Просмотр содержимого документа
«Ой жүгүртүүнүн мүнөздүү белгилери»
Бири – бирибизге жагымдуу маанай каалайбыз!
Алтын эреже Бири – бирин сыйлоо Сөздү кайталабоо Ойлонуп, токтобой сүйлөө Башка темага өтүп кетпөө Шыбырап айтып бербөө Ар дайым сабакта эрежелерди сактайбыз!
«Эркин жазуу» усулу Үй тапшырмасы: Сүрөттөөнүн объектилери : жандуу, жансыз заттар, орун, айлана – чөйрө, ал – абалды сүрөттөө тексттин түзүү
Кеп деген эмне?
«Геометриялык фигуралар «
усулу
Кептин түрлөрү
жазма тил
Адабий тил
оозеки тил
диалог
монолог
баяндоо
сүрөттөө
ой
жүгүртүү
Сабактын темасы: Ой жүгүртүүнүн мүнөздүү белгилери
Сабактын максаты: Окуучулар логикалык ойлонууну, суроо бере билүүнү, бир нерсеге байкоо жүргүзө алууну, салыштырууну, себептерди далилдүү факт, аргументтердин негизинде таба алууга, өз алдынча тыянак чыгара билүүнү билишет. Бардык окуя, көрүнүштөргө, аң – сезимдүү мамиле жасап, талдай алууга, чыгармачыл ой жүгүртүүгө көнүгүшүп, түшүнүк элестөөлөрүн байытат.
Баяндооо
Турмушта болуп жаткан, болуп өткөн жана боло турган окуяны, жаратылыштын кубулушун ирети менен кабарлоо
Сүрөттөө
Заттын белгилерин ачып көрсөтүүчү кептин бир түрү
Ой жүгүртүү
Кептин башка түрлөрүнө караганда ой жүгүртүү татаал болот. Далилдерге таянуу менен оюн берүү – ой жүгүртүү деп аталат. Бул кептин илимий стили менен тыгыз байланышта. Окуя, көрүнүштөрдүн , табияттын ар кыл кубулуштарынын келип чыгуу себебин, сырларын билүү, ачуу максатында зарыл материалдарды, аргумент - далилдерди суроо коюу аркылуу табуу.
Кептин мазмуну эмне үчүн ушундай ? эмне үчүн керек? кимге керек? деген суроолорго жооп берүүгө тийиш.
Ой жүгүртүүнүн түзүлүш схемасы
Тезис
эмне үчүн?
аргумент, факты, мисал,
себеби
корутундулар
эмнени
билебиз?
анткени
тыянак
“ Эмне үчүн “ техникасы
Бардык кесиптин аруусу Мугалим - эң ардактуу кесип. (тезис) Мугалим биздин экинчи ата – энебиз болуп эсептелет. Мугалимден окуп, андан таалим – тарбия албаган ким бар дүйнөдө? Устаты жок адам түшүмү кем талаага окшош. Устаттын улуулугу мына ушунда. Ошентип келечектин адистерин даярдоо иши мугалимден башталат. Биз бүгүн жакшы сөз айтсак, ал мугалимдин сөзү деп түшүнүү керек. Биздин жаштарда кандай жакшы сапаттар, иштер болсо, анын баары – мугалимдин эмгеги . (шарттар , себептер, эмнени билебиз? ) Эгер скульптор болсом, белгисиз асыл заттан тээ алда кайдан көрүнө тургандай кылып, мугалимдин айкелин орнотор элем. Ошол айкелдин бийиктиги менен мугалимдин бийиктиги ширелишип турууга тийиш . ( тыянак )
кесип
зарыл
51 – көнүгүү Текстте кептин ой жүгүртүү түрүнүн кайсы бөлүктөрү катышты ? Тексттин темасын аныктап, планын түзгүлө.
тыянак «Фишбон» усулу тезис
Тексттин планы
Тексттин татаал (кеңири) планы
Тексттеги айтылган ой толук, майда окуяларына чейин камтылат.
Тексттин жөнөкөй ( кыска) планы
Тексттеги ойдун урунттуу
учурларын көрсөтүү үчүн
жөнөкөй план түзүлөт
Жаратылыш – жан дүйнөм Жаратылыш – ааламдын материалдык дүнүйөсү, маңызы боюнча табигый илимдерди изилдөөчү объект. Турмушта “жаратылыш” сөзү көп учурда табигый жашоо чөйрө деп аталып жүрөт. Жаратылыш башка органикалык чөйрө катары дайыма өнүгүүдө жана кыймылда болуп турат. Жаратылыштын эң башкы өзгөчөлүгү – бул анын улам - улам алмаштырып туруучу мезгилдери, өсүү, өнүгүү фазасы. Жаратылыштын мезгил алмашуусу мезгилдердин физикалык кубулуш мезгили болуп эсептелинет.
«Галереяга саякат»
Бир мүнөттүк эссе а) Сен бүгүн билип алган нерселердин ичинен кайсынысы эң маанилүү? б) Кайсыл суроолор сага түшүнүксүз бойдон калды? в) Эмне жөнүндө көбүрөөк билдиң?
Үй тапшырмасы: 52 - көнүгүү