СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Мугалимдин каталары.

Категория: Завучу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Мугалимдин каталары.»

Мугалимдин каталары: Бир адам-бир адамды өзгөртөт, Бир адам –бир ааламды өзгөртөт.

Мугалимдин каталары:

Бир адам-бир адамды өзгөртөт,

Бир адам –бир ааламды өзгөртөт.

 Педагогдун ишиндеги каталар окутуу жана тарбиялоо процессинин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Алар окуучулар менен иштөө методдорун, стратегияларын жана тактикасын туура эмес тандоодон келип чыгат. Ката - бул окуучулардын окуусуна жана өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизген туура эмес иш-аракет же чечим. Каталар ар кандай себептерден улам келип чыгышы мүмкүн. Алардын айрымдары тарбиячынын билиминин жана чеберчилигинин жетишсиздиги, окуу программасын туура эмес түшүнүү же окутуу методдорун туура эмес колдонуу менен байланыштуу. Дагы башка каталар окуучулардын материалды туура эмес кабыл алуусу жана түшүнүүсү, мотивациянын жетишсиздиги же окуу процессин уюштурууга туура эмес мамиле кылуу менен байланыштуу болушу мүмкүн.

Педагогдун ишиндеги каталар окутуу жана тарбиялоо процессинин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Алар окуучулар менен иштөө методдорун, стратегияларын жана тактикасын туура эмес тандоодон келип чыгат. Ката - бул окуучулардын окуусуна жана өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизген туура эмес иш-аракет же чечим.

Каталар ар кандай себептерден улам келип чыгышы мүмкүн. Алардын айрымдары тарбиячынын билиминин жана чеберчилигинин жетишсиздиги, окуу программасын туура эмес түшүнүү же окутуу методдорун туура эмес колдонуу менен байланыштуу. Дагы башка каталар окуучулардын материалды туура эмес кабыл алуусу жана түшүнүүсү, мотивациянын жетишсиздиги же окуу процессин уюштурууга туура эмес мамиле кылуу менен байланыштуу болушу мүмкүн.

Окуу процессин пландаштырууда каталар:  Бул - убакыттын туура эмес бөлүштүрүлүшү, жумуштун методдорунун жана формаларынын туура эмес тандалышы, материалды окуучулардын даярдык деңгээлине ылайыкташтыруунун жетишсиздиги менен байланыштуу. Мисалы, мугалим тапшырмалардын татаалдыгын толук баалабай өтө оңой тапшырма берип калышы мүмкүн же тескерисинче, окуучулардын бул тобу үчүн өтө татаал тапшырмаларды бериши мүмкүн.

Окуу процессин пландаштырууда каталар:

Бул - убакыттын туура эмес бөлүштүрүлүшү, жумуштун методдорунун жана формаларынын туура эмес тандалышы, материалды окуучулардын даярдык деңгээлине ылайыкташтыруунун жетишсиздиги менен байланыштуу. Мисалы, мугалим тапшырмалардын татаалдыгын толук баалабай өтө оңой тапшырма берип калышы мүмкүн же тескерисинче, окуучулардын бул тобу үчүн өтө татаал тапшырмаларды бериши мүмкүн.

Окуу процессин уюштуруудагы каталар:  Бул - агартуучулук ыкмаларын жана түрлөрүн туура эмес тандоо, окуучулардын жетишсиз мотивациясы, окуу материалдарын жана техникалык каражаттарды туура эмес пайдалануу менен байланыштуу. Мисалы, мугалим топтук ишти уюштура албай, жетиштүү окуу материалдары менен камсыз кыла албай же окуу процессинде интерактивдүү технологияларды колдонбой калышы мүмкүн.

Окуу процессин уюштуруудагы каталар:

Бул - агартуучулук ыкмаларын жана түрлөрүн туура эмес тандоо, окуучулардын жетишсиз мотивациясы, окуу материалдарын жана техникалык каражаттарды туура эмес пайдалануу менен байланыштуу. Мисалы, мугалим топтук ишти уюштура албай, жетиштүү окуу материалдары менен камсыз кыла албай же окуу процессинде интерактивдүү технологияларды колдонбой калышы мүмкүн.

