерип,топ бузат,

Муну менен алышкан адам окко учат.

Берен ушул,шер ушул.

Манас бөлүмү.

64.Манас төрөлгөндө,Жакып канча мал союп той берет?

Жообу: Балалуу болуп турганда,бай Жакыптын тою»-деп,Бээ башталган беш жузду,уй башталган уч жузду,санат жетпес кой союп,кочкор союп,кара-калмак, манжуу журт,калкынын баарын чогултат.

65.Кечилдиктин шарты,салты кандай болот?

Жообу:Кекчил- ламаизм деген элдердин касам ичкен дин кызматкерлери.Уй-жай, мулкун кечуу,дуйнодон так отуу.

Эпосто:

Өгүзү карып,-өзү өлөт,

Өлуп калган адамдын

Өлчөп малын тен болот

Ырымын корсон бул журттун

Ургаачы менен журбогон,

Колодон калган чон буркан,

Кудай-деп,ошого чокунган.


66.»Жакып балалуу болуп,паашалыктай той берди»-деп,кабар берген Чон желдетке Эсенкан эмне жооп кайтарат?

Жообу:Чон Желдетке Эсенкан: «Балалуу болсо той кылмак,баардык элдин адаты,буруттан чыккан бай болсо колунда малын сойбойбу,тоюна барып ,тоюп келип,арызданып отурганын адам кылчу иш эмес»-деп кууп жиберет.

67.»Жакыптын бечел уулу»-деген соз кимге карата жана эмне себептен айтылган?

Жообу: «Жакыптын бечел уулу»-деп манаска карата айтылат.себеби,бешке чыга келгенде басат.

68.Калмактын 80 баласы менен кыргыздын 40 баласынын ортосунда эмнеден уруш чыгат?

Жообу:Калмактын 80 баласы, «кызыталак бурут.»- деп кыргыздын 40 баласын кордойт.Манас «кой, койлосо»-дагы болбойт.Бул жерде Манас балдарды чогултуп оюн куруп жатканда,калмактар качырып келет.

69.Калмактын 80 баласы менен кыргыздын 40 баласынын ортосунда чатак эмне менен аяктайт?

Жообу:Манастын кайнап,8-0 баланын ортосуна булук салып, бир чаап откондо 12баласы олот.Калмактын айласы кетип турганда атасы Жакып 40 баланы кайра айдап Манасты кармап алат.

70.Кайсы учурда Жакып,Манаска кыргыздардын тек-жайы тууралуу айтып берет?

Жообу:Манас калмактын80 баласын кырып салаарда Жакып келип,Манаска ата-тегин,тентип келгендерин айтып берет.

71. Эмне себептен Жакып Манасты Ошпурга тапшырууга аргасыз болот?

Ат коюлуп,той тарап,

Жер-жерине кеткени.

Арадан жети жыл өтүп,

Сегизге Манас жеткени.

Эркелетип энеси,

Аркалап жүрдү атасы.

Аңдасам балаң акыл аз,

Жөнүң таппайт, дөөлөт мас,

Тил азар деймин,тилге кас,

Мал азабын балага,

Бир таратып көрөлү,

Жайлоодогу койчуга,Алты ай малай берели.

Катыктырып көрөлү.

Сөз айтууга жатыксын,

Сөөгү бышып катыксын,

Бул акылды бай Жакып

Байбичеге айтып салганы.

Макул экен бул сөз деп,

Байбиче кабыл алганы.

-Деп Жакып Чоң Жиндини өз койчусу Ошпурга малайлыка берет.

72. Ошпурдун колуна Жакып Манасты канча жылга тапшырат?

Ошпурга алты айга малайлыка жиберет.

73. Манас баштаган 40 койчу баланын ичинен 4 баланы өлтүрүп, тамак –ашын тартып алган ким?

Канжаркол.

74. 40 койчу баланын ичинен 4 баланы өлтүрүп,тамак-ашын тартып алган Канжарколду тындым кылган ким?

Манас. 75 . Ошпур Манастын Манас экенин качан байкап калат?

Манас балдарды жыйнап алып” Манас!” деп ураан чакыргыла деп кыйкырганда билип калат.

76. Кочку Алтайга канча аскер менен жана кандай максат менен келет?

Манасты байлап Бээжинге алып кетүү максатында жети жүз аскер менен келет.

77. Кара чаар кабылан,кок жал чолок арстан,кырк чилтен.

78. «Бул Жакыптын жинди уулу катылганды он кылбайт,кармашканды соо кылбайт,билеги жоон,таш журок»-деп жини келип Манастын жанына барып. «Козуну неге кырды»-деп айтат.

79. Торучаар

80. Айкай укса шашпаган Сопол куйрук,сом туяк

Айдын карангысында Кара байыр,казан ат.

Бир изин ката баспаган Кошбыр опко,жез канат.

Чуу укканда болунуп, Туу куйругун чубаган

Астындагы Торучаар Алты айчылык айгайга

Тулпарлык сыны корунот Ашпай-шашпай чыдаган

Чуркаганда кара жер Кырк кунчолук чол болсо

Кат-катынан болунуп Кашайып жудоп онбогон.

Кагышка минсе камсыкпай Алты ай сапар жол жур

Чабышка минсе чарчабай Азып тозуп калбаган.

Оорукка минсе орунбай

Кетмен туяк,кен соору

Кенен жердин тулпары.

81. Ошол кезде Кочкунун

Жан казандай башы бар

Жаткан иттей кашы бар

Мурутуна караса

Отокко чыккан чалкандай

Канжасынын кирин кор

Балдар коолоп жеген талкандай

Аркасында айдары

Айгыр аттын жайында

Балбан Кочку эр экен.

82. Олот

83. Тагылык

84. 12 жаш

85. Улук экен шер экен,Уйпаланган булуттун,уулу экен эр Манас

86. Байлап келгиле деп

87. «Башынды алам»-деген

88. Жолой , Дѳнгѳ менен бирге дагы кайсы белгилщщ кытай балбандары Алтайга аттанат ?

Жооп: Жоон Алп Кайчы Кулак Каман Алп , Кочку Алп , Дѳѳдүр ,Каражой балбан , Дѳнгѳ , Жолой барат .

№89 Алгач Алтайга барган Жолой менен Дѳнгѳ Жакыпты кандай амал менен доого жыкмак болушат?.

Жооп: Кызы талак бурутга

Камчы сүйрѳп киргиле ,

Энтендеген буруттун ,

Алпарган булду саткыла ,

Бир нарды союуп кёргёзбёй,

Кызыталак Жакыптын жабыгына каткыла,

Эки жщзщн чогулгун ,

Бай Жакыпка доо кылгын .

«Арымды уурдап сойдуъ » , -деп ,-

№90 200 аскери менен Манаска катылган Дёёдщр эмне болот ?

Жооп: Керик минген чоъ Дёёдщр ,

Чак-челекей чаъ болуп,

Башы –кёзщн карасан ,

Кызыл челек кан болуп.

Балбанды кырып жатканда ,

Жеткилеъ кирип аралап ,

Калган экен чоъ Дёёдщр ,

Дёёдщр качып кутулду .

№91 Каптап келе жаткан Жолойдун аскеринен корккон Жакып , андан кутулуунун кандай жолун Манаска сунуштайт .

Жооп: Уулум Манас угуп ал , урушпай эсен кетели ,

Тщгёнбёс элге катылып ,

Кокуй , кебим ук

Не муразга жетели!

Тилимди алсан Манас кан,

Алтайдын бери жак бетинде

Сары –Талаанын четинде

Кулкулдаган кузгун жок

Алты кщн андан тозолук

Кыйрашты кызык салалык,

Эл кутулуп кеткиче

Ит урушун салалы.

№92Кытайдын балбаны Дёъгё кандай шартта жана кимдин колунан каза табат?

Жооп: Кытайдын балбаны Дёъгё ,Манас баатыр тарабынан ёлёт.

Каарды катуу баштадым,

Жеке ёзщм кол салып ,

Кочку , Дёъгё алп ёъдщ

Койчулашкан жалпы ёндщ

Кыргынды кызык баштадым

Кызыл чоктуу кытайдын

Кыйынын кырып таштадым.

№93 Кытайдын балбаны Жоон алп кандай шартта жана кимдин колунана каза табат?

Жооп: Кан Манаска катылып ,

Улугунан кан ёлдщ,

Канкор шерге катылып

Кармашкандын баары ёлдщ,

Жору куйрук Жоон Алп ,

Талкан болуп ёлгёнщ.

№94 Аскер менен Алтайга , Манасты кармап келщщ щчщн барган Жолой эмне себептен Манасты кёрщп Бээжинди кёздёй качат ?

Жооп: Ишенген Жолой балбанын

Чыъыроон тартып жёлёнщп,

Чылгый канга бёлёнщп ,

Ашып ташып антандап ,

Ёлё турган болгондо ,

Кщндщ жайлап жиберип ,

Качып келди деп уктум,

Барбандарын кыдырып.

Аран келди деп уктум .

№95 Алтайга ёзщ барып Манаска катылган Жолой, кандай амал менен качып кутулган?

Жооп: Жакып Манас барганда,

Балкылдактын сары саз

Ичи токой , чилик аралаш

Айласын таппай шашты эми.

Кёзёл экен эр Жолой токойго кире качты эми

Калмактардын кан Жолой

Ёзщ жайчы кул экен

Токойго кирип барганы

Кщн жаадырчу жай ташты кётёрщп сууга салды эми ,

Астыдан булут табылды

Жер жщзщнё кёгёрщп

Жёё туман тщшщп жабылды

Жолойду таппай кайгырып

Кан ичер канкор зор Манас

Алтайга тартты кайрылып

№96 Жолой баатырлыктан, балбандыктан сырткары дагы кандай ёзгёчё касиетге ээ болгон ?

Жооп: Жолой баатырдыктан , балбандыктан сырткары сыйкырчылык касиетке ээ болгон .

М: Ысык жай мезгилин ызгаардуу кыш мезгилине да айландыра алган.

96-cуроо

Жолой баатырлыктан, балбандыктан башка дагы кандай ɵзгɵчɵ касиетке ээ болгон?

Жооп: Жайчылык касиети болгон. «Манасты кармап келгиле!»- деп, Эсенкан Жолойду жибергендеги окуяда жай ташын колдонуусу айтылат.

101- суроо

«Ит жээр, бит жээр эл» деп кайсы эл айтылат?

Жооп: Жалгыз кɵз эли,

Суук тɵрдү жердеген.

102-суроо

Алтайдагы кыргыздарга кол салып келгичекти Кайчы кулак Каман алп кандай атакка ээ болот?

Жооп: Кайчы кулак Каман алп,

Ушу атка конуптур.

103-суроо

Кайчы кулак Каман алп, кандай шартта кимдин колунан каза табат?

Жооп: Манастын колунан каза табат.

104-суроо

Алгач ирээт Манаска кырк чилтен менен Кызыр кандай шартта жолугат?

Жооп: Манастын кɵзүнɵ бɵрү кɵрүнɵт, аларды кырк жолдошу менен кубалап баратканда кырк чилтен менен Кызыр кɵзүнɵ кɵрүнɵт, алар менен жолугат.

105- суроо

Жолой баштаган 10000 аскерди талкалагандан кийин Манаска кайсы мифтик каармандар жолугат?

Жооп:Бɵрү

106-суроо

Алгач Алтайда жолукканда Кызыр ата Манаска кандай буюм тартуулаган?

