Сабактын темасы: Комуз- улуттун сыймыгы.
Сабактын максаты:
1.комуз улуттук аспаб экендигин билип, анын жаралуу
тарыхы менен таанышышат.
2. Логикалык ойлоо жөндөмдүүлүгү өнүгөт.
3. Ата-бабаларыбыздан бери мурас болуп келе жаткан
комузду кадырлап , барктоого тарбияланышат
Сабактын тиби: Бышыктоо.
Сабактын жабдылышы: Түсүү сүрөттөр, ватман,маркер.
Сабактын жүрүшү: Уюштуруу.
а). Жагымдуу маанай түзөт.
б). Жаңы тема.
1. Комуз жөнүндө ыр.
Чебердин тийсе кол учу,
Чер жазган мукам добушу.
Чертилип келдин байыртан,
Чечен тил кыргыз комузу.
Комуз кыргыз элинин эң байыркы жана сүйүктүү музыкалык
аспаптарынын бири. Ал эл арасында кеңири тараган.
Комуз- өрүк, арча, жаңгак, алмурут сыяктуу катуу жыгачтардан жасалат. Карагай тактайы менен жука капкакталат. Кылы жапайы тоо эчкинин ичегисинен жасалат. Комузда жөнөкөй обондордон тартып залкар, жагымдуу угулат.
Комуз бир нече бөлүктөрдөн турат.
Алар: чарасы, моюну, капкагы, тепкеси, кылы, кыл боосу жана кулактары. Комуздун таралышы жөнүндө мындай бир уламыш айтылат.
Маймыл капыстан кол салган жырткычтан качып, карды жарылып, ичегиси бутка илинген боюнча калат. Ичеги күнгө куурап, жел жүргөн сайын андан жагымдуу коңур добуш чыккан. Жаратылыштын мындай жандуу кубулушуна таасирленген Камбаркан устанын алгач жыгачты сомдоп, андан соң ага ичегиден кыл тагып комуз аспабын жараткан деп элде айтылып келет. Мына ошентип байыркы “ Камбаркан” күүсүнүн соңунан көптөгөн күүлөр жаралып бүгүнкү күнгө келип жеткен.
Комуз деген сөзгө снквейн түзүшөт.
1. Комуз (зат атооч)
2. Кооз, узун (сын атооч)
3. Чертилет, буралат, аткарылат (этиш)
4. Комуз- кыргыздын улуттук аспабы (сүйлөм)
5. Чертмек (маанисине окшош сөз)
Бышыктоо:
Комуз жөнүндө текст түздүрүү.
Үй тапшырма:
Комуз жөнүндө класстер түзөт.
Сабактын темасы: Адамдын негизги байлыгы – ден соолук.
Сабактын максаты:
1. Адам баласы үчүн ден соолук биринчи орунда турары
жөнүндө түшүнүк алышат.
2. Кабыл алуусу, ойлоо жөндөмдүүлүгү өнүгөт.
3. Гигиеналык эрежелерди туура пайдалануу керек
экендигин билишет.
Сабактын тиби: Жаңы теманы түшүндүрүү.
Сабактын жабдылышы: сүрөттөр, карточкалар.
Сабактын жүрүшүү: Уюштуруу.
а) Алтын эрежени кабыл алуу.
б) Жаңы тема.
Адам өзүнүн ден соолугуна сөзсүз түрдө кам көрүшү керек. Эгер кам көрбөсө ооруйт. Адам аз уктап, таза абада сейрек болсо, аз кыймылдаса, узак телевизор көрсө же компьютерде отурса организм чарчап алсызданат. Туура эмес тамактанса, боюна карабаса, өтө ысып же үшүп кетсе ал адамдын организми ооруга жакын болот.
Адамдын организми көптөгөн инфекциялар менен күрөшөт. Силер бул иште организмиңерге жардам бере аласыңар.
Эгер силер күндө белгиленген убакта уктап, тамактанып, иштеген болсоңор, организмиңер ушул тартипке көнөт да толук күч менен иштеп аз чарчайт жана көп оорубайт. Адам бир суткада 10 саат уктоо керек.
Ден соолугу чың адам суук тийген илдеттер менен оорубайт.
Күн, суу, аба ден соолукту чыңдоого жардам берет.
Пайдалуу кеңеш.
1. Күн күйгөнгө жана денени чыңдоого жардам берет.
Күндүн куралы организмди витаминдер менен каныктырат. Бирок күн кооптуу болушу мүмкүн. Өтө ысыкта жүрүүнүн кереги жок.
2. Таза абада көбүрөөк болгула.Ойноп, спорт менен машыгып, зарядка жасагыла.
3. Өз бөлмөңөрдү тез-тез желдетип тургула. Уктаганда форточканы ачып койгула.
4. Суу денени мыкты чыңдайт. Эртең менен сууга чайканып, денеңерди сүлгү менен сүрткүлө.
Жайкысын көлмөлөргө түшкүлө.
ВЕНдин диограммасы
Дени сак Оорулуу адам.
адам.
Бышыктоо:
1. организмди чыңдоо үчүн эмне керек?
2. Кандай макал билесиңер?
Үй тапшырма: Сүрөт тартуу.