Билимди баалоодо жана контролдоодо каталар:  Бул - билимди баалоо методдорун туура эмес тандоо, баалоо критерийлеринин туура эмес түзүү, баалоодо объективдүүлүктүн жетишсиздиги менен байланыштуу. Мисалы, тарбиячы окуучулардын билимин баалабай же ашыкча баалап, ар бир окуучунун жеке өзгөчөлүктөрүн эске албашы же тесттик иштерди жүргүзүүдө жетиштүү объективдүүлүктү камсыз кылбашы мүмкүн.

Билимди баалоодо жана контролдоодо каталар:

Бул - билимди баалоо методдорун туура эмес тандоо, баалоо критерийлеринин туура эмес түзүү, баалоодо объективдүүлүктүн жетишсиздиги менен байланыштуу. Мисалы, тарбиячы окуучулардын билимин баалабай же ашыкча баалап, ар бир окуучунун жеке өзгөчөлүктөрүн эске албашы же тесттик иштерди жүргүзүүдө жетиштүү объективдүүлүктү камсыз кылбашы мүмкүн.

Окуучулар менен өз ара мамиледеги каталар:  Бул - коммуникация түрлөрүн туура эмес тандоо, түшүндүрмөлөрдү жетиштүү так жана түшүнүктүү эмес, окуучулар менен туура эмес мамиле менен байланышкан. Мисалы, мугалим ар бир окуучунун жеке өзгөчөлүктөрүн эске албашы, окуучулар менен ишенимдүү мамиле түзбөшү же түшүндүрмөлөрдүн жетиштүү так жана түшүнүктүү болушун камсыз кылбашы мүмкүн. Бирок педагогикалык каталар сөзсүз жана орду толгус нерсе эмес экендигин белгилей кетүү маанилүү. Алар оңдолуп, андан аркы педагогикалык иште эске алынышы гана керек. Бул үчүн өз ишиңизди талдап, каталарыңыздан сабак алып, кесиптик жөндөмүңүздү тынымсыз өркүндөтүп туруу керек.

Окуучулар менен өз ара мамиледеги каталар:

Бул - коммуникация түрлөрүн туура эмес тандоо, түшүндүрмөлөрдү жетиштүү так жана түшүнүктүү эмес, окуучулар менен туура эмес мамиле менен байланышкан. Мисалы, мугалим ар бир окуучунун жеке өзгөчөлүктөрүн эске албашы, окуучулар менен ишенимдүү мамиле түзбөшү же түшүндүрмөлөрдүн жетиштүү так жана түшүнүктүү болушун камсыз кылбашы мүмкүн. Бирок педагогикалык каталар сөзсүз жана орду толгус нерсе эмес экендигин белгилей кетүү маанилүү. Алар оңдолуп, андан аркы педагогикалык иште эске алынышы гана керек. Бул үчүн өз ишиңизди талдап, каталарыңыздан сабак алып, кесиптик жөндөмүңүздү тынымсыз өркүндөтүп туруу керек.

Мугалимдин сабактагы 13 негизги катасы.  Мугалимдердин байкабастан же атайылап кетирген каталары жөнүндө. Ошентип, мугалим класста эмне кылганга болбойт? Мугалим - бул сабактын тартылуу борбору жана класстын падышасы. Бул бийликти сактоо керек. Бүгүн сиздин начар жумуш күнүңүз болсо дагы алдыдагы 13 катага жол берүүдөн колдон келсе сактаныңыз. Бардык мугалимдердин жаман күндөрү болот жана бардык мугалимдер ката кетиришет. Бул табыгий кадимки эле көрүнүш! Ошентсе да, мугалимдик-агартуучулук дүйнөдөгү эң жооптуу кызматтардын бири жана балдардын көз алдында өзүңүздү бийик кармоо сиздин милдетиңиз. Төмөндө класста колдон келсе кылбай турган 10 нерсенин тизмеси.

