СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Мен жана менин укугум

Категория: Завучу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Мен жана менин укугум»

Сабактын темасы: Мен жана менин укугум

Сабактын максаты: Окуучулар укуктары , милдеттери жана Конвенция боюнча кеңири маалымат алышат.

Өз ой-пикирин эркин айтууга , сынчыл ойлоосун өнүктүрүүгө калыптанышат. Жүрүм-турумунлагы кемчиликтерин оңдой билүүгө, адептүүлүк кө тарбияланышат.

Сабактын ыкмасы: РАФТ стратегиасы

Сабактын жабдылышы: Дубал гезит, сүрөттөр, накыл сөздөр, видио слайд, “Укук кодекстери”, “Баланын укуктары жөнүндө конвенция”.

Сабактын жүрүшү: 1.Уюштуруу.

2.Мотивация жаратуу.

Карагылачы , менин колумда эмне болгон жиптер турат? (Бири чатышкан, экинчиси түз). Бул экөөнү салыштырып көргүлөчү , эмнеге окшоштурасыңар?

Азыр биз бул жиптин баш-аягын тапсак кандай болот, эмнени билгизиши мүмкүн ?

Элестетип көргүлөчү. Ар бир адамдын жашоосу бул жип сыяктуу. Бирде мына мындай түз болсо, бирде чаташып калышы мүмкүн. Ал чаташуу эмнеден келип чыгаарын билесиңерби?

3. Сабактын темасы, максаты менен тааныштыруу.

Балдар, адам укуктары боюнча бардык документтердин ичинен БУУнун Генералдык Ассамблеясы тарабынан кабыл алынган Баланын укуктары жөнүндөгү Конвенция эл аралык деңгээлде кеңири таанылды. Аны эки өлкөдөн башка дүйнөдөгү бардык мамлекеттер ратификациялаган. Балдардын укуктары жөнүндө конвенция Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык Ассамблеясында 1989-жылдын 20-ноябрында кабыл алынган.

Конвенция 3 бөлүктөн , 54 беренеден турат.

1-бөлүгү: 1-ден 41-беренеге чейин:

2-бөлүгү: 42-ден 45-беренеге чейин;

3-бөлүгү 46-дан54-беренеге чейин.

Эмесе ушул конвенциядагы укуктарыбызды билүү үчүн РАФТ стратегиясы аркылуу билгенге аракет кылалы.

Балдар, биздин эң негизги максаты быз өз укугубузду билүү болгондуктан, Балдардын укутары жөнүндө конвенциянын1-бөлүгү менен тааныштыруу максатында укук таануучу-референт Ырысбек кызы Айназикти жана байкоочу конокторду бүгүнкү тарбиялык сабагыбызга чакырган элек. Эмесе өзүнөрдү кызыктырган суроолор менен референтке кайрылсаңар болот.

1-суроо

-18 жашка толо элек балдар чоң кишилер менен бирдей укукка ээ боло алабы? Референттин жобу:

1-берене: Эгерде сен 18 жашка чыга элек болсоң , анда сен өспүрүм болуп эсептелесиң.

2-суроо

-Конвенция да ар бир баланын укутары кандайча каралган?

Референттин жообу: 2-берене : Сен дикриминациядан сактанууга укугуң бар. Бардык балдар бирдей укукка ээ.

3-суроо

-Бул конвенцияда балдардын таламын камсыздоого көңүл бурулганбы?

Референттин жообу: 3-берене: Сен чоң кишилер тарабынан корголууга жана алардын камкордугун көрүүгө укуктуусуң.

4-суроо:

-Бул конвенцияга бир канча мамлекет турбайбы? Ошолордун бардыгында балдардын жоопкерчилиги , укуктары бирдейби?

Референттин жообу: ООба, бардыгыныкы бирдей .5-берене: Сен өзүңдүн зээндүүлүгүңдү өстүрүүгө; 31-берене: Эс алууга, ойноого жана чыгармачылык иштер менен иштөөгө укуктуусуң.

5-суроо

-Биз төрөлгөндөн баштап эле укугубуз корголгонбу же 18жаштан кийинби?

Референттин жообу: 6-7берене: Сен жашоого жана ден соолукта өнүгүүгө , ошондой эле ысым алууга, граждандуулукка укуктуусуң.

6-суроо

-Мен жекече жарандыгымды сактоого укугум барбы?

Референттин жообу: 8-берене : Сен өзүңдүн индивидуалдуулугуңду сактоого укугуң бар.

7-суроо

-Мен жекече көз карашымды билдирүүгө укутумунбу?

Референттин жообу: 12-берене: Сен ой-пикириңди эркин болушуна укутуусуң.

Роль

Аудитория

форма

Тема

Укук коргоочу референт мугалим

Укук таануучу, окуучулар, көргөзмө, эл, окуучу

Суроо, кат, интервью, сүрөттөр, ырлар, обондуу ыр, суроо, талкуу

Мен өз укугумду билгим келет





8-суроо

-Бала өз пикирин, сөз алмашуусун билдире алабы?

Референттин жообу: 13-берене: Сен маалымат алууга жана аны берүүгө укуктуусуң.

Мугалим: Кана балдар, бир аз суроолоруңарды токтото турсаңар.Референтке кат менен кайрылгандардан да бар экен. Ошол катттын мазмуну менен таанышып көрөлүү.

Референттин жообу: 9-16-19-беренелерде каралгандай: Эгерде ата-энең ажырашып кеткен болсо, сен алардын ким иси менен жашагың келээри эске алынышы керек. Сен экөө менен тең катташууга укутуусуң. Сен жекече өз алдынча жашоого, зордуктоодон жана жаман мамиле кылуудан коргонууга укугуң бар.

Референттин жообу: 28-29-берене: Сен билим алууга укуктуусуң. Башталгыч билимдериң бекер болушу керек. Ошондой эле билим алуу сенин зээндилүүгүңдүн өсүшүнө, талантыңдын өркүндөшүнө, ата-энеңди сыйлоого , бизди курчап турган жаратылышты коргоону үйрөтүүгө жардам бериш керек.

Референттин жообу: 18-берене: Ата-эне -баланын тарбияланышына жана өсүшүнө негизги жоопкер.

9-суроо

-Биздин ден соолугубузга кам көрүлөбү?

Референттин жообу: 24-берене: Сен эң жакшы медициналык кароого укуктуусуң.

10-суроо

-Дин тутуу укугуна , эркиндигине ээбизби?

Референттин жообу: 14-берене : Сен ойлоруңдун жана диниңдин эркин болушуна;30-берене: Кандай гана өлкө болбосун, сен өзүңдүн маданиятыңды, диниңди тутуп, өз эне тилиңди колдонууга укуктуусуң.

(Видио көрсөтүлөт)

Окуучулар өздөрүнүн укугу боюнча кластер түзүшөт.

Балдар укугуңар менен бирге милдетиңерди да унутпагыла! Ар бириңер келечекте жакшы адам болууну көздөсөңөр, көркөмадабияттардыкөп окуп, маданият жана искуствонун жетишкендиктери менен танышып, ар кандай ийримдерге , спортко катышып турууңар керек.Силер келечектин ээлерисиңер.

Үй тапшырма: “Мен бүгүн киммин, келечекте ким болом?” деген темада

эссе жазып келгиле.

Жыйынтыктоо:

Кайрымдуу бол, калыс бол,

Кара өзгөйдөн алыс бол.

Ата мМекен эл үчүн

Ар-намыстуу атуул бол

Адам бол!

Бар бол!