Жооп:ТОН

107-суроо

42.сапар дос болот.

108. Карышкыр түрүндө

109.Кудай тарабынан жиберилген.

110. “Шер” деген атагын ыйгарат.

111.Алмамбет киргизет, 40 чилтен түрүндө.

112.Чегебай Ошпурдун уулу,кийинки ысымы Кутубий.

113. 40 чилтен менен Шай ата Кутубий деп кетет.

114-суроо

Кызыр, Шай ата, кырк чилтенге Манас кантип жолугуп калат?

Жооп: Бѳрү кубалап барып, жолугат.

115-суроо

Эмне үчүн Чегебайдын ысымы Кутубий деп ѳзгѳрѳт?

Жооп: Манаска ыймандаш ,кутман ,арка тоодой бел, аскар тоодой жѳлѳк болсун деп, Кутубий деп коет.

116-суроо

Манастан сырткары дагы ким ак динге кирет?

Жооп:Кааладым келдим, туттум дининди деп Алмамбет ак динге кирет.

117-суроо

Манастын алгачкы шерттешкен чоросу ким?

Жооп: Кутубий

118-суроо

Алооке менен Молтокан тарабынан кыргыздар туш тарапка чачыраганда Улак кандын тагдыры кандай болот?

Жооп: Уламадан уласак

Билгичтерден сурасак

Ала-Тоону жер кылып,

Баягы Улак кан байкуш тирүү дейт.

119-суроо

Алооке менен Молто кан тарабынан кыргыздар туш тарапка чачыраганда ,Yсѳндүн тагдыры кандай болот?

Жооп: Усѳндү айдап кетишип, кара калмак элинин СазанШан деген жеринде кой артына салышат.

Усѳн атын жоюп ,Кѳз каман деп атын ѳзгѳртүп калмактын динине кирет,

Калмактан катын алып балалуу болот,

балдарына калмакча Дѳрбѳлдѳй менен Барбалдай ат коет,

калган балдарына кыргыз атын койбостон

калмак атын койду дейт. Ушуну менен Усѳн кара калмак болду дейт.

120-суроо

Алтайда ѳмүр сүрүп жатып Акбалта Yсѳн тууралуу кандай кабар угат?

Акбалта Yсѳн тууралуу мындай кабар угат.

Каракалмактар Yсѳнду айдап барып ,Сазаншандын элине алып барып, койчу кылат.Усѳн ѳзүнүн атын Кѳзкаман атка конгонун, калмактан катын алганын балдарына кыргыз атын койбостон, калмак атын койгонун, калмактын динине киргенин Акбалта эшитет.

121. Манастын ордосун кайтарган баатыр?

Жообу: Байчоро

122. Манастын бир туугандары – Чыйбыт, Кочкор экѳѳнү катар сайып кулаткан баатыр?

Жообу: Байчоро.

123. Каныкейдин ѳкүл атасы ким болгон?

Жообу: Карымбай.

124. Каныкейдин ѳкүл атасынын Каныкейге кылган мамилеси?

Жообу: Каныкей торпогун сураганда ѳкүл атасы Карымбай долоно саптуу булдурсун менен капталга тартып жиберет.

125. Каныкей Чыйырды менен Семетейди кѳтѳрүп алып , чѳлдү канча күндѳ басып ѳтѳт?

Жообу: Жети күн.

126. Олуят чалдын асырап багып алган баласы?

Жообу: Байдын уулу кан Бакай

127.Манастын кѳзү ѳткѳндѳн кийин Бакай кайда кетип калат?

Жообу: Тѳѳ кайтарып кетет.

128. Манастын кѳзү ѳткѳндѳн кийин, Таластан Букарды кѳздѳй качып чыккан Каныкейдин изин кантип табат?

Жообу: Куумайык аркылуу табат.

129. Семетейдин тентектигин тыйсын деп Темирканга кимдер кайрылат?

Жообу: Журту кайрылат

130. Бакардагы Семетейдин тоюнда кимдер тулпарларын чабат?

Жообу: Сегиз кандыктан келгендер: Кѳкчѳнүн уулу Үмѳтѳй, Музбурчак уулу Барамбек, Чамбыл – Белден Жанаалы, Коконкандын Козубек , Маргалаӊдан Малабек, Айры сакал Сынчыбек, Алты-шаар , Кашкар жердеген Ѳзүбек.

131. Семетейдин тоюнда, Каныкейдин ат чаба тургандыгын Темиркан кимден угат?

Жообу: Темиркан ѳзүнүн тоюнда угат.

132.Кошойдун туулган жери?

132.Жооп:Менин жайым сурасаң-

Медияндын чѳлүндѳ,

Олуят ѳткѳн жеринде,

Баабедин деген мазардын

Так ошондо туулдум.



133.Алптын уулу Жүгѳрү деген ким ,кандай шартта каза болот?

Алптын уулу Жүгѳрү -кейипкер жигит.Кытайлар менен согушта Кошой менен чогу барган.Ошол жактан ѳлѳт.

Карсылдашып салышып,

Жекеден эчен эр ѳлүп,

Алптын уулу Жүгѳрү

Ал алышта ал ѳлүп.

Айзакердей ыктуу ѳлүп,

Айбалта чабар мыктуу ѳлүп-деп баяндайт.



134.Каракан ѳлгѳндѳн кийин,Молто менен Алооке кан кыргыздарды чапканда,Кошой кандай аракет кѳргѳн ?

134.Жооп:

Ошол Каракан ѳлгѳндѳ,

Ээрчиткени кырк жигит,

Ээр абаң Кошой келгенде

Таш коргонун талкалап,

Ѳз билгенин кылыптыр,

Ѳңкѳй элдин баарысын

Дѳңгѳ,Жолой кырыптыр,

Чоң Каракан ѳлгѳндѳ,

Каракандын калың журт

Кара кытай манжуулар

Камчыга ченеп бѳлгѳндѳ,

Жанымда бар кырк жигит,

Жетик белим курчандым,

Жер жайнаган манжууга

Жеке кирип кол салдым.

Мени менен жан-жоро,

Ээрчиткен кырк бир алп ѳлүп.

Жапаа салып тутулуп,

Салышканым Кытайга

Элүү сегиз күн болуп,

Меккеге кеттим кутулуп»-деп Кошой айткан жайы бар.

135. «Балбан»атагын Кошойго ким ыйгарган?

135.Жооп:

Баба кары алдынан

Басып кирип бата алдым

Баабедин чалдын тоюнда

Кырк балбанын бир жыгып,

Балбан Кошой аттандым.

136.Алгачкы жолугушууда Кошой менен Манас кандай кеп-кеңешке келишет?

136.Жооп:

Кошой «Манас»эпосундагы оң каармандардын бири .Элдин башын кошуп,туура жолго баштаган терең акылман,карыя.Алтайдан Ала-Тоого кѳчүп келердин алдында Манас атайы Чеч-Тѳбѳгѳ келип,Кошойго жолугуп анын кепкеңешин угат.Кошой Манаска: «Алтайды таласка кѳчүрѳ бер,мен алты ай ѳткѳндѳн кийин барам»дейт.С.Каралаевдин вариантында Кошой тѳмѳндѳгүдѳй ыр саптары менен мүндѳлѳт:

Билбегенди билгизип,

Минтип жолго киргизип.

Туйбаганды туйгузуп,

Туура жолго киргизип.

Тосуп барып кан Кошой,

Тоодой болгон тѳрѳңдү,

Алтайдан тосуп алыптыр.

Белгилүү Кошой абакең

Ѳчкѳн отун тамызып,

Берген Манас султандын

Ѳлгѳн жанын тиргизип,

Үзүлгѳнүн улаптыр.



137.Билериктин ѳзгѳчѳлүктѳрү жана даражасы?

137.Жооп:

Айкожонун жалгыз баласы Билерик болот.Анын ѳзгѳчѳлүгү –мусулман динин мыкты билгендиги болуп саналат.

138.Кытайлардын сыйынган кудайы?

138.Жооп:

Кытайлардын сыйынган кудайы-Алтындан,каухар таштан жасалган бут болгон.

139.Кандай жол менен Алооке Маргалаңга кан болот?

139.Жооп:

Алооке «Манас»эпосунда гана кездешүүчү каармандардын бири.кытайдын башкы кандарынын бири,Коңурбайдын атасы.Алооке менен Молтонун кыргыздарды чаап алуусун баяндаган окуяда Алоокенин баскынчылык ролу баса кѳрсѳтүлѳт.Алооке эпостун «Манас»бѳлүмүндѳ гана жолугат.С.Каралаевдин варианты боюнча Кара кан ѳлгѳндѳн кийин Алооке Маргалаңга кан болот.

140.Алоокенин Ат-Башыдагы Кошойго келген салыкчыларына кандай мамиле кылат?

140.Жооп:

Алоокенин сакчыларына Кошой орой мамиле кылат.

141.Эмне үчүн Кошой,Карлыгачты Жарманаска күйѳѳгѳ бер деп,Манаска айтат?

141.Жооп:

Самаркандан Жарманас

Сен-деп кармап алыптыр,

Сынчыларга сынатып,

Аны да орго салыптыр!

Аман чыкса Жарманас,

Дегениме кѳнѳ кѳр,

Кыяматка барганда

Кылчайбай жүрсүн ошол жан

Карындашың бере кѳр!-деп Манаска Кошой айтат.

141.Кошой Манасты Алтайга узаткандан кийин кайда аттанат?

141.Жооп:

Кошой айтат:Манасты жолго киргизип,

«Оомийин!»-деп кол жайып

Жападан жалгыз Ак бээсин

Курмандыкка бир чалып

Кытайды кдѳй бет алды.

142.Алооке менен Молто кандын каарынан жаш Улак канды ким сактап калган?

142.Жооп:

Каракандын кулуну

Улак кан деген бирѳѳ бар.

Кыргынды кыйла салганда

Кытайдын кылган кордугун

Билип кетти-деп уктум,

Ала качып Кайып чал,

Кандан тукум калсын,- деп

Ошого алып кириптир.

Аманат,-деп Кайып чал,

Карачага бериптир.



143. Улак кан кимдин колунда ѳсүп чоңойот?

Ж: Чон Эшен Самаркандан багып алат.

144. Алооке менен Молтонун каарынан эптеп кутулган Улак кандын тагдырын Манаска ким айтып берет?

Ж: Кошой айтат.

145. Кошой Манасты Ат-Башыдан узатып жатып эмне дейт?

Ж: Тилимди алып кайра бар, кырк уруу кытай колунан кыргыздын ханы Акбалта ажыратып ала кѳр кысталган жерде кѳрѳрмүн кыйрашып жаткан жеринде кыраан Манас кулунум караан болуп берермин.

146. Кошой Алтайга Манасты кантип узатат?

Ж: Алты айдан кийин ѳзүм барам, сен ѳзүң келе бер, мен ѳзүм кошулам .

147. Жолой баштаган 10миң аскердин Манастын колунан кырылганын Эсенканга ким кабарлайт?

Ж: Дѳѳдүр кабарлайт. 2-вариантында Чоң Аяр.

148. Алтайдагы Манасты кармап келгендиги үчүн Каражойго Эсенкан кандай тартуу кылмак?

Ж: Чолондун хандыгын бермек. 2-вариантында Шивени хандыгын бермек.

149. Бакайдын балалыгы кайда жана кимдин колунда ѳтѳт?