Мугалимдин сабактагы 13 негизги катасы.

Мугалимдердин байкабастан же атайылап кетирген каталары жөнүндө. Ошентип, мугалим класста эмне кылганга болбойт?

Мугалим - бул сабактын тартылуу борбору жана класстын падышасы. Бул бийликти сактоо керек. Бүгүн сиздин начар жумуш күнүңүз болсо дагы алдыдагы 13 катага жол берүүдөн колдон келсе сактаныңыз.

Бардык мугалимдердин жаман күндөрү болот жана бардык мугалимдер ката кетиришет. Бул табыгий кадимки эле көрүнүш! Ошентсе да, мугалимдик-агартуучулук дүйнөдөгү эң жооптуу кызматтардын бири жана балдардын көз алдында өзүңүздү бийик кармоо сиздин милдетиңиз. Төмөндө класста колдон келсе кылбай турган 10 нерсенин тизмеси.

 1. «Белги» (ярлык) коюу.           Эгерде мугалим кайсы бир окуучу жөнүндө жеке пикири түзүлүп калса, анда ал пикир окуу жылдын аягына чейин оңой менен өзгөрбөйт. «Двоечниктин» репутациясы менен окуучуга, кийин анын билим деңгээли классташтарынан жогорулап калса дагы, «Мыкты» деген репутацияга жетүү оңой болбойт. Мугалимдин мындай позициясы жана мамилеси окуучунун окууга болгон каалоосун талкалап коюшу толук мүмкүн. Бирок, көптөгөн мугалимдер мындай өжөрлүгүн принципиалдуу деп аташат жана мүнөзүнүн бир өзгөчөлүгү деп сыймыктанышат.

1. «Белги» (ярлык) коюу.

Эгерде мугалим кайсы бир окуучу жөнүндө жеке пикири түзүлүп калса, анда ал пикир окуу жылдын аягына чейин оңой менен өзгөрбөйт. «Двоечниктин» репутациясы менен окуучуга, кийин анын билим деңгээли классташтарынан жогорулап калса дагы, «Мыкты» деген репутацияга жетүү оңой болбойт. Мугалимдин мындай позициясы жана мамилеси окуучунун окууга болгон каалоосун талкалап коюшу толук мүмкүн. Бирок, көптөгөн мугалимдер мындай өжөрлүгүн принципиалдуу деп аташат жана мүнөзүнүн бир өзгөчөлүгү деп сыймыктанышат.

 2. Адилетсиздик көрсөтүү.          Кээде мугалим өзүнүн предмети боюнча олимпиадага барса окуучуга жогорку баа берүүнү убада кылат. Бирок чейректин аягында мындай убадалар көп учурда унутулуп калат. Мугалимге болгон ишенимин жоготуп, окуучу сабактарын калтыра баштайт, предметке кызыкпай калат, мугалим менен болгон мамиле да бузулат. Бул өз кезегинде ЖОЖго тапшырганда кыйынчылыктарга жана бузулган күбөлүккө алып келет.

2. Адилетсиздик көрсөтүү.

Кээде мугалим өзүнүн предмети боюнча олимпиадага барса окуучуга жогорку баа берүүнү убада кылат. Бирок чейректин аягында мындай убадалар көп учурда унутулуп калат. Мугалимге болгон ишенимин жоготуп, окуучу сабактарын калтыра баштайт, предметке кызыкпай калат, мугалим менен болгон мамиле да бузулат. Бул өз кезегинде ЖОЖго тапшырганда кыйынчылыктарга жана бузулган күбөлүккө алып келет.

