Просмотр содержимого документа
«Мультимедиа технологиялары»
Тема
Мультимедиа технологиясы
6-класс
Информатика мугалими: Кыдырмаева Набира
Сабактын максаты
- Мультимедиа технологиясы жөнүндө түшүнүк аласыңар.
- Алган жаңы маалыматтарды тапшырмаларды аткарууда пайдаланып, өз алдынча ой жүгүртүүңөрдү өстүрөсүңөр.
- Активдүү болууга жана кызматташтыкта иштөөгө тарбияланасыңар.
Мультимедиа – бул экранда маалыматты (текстти жана графиканы) үн жана кыймыл менен бириктирүүнү камсыз кылуучу атайын программалык жабдык.
Маанилүү терминдер:
- Мультимедиа технологиясы;
- Мультимедиалык продуктылар;
- Үндү дискреттештирүү;
- Үн картасы;
- Кыймылдын эффекти.
Мультимедиа термини англ. multi – көп, media - маалымат каражаттары деген сөздөрүнөн алынып, multimedia – көп маалымат каржаттары деп которулат.
Колдонуучу көптөгөн компьютердик программалар менен иштеп жатып, текстти жана кыймылдабаган сүрөттөрдү көрбөстөн, үндөрдү дагы угат, анимацияларды жана видеороликтерди көрөт. Бул учурда, эреже катары, анын интерактивдик(диалогдук) режимде иштөө мүмкүнчүлүгү бар. Мындай мүмкүнчүлүктөрдү мультимедиа технологиясы камсыздайт.
Мультимедиа технологиясы – бул интерактивдик (диалогдук) режимде үн, видеороликтер, анимациялар, статикалык сүрөттөлүштөр жана тексттер менен бир эле убакытта иштөөнү камсыз кылуучу технология.
Анимация
Видео
Графика (сүрөттөр)
Текст
Үн (аудио)
Мультимедиалык технологиясынын колдонулушу
Билим берүүдө
- электрондук китептер;
- мультимедиалык энциклопедиялар жана маалымдамалар;
- виртуалдык лабораториялар; ж.б.
Мультимедиалык технологиясынын колдонулушу
Маданият менен искусстводо
- компьютердик гиддер;
- дүйнө жүзүндөгү музейлер жана тарыхый жайлар боюнча виртуалдык экскурсиялар;
- живопистик чыгармалардын жана музыкалык чыгармалардын коллекциялары;
Мультимедиалык технологиясынын колдонулушу
Илимде жана бизнесте
- компьютердик моделдөө системалары;
- Медициналык экспертизалары;
- компьютердик оюндары;
- реклама;
- адам ишмердүүлүгүнүн башка чөйрөлөрүндө кеңири колдонулат.
Мультимедиалык продуктылар
Мультимедиа технологиясы ар түрдүү мультимедиалык продуктыларды түзүүгө негизделген. Мультимедиалык продуктыга учурдагы компьютердик оюндардын көпчүлүгү кирет.
Мультимедиалык продуктылар
менен иштөөгө компьютер – микрофон,
аудиоколонка же кулактелефону
(наушник), үндүк карта, оптикалык
дисктерди окуучу түзүлүш
менен камсыз болушу керек.
Бышыктоо үчүн суроолор:
- Мультимедиа деген эмне?
- Мультимедианын негизги курамдары кайсылар?
- Мультимедиа технологиясы кайда колдонулат?
- Мультимедиалык продуктылар менен иштөөгө компьютер эмнелер менен камсыз болушу керек?
Үйгө тапшырма
Силерге дүйнөдөгү эң мыкты музейлердин бири – Санкт-Петербургдагы Мамлекеттик Эрмитажга барып келүүнү сунуштайм. Ал үчүн http://www.hermitagemuseum.org/ сайтынан “виртуальный визит” бөлүгүнөн “начать тур” дегенге киргиле. Видеороликтерди көрүп, Эрмитаждын залдары боюнча виртуалдык экскурсияларды жасагыла. Силерди кызыктырган экспонаттар жөнүндө кыскача баяндама жазгыла.