Ж: Бакай бир жашка толо элегинде атасы Бай кытайлардын колуна түшүп кетип ѳлѳт да, жетим калган баланы Олуят чал жердин түбү Желпинишке алып кетип багып ѳстүрѳт.

150. Бакайдын Манасты издѳѳсүнѳ ким түрткү болот?

Ж: Олуя Ата түшүнѳ кирет.

151. «Олгѳн сайын ѳрчүгѳн, түгѳнгѳ сайын түтѳгѳн» деп кайсыл элди сүрѳттѳйт?

Ж: Кытай.

152. Кошойдун кушу?

Ж: Кѳк Чолок анан Кѳк Шумкар

153. Эпостогу музыкалык аспаптар?

Ж: Наама, дуутар, комуз, добул, жылаажың, дап, баңдулу, жезнай, чыңырооң, добулбас, най, нагыра, чымылдак, барабан, чилмардан, жекесан.

154. Ноопаз (оопаз) деген кандай жандык?

Жооп: Уйдун эркеги бука болот, бычылганы өгүз аталат. Дагы оопаз же ноопаз деген сөз айтылат, ал бычылган төрт жашка каралганы.

155. Көк качырган кытай дөөсү?

Жооп: Мадыкан.

156. Боз качырган кытай алпы?

Жооп: Дөөдүр.

157. Манас Жолойду жети айланта кууган жер?

Жооп: Жети кайкаң дөбөгө,

Жеткилең Манас баатырың.

Жети айланта куду эми.

158. Каман алп кытайдын кайсы уругунан болгон?

Жооп: Шибээ деген эл экен,

Жери майдай жер экен.

Тукуму Шибээ дээр экен.

159. Жолой Манастан араң кутулуп, Бээжинге качкан жер?

Жооп: Өлбөй – житпей бул жерден,

Өз дүйнөнү чачалы,

Эсенкан көздөй качалы.

160. Кара токой мал эткен, кара үңкүрдү үй эткен батыр?

Жооп: Үрбү.

161. Эгиз кара ат байлаган, Эки-Кемин жайлаган батыр?

Жооп: Эр Үрбү.

162. Кошойдун түшүн ким жооруйт?

Жооп: Айкожо.

163. Эсенкандын бичиги канча беттен турган?

Жооп: Алтымыш барак.

164. жакып канча жашында уулду болот?

Жооп: 50-51 жашында.

167. Манас Орго менен алгач качан беттешет?

Алтайдан Ала – Тоого келе жатканда жолдогу ата-бабадан калган жерлерди бошотууда алгач Текес кан менен кагылышып алты кун тойлоп алган сон Кер-Колдогу Орго кан менен эки суунун арасы,Тасманын сары талаасында беттешип, Орго канды олтурот.

168.Манас Айбанбозго кантип ээ болот?

Манас торолгондо кара жалдуу кула бээ да ошол куну тууйт, ага чейин эле эркек болсо кулуну, энчилейм балама Айбанбоз деп ат коем, жаны туулган кулунга- деп Айбанбозду атасы Жакып энчилеген.

169. Конурбайдын ысымын «Конурбай »деп ким койгон?

Конурбайдын ысымын «Конурбай »деп

Качырдан канча сойдурган,

Жактырганда Карыкан ,

Конурбай- деп атын койдурган.

170.Алтайдан келген Акбалта эмне учун Сары-Колго кетмек болот?

Сагынам Сары – Кол жеримди,

Коп эстейм Нойгут элимди.

Тукумун онуп, оскон жер

Коп термелтет конулду

Коп тиленем , зор Манас,

Нойгутума барайын.

171. Акбалтанын Манастан Кутубийди сураганынын себеби?

Куп жолдош кылып сен берсен,

Кутубийди алайын .

Курган Нойгут элиме

Кан которуп салайын

«Манаска тете уулум » деп

Маана кылып турайын.

Кенчилик берсен чырагым

Кейиген журтту эптейин

Чегишээр жоонун жолунда

Чебинди сенин бектейин.

172.Эмне себептен Манас Жакыпка таарынып Таластан кетип калат?

Алтайдан Таласка келгенде оюн-зоок уюштуруп, кысыр тайлардан эки жуздоп сайышып, оюн куруп жаткан Манаска атасы Жакып: «Коп малымды короттун,дунуйомду ай таалага чачтын, уулум болбой олсончу, орттой уулум олду деп, ушул жерге комсомчу»- деп катуу уруш салат, ошондо Манас таарынып кетип калат.

173.Манас эмне учун башка жерге эмес Анжыянга аштык айдайт?

Манас таарынып Таластан чыгып, Анжыяндын Боз-Талаасына келгенде ак сакалчан думана жолугуп: Боз-Талаа бетин жайлайлы,

Аштыкты мыктап айдайлы-деп айтат.

174.Аккулага Манас кантип ээ болот?

Анжыянга айдаган буудай мол болот, ошол убакта Онгуттун каны Кабачанын кайыптан келген куу байталы кула бээ тууйт, Кула бээ тулпарлыгы бир далай Кабачанын калкына каатчылык келип Кабача буудайга Аккуланы алмашат. Бул боюнча думана да айтат.

175. «Манаста» бункер же атайын жер толоо тушунугу кездешеби?

Кездешпейт. Орулган буудайды чон уймок кылып жерге уйуп коюшкан.

176.Манас алты курчка ( кылычка) кантип ээ болот?

Алты курч асмандан тушот. Манаска Кызыр тапшырат.

177.Манас менен Бакай кандай шартта жолугат?

Манас эли менен коштошуп, туугандарын издеп чыгат. Олуя-Атага келгенде бир адамга жолугат, жон сураша келгенде Байдын уулу Бакай экен.

Бакай дагы Манаска чоро болсом деп издеп чыккан

178.Алты айында энесинен, бир жашында атасынан айрылган каарман?

Бул карман- Бакай.

179.Аккелтени ким жасаган?

Токор уста Болокбай жасаган. Аккелтени Манаска Бакай берген.

180.Орустар эмне учун Аккелтеге кызыктар болгон?

Аккелтенин сыйкырлык (магиялык) касиеттери болгон.

181. Ажыбай кайдан билим алган ?

Аргындын уулу Ажыбай билимди Мекедеги Ажыдан алган

182. Ажыбай Карткүрөңгө кантип ээ болот ?

Медияны чолунон Кайыбынан кабылган

183. Жоого кирсе бүлдүргүч ,Өрүүдө жатса күлдүргүч чоро ?

Кулдурдун уулу Чалыбай деген чоро болгон



184. Бакай Манаска келгенде канча жашта эле ?

22 жашта болот экоонун ортосу 12 жаша болгон Манас Бакайдан 12 жаш кучу болгон

185. Шууту менен Ырчыуул Манаска кантип чоро болуп калат ?

Ырамандын ырчы уулу Оргохандын баласы Роман Оргоханды чапканда атасы озу чоро кылып келет

186. Ырчыуул ,Шуутудан кийин кимдер келип Манаска чоро болот ?

Узуктой калпак Эршууту озу келип чоро болот олор- олгонго чейин Эршууту Манасты сатпайт . Тумон ,Жайнак , Камбар деген кишилер келет

187. Бүгүнкү күндөгү Күчөр шаарынын Манастагы башкы аталышы?

Дукан деген шаары бар

188. Чубактын Көгала тулпарга ээ болушу кандай баяндалат ?

Акбалта Чубакты ,Когаланы тай кезинде калын тоонун ичинде Олуя Чал деген кишиден алат

189. Эмне себептен Көкөтөйдүн ашында Манас Конурбайдын тулпарын албай коёт ?Жоо кулугу ат болбойт .Бироонун тону тон болбойт ,бироонун аты ат болбойт . Душманда да болсо Конурбай Кечилдердин ханы эле баатырлыгы бар эле

190. Коңурбайдын жылкычы башчысы Карагул жарадар болуп ,сууда калганда Алмамбет менен Сыргактын келгенин Коңурбайга ким кабар жеткирет ?Карагулдун Торуайгыр деген жылкысы болгон Торуайгыр деген жылкы кабар берет

191. Эмне себептен Алмамбет өз учурунда “ Бээжиндин жолун билбейм !” деп Манастын суроосуна жооп кайтарган ?

Алмамбеттин астынан Бакай чыгып , анан Каныкей чыгып экоо тен суранат Алмамбеттен. Кийин билип калып Манас Алмамбетке таарынычын айтат.

192-суроо: Чынар тереги куурап калган болот.

193-суроо: Акканкы

194-суроо: Жамбы атыш

195-суроо: Абыкенин байгеге чапкан кулугу Алманбет келгенде тойго чабылат. Алманбетке тартууга берилет.

196-суроо: Желмаяндын образы Манастын күмбөзүнүн колдоочусу, ээси катары элес берет.

197-суроо: Бакай, Каныкей , Манастын 40 чоросу катышкан. Манастын сөөгүн жашыргандан кийин 40 чорону Каныкей кымызга уу кошуп, өлтүрүп салган.

198-суроо: Белеске кароол салалы,

Бекитип жанды багалы.

Баланын дарданы-

Жалгыз көздүн чон

Мамытбек балбаны.

Кароолго муну коёлу.

Кулжадан кароол салалык

Курган жанды багалык.

199-суроо: Ажыдаардын окуусу

200-суроо: Карлыгач минген аты Талкызыл

201-суроо: Манас жана анын эн жакын башкы чоролоруна арналып, асмандан керемет тушкон кылычтардын жалпы аты:

Асмандан тушкон алты курч

Кылычтын кыр мыктысы

Манас алган Зулкапар,

Ажыбай алган Ачболот,

Бакай алган Кылболот,

Алманбет алган Жойкума,

Чубак алган Ачалбарс

Сыргак алган Наркескен

Алты болот курч ошол

Ачуусуна тийгенде

Ааламды бузган мулк ошол- деп баяндалат.



202-суроо: Көкөтөйдүн ашында көп байге Манас тарапта болот. 7 хандын көбүн Манас нараазы кылып коет, той тарагандан кийин Эр Төштүктүн үйүнө чогулуп хандыкты алабыз дейт. Ошондон чыр чатак чыгат.



  1. Манас жалпы кыргызга кайсы учурда хан шайланат?

Алтайдан Ала-Тоого келгенден кийин Алоокени женгенде «Манас» хан шайланат.

  1. Кандай шартта жана кантип Чубак Манаска чоро болуп кошулат?

Акбалтанын уулу Чубак 12 жашында Манаска келип кошулган. Чубак Акбалтанын Кайыптан бүткѳн баласы. Ак балта той берип, эдге балама ат таап бергиле деп кайрылат. Ошондо эч ким таппай думана (кыдыр алей салам) Чубак де пат коюп кѳздѳн кайым болуп кетет. Атасынын аркасында кошулат.

  1. Шооруктун аскери жылкы минбей тѳѳ мингендигинин себеби эмнеде?

Шооруктун аскерлери ат минбеген себеби Ат ар күн айын чѳп жеп, суу ичиш керек. Ал эми тѳѳ 40 күн суу ичпей, чѳп жебей жүрѳ алат.

  1. Бурулчанын Алмамбетке кандай жакындыгы бар?

«Манас» эпосунун кейипкери, кытай ханы Эсенкандын кызы, Алмамбеттин аялы.

  1. Алмамбеттин энеси Алтынай качан, кандай шартта курман болот?