 3. Кыйкырыкка өтүү.           Айрым мугалимдер окуучуларга үнүн көтөрүп гана койбостон, кээде орой сөздөрдү айтууга да өтүшөт. Себептер көп болушу мүмкүн - мугалимдин чарчоосу, баланын чыдагыс жүрүм-туруму... бирок сезимдерин башкара билүү бул биринчи керекте чоң кишинин - мугалимдин милдети. Айрым сезимтал балдар мугалим кыйкыргандан кийин кекечтене башташат. Окуучулардын бүтүндөй мектепке карата болгон жек көрүү сезимин өрчүтүшөт.

3. Кыйкырыкка өтүү.

Айрым мугалимдер окуучуларга үнүн көтөрүп гана койбостон, кээде орой сөздөрдү айтууга да өтүшөт. Себептер көп болушу мүмкүн - мугалимдин чарчоосу, баланын чыдагыс жүрүм-туруму... бирок сезимдерин башкара билүү бул биринчи керекте чоң кишинин - мугалимдин милдети. Айрым сезимтал балдар мугалим кыйкыргандан кийин кекечтене башташат. Окуучулардын бүтүндөй мектепке карата болгон жек көрүү сезимин өрчүтүшөт.

 4. Сабактын ордуна шоу көрсөтүү.         Мультимедиа көмөктөшүүчү мүнөзгө гана ээ. Сабак учурунда кооз слайддардын жана таасирдүү окуу видеолорунун барымтасында калуунун кажети жок. Биз окуучулардын түшүнүгү жогорулап, жаңы нерселерди үйрөнүүсү боюнча баалуу педагогикалык маектешүүнүн мүнөттөрүн жоготуп жатканыбызды баамдашыбыз абзел.

4. Сабактын ордуна шоу көрсөтүү.

Мультимедиа көмөктөшүүчү мүнөзгө гана ээ. Сабак учурунда кооз слайддардын жана таасирдүү окуу видеолорунун барымтасында калуунун кажети жок. Биз окуучулардын түшүнүгү жогорулап, жаңы нерселерди үйрөнүүсү боюнча баалуу педагогикалык маектешүүнүн мүнөттөрүн жоготуп жатканыбызды баамдашыбыз абзел.

 5. Лекция окуу.            Мектепте жаңы материалды берүүнүн мындай форматы ылайыксыз. Анткени сабакта маектешүүнүн (диалог) жоктугу жана окуучулардын көз карашынын жоктугу-бул жакшы эмес. Мугалим дептери же акыркы кездеги кооз кагаз планшеттери, жада калса электрондук планшеттери менен класста басып жүрбөшү керек. Слайддардын мазмунун окуй бергени окуучулардын мындай мугалимге болгон ишениминин жоголушуна алып келет жана окуучулар менен маектешүү чоюлган жана үзгүлтүк болгон абалга келип калат. Окуучулар менен кайтарым байланыш начарлайт.

5. Лекция окуу.

Мектепте жаңы материалды берүүнүн мындай форматы ылайыксыз. Анткени сабакта маектешүүнүн (диалог) жоктугу жана окуучулардын көз карашынын жоктугу-бул жакшы эмес. Мугалим дептери же акыркы кездеги кооз кагаз планшеттери, жада калса электрондук планшеттери менен класста басып жүрбөшү керек. Слайддардын мазмунун окуй бергени окуучулардын мындай мугалимге болгон ишениминин жоголушуна алып келет жана окуучулар менен маектешүү чоюлган жана үзгүлтүк болгон абалга келип калат. Окуучулар менен кайтарым байланыш начарлайт.

