Окуу сабаттуулугу Кыргызстан PISA 2025
Атабекова Айгулья
Гуламидиновна
Бишкек 2023
Окуу сабаттуулугу
Окуу сабаттуулугу – инсандын алдыга коюлган максаттарына жетүү, билим деңгээлин жогорулатуу, мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, социалдык жашоо-турмушка аралашуу үчүн окуу менен алектенүү, адамдын жазуу жүзүндөгү тексттерди түшүнүү жана колдонуусу, алар жөнүндө ой жүгүртүү аларды пайдалануу жөндөмү.
Окуу сабаттуулугу
2.1. Кыргыз тил жана окуу предметин окутуунун максаты жана милдеттери
Кыргыз тили Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили болуп саналат. Кыргыз тили милдеттүү предмет катары Кыргыз тили бардык жалпы билим берүүчү, орто кесиптик жана жогорку окуу жайларында окулат.
Мамлекеттик тилди билүү орто мектепти аяктаган адамга өз өлкөсүнүн ийгиликтүү жана активдүү жараны болууга мүмкүндүк берет. Кыргыз тили жана окуу предметин окуп-үйрөнүү башталгыч класстын окуучуларынын функционалдык сабаттуулугун жана коммуникативдик компетенттүүлүгүн калыптандырууга багытталган.
Булар окуу процессинин негизи, окуучулардын ой жүгүртүүсүн, фантазиясын, интеллектуалдык жана чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүнүн каражаты болуп саналат жана инсанды ар тараптуу тарбиялоого, социалдаштырууга кызмат кылат. Текстти талдоо , системалаштыруу, кайра иштеп чыгуу , окуу ылдамдыгына жетишүү ж.б. талаптар башталгыч класстарда окуу жана түшүнүү көндүмдөрүн өнүктүрүүнү кайра кароону талап кылат.
Окуу сабатуулугунун аныктамасы
2009-2015ж.ж Окуу сабатуулугунун аныктамасы
Окуу сабатуулугунун аныктамасы 2018-жыл
Окуу сабаттуулугу – адамдын жазма тексттерди түшүнүү жана колдонуусу, алар жөнүндө ой жүгүртүү жана өз максатына жетүү, билимин жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, коомдук турмушка катышуу үчүн окууга тартуу жөндөмдүүлүгү.
Окуу сабаттуулугу – адамдын алдына койгон максаттарына жетүү, билимин жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, коомдук турмушка катышуу үчүн тексттерди түшүнүү, колдонуу, баалоо, алар жөнүндө ой жүгүртүү жана окууга тартуу жөндөмдүүлүгү.
Окуу сабатуулугу түшүнүгү өзгөрүүдө
Билим берүүнүн максаттары өзгөрүүдө: билимдер системасын өнүктүрүүдөн баштап, ар кандай маселелерди чечүү үчүн билимди колдонуу, керектүү маалыматты табуу, жаңы билимдерди жана технологияларды түзүү үчүн маалыматты трансформациялоо жөндөмүн калыптандырууга чейин өзгөрүүдө .
Жаңы технологиялар маалыматты окуу жана берүү мүнөзүн өзгөрттү,
Өзгөрүп жаткан контекстке тез ыңгайлашкан жана ар кандай маалымат булактарын колдонуу менен иштеп, окуй алган адистерге муктаждык пайда болду.
(Интернет менен камтуу: 1997-ж. – дүйнө калкынын 1,7%, 2014-ж. – 40,4%).
Жаңы көнүмдөр
1. түзмөктөр жана тиркемелерди түшүнүү жана алар менен иштөө үчүн окурмандар минималдуу МКТ сабаттуулугуна ээ болушу керек
OECD отчетунда электрондук (санариптик) тексттерди окууда төмөнкү көндүмдөрдүн маанилүүлүгү белгиленген:
2. алар керектүү тексттерге жетүү үчүн издөө системаларын колдоно билиши, менюлар, шилтемелер, өтмөктөр, пейджинг жана жылдыруу функциялары менен иштей алышы керек
3. ишенимдүү, объективдүү маалымат булактарын тандай билүү керек;
4. маалыматтын сапатын, толуктугун жана аныктыгын баалоо;
5. ар кандай булактардан алынган маалыматтарды салыштыруу, карама-каршылыктарды аныктоо жана чечүү жолун табуу.
PISA-2018 изилдөөсүндөгү окуу активдүүлүгүнүн түрлөрү (окуу көндүмдөрү ).
шар окуу
түшүнүү
ой жүгүртүү жана баалоо
маалыматты локалдаштыруу
Бат окуу- Шар окуу
- PISA изилдөөсүндө шар окуу – текстин негизин окуп түшүнүүдө эффективдүүлүгүн жана натыйжалуулук аныктайт.
- Шар окуу- үч башка ишти кыймыл аракетинен турат. Башка окуу иш-аракеттеринен көз карандысыз, шар окуу аркылуу баалаган тапшырмаларды киргизүү PISA 2018 изилдөөсүнүн жаңы багыты болуп саналат.
- Шар окуу төмөнкүчө бааланды: окуучуларга бир нече сүйлөмдөр өзүнчө берилди, берилген сүйлөмдөрдүн алардан мааниси барбы деп суралды . Алар сүйлөмдөгү маанини табуусу керек эле.
Терезе ырды бийик ырдады.
Жигит машинасы менен келип дүкөндүн жанына токтоду
Маалыматты локалдаштыруу
Маалыматты локалдаштыруу
Локализация деген эмне? Бул белгилүү бир жайга байланыштуулук, бир окуяны, кубулуштун, аракеттин белгилүү жайга токтолушу, чектелиши болуп саналат.