Соорондуктун кызы. Баласыз жүргѳн Азизханга алып берүүгѳ кызсынатканда Карыхандын аярлары ушул баатыр уул тѳрѳйт деп үч айлык боюнда Алмамбет бар Алтынайды таштайт. Алтынай акылдуулугу менен Алмамбетти жан кишиге билгизбей тѳрѳйт да атасы. Соорондукка бактырып, аман алып калат. Алтынайдын мусульман болуп кѳрсѳтүлүшү Алмамбеттин мусулмандыкка ѳтүш себебин ачыш үчүн болгон аракет кылат. Алмамбет туугандары менен кайташып, аркасынан кууп келген кѳп кол менен согушуп жүргѳндѳ Алтынай жалгызыма караан болуп берейин деп эркекче кийинип, колуна найза алып чыгат. Бүйрѳктѳн тосуп калыптыр-деп Алмамбет Манаска баяндайт. Ошондо Алгараны жарадар кылып, Алтынай ѳзү курман болот.

  1. Кандай максат менен Кѳзкамандар Манаска келип кошулат?

Кѳзкамандар Манаска келип кошулганын себеби Манасты ѳлтүрүү.

  1. Кумайыктын айынан болгон Манастын Каныкейге кылган опузасы?

Кумайык негизи эпосто Манастын ити. Баатыр негизинен тулпарга, жоо кийимге, курал-жаракка, түрдүү магиялык жандыктарга ээ болушу зарыл. Кумайык Манастын сыйкырдуу жандыгы. Мындай кѳрүнүштѳр эпосто маанилүү роль ойнойт. Каныкей Кумайыкка кош кѳӊүл мамиле жасаганынын себебинен Манастын опузасына дуушар болот.

  1. Конурбайдын Түп Бээжинди Манаска берейин деген сѳзүнүн ар жанында кандай амал турган эле? Ак-Кууланы алыш амалы болчу. Коӊурбай кытай ханы.

211 Качан, кандай шартта Алмамбет алгач ирет Бурулчага жолугат?

Алмамбет Эсенкандан кырк кан сарайдын бир кандыгын сураса жашсың деп шылтоолоп бербей коет.Таарынган Алмамбет Эсенканды өлтүрмөк болуп аңдып жүрүп, анын кызы Бурулчаны көрүп, экөө бирин-бири жактырып калат. Бурулча өзү мусулман экен, Алмамбетти мусулман бол дейт. Ачууланган Алмамбет аны кубалап, кыз кире качкан Эсенкандын ордосунун дарбазасын талкалайт. Өз жанынан чочулап Эсенкан Карыканга качып барып Алмамбетти жамандайт. Карыкан буйрук менен Алмамбетти айдатып барып, сага кандык эле керек болсо менин ордума олт ур деп амал менен өз кандыгын берет.

212 Коңурбайдын чек кайтарган жаныбар кароолчулары? Түлкү, куу кулжа, куу өрдөк.

Кытайлар Тыңшла дейт экен, ошонун бери жагындаКоңурбайдын кароолчу түлкүсү жатчу. Чоң казат мезгилинде Алмамбет, Сыргак да чалгын чалып, белде жаткан кароолчу түлкүнү өлтүрүшкөндө жаңы тууган бачиги аман калыптыр, ал чоңоюп энесинин ордуна кароолчу экен. Бакай жетелей жүргөн кумайыкка аны тиштетип алып, андан ары жол жүрүштү. Колңурбайдын дагы бир кароолчусу Куу кулжа жаткан белге келишип оттоп чыккан аны көрүштү. Жарым бута жерден көрүнгөндө Семетей Ак келте менен атып тийгизе албай калды. Ачуусу келген Бакай анын колунан мылтыкты жулуп алып, Кулжа белден ашып кутулуп кетеринде атып өлтүрдү. Ал жэерден чыгышып, дагы 6 күн жол жүрүшкөндө Ит-Ичпестин көлүнө келишти. Коңурбайдын дагы бир кароолчусу Куу өрдөк ушул жерде экен. Аны алдырыш үчүн Бакай Семетейди: Акшумкарды ашыкпай сал деди. Семетей шумкарды катуу шилтеп салганда ал ташка тийип эси ооп калды. Кыйладан кийин эсине келип, өрдөктүн артынан кууп кетип, Карыкандын тагына жетип кабар берерде илип кайтты. Ошондо

213 Азизкан Алтынайды эмнеден улам ала турган болот? Алмамбетт ин атасы Азизкан, Карыкан, Эсенкан, Алооке төрт бир тууган. Азизкан 70ке чыкканча бала көрбөй, 60 аял алат. Азизкан Карыкан арызданып, Коңурбайдан да баатыр бала тууп берчү аял алып беришин талап кылат. Кытайдын кыздарын бүт сынчыларына сынатып Соорундуктун кызы Алтынайды Азизканга алып беришет.

214 Алмамбет менен Коңурбайдын алгачкы беттешүүсү качан? Кандай шартта өтөт? Алоокенин уулу Коңурбай тың чыгып, Азизкандын Көк-Жайлак аттуу жайлоосун күч менен учурунда тартып алган. Алмамбет 12 жашында Коңурбайдан сурап барып, экөө ошол жерден беттешет.

215 Тал-Чокуга чыкканда, Манас Алмамбетке эмне деп таарынычын айтат? Тал-Чокуга келгенге чейин Алмамбет өзү туулуп өскөн эпикалык Бээжин калаасы тууралуу Манас баатырга эч билдирген эмес. Тал-Чокудан дүрбү менен кытай элин көргоөн Манас Алмамбеттен жөн-жайын сурайт. Урда бир нече жолу сурасам жолун билбейммин деп карганып койдуң эле деген Манастын таарынычынан улам Алмамбет кытай элинин көптүгүн, амалкөйлүгүн ар өнөргө шыктуулугун, амалкөйлүгүн кеңири мүнөздөйт. Анын сыр жашырган себеби; «Кытайдын жолун билем десең» Манас алар менен согушам дейт андыктан ага айтпа деген Каныкейдин өтүнүчүнөн айтпай жүргөн. Тал-Чоку бийиктиктин-бийиктиги, же чокунун чокусу катары төмөнкүдөй түшүндүрүлөт;

Тоосунда кары бар

Этек жагы өтөктө.

Бийик чыккан талы бар

Үстү аппак бурчтанып

Тал-Чокуга барганда

Жыты жыпар жыттанып

Таралган булак суусу бар

Тегереги бек экен

Ойлоп турса Тал-Чоку

Оорукка калар жер экен.

216. Манастын жарадар болушуна түздөн-түз себепкер болгон Коңурбайдын тыңчысы Манаска тартуулаган ашпозчу Шуйкучу.

217. Бурулча Эсенкандын кызы ,Бирмыскал Нескаранын кызы . Бурулча Алманбеттин кытайдан келгенге чейинки антташкан колуктусу болгон . Чоң Казатта Алманбет Бурулчаны, Бирмыскалды алып келген.Бурулча Алманбеттин колуктусу болот. Ал эми Бирмыскал Чубактын аялы болот.

218. Чоң Казатта Карткүрөң бир үйүр жылкыны баштап келген.

219. Чалкуйрук Төштүктүн тулпары болгон . Чалкуйруктун өзгөчөлүгү адамдан эстүү жаныбар,тил бүтүп сүйлөшү, канат бүтүп учушу, Төштүктүн кеңешчиси болгон .

220. Манастын сөөгү Таластагы Эчкиликтин Кара-Зоосуна коюлат.

Семетей , Сейтек бөлүмдөрү

1 Гулчорону ким төрөгөн? - Арууке Алманбеттин аялы

2Бакай менен Семетейдин алгач жолугушуусу кандай маанайда өтөт? (Бакай бир сынап алайын деп түбү менен жаш теректи жулуп, ошону менен качырып кирип барганда Бала качпайт,болпоюп салам айтат, Кучакташып көрүшөт,коргошундай эришет

3. Семетейди кайып кайып дүйнөсүнө ким алып кетет? (Перинин кызы Көкмончок)

4 Сарыбай кимдин колунан каза табат? (Кайыпчалдын кызы Куялынын колунан өлөт)

5 Сейтектин зайыбы ким? (Акбермет)

6 Кырк чоронун Семетейге кылган мамилеси? (Кырк чоро эл баатыры Семетейден анын сөөк өчтү душманы Конурбайды жакын корүшөт. Элге Эл баатыры кылууга караганда чыккынчылыкты туура табышат. Семетей менен урушуп Конурбайды көздөй качышат.

7 Кырк чоронун ичинен Каныкейге арачага Көбөш кимди жөнөтөт? ( Манас өлгөндө көп узабай Жакыптын акылы боюнча Көбөш менен Кыргылчал менен Тазбайматты мага тийсин деп Каныкейге жиберет

8Беш берен кайып дүйнөсүнө кетип бара жатып,кыргыз элине кан кылып кимди шайлайт? (Элди Сейтекке тапшырат) Сейтек хан болот)

9Көкөтайдын ашында эр сайышта кимдер чыгат? (эр сайышка Манас менен Конурбай беттешип чыгып, Манас женип чыгат)

10 Кайыпчал кудайдан бала тилеп жүрүп,Куялы деген кыз тапкан экен Кызы алтыга чыкканда атасы баатырларча ат коюп,чон той берет. 13 жашка чыкканда кан шимирип катыгып, кыз арстан атыгат. Бул баатыр кыз Куялы Сарыбайды женет.

11Канчоро менен Чачыкейди эмне бириктирип турат? (Экөөнү чыккынчылык бириктирип турат Канчоро эки жүздүү митайым жүзү кара, Канчоро жалгыз эмес анын жакын жардамчысы тилектеши сырдашы эрке катын Чачыкей)

(Канчоро –өздөн чыккан жат жаман,өзөктөн чыккан өрт жаман

Чачыкей – баатырдын аялына коюлуучу талаптарга жооп бербейт, Эрке катын деген эпитет колдонулат)

12 Манастын көзү өткөндө Зулпукор кылычы ,Аколпок тону,Аккелте мылтыгы,Сырнайзасы кимдин колунда калат?(Абыке Көбөштөрдүн колунда калат)

13Конурбайдын Таласка казат баштаганын себеби?(Конурбай Семетейден өч алуу үчүн Таласка казат баштайт)

Семетей Конурбайды жекеме жеке кармашууда женет Башын кесип алат . Ошону менен Семетей атасынын өчүн алат.

14 Кайып дегенди кандай түшүнсө болот? ( ар .эл –гайба –жок көзгө көрунбөй жашоо дегенди билдирет)

15 Үмөтөйдүн тагдыры кандай аяктайт? Канчоро элге оор салык төлөтөт Үмөтөй байлыктын артынан түшүп ажал табат.

16 Семетейди Каныкейге каршы Ысмаил эмне деп көкүтөт? (Жанагы эжен ээлирип ат чапмак болуптур,астыга келсе Манастап ураан салып кел,артта келсе ТАйтору эженди курмандыкка чалып кел деп тапшырма берет.