 6. Окуучулардын көйгөйлөрүн жүрөккө жакын кабыл алуу.     Эксперттер турмуштук оор шарттагы окуучулар менен иштеген мугалимдерге мындай окуучулардын көйгөйлөрүн жүрөккө жакын кабыл алуу жакшы эмес деп эсептешет. Анткени, устаттын милдети – бул тажрыйбасынан бөлүшүү, конкреттүү маселени чечүү, билим жана көндүмдөрдү берүү болуп саналат. Эгер сиз анын ордуна баланы аяп, боор ооруп болушкан абалда кырдаалга объективдүү карабасаңыз, мындай мамиледен окуучу үчүн эч кандай пайдалуу нерсе чыкпайт. Ооба, мындай турмуштук оор кырдаалга туштуккан окуучулардын таянаар тоосу болгуңуз келет чыгаар, бирок ал таяныч солкулдаган мажүрүм тал эмес сөңгөгү бекем чоң дарак болгону дурусураак да.

6. Окуучулардын көйгөйлөрүн жүрөккө жакын кабыл алуу.

Эксперттер турмуштук оор шарттагы окуучулар менен иштеген мугалимдерге мындай окуучулардын көйгөйлөрүн жүрөккө жакын кабыл алуу жакшы эмес деп эсептешет. Анткени, устаттын милдети – бул тажрыйбасынан бөлүшүү, конкреттүү маселени чечүү, билим жана көндүмдөрдү берүү болуп саналат. Эгер сиз анын ордуна баланы аяп, боор ооруп болушкан абалда кырдаалга объективдүү карабасаңыз, мындай мамиледен окуучу үчүн эч кандай пайдалуу нерсе чыкпайт. Ооба, мындай турмуштук оор кырдаалга туштуккан окуучулардын таянаар тоосу болгуңуз келет чыгаар, бирок ал таяныч солкулдаган мажүрүм тал эмес сөңгөгү бекем чоң дарак болгону дурусураак да.

7. Сүймөнчүктүү окуучулар (любимчик)        Эгер сиздин сүймөнчүктүү окуучуларыңыз бар болсо, анда бул жакшы, нормалдуу эле көрүнүш. Бирок Сиз алардын тапшырмасын жеңилдетип, класстагы башка окуучулардан өзгөчөлөнтүп коштоп, колдоп, кубаттап турсаңыз анда бул жакшы эмес. Классыңыздагы бардык окуучулар менен бирдей мамиледе болуп, бардыгына бирдей адилеттүү болгонго аракет кылганыңыз бардыгына пайдалуу болмокчу.

7. Сүймөнчүктүү окуучулар (любимчик)

Эгер сиздин сүймөнчүктүү окуучуларыңыз бар болсо, анда бул жакшы, нормалдуу эле көрүнүш. Бирок Сиз алардын тапшырмасын жеңилдетип, класстагы башка окуучулардан өзгөчөлөнтүп коштоп, колдоп, кубаттап турсаңыз анда бул жакшы эмес. Классыңыздагы бардык окуучулар менен бирдей мамиледе болуп, бардыгына бирдей адилеттүү болгонго аракет кылганыңыз бардыгына пайдалуу болмокчу.

 8. Күнү бою отура берүү.           Мындай жорук ден-соолукка да жана окуу процессине да зыяндуу. Дене жибитүү балдар үчүн гана эмес, ошондой эле мугалим үчүн да жакшы. Баса, Японияда мугалим сабак бою турушу же басышы керек экен.

8. Күнү бою отура берүү.

Мындай жорук ден-соолукка да жана окуу процессине да зыяндуу. Дене жибитүү балдар үчүн гана эмес, ошондой эле мугалим үчүн да жакшы. Баса, Японияда мугалим сабак бою турушу же басышы керек экен.

 9. Кечигип келүү.            Өзүңүз үлгү болуу аркылуу окуучулардагы Сиз күткөн жүрүм-турумду моделдештирүү жана калыптандыруу сиз үчүн мугалим катары абдан маанилүү. Мүмкүн болушунча так жана пунктуалдуу болгонго аракет кылыңыз. А эгер кандайдыр бир жүйөлүү себептерден улам кечиккен болсоңуз анда сөзсүз окуучулардын кечирим сураганды адат кылыңыз.

9. Кечигип келүү.

