СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Математика Бөлүүнүн касиеттери

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Математика Бөлүүнүн касиеттери»

 Сабактын темасы:  Бөлүүнүн касиеттери
  • Сабактын темасы:

Бөлүүнүн касиеттери

 Сабактын максаты: Бөлүүнүн касиеттери жөнүндө маалымат аласыңар. Бөлүүнүн касиеттерин пайдаланып мисал, маселелерди чыгарууга көнүгөсүңөр. Тактыкка, ыкчам ой жүгүртүүгө багыт аласыңар.

Сабактын максаты:

  • Бөлүүнүн касиеттери жөнүндө маалымат аласыңар.
  • Бөлүүнүн касиеттерин пайдаланып мисал, маселелерди чыгарууга көнүгөсүңөр.
  • Тактыкка, ыкчам ой жүгүртүүгө багыт аласыңар.
1-маселе: Асель 5 алманы 5 тарелкага бирдей бөлүп салды. Асель ар бир тарелкага канчадан алма салды?

1-маселе:

  • Асель 5 алманы 5 тарелкага бирдей бөлүп салды. Асель ар бир тарелкага канчадан алма салды?
Мында 5 : 5= 1 деп жазылат.  Бул бөлүүнүн «Ар кандай санды өзүнө-өзүн бөлсөк тийинди 1 болот» деген биринчи касиети.  Муну окшош , бирдей сандардын тийиндиси 1 чыгат десек да болот.

Мында 5 : 5= 1 деп жазылат. Бул бөлүүнүн «Ар кандай санды өзүнө-өзүн бөлсөк тийинди 1 болот» деген биринчи касиети. Муну окшош , бирдей сандардын тийиндиси 1 чыгат десек да болот.

 2- маселе:  Мен 5 гүлдү 1 вазага салсам, гүлдүн саны өзгөрдүбү?  Албетте, өзгөргөн жок.  Бул 5:1=5 деп жазылат.  Демек, муну биз бөлүүнүн «Ар кандай санды 1ге бөлсөк, ошол сандын өзү чыгат» деген касиети дейбиз.  12:1=12 23:1=  7:1=7 15:1=
  • 2- маселе:
  • Мен 5 гүлдү 1 вазага салсам, гүлдүн саны өзгөрдүбү?
  • Албетте, өзгөргөн жок.
  • Бул 5:1=5 деп жазылат.
  • Демек, муну биз бөлүүнүн «Ар кандай санды 1ге бөлсөк, ошол сандын өзү чыгат» деген касиети дейбиз.
  • 12:1=12 23:1=
  • 7:1=7 15:1=
3-маселе:  Атам 0 сандагы алма көчөтүн 5 катарга бөлүп тикти. Атам ар бир катарга канчадан алма тикти? Мында, 0 жок сан болгондуктан аны канчага бөлсөк да 0 чыгат. Демек, бул 0:5=0 деп жазылат. Бул бөлүүнүн «0дү ар кандай санга бөлсөк 0 чыгат» деген дагы бир касиети.  Мисалы: 0:6=0 0:90=0  0:8= 0:55=
  • 3-маселе:
  • Атам 0 сандагы алма көчөтүн 5 катарга бөлүп тикти.
  • Атам ар бир катарга канчадан алма тикти?
  • Мында, 0 жок сан болгондуктан аны канчага бөлсөк да 0 чыгат.
  • Демек, бул 0:5=0 деп жазылат.
  • Бул бөлүүнүн «0дү ар кандай санга бөлсөк 0 чыгат» деген дагы бир касиети.
  • Мисалы: 0:6=0 0:90=0
  • 0:8= 0:55=
Балдар, бул жерде бир нерсени эч убакта унутпагыла. Жогорудагыдай 0ү санга бөлө алабыз, бирок, санды эч убакта 0гө бөлө албайбыз. Мисалы: Иним 5 дептерин 0 сандагы досуна бөлүп бере албаган сыяктуу эле , санды жок санга бөлүү мүмкүн эмес. Ушуну унутпагыла.  Демек, санды 0гө бөлүүгө болбойт деп айтууга болот.
  • Балдар, бул жерде бир нерсени эч убакта унутпагыла.
  • Жогорудагыдай 0ү санга бөлө алабыз, бирок, санды эч убакта 0гө бөлө албайбыз.
  • Мисалы: Иним 5 дептерин 0 сандагы досуна бөлүп бере албаган сыяктуу эле , санды жок санга бөлүү мүмкүн эмес. Ушуну унутпагыла.
  • Демек, санды 0гө бөлүүгө болбойт деп айтууга болот.
 Бөлүүнүн касиеттери: 1) Бирдей сандардын тийиндиси дайыма 1 чыгат.  М: 45:45=1 2) Ар кандай санды 1ге бөлсөк, ошол сандын өзү чыгат.  М: 57:1=57 3) 0дү санга бөлсөк, тийинди 0 чыгат.  М: 0:76=0 Ал эми санды эч убакта 0гө бөлүү мүмкүн эмес.  М :65:0= мүмкүн эмес.
  • Бөлүүнүн касиеттери:
  • 1) Бирдей сандардын тийиндиси дайыма 1 чыгат.
  • М: 45:45=1
  • 2) Ар кандай санды 1ге бөлсөк, ошол сандын өзү чыгат.
  • М: 57:1=57
  • 3) 0дү санга бөлсөк, тийинди 0 чыгат.
  • М: 0:76=0
  • Ал эми санды эч убакта 0гө бөлүү мүмкүн эмес.
  • М :65:0= мүмкүн эмес.
Ушул эрежелерди пайдаланып, китебиңердеги берилген мисалдарды чыгара аласыңар деген ойдомун. 672-673-мисалдарды үйдөн чыгарып ,ватсап аркылуу мага жоопторун жөнөткүлө. Саламатта калгыла!
  • Ушул эрежелерди пайдаланып, китебиңердеги берилген мисалдарды чыгара аласыңар деген ойдомун.
  • 672-673-мисалдарды үйдөн чыгарып ,ватсап аркылуу мага жоопторун жөнөткүлө.
  • Саламатта калгыла!