17 Чынкожо Үргөнчтү чабам деген демилгесине Толтойдун баштапкы оюу кандай эле? (Чынкожо эн биринчи Толтойго келип аны көкүтүп, сенин Чачыкейинди Семетей алды,намсын болсо анын колуктусун Айчүрөктү сен ал . ал экөө бири-бирине акыреттик дос болууга убадалашат. Бирок Толтой анын оюу менен болбойт. Мен Семетейге барбаймын Чүрөктү албаймын андан көрө жакындашып тартуулашалы дейт

18 Чыйырдыга мүнөздөмө бер анын колдоочусу? (өз элин жан дили менен сүйгөн патриот эненин образы берилген )

19 Каныкейге мүнөздөмө бер,анын колдоочулары ( Тажик кызы Санирабига Кан менен никеге турган үчүн Каныкей атка атыгат) Акылман зайыбы,кенешчиси,жардамчысы, кыйын ууздардын бири болуп сыналат. Кошой баатырга камдагай шым тигип батасынан соӊ Семетей туулат)

20 Айчүрөккө мүнөздөмө бергиле Оогандын каны Акун перинин жаны төрөлгөн кызын таап алат Айчүрөк –тилинде мөөрү,тишинде сөөлү бар,каргыщы ката кетпеген Сулуулуктун ,аруулуктун символу

21. Акберметке мүнөздөмө бергиле (анын колдоочулары, өзгөчөлүктөрү)?

Акбермет — каарман, Сейтектин колуктусу. Саякбай Каралаевдин вариантында А-тин теги периге байланыштырылат. А. эпосто сулуулугуна акылы, кереметтүүлүгү төп келген кайраттуу, чечкиндүү, эр жүрөк баатыр кыз катары сүрөттөлөт:

Беризаада Акбермет

Алты кыздын кенжеси.

Ак жибектен чатыры,

Аялдыгы болбосо

Ургаачынын баатыры.

Он бир жашка келгенде

Атасы Султан өлүптүр.

Он үчкө жашы келгенде

Жаа тартып ойноп жүрүптүр.

Он төрткө жашы келгенде

Ай-ааламдын баарысын

Акыл менен билиптир.

Он бешке келгенде

Бериге султан кан болуп,

Атасынын алтын так

Ошондо Бермет миниптир

Эпикалык салт боюнча Акбермет Сейтектин тагдырына буюрган колуктусу. Айчүрөк да уулуна өмүрлүк жары пери кыз экенин эскертет. Акберметке түшүндө жылаңайлак дубана келип, «кыяматтык күйөөсү» Сейтек экенин билдирет. Сейтектин Акберметке үйлөнүшү да Семетейдин Айчүрөккө үйлөнүшүнө окшош. Акберметке — жамандык жакшылыкты алдын-ала туя билген, баатырдын жоо кийимин камдай жүргөн камкор жары, акылман кеңешчиси. Чоң Билгичтин келатканын Сейтекке кабарлайт, атайылап жасалган көк күпөнү, атасынан калган ачал-барс кылычты берип узатат. «Сейтек» варианттарында Сейтектин аялы ар түрдүү ысым менен айтылат (Жакшылык Сарык уулунда — Күлнар, Мамбет Чокмор уулунда Каракөз, Шапак Рысменде уулунда пери кыз Сейилкан жана башкалар).


22. Каныкей төркүнүнө ким менен жана эмнеге качат?

Каныкей тѳркүнүнѳ Семетейди алып Чыйырды (кайненеси )менен качат. Себеби Манас ѳлгѳндѳн кийин Манастын атвалаш инилери Абыке, Кѳбѳш мурда эле Манаска ич күйдү кылып жүргѳн, эми Каныкейдин карасы башынан түшѳ электе эле жуучу жиберип , Каныкейди алып Семетейди жок кылып, Манастын ордосун талап, бийликти алууга умтулат.Манас ѳлѳрүндѳ ушундай болорун сезип , Каныкейге Семетейди алып, тѳркүнүнѳ качып, Семетейди Ысмайылга берип чонойт деп, керээз калтырган. Анын максаты Семетейди 12 жашка чейин аман-эсен чонойтуп, элине кошкп, Манастын ордосуна алып келүү эле


23. Айчүрөк менен Көкмончоктун кандай жакындыгы бар?

Кѳкмончок пери кыз Айчүрѳктүн синдиси Семетей жарадар болгондо сыйкыр менен кайып кылып, кайыпчынын тоосуна алып кетет.


24. Каныкей Букарды көздөй качканда, Бурулча кандай тагдырга туш болду эле?

Каныкей Букарды кѳздѳй качып кеткенден кийин Бурулчанын тагдыры алты арам Бурулчаны уйчуларга саанчы кылып, берет. Аруке тѳрѳлгѳндѳн кийин үч күндѳн кийин ѳлүп Күлчорону Бурулча багып, ошол кордукка чадаганча ѳз ѳмүрүн кыйгысы келет бирок, Алманбеттин жалгызын чонойтоюн деп бүт ѳмүрүн арнап багып, чонойтот.

25. Айчүрөк менен Чачыкейдин алгачкы жолугушуусу кандай маанайда өтөт?

Семетейди издеп келген Айчүрѳктү кордойт, күнүчүлүгүн кѳрсѳтѳт.

26. Коңурбайдын “Түп Бээжинди Манаска берейин” деген сөзүнүн ар жагында кандай амал турган эле?

Кичи казатта конурбай женилерине кѳзү жетип,амалданып, кууланып жети күнгѳ урушту токтото туралы, элим менен кенешейин. Макул кѳрсѳтүп Түп Бежинди Манаска берип, хан кѳтѳрѳлү дейт. Анын максаты баш аягын жыйып жаны күч топтоп , Манас менен кайра согушмакчы болгон. Мунун амалын Алманбет түшүнүп Манаска айтса, Манас анын айтканын укпай коет. Мына ушундан пайдаланып Конурбай кайра күч топтоп келген.

27. Букарды көздөй качып баратып, ачкалыктан Семетейдин үнү чыкпай калганда, айласы кеткен Каныкей Семетей менен Чыйырдыга кантип тамак таап берет?

Каныкей жолдон качып баратканда балтыр бешик Семетей алты күн даамсыздай ачкалыктан үнү чыкпай калганда айласы түгѳнгѳн Каныкей эки жорук талашыа жаткан ѳпкѳнү ажыратып алып, алардан тартып алып Семетей менен Чыйырдыга бышырып берип курсагын тойгузат

28. Канчоронун чыккынчылыгы эмнеде?

Канчоронун чыккынчылыгы θзѳктѳн чыккан ѳрт жаман, θздѳн чыккан жат жаман дегендей Семетей Кыязга Жашыруун кат жѳнѳтүп алдоо жолу менен Семетейди Манастын күмбѳзүнѳ куралсыз алып барып, душман тарапка ачыктан ачык ѳтүп кеткенинде.

29. Жакыптын, Букардан жаңы келген Семетейге кылган мамилеси?

Жакып Букарадан жаны келип, небереси Семетейди кѳргѳндѳ кара ѳзгѳй эки жүздүүлүк кылып, кара күчкѳ ыйламыш болуп, баардык күнѳнү Каныкейге жүктѳп, күйүп-бышып, Семетейди ары карап ыйлап, бери карап күлүлүп тосуп алат, Бакдѳѳлѳткѳ кымызга уу коштуруп берет, бирок анын тилеги ишке ашпай калат. Себеби Бакай муну алдын ала билип Жакыптан биринчи кымыз ичпе деп эскерткен болчу.

30. Каныкейдин канжары эмне деп аталат?

Актинте

31. Кыяз кимдин колунан өлүм табат?

Кыяз Күлчоронун колунан ѳлѳт.

32. Кыяздын ордуна, жедигер элине ким кан болот?

Карадѳѳ

33. Чачыкей кимдин колунан каза табат?

Чачыкей Айчүрѳктүн колунан ѳлѳт.

34. Манастын көзү өткөндөн кийин Желмаяндын күнү кандай аяктайт?

Манас өткөндөн кийин Желмаян “Аза кṿтʏп, ээй, от жебей, армандуу болуп ээй, суу ичпей” чѳгṿп адам сыяктуу кайгы-мунга батат. Семетей эр жетип элине келе жатканда алдынан тосуп чыгат жана аны курмандыкка чалганда : “Караса кѳзгѳ илинбейт, Кайда экени билинбейт ... Жерге тамган каны жок, Желмаяны дагы жок кайып болуп жоголуп кетет.”

35. Кыяздын Семетейге каршы аттангандыгынын негизги себеби?

Кыяздын Семетейге каршы аттанганын негизги себеби Агасы Толтойдун кунун кууп ѳч алуу.

36. Эмне себептен Семетей Үргөнчкө барат?

Айчүрѳк Акшумкарды алып кеткенде Семетейчоролору Күлчоро, Канчоро менен шумкарын издеп Үргѳнчкѳ барат.

37. Чарайна деген эмне?

1. Катуу металдан же камыш тери булгарыдан жасалган соот кийим.

2. баатырлардын тѳшүүнѳ шашке турган атайын темирлер.

3.кээде сырттан капталуучу тери, булгары түрүндѳ.

38. Сейтектин эң биринчи эрдиги?

Карагулга Денекул болуп жүргѳн Күлчорого болушуп жылкы башчы каракулду ѳлтүрүп, ѳзүнүн жана туугандарынын башын бошоткону.

39. “Канды кудай ураарда, катыны менен кабышат, калкы менен чабышат” деп ачууланган Кыясты ким тыят?

Жаны тѳрѳлгѳн Сейтектин Айчʏрѳк кѳшѳрʏп келип Кыяска бергенде ал каарданып баланы ѳлтʏрѳрдѳкушу доок амалдуу адам ортого тʏшʏп, “Канды кудай ураарда, катыны менен кабышат, калкы менен чабышат. деп тыйып ............... Айчṿрѳк кекенчṿ болсо



40.Сейтектин жедигер элинде торолуп калышынын себеби?

Семетейди женип ,Кыяз аялдыка Айчурокту алат.Акундун кызы Айчурокту алганда олойун де поло албай ,оз жанын озу кыя албай,берендене белги калды деп ,курсактагыц 3 айлык балага медер кылып «кайрадан калган туяк жок ,кок жалдан калган белек жок,эр туткасы эрендин,эл баштаган бэрендин ,артынан тукум калсын» деп калдай башын тоо кылып,катын башын эр кылып.Кыязга тийгенге аргасыздан мажбур болгон экен.

41.Эмне себептен, Сарыбай менен кармашууда Семетей ,Гулчоро,Сейтектердин кайраты кеткени?

Ак асаба туу кылып, асман жарган чуу кылып,Таласты орт каптатып кез келгенин жайлап,Сарыбай кыргыздын айласын катуу кетирди. Тундо тынып калбастан Алманбет уулу Кулчоро, Семетейдин Сейтеги мандай- тескей турушуп,мылтык атып жаа тартып,олбогон жерде калышып аябай былчылдашышты.

42.Манастын козу откондон кийин энеси Чыйырдынын коргон куну кандай болот?

Кара муртоз Жакып чалынын арамдыгы,чыккынчылыгы менен келише албай,айкол эне Чыйырды келини Каныкей тарапка отуп,Кобоштун чабуулу учурунда балтыр бешик небересин коюнуна катып,тоо таштын,карагай-чердин арасына корголойт.Чыйырды учун Каныкей менен бир болуу, уулу Манас менен ,анын арбагы менен бир болуу деген кеп.Мына ошон учун тагдыр таразага тушуп турганда,80деги жавшына карабай келинин колтугуна жолоп, «Оо Каныкей кулунум ,белинди байлап,кайрат кыл,атакен Темир кандын шаарына тентип кирип кетели»,деп кенешин берип обок болот.

