СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Модель жана моделдөө

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Модель жана моделдөө»


С

Фрагментти очуруу

Таблица тузуу

Текстти кагазга басып чыгаруу

Маектешуу

Буткул дуйнолук желе

Компьютерлердин буткул дуйнолук байланышыш

абактын темасы: Моделдөөнүн мисалдары.

Сабактын максаты: Модел жана моделдөө деген эмне экендигин үйрөнүшөт.


Сабактын тиби: интерактивдуу.

Сабактын методдору жана ыкмалары: Оз алдынча иштоо, топто иштоо.

Сабактын жабдылышы: ватман, маркер, сурот, ноутбук, түстүү барактар.

Сабактын журушу:

Уюштуруу:

А) Саламдашуу;

Б) Окуучулардын окуу куралын толуктоо;

В) Класстын абалына коз салуу;

Г) Сабактын темасын атоо; Моделдөө

Д) Сабактын максатын тушундуруу; Мисал келтирүүгө, өз алдынча ойлонууга көнүгүшөт.

Е) Баалоо каражаты менен тааныштыруу;

IBM-3

ПК-4

НОУТБУК-5

Саламдашуу: окуучуларды эки топко карточкаларды көрсөтүп бөлүп алам.

Агенттер-кат бир секундда жетет. Биз шамдагай ыкчам умтулабыз.

Почтальон-кат 3 күндө жетет. Биз тез туура аткарууга умтулабыз.

Алтын эреже кабыл алабыз.

Мугалим: Бири бирибизди угабыз.

Мугалим: Маалымат деген эмне? Адам үчүн маалымат-бул ар түрдүү булактардан алынуучу билим болуп саналат.

Адам маалыматты кабыл алууда сезүү туюнун 5 түрүн колдонот: көрүү, угуу, даам билүү, сезүү-туюуу, жыт билүү.

Мисалдарды келтиребиз.

  • Мен эрте менен турсам күн ачык. Көрдүм.

  • Чымчыктардын сайраганын уктум.

  • Тамактанып жатып тамактын даамдуу экенин билдим

  • Бүгүн күн жылуу экенин сезип женилирээк кийинип келдим.

  • Жаз келип өрүктөр сонун жыттанып калганын билдим.

Сабактын темасы:

Моделдөөнүн мисалдары.

Модель бул оригинал обьектти окуп үйрөнүү үчүн белгилүү бир окшоштурулуп жөнөкөйлөтүп жасалган обьекти;

жердин модели глобус,

камаздын модели оюнчук машина.

Адамдын модели куурчак.

Моделдин класификациясы.

  • Материалдык моделдер.оригиналдардын геометриялык физикалык ж.б түрүн чагылдырат.

  • Маалыматтык моделдер. Моделденүүчү обьекттин мүнөздөмөсү боюнча маалымат берет.

  • Образдык модели, графикалар, сүрөттөр, сызыктар.

  • Символдук модели. Текст, формула,таблица,

  • Аралаш модели. Кино, схема,ж.б



Моделдер бир канча типтерге бөлүнөт.


  • Физикада адамдын күчүн, ылдамдыгын, кубаттуулугун аныктайт.

  • химияда адамдын сөөгү кандай затардан турат,эмне менен дем алат суу ичет.

  • Биологияда адам тирүү организм, кандын жүрүшүн, скелетин.

  • Геометрияда боюнун узундугун, туурасын.

  • Информатикада компьютер адамдын техникалык модели б.с.

  • Адам маалыматты кабыл алууда сезүү туюнун 5 түрүн колдонот. Газета, телевизор, интернет.

  • Компютер маалыматты клавиатура же дисководдон алат.

  • Адам маалыматты эсинде сактап өзгөртөт же иштеп чыгат.

  • Компьютер процессордо сактайт, өзгөртөт.

  • Адам маалыматты бирөөгө айтат,жазуу, ымдоо аркылуу бериши мүмкүн

  • Компьютер болсо, маалыматты принтерден кагазга чыгарат, флешкага, дисктерге же интернет аркылуу жайылтат.

Моделдөө – бул моделдерди түзүүдөн жана изилдөөдөн турган таанып билуу методу болуп саналат .

Эки топко адам менен шар дагы эмнелерге окшош

Адам- куурчак, робот, эстелик, сүрөт, скелет.

Шар- глобус, ай, күн, жер, топ, планета


Эмне учун оригиналдын озун изилдебейбиз?

Анын моделин тузуунун кандай зарылдыгы бар?