Өзүңүз үлгү болуу аркылуу окуучулардагы Сиз күткөн жүрүм-турумду моделдештирүү жана калыптандыруу сиз үчүн мугалим катары абдан маанилүү. Мүмкүн болушунча так жана пунктуалдуу болгонго аракет кылыңыз. А эгер кандайдыр бир жүйөлүү себептерден улам кечиккен болсоңуз анда сөзсүз окуучулардын кечирим сураганды адат кылыңыз.

 10. Класста түшкү тамактануу          Сиз таң калышыңыз мүмкүн, бирок көптөгөн мугалимдер түшкү тамагын класска алып келип жешет! Албетте, бул мугалимдин образына да, анын статусуна да туура келбейт. Башталгыч класстардагы балдарды колдоо катары коньфет, печенье берип койсо болоттур, бирок класс контролдук көнүгүү жазып жатканда банкага салынган плов алып чыгууга таптакыр жол берилбейт.

10. Класста түшкү тамактануу

Сиз таң калышыңыз мүмкүн, бирок көптөгөн мугалимдер түшкү тамагын класска алып келип жешет! Албетте, бул мугалимдин образына да, анын статусуна да туура келбейт. Башталгыч класстардагы балдарды колдоо катары коньфет, печенье берип койсо болоттур, бирок класс контролдук көнүгүү жазып жатканда банкага салынган плов алып чыгууга таптакыр жол берилбейт.

 11. Өзүн-өзү өркүндөтүүнү каалабаган мугалим.       Ар бир мугалим муруңку жылга караганда жакшыраак, билимдүүрөөк болууга аракет кылышы керек. Кошумча билим алуу тарбиячыга класс менен өз ара аракеттенүүдө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачканга мүмкүнчүлүк берет. Дал ушундай өзүнүн предметин берилип сүйгөн жана тынымсыз билимин жогорулатып турууга ынтызар адам гана идеалдуу педагог болууга толук мүмкүнчүлүгү бар.

11. Өзүн-өзү өркүндөтүүнү каалабаган мугалим.

Ар бир мугалим муруңку жылга караганда жакшыраак, билимдүүрөөк болууга аракет кылышы керек. Кошумча билим алуу тарбиячыга класс менен өз ара аракеттенүүдө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачканга мүмкүнчүлүк берет. Дал ушундай өзүнүн предметин берилип сүйгөн жана тынымсыз билимин жогорулатып турууга ынтызар адам гана идеалдуу педагог болууга толук мүмкүнчүлүгү бар.

 12. Заманбап маалыматтык технологияларды пайдаланганды билбегендик.   Технологиялык мүмкүнчүлүктөр өтө тездик менен өнүгүп жаткан мезгилде балдарга билим берген мугалимдердин дагы заманга жараша эң жөнөкөй маалыматтык жабдууларды пайдалана билүүсү абдан маанилүү талаптардын бири. Бул багытта мугалимдин жөндөмү окуучулардыкынан артта боло турган болсо айрым окуучулар алдында мугалимдин кадыр баркынын төмөндөйт. Ошондой эле бул багыттагы билим жана жөндөмдөр окуучуларга сабак өтүүнүн жаңы заманбап жолдоруна да мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

12. Заманбап маалыматтык технологияларды пайдаланганды билбегендик.

Технологиялык мүмкүнчүлүктөр өтө тездик менен өнүгүп жаткан мезгилде балдарга билим берген мугалимдердин дагы заманга жараша эң жөнөкөй маалыматтык жабдууларды пайдалана билүүсү абдан маанилүү талаптардын бири. Бул багытта мугалимдин жөндөмү окуучулардыкынан артта боло турган болсо айрым окуучулар алдында мугалимдин кадыр баркынын төмөндөйт. Ошондой эле бул багыттагы билим жана жөндөмдөр окуучуларга сабак өтүүнүн жаңы заманбап жолдоруна да мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Көңүл бурганыңыздарга чоң рахмат

Көңүл бурганыңыздарга

чоң рахмат