43.Умотойдун атасы ким жана анын Манаска жакындыгы барбы?

Умотойдун атасы Кокчо хан,алар аталаш тууган болушкан.

44.Жолборс издеп чыккан Акжолтойго ким кабылат?

Акжолтой Кутубийдин баласы.Жер кезип жургон Акжолтой.Олуя чалга жоголуп,андан ал Сейтек экооно арнап алып келген аттарды Сейтекке Кулансурду, озуно Кулунсурду алат.Олуя чалдан Акберметтин дайынын угуп,анын Олуя чалга таштап кеткен аманатын-коохар шакегин Сейтекке алып келип берет.Сейтек Акберметке уйлонгондо Акжолтой тагдырына буюрган пери кыз Кулайымга уйлонот. Жолборстун журогуно талгак-болгон Акберметке Кыдыр берген кол башындай жангакты алып келип берет.

45.Куялы кимдин кызы?

Куялы кыздын ата-энесинин копко чейин зарлап тилегенинен кийин пернинин кыздары оюн курган жерден кайыбынан табылат.Атасы Кайыпчал,байыркы салт боюнча кызы алтыга чыкканда той бердирип,ат койдурат.Элди каардуу жоодон куткарган баатыр кыз.

47.Чон Ките деген ким?

Чон Ките Кытай ханы,Конурбайдын небереси.

49.Эмне учун Темиркан Семетейди 12жашында уйлонтуп коет?

Таятасы Темиркан Семетейди Таласка кетээрде энчи болуп берип,Шаатемир кызы Чачыкейге уйлонтот.Себеби Семетей Манас олгондон кийин 12 жашка чейин Темиркандын колунда чоноет.Ошондуктан Темиркан Семетейдин милдетинен кутулайын деп ойлойт.

51.Кыяздын туткунунда жаткан Кулчорону ким дарылайт?

Карадоо аяш ата Момунжанды Багдаттан табат.Ал Семетейдин кыйышпас досу экен.Карадоо Момунжанга Кулчоро жонундо айтат.Момунжан Ала-Тоого келет.Анан Кулчорого кошмо кызыл дары менен кошо «Эбеп» менен «Себепти» ичирет. Апы-упу деген дарыдан берет.Бирок алар таасир этпейт.Ошондо Момунжан коночок баштуу кок дангытты союп,аны кечирин Кулчоронун далысына жамат,сыртынан 40 жолу кырма кызыл дары менен кайнатма кара дарыны шыбайт.Ошондо Чоронун ооруган жери басылат,умачтай козу ачылат.Чоро калыбына келет.

52.Сейтектин акылман кенешчиси?

Акжолтой Манас Алтайда тургандагы калмактан чыккан Кутубий аттуу чоросунун баласы.Кутубий жетимиш турлуу тил билген,Мисир менен Багдаттан окуган билимдуу,кыраакы,калыс адам катары айтылат,анын баласы Акжолтой да билимдуу,баатыр чыгып,жер чалгындап журот.Акжолтой Медия чолун кыдырып журуп булакта эс алып отурса алдынан кою чан чыгат.Карасам бир коркунучтуу нерседен Куралы деген жылкы качып келатат. «Бил менен Керикти койдой жеген» Койбос-Тойбос аттуу ошол айбанды Акжолтой кырк чилтен,кызыр Ильястын жардамы менен кылычтап олтурот.Ангыча (Олуя чал)пайда болуп Кулунсур,Кулансур деген эки тулпарды тартуулайт.

53.Кулчоронун зайыбы ким жана ал кимдин кызы?

Акбала.Эштектердин Жамгырчысынын кызы.Семетей Конурбайды женип атасынын очун алды Жамгырчынын баласы Шайымбек карындашы Акбаланы алып келгенде Семетей аны Кулчорого алып берген.Семетей кайып болуп Кулчоро Кыяска туткунга кеткенде Канчоро аны токолдука алмак болот.Бирок каршы турган Акбаланы Канчоро колго тушуруп уй бактырып коет.Акбала Айчурок менен Кулчоронун кайрылып келишин кутуп чыдап кордугун,азабын тартат.

54.Сары хандын мурдагы аты ким?

Комурчу Сарытаз мындан ары Сары хан аталып,Семетей менен кошо Таласка жол тартат.

55.Манастын кунун кууганы бара жатып,Семетей,Бакай чоролору менен эмне болуп тулпарларынан айрылып калат?

-Семетей Айчурокту алып Таласка келгенден кийин кундордун биринде тушунон чочуп ойгонду,Бакай,Каныкей баш болгон жакындарын жыйнаган Семетей «Белди бекем куусак дейм,Бээжиндеги калгадан атымдын кунун куусак дейм»-деп кенеш салды. Чыйырды Каныкейимден бата алышып Семетей,Бакай,Кулчоро,Канчоро жолго чыгышты.Жолдо Бакай чоролорго эскертет,суук тушот.Аттарды жакшылап карагыла,бирок чоролор кулак илбей коюп.Кытайдын чек кайтарган Мурадыл аттуу баатыр кар жаадырып,бороон уюлгутуп суук тушурот Бакайдын Коктулпары, Семетей Тайбуурулу суукка чыдабай,коктолорун узупкагышат.Эртеси кун агылып, чоролор аттардын жоголгонун билишип кайгырды.Атсыз калган чоролорду жетелесе баспады,учкаштырса батпады.Айлалары кеткен Чоролор оорукта калышып,Семетей менен Бакай чалгынга кетишти.

56.Кенен мине турган Кертулпарды Акжолтойго ким берет?

Кенен-Манастын чебереси.Сейтектин уулу Сейтек кан болуп,эми бейкут жашап жаткан учурда чон атасы Манас тушуно кирип,ага Зулпукар кылычын тапшырат. Кереметтуу бул тушту Акжолтой мыкты уулду болот экенсин деп жоруйт. Акжолтойдун айтканындай Кенен аттуу баатыр туулат,Кертулпар аттуу тулпары болот.

57.Конурбайдын Семетейди атаар алдындагы ой жугуртуусу?

-Конурбай Аколпогун желбегей жамынган Семетейди коруп тан калды Баатырдын келишкен келбетине,ажыдаардай айбатына суктанат тигилди.Озунчо ичинен арманын айтты кунгуроно.

-Манастан калган жетимди томуктай бала деп журсом,тоодой баатыр тырбайбы. Мага ушундай бала бербеди,Семетей менин балам болсочу деп арман кылган экен. Тируулой кармап алсамбы,элиме эле кылып кошуп алсамбы деп ойлойт.

58.Каныкейдин багы эмне куурап,колу эмне учун соолуп калат?

Каныкей кыз кезинде оз билгенин кылып,он жагында 80 кыз,сол жагында 80 кыз, желбеген ат минип Кен-колчукко жыл маалында бир сапар сейил курчу экен. Ошол колчукту коро кетели деп Каныкей Чыйырдыга кайрылат.

Келишсе колчук соолуп,тегерегиндеги чынар бак куурап,сарайы куурап калыптыр.

Чыйырды:Кайгырбагын,колчук соолуп калганы Манастын олгону,талын куурап,сарайын кулаганы кулдардан кордук коруп тентип келгенин.Колчуктун кайнар чыкчу орто жеринде кара чым бар экен,толго кылып оодарчы,-деди Каныкей Манастын арбагына жалынып,андан калган найза менен чымды антара сайганда,кайнардын козу ачылып, Кен-Колчук толуп,айланасындагы чынарлар гулдоп,кадимки калыбына келди.

59.Семетей кайып болгондо,Кыяс Канчорону эмне деп жемелейт?-Ай Канчоро баатыр,баарын бирдей кырбагын,уу ичкендей кылбагын.Айтканымды андагын,жоругун бузуп баатырдын,арманы ичинде кетпесин.Семетейди кордунбу? Тируу десен жерде жок,олду десен кордо жок,жашап откон турмушта,бул ондонгон пенде жок,кызыл ону сур болду,олгон соогун таптырбай,тан калаарлык сыр болду, тубубуз жаман чыр болду.Адамдын колу барбаган ыйыктыгы бар экен.Олумдон чочуп койбогон орттой болгон шер экен,жан соогалап койгон жок,жалдуу туулган эр экен. Эми тилимди алып Канчоро,олтурбогун чорону,тируу койсон чорону,эмнен сенин короду.Башына кылыч ойнотсон да коркоор эмес.Олумдон коркпос баатырды олтургон адам онобу?!

60.Кыяз кыргыздын кайсы уруусунун каны болгон? Кыяз-эпостогу терс каарман.Кыяздын атасы Тотой Чынкожо менен бирдикте Семетейдин тушунда Ногой уруусуна баскынчылык корсоткон.Кыяз Жети-Озондо бойлогон калмактардын каны болгон.Ал атасы сыяктуу эле кобунчо бироонун шыкагында жургон,кайраты жок каарман.

61.Акеркеч Тайбуурулду кантип кордойт?

Жооп:Табуурул казактардын колуна барганда Акеркечтин кеңеши боюнча он эки чылбыр катып,чидер салып,кулагына коргошун эритип куюп,төрт бутунун муунуна он эки ийне кагышып,караңгы жайга быгышат.

62.Семетей кайып болгондо Акшумкар менен Кумайык эмне болот?

Жооп:Алар да кошо кайып болот.

63.Чоң Билгич менен Чоң Килте бир тууганбы?

Жооп:Чоң билгич Кожожаштын баласы,Чоң Килте Коңурбайдын небереси, экөө бир тууган эмес.

64.Каныкейдин Канчоро менен Гүлчорону эмизген учуру кандай баамдалат?

Жооп:Семетейге туугандаштыруу үчүн Каныкей Гүлчоро менен Канчорону эмизет.Гүлчоро эмген эмчектен сүт,Канчоро эмген эмчектен кан чыгат.Ошондо “Канчоро түбү душман болот,өлтүрүп салалы,”-дейт Каныкей,ага Семетей болбой коёт.

65.Семетей кайып болгондон кийин Гүлчоронун көрөөр күнү кандай болот?

Жооп: Семетей кайып болгондон кийин Канчоро Гүлчорону качырат,аны Кыяз токтотот:

-Кой баарын уу ичкендей кылбагын.Семетей өлгөн сөөгүн корсөткөн жок,бул-сыр.Ыйык адам экен.

-“Толтойду өлтүргөн ушул,жайлайбыз”-дейт Канчоро.

Бирок Кыяз Гүлчорону олүмдөн сактап калат.Көптөп жатып Гүлчорону байлап алышат.Анан чечиндиришет.Бул баатырдын да мойнунда ыйык кара жалы,далысынын үстүндө казандай кара калы бар экен дейт.Кан Кыяз аны көрүп шашып кетет да,далысынан көноктөй эт кесип,дал ортосунан сойдурат,чемирчегин ойдурат.Ошентип Гүлчоро кордук көрүп,жылкычылардын отунун,суусун алып күн көрөт.

66.Сейтек энеси Айчүрөктү кимге “баш байла”деп кайрылат жана бул маселенин жыйынтыгы кандай аяктайт.

67.Үргөнчтөгү кагылышуу кандай аяктайт?

Жооп:Семетей менен Айчүрөктүн кагылышуусу Акшумкар боюнча болуп,булардын чатагын Айчүрөктүн сиңдиси Калыймандын жана Айлакер Гүлчоронун акылы менен аларды жоошутуп,Айчүрок менен Семетейдин элдешүүсү менен аяктайт.