География сабагынан австралияны изилдесек Австралияга барып олтурбайбыз глобустан карап эле үйрөнүп алсак болот.

Мисалы мектеп куруу үчүн анын моделин жасап алып андан кийин курсак болот. Мектепти куруп бүткөргөндөн кийин аны өзгөртүү кыйын болуп калат.

Париждеги Эйфил мунарасынын моделин силерге көрсөтөйүн.

Моделдөө бир нече этаптарга бөлүнөт.

  • Апабыздын туулган күнүнө арнап гүл жасашым керек деп максат коебуз.

  • Бул гүлдү эмнеден жасайм кагазданбы, кебезденби.

  • Кантип жасайм ошолорду пландаштырып эки командага ромашка жана тюльпан гүлүн жасап эксперимент жүргүзөбүз.

Эми жасаган гүлдөрүбүздү жакшы көргөн агай-эжекелерибизге белек кылабыз.


Бышыктоо: Төмөндөгү суроолорго жооп бергенге аракет кылабыз:

  • Модель деген эмне?

  • Моделдөө деген эмне ?

  • Моделдөөнүн обьектилери деген эмне ?

  • Модель канча бөлүккө бөлүнөт ?

  • Маалыматтык моделдердин формасы кандай ?

  • Маалыматтык моделдерге мисал келтиргиле?


Сабакты баалоо: Баалоодо балдар бири бирин же оздорун оздору баалашат.

Уйго тапшырма Келечекте сен тандаган кесиптин моделин түзүү.

Ал модел биз үчүн кандай мааниге ээ экендигин аныктоо?




С

Фрагментти очуруу

Таблица тузуу

Текстти кагазга басып чыгаруу

Маектешуу

Буткул дуйнолук желе

Компьютерлердин буткул дуйнолук байланышыш

абактын темасы
: Эсептөө системалары.

Сабактын максаты: Сандар, эсептөө системасы жөнүндө түшунүк берүү.

Сабактын тиби: интерактивдуу.

Сабактын методдору жана ыкмалары: Оз алдынча иштоо, топто иштоо.

Сабактын жабдылышы: ватман, маркер, сурот, ноутбук, түстүү барактар.

Сабактын журушу:

Уюштуруу:

А) Саламдашуу;

Б) Окуучулардын окуу куралын толуктоо;

В) Класстын абалына коз салуу;

Г) Сабактын темасын атоо; Эсептөө системалары.

Д) Сабактын максатын тушундуруу; Мисал келтирүүгө, өз алдынча ойлонууга көнүгүшөт.

Е) Баалоо каражаты менен тааныштыруу;

Жаны тема: Сан түшүнүгү математика үчүн эле эмес, информатика үчүн да фундаменталдуу б.э. ЭС деген дагы бир түшүнүк сандар менен тыгыз байланышкан.

ЭС- бул сандарды жана алар менен болгон тийиштүү амалдардын эрежелерин чагылдыруу ыкмасы.

ЭС эки топко бөлүнөт.

Позициялык жана позициялык эмес

Позициялык эмес ЭС.адам санаганды биле баштаган байыркы убакта сандарды жазуу муктаждыктары келип чыккан. Предметтердин санын кандайдыр бир белгилердин (сызыкчалардын, чекиттердин, жыгачтагы оюктардын) барабар санынын жардамы менен чагылдырышкан. Палеолит доорундагы сөөктөгү, таштагы жазуулар учтөн, бештен,жетиден, ондон топтоого аракеттенгендигин көрсөттү. Мындай топтоо эсептөөнү женилдеткен. Адамдар бирдиктер менен эле саноону үйрөнбөстөн үчтүктөр, бештиктер менен саноону үйрөнүшкөн. Адамдын биринчи эсептөө куралы манжалары эсептелген

Кийинчерээк ондун ондугу(жүздүк), жүздун ондугу (миндик) д.э. сандарды жазууда ыйгайлуу болушу үчүн цифра деп аталган белгилерди пайдалана башташкан. Предметтерди саноодо жуздөн экөө, ондуктан бешөө, бирдиктен төртөө болсо эки жүздук,беш ондук төрт бирдиктин белгисин төрт жолу кайталашкан. Мындай эсептөө ситемасы позициялык эмес ЭС д.а.

Бизге номурларды коюуда кылымдардын, томдордун, китептеги главалардын номурлары жазууда рим цифралары колдонулуп келген. Римдик системада цифралар катары латын тамгалары пайдаланылат.



I V X L C D M

1 5 10 50 100 500 1000


CCXXXII-232

позициялык эмес ЭС