68.Коңурбай качан,кандай шартта жана кимдин колунан каза болот?

Жооп:Айры-шили тушу деп,

Өлүүчү жери ушу деп,

Эки колдоп туруп,айбалта менен салды-дейт.Коңурбай Семетей менен жекеме-жеке чыгат,жеңилет,Семетей башын алат.

69.Сарыбайдан отуз күндүк мөөнөт сурап,согушту убактылуу ким жана эмнеге токтотот?

Кайыпчал кызы Куялы

70.Эмне үчүн Каныкей Семетейди өзү багып чоңойто алган эмес?

Жооп: Манас өлгөндөн кийин Каныкей Семетейди иниси Ысмайылга берет,себеби Манас өлөөрдө керез кылып айткан.Бул баланы эч кимге Манастын баласы экенин билгизбей,өзүңдун балаң кылып багып ал,Манастын душмандары көп,тындым кылып салбасын деп,экөө антташат.

71. Манастын көзү өткөндөн кийин бийлик кимдин колуна өтөт?

Жооп:Көбөштүн колуна өтөт

72. Семетей кайып болгондон кийин Таласка ким ээлик кылат?

Жооп:Чачыкейге үйлөнүп,Канчоро кан болот

73. Сейтек Таласка келгенде аны кимдер тосуп чыгат?

Жооп:Сейтектин алдынан Тайбуурул чыгат.Сейтек Тайбуурулду жалынан жыттайт.Анан Семетейди эстешет.Тайбуурул кайып болот.Буркураган боз инген тосуп чыгат,анан торпок кайтарган чоң энеси Каныкейге жолугат.

74. Сейтек жөнүндө кабарды Гүлчоро кимден угат?

Жооп:Канчоро кан болуп,элге салык салып,элди кыйнайт.Мындай кыйноодон тажаган эл качмак болот.Ошондо Кутубайдын баласы Акжолтой: “Айчүрөктүн боюнда бала бар,эгер эркек төрөсө,ошону бел кылабыз,ошого чейин күтөлү,тентибегиле”-дейт.

75. Кытайлардын куралсыз согушкан баатырлары?

Жооп:Ата-энесинин ой-боюна койбой 4 жашында чогултуп,бир адамга билгизбей,бир адамга туйгузбай,адамдын буту баспаган ээн сарайда казынан эсебинен бактырылып,капка кум толтуруп,баш манжанын учу менен 18 жыл урдуруп,таш-дубалды урганда бырын-чырын чыгара турган кол канжар деген атак алышкан оңчөй казыналык балбандар .

76. Акжолтойдун тулпары?

Жооп:Кулунсур

77. Сейтектин небереси?

Жооп:Алымсарык,Кунансарык

78. Букардагы Каныкейдин булагы?

Жооп:Каныкейдин Кең-Көлчүк

79. Каныкей Семетейди Ысмайылга кандай шарт менен тапшырат?

Жооп:Ук,Ысмайыл сөзүмдү

Найзага таккан желекти,

Айкөлдөн калган белекти,

Ала качып Кең-Колдон

Алып келдим өзүңө.

Береки жылма баскан

Букарды талаам десем оңбоюн,

Ушу,жыргалдан калган чунакты

Ысмайыл,балам десем оңбоюн!

Мойнуна тумар тагып ал,

Башы менен берейин

Ысмайыл,жетимиңи багып ал,-деп кыркып берип чыбыгын,ит аягын кечирип,кылычтын мизин аттатып,кылып берди ырымын.

Ысмайыл Каныкейди ээрчитип Букарга келипСеметейге 18 күн той берип багып алат. 80.Көкмончок Семетейди алып кеткен тоонун аталышы?

Жооп:Көкмончок Айчүрөктүн сиңдиси,ал кыздар менен сейил куруп жүрүп,жердеги Кыяс,Канчородон жарадар болгон Семетейди көруп,алып качып,Кайыпчынын кара тоосуна алып келип дарылап айыктырат.

81. Темиркан кандай максат мене Семетейге той берет?


Ж;. Манастын тилеги боюнча Семетей өз жеринде болбосо да эркин тарбияланып жатат. Жаш бала каалагандай эркелеп, каалагандай тентектик кылып чоңоет. Аны эчким кемсинтип, келекелебейт. Антүүгө эчким даап бара албайт. Себеби таятасы Темиркан да таякеси Ысмайылда Семетей тараптык адамдар. Таятам бузуктугун жашырып жїргєн тура деп Семетей єзүмє чатак кылбасын, түбүмє жетпесин деп коркту. Ошон үчүн күйєє баласы Манас баатырга жакшылап аш берүүнү чечти. “Сегиз кан элимди чогултайын, ат чаптырайын, той кылайын. Семетей неберемдин кєўїлїн єстїрїп, кан кєтєрүп алайын. Балким журт атасы болгондо тентектиги калар, эшен менен кожого кылган зордугу тыйылар”, – деп ойлоду


82. Суркоендун башын ким алат?


Ж; Жоо менен тынбай салышкан Семетейдин астындагы аты Нартору баспай калды. Күлчоро Семетейге Суркоёнду мингизди. Ал жоого кирди. Аккелтени атса, ок атылбады. Ошондо Сырнайзасын алып Кыясты качырды, астындагы Суркоён баспай туруп алды. Күлчоро Толтойду өлтүргөндө Суркоён жедигерди көздөй качып, Семетей убара болуп узакка кубалап кармайт да ачуусу келген боюнча кулагын кесип, ногойдун оюк энин салат. Суркоён ошону кектеп жүргөн экен, ошондуктан, баспай туруп алды. Ачуусу келген Семетей Суркоёндун башын кесип алды да чабуул койгон жедигерди бучкагына теңебей, Аккаңкыны баштанып, чоң тердикти жазданып, Аколпокту жамынып жатып алды.


83. Кыргыздарды жеңип алуу үчүн Чоң билгичтин Чоң китеге берген кеңеши?


Ж;_?________________


84.Каныкейди торкунуно ким узатат?


Ж: Каныкейди Букарага Бакай узатат.


85 Чынкожонун Семетейге карата кандай тууганчылык жакындыгы бар?

Ж; Чынкожо — "Манас" эпосундагы каарман, жедигер уруусунун каны, Семетейдин ички душмандарынын бири, эпостогу салттык образ. Айрым варианттарда Шыгайдын баласы делсе (Саякбай Каралаевдин варианты варианты), айрымдарында Шыгайдын каны (Мамбет Чокморовдун варианты) катары айтылат. Ч-го байланыштуу окуя эпостогу көөнө окуялардан. Тууганчылыктан кетип, Семетейден бийлик талашып, чыныгы феодал баскынчы катары аракеттенет..

86.Эпосто колго салынуучу кишендин аталышы?

Ж; Эпосто колго салынуучу кишен богоо деп аталат.

87.Семетейдин Букарадагы алгачкы эрдиги?

Ж;Семетейдеги эң биринчи эрдиги-Карагулга денекул болуп жүргөн Күлчоро болушуп, сөөк өчтү душманын жеңип , өзүнүн жана туугандарынын башын бошотот.Ушул мезгилден баштап ал жетилген баатыр катары активдүү аракетке өтөт.Эл башына түшкөн оор турмушу жеңилдетиш жалгыз гана Сейтектин эр жетип ,эрезеге толушуна байланыштуу каралат.

88.Сарыбай кандай шартта жана кимдин колунан өлөт?

Ж; Сарыбай дөө Сейтек менен салгылашуу учурунда өлөт.

89. Тайтору башында кимге таандык тулпар эле?

Ж;"Манас" жомогундагы алтымыш асыйында чабылып, баш
байгени жеңип, калк энеси аталган, жесир Каныкейдин намысын эле эмес, аны өлүмдөн алып калган Тайтору жөнүндө манасчылардын арасында ар кандайча айтылат. Анын биринде тулпар Тайтору Эр Кошойдун Бээжинге минип барган аты, манасчы Жакшылык Сарык уулунун айтуусунда Тайтору Семетейдин биринчи зайыбы Чачыкейдин себи менен кошо келет. Ал эми улуу манасчы Саякбай Каралаевдин вариантында Кошой Манас өлгөндө азага алып келет делсе, каралуу Каныкей качып баратканда калк атасы Бакай жол азгы менен бирге эки ат берет. Ошонун бири Тайтору.


90. Тайбуурул башында кимге таандык тулпар эле?


Ж;Тайбуурул (Нарбуурул, Нарбуудан) — Саякбай Каралаевдин  вариантында Манастан Семетейге мураска өткөн тулпар. Т-дун тегин манасчылар жылкынын пири Желкайыптын өзү менен байланыштырышат жана кыз Сайкал менен Манас сайышып, жакшылыкча бүткөн беттешүүдөн кийин достуктун белгиси

91 Суркоендун баштапкы ээси ким? Ж: Суркоендун баштапкы ээси Эр Толтойго таандык

92.Көк мончоктун теги ким?

Ж: Кыргыз

93.Куялынын Айчүрөккө койгон негизги шарты?

ЖЖЖжж

Куялы кырк жигиттен кошчу алып, кырк балбаны жол чалып жерин коруп жүргөн алп кыз. Шашкандай түрүң бар, башыңа кыйынчылык түшкөн го деп, иштин жөнүн түшүнөр замат жардамга шашылат. 30 күн мөөнөт бүтүп, баатырлардын кармашы кайрадан башталат. Сарыбай жети атамдын өчү бар, Каныкей менен Айчүрөктү , Буурулду бер, болбосо, «кыргын кылам баарыңды, кыйратамын шаарыңды” — деп опузалайт. Атасынын куну үчүн алты миң төөгө жүк болгудай алтынкүмүш сурайт. Душмандын баскынчы талабына көнбөгөн кыргыз баатырлары Семетей, Күлчоро, Сейтек нечен күн кармашып, акыры Куялы кызга күн түшөт. Куялы Сарыбайды жеңерине көзү жетет, ошон үчүн Семетей мени аялдыкка алса гана кармашам дейт


94.Шыпшайдардан өч алуу үчун Таласка келген баласынын аты?

Ж; Семетей

95. Манастын көзү өткөндө , Семетей канча жашта эле?

Ж; Манастын көзү өткөндө Семетей жашка чыга элек болчу.

96. Чачыкейдин Канчорого турмушка чыгуусунун негизги себеби?

Ж: Чачыкей — "Манас" эпосунун каарманы, Семетейдин аялы. Шаатемирдин кызы. Айчүрөккө карама-каршы турган образ. Чачыкейдин образы эпоско Айчүрөктүн элесин тереңдетүү, адамдык асыл сапаттарын терс жактары менен карама-каршы коюу аркылуу дааналап ачып, Семетей үчүн тагдырына буюрган колуктусу Айчүрөктүн ролун белгилөө үчүн киргизилген. Ч. башкы баатырга ылайык жар эмес, эпостук салт боюнча баатырдын аялына коюлуучу талаптарга жооп бере албайт. "Манас" эпосунда Семетей Айчүрөккө үйлөнгөнгө чейин анын жоо кийимин тигип, сарамжалын көрүү милдети аялы Ч-ге эмес, энеси Каныкейге жүктөлөт. Ч. эпосто өзү катышкан окуялардын өнүгүшүндө жана чиеленишине ачык из калтырат. Жүрүш-турушу, мамилеси менен угуучулардын жек көрүү сезимин пайда кылат. Чачыкейдин Семетейди издеп келген Айчүрөктү кордошу биринчиден анын адамгерчилиги жогун көргөзсө, экинчиден көп аял алуу салтына байланыштуу келип чыккан күнүчүлүктүн көрүнүшү.


97.Нескара кимдин колунан жана качан , кайсыжерде курман болот?


Ж; «: Семетейдин Күлчоро менен Канчорону ээрчитип Ооганга жөнөгөнү, Үргөнчтүн боюнда Семетейди күтүп жаткан Айчүрөккө жолукканы, Акундун шаарын камап жаткан Чынкожо, Толтойдун Семетейден жеңилиши, Семетейдин Айчүрөктү алып Таласка келиши, Коңурбайдын Таласка чабуулу, Коңурбай менен Нескаранын өлүмү.


98.Коңурбайдын буйругу менен кытайлардын чегин кайтарган ким ?


Ж; Коңурбайдын буйругу менен кытайлардын чегин кайтарган Куялы .


99. Канчоронун акыры душман чыгарын ким сезип туйган?


Ж; Канчоронун душман экенин Бакай сезип туйган.


100. Көзгө атаар мерген Кожожаштын уулу?

Ж:«Кожожаш» —Мында адам баласы менен табийгаттын катаал кубулуштарынын ортосундагы өз ара алакалар, байланыштар чагылдырылган. Айрым изилдөөчүлөр дастанды баатырдык эпос катары атап жүрүшсө, кээ бир окумуштуулар ага социалдык-турмуштук багыттагы эл чыгармасы катары аныктама ыйгарып келишет. Кыргыздын кытай уруусунан чыккан көзгө атар мерген Кожожаштын Зулайка сулууга үйлөнүшү, касиеттүү кайберен Сур эчки менен эрегишип, Сур эчкинин каргышына калып адам жеткис аскада жалгыз калып мерт болушу, Кожожаштын уулу Молдожаш баралына жеткенде атасынын кунун кууп, Сур эчкиден өч алышы эпостун сюжетинин негизин түзөт.



Тагаев ( 101- 115)- суроо

116. Абыке,уч кандын элинин чатагын басу учун кимди ээрчитип алат?

Жооп. Абаке Аргын кандын элиндеги Ажыбайды ээрчитип алат

117. МАнастын көзу өткөндон кийин Бакайдын Каныкейди качыруу боюнча,эл ичиндие сөз тарайт,кеп ким жөнүндө болуп жатат?

Жооп: Семетей жөнундө

118. Манастын көзү өткөндөн кийин,Абыке,Көбөшкө кошулбай өзүнчө кеткен чоролор?

Жооп: Негизи кырк чоро деп айтылат,Анын ичинен Ырчыуул, Ажыбай, Акбалбан

119.Манастын көзү өткөндөн кийин, Көбөштүн Каныкейди чапканы келе жатканын ал кимден угат?

Жооп: Каныкей ийниндеги жыланач бала колдоочусунан угат

120. Балтыр бешик Семетейдин ордуна курман болгон бала ким жана ал кимдин баласы эле?

Жооп : Кара куӊдун баласы Жообузар

121. Манастын ордосун кайтарган баатыр?

Жооп: Байчоро батыр

122. Манастын бир туугандары- Чыйбыт, Кочкор экөөнү катар сайып кулаткан баатыр?

Жооп: Байчоро сайып кулатат

123. Каныкейдин өкүл атасы ким?

Жооп: Карынбай

125. Каныкей Чыйырды менен Семетейди көтөрүп алып, чөлду канча күндө басып өтөт?

Жооп: 7кундө басып өтөт.

126. Олуят чалдын асырап алган баласы Бакай. Атасы Бай болгон. Бай өлгөндөн кийин Байдын уулу Бакай болгон.

127. Манастын көзү өткөндөн кийин Бакай Беш-Таш жайлоосуна кетип, ал жерден Манастын берген төөсү Желмаян Ойсул-Атаны багып, кийин Семетейге таберик сыяктуу берген. Бакайдын кетип калышын өлгөнгө чейин эле Манас Бакайга айткан. Себеби Манас өзү жок болгондон кийин Бакайдын орду кайда болоорун билген.

128. Каныкей Букарага качып бара жатканда жолдон ачка болушуп Каныкей борукту кармап союп жешип сөөгү калат. Кумайыкты ээрчитип ит аркылуу Бакай табат. Аларга жолго мингенине эки жылкы алып келет. Анын бири Тайтору

129. Семетейдин тентектигин тыйсын деп Кожо молдор Темирканга кайрылат.

130. Букардагы Сенметейдин тоюна Көкчөнүн уулу Υмөтай, Музбурчактын уулу Буранбек, Чамбылбелден Жанаалы, Коконкандан Козубек, Маргалаңдан Малабек, Анжыяндан айры сакал Сынчыбек, Алты шаар Кашкардан Өзүбек жана Темирканга тиешелүү аргымактар чабылат.

131. Семетейдин тоюнда Каныкей ат чаба тургандыгын Темиркан элинен угат.

132-133. Семетейдин тоюнда Каныкейдин Тайторуну чапкандыгынын себеби: билгендерге Семетейдин тою, билбегендерге Манастын ашы жана көк жал Манастан калган туягы Семетейдин келечекте атасындай болуп айкөл, баатыр, эли-жерин ички-тышкы душмандардан коргогон бала болоор бекен деп төлгө кылган.

134. Семетейдин тоюнда ат чабышта 643 тулпар чабылат.

135. Семетейдин тоюнда ат чабышка катыша турган Тайтору алтымыш асый болчу.

136. Каныкейдин Тайтору чаап жатканын уккан Ысмайыл Семетейге эри өлүп Каныкей эжең эсирип көпкөндүгүнөн эринин азасын күтүп кара жамынып отурбай аял башы менен эр кийимин кийинип ат чапканы жатат. Эгерде чапкан аты чыкпаса ажалы сенден деп айтат. Ошондо Семетей эжесине ачуусу келип атың чыкпаса чын эле ажалың менден деп айтат.

137. Семетейдин тоюнда алты күн күрөшкөн балбандар Кокондон Төө балбан, Букардан Ак балбан экөө алты күн күрөшүп Ак балбан жеңилет.

138. Семетейдин тоюнда Акбалбанды жыккан Төө балбанга Семетей мени менен күрөш деп сунуш кылган. Сунушу кабыл алынган Семетей Төө балбанды жеңген.

Сары-Тологой ? ( 139-151 суроо )

152. Жылкы баласынын жаш курагы боюнча аталышы.

Жообу: Жылкы – кулун, тай, кунан, бышты, жылкы беш жашка келгенде бир асый, алты жашка келгенде эки асый, жети жашка келгенде γч асый деп кете берет.

153.Уй баласынын жаш курагы боюнча аталышы.

Жообу: Уй – музоо, торпок,ноопас, кунаажын, огуз.

154.Тѳѳ баласынын бѳлγнγшγ.

Жообу: Тѳѳ – бото, тайлак, инген, каймал, нар бура.

155.Зайыпбурушту чечмелеп бергиле.

Жообу: Шерик, жолдош, дос, тамыр.

М: Кан тѳгуп жγрγп катыккан

Кулагы уккан мендеге

Бу кургурун Зайыпбуруш атыккан

Телегейи тен экен

Атагы канкор канетет

Бу Манастын уулу дебесе

Семетейден Гулчоро

Айза салым эр экен

156. Эпостогу курал жарактарды санап бергиле.

Жообу: Айбалта – «Кѳѳкѳрчѳ кылып ийдирген» мизи курч балта.

Байыркы темир доорунан бери колдонулуп келген согуштук чапма курал.

Найза – жоокерлердин душманды сайып жаралоо,ѳлтγрγγ γчγн ылайыкталган эн байыркы куралы.

Кыргыздардын жоого колдонгон найзасы болжол жоондугу 3,5см, узундугу 150- 195 см болгон.

Аккепте – Манастын мылтыгынын энчилγγ аты.

М: Атышар жоого кез келди

Аккелте берсен алайын,

Ай далыма асынып

Анан Калча барайын.

Алмабаш – Баатырдын мылтыгына берилγγчγ мылтыктын аты.

Ач Албарс – болоттон жасалган откγр, курч курал жарак, кылыч.

Ач Албарс – Коктон Манаска тγшкон алты курчтун бири, анны Чубакка энчилейт.

Сырбаран – буп мылтык Алдынкы Азия аркылуу, Орто Азияга да тараган. Кыргызда сырбаран, акбаран деп атала берет.

Жазайыл – Орто Азия элдеринде жазайыл Алжирде жасалган мылтык маанисинде тушундурулот.

Кыргыздарга Жазайыл мылтык атка же тооого жуктоп журо турган анча чон эмес замбирек деп тушундурулот.

Жебе – Жаанын огу. Ал табылгы, ыргай, шилби,Кайынга окшош ийилчээк кату жыгачтан жасалат, формасына жараша « бору тил жебе», «канаттуу жебе» болуп болунот.

Зулпкор – Манастын асмандан тушкон касиеттуу кылычынын аты.

Ойкума – бычактын энчилуу аты, Бакайга таандык курал.

Очогор – эпосто эски милтелуу мылтык.

Саадак – жоо жарагы аткыч курал.

М: Адам тугул айбанат

Кѳрсѳ кону болунгон

Саадагы керик белиндей

Салмагы жанды жегидей


157. Эпостогу жоокер кийимдерин санап бергиле.

Жообу: Аколпок – найза , кылыч,айбалта жана жебелерден сактаныш учун жоокер кийген шырылма сырт кийим.

Аколпок Манастын тыш кийими. Анын урунган бардвк буюмдарындай эле ак тустуу укмуштуу касиетке ээ.

Кубо- ок отпогон колбооругон узун жендуу чапан. Баатырдын ок отпос тону.

Туулга – жоокердин ок отпос баш кийими. Башка кату болбос учун туулга жумшак материалдар менен жана анын этегине моюнду, кулак башты коргоо учун темир шакекчелер бири- бирине бириктирилген чынжыр торчо кадалган.

Чарайна – калын булгаарыдан, кээде металлдан жасалган денеге кынапталган, майда тордон токулган соот.

Чопкут – арасына кыл же жун кебез салынган чапан.

Жоокердин найза отпос кийими.

Бадана – баатырдын ок отпос болуп жасалган соот тону, ичке металл зымдан жасалган чынжырчадан турат.

158.Эпостогу канаттуулар.

Жообу: Алп кара куш – «батыр». «эр», «карман», «кайраттуу», «эр журок». «тартынбас»,»алибеттуу»,» зор», «кара куш» «буркут».

Эпосто укмуштуу касиетке ээ,аябагандай зор куш.

Салбырын – кыраан куш,копчулук эл катышып анчылык кылуу.

Телик куш – кичинекей эркек шумкар,ал анчылыкка жарамсыз келет.

159 . Эпостогу осумдуктор.

Жообу: Тообурчак, кайын,чоп, пахта, кара эгин, куруч, бурчак, бетеге.

160. Эпостогу тулпарлар.

Жообу: Манастыкы - Аккула

Эрчубактыкы –Кокала

Конурбайдыкы - Алкара

Ажыбайдыкы - Карткурон

Каныкейдики - Тайтору

Алмамбеттики - Сарала

Жолойдуку - Ачбуудан

Кулчоронуку - Суркоен

Эр Сыргактыкы – Кокала

Тоотору - Кыяз

Кобош - Кокборчук