"Маалыматтын локализациясы" тартылган тексттердин санына жараша эки таанып билүү процессине бөлүнөт:
- карап чыгуу жана издөө - окурман бир тексти кароо керек. Себеби окурман бир нече сөздөрдү, сөз айкалыштарын же сандык маанилерди белгилеп алуу үчүн, ошол эле учурда текстти бүтүндөй түшүнүүнүн өзгөчө зарылчылыгы жок, анткени керектүү маалыматтар текстте сөзмө-сөз кайталанат;
- тиешелүү текстти тандоо жана издөө - окурман бир нече тексттер менен иш алып барууда керектелет. Бул айрыкча электрондук тектсерди окууга тиешелүү, мында жеткиликтүү тексттин жалпы көлөмү окурмандар иштеп чыга ала турган көлөмдөн алда канча көп болот. Керектүү маалыматты табуу үчүн алгач тиешелүү текстти тандоо керек. Бул иш-аракет үчүн тексттин уюштуруу түзүмү (аталышдар, автор, жарыяланган датасы) жана шилтемелер (мисалы, издөө натыйжаларынын беттери ) өзгөчө маанилүү.
Түшүнүү
«Түшүнүү» (мурунку циклдерде «интеграциялоо жана интерпретациялоо») бир же бир нече тексттин мазмунун бат элестетип чагылдырууну камтыйт. Башкача айтканда, окурман текстте камтылган маанини түшүнүшү керек.
Түшүнүү үчүн узундугу боюнча айырмаланган тексттерди түшүнүүдө эки белгилүү когнитивдик процесс бар:
сөзмө-сөз маанисин которуу - мында окурмандар тапшырма аткаруу үчүн каалаган сүйлөмдөрдү же кыска үзүндүлөрдү максаттуу маалыматка дал келүү үчүн айтып берүүсү керек;
жалпылоо жана тыянак чыгару- окурмандар узун үзүндүлөрдүн маанисин аныктоо үчүн керектелет. Окурман ар кандай үзүндүлөрдүн ортосунда кандай байланыштар бар экенин табышы керек болушу мүмкүн. Маалыматты байланыштырып, алардын бири-бири менен мисалы, убактылуу же себептик жана суроодо берилген билдирүүгө кандай байланышы бар экенин тыянак чыгаруусу керек болушу мүмкүн. Ошондой эле окурман карама-каршы маалыматтар менен иштей билиши керек. Бул окурмандын аракети бир же бир нече тексти иштөөдө колдонулушу мүмкүн.
Рефлексия жана баалоо
- Ой жүгүртүү жана баалоо дайыма окурмандардын эң маанилүү аракеттеринин бири болуп келген. Бирок анын мааниси санариптештирүү мезгилинде өстү, себеби окурмандар азыр барган сайын көп маалыматка туш болуп жатышат, алар кайсы маалымат ишеничтүү, эмне ишеничтүү эмес экенин ажырата билиши керек.
- Рефлекция – адамдын иш-аракетин, ички дүйнөсүн түшүнүүгө багытталган теориялык ишмердүүлүгүнүн бир түрү. Педагогикалык рефлекциянын мазмуну мугалим аткарган иш – аракеттер менен шартталат жана практиканы, методикалык ыкмаларды аңдоо, түшүнүү болуп саналат.
1. Ой-жүгүртүү, өзүн-өзү байкоо;
2. Философияда бул адамдын өз иш аракеттерин жана алардын мыйзам ченемдүүлүктөрүн аңдап билүүге багытталган теориялык ишмердигинин формасын билдирет.
Ал эми окутууда болсо, бул мугалимдин тапшырманы аткаруудан мурун анын шарттарын өзү тандаган окуучулардан кайталап сураган ыкманы билдирет. Ал муну:
1) бардык нускоолордун туура түшүнүлгөндүгүн текшерүү үчүн;
2) окуу¬чулар тапшырманы жакшылап кунт коюп угушу үчүн;
3) окуучулардын көңүлүн тапшырманы аткарууга буруу үчүн жасайт.
Рефлексия жана баалоо
Ой жүгүртүү жана баалоо – бул окуу аракетинин эң жогорку деңгээли. Окурман текстердин мазмунунун жана формасынын сапатын жана негиздүүлүгүн баалоо үчүн тексти кабыл алуунун түшүнүгүнөн сырткары дагы ойлонуш зарыл. Рефлексия жана баалоо үч белгилүү когнитивдик процесс катары түшүндүрүлөт:
- Сапатты баалоо жана ишенимдүүлүк- мында о курмандар мазмундун чын, так жана калыс экендигине баа беришет. Бул иш-аракет маалыматтын булагын аныктоону жана автордун максатын билүүнү, автордун компетенттүү жана маалыматташтырылган экендигин баалоону камтышы мүмкүн.
Башкача айтканда, сапатка жана ишенимдүүлүккө баа берүү окурмандан тексттеги билдирүүлөрдүн мазмунуна ошондой эле кошумча маалыматка (текстти ким, качан, кандай максатта жазган ж.б.) баа берүүнү талап кылат;
Рефлексия жана баалоо
2. тексттин мазмунуна жана формасына ой жүгүртүү - окурман тексттин сапатына жана стилине баа берет. Алар мазмуну жана формасы автордун максатын жана көз карашын адекваттуу түрдө билдиреби же жокпу баа бериши керек. Бул үчүн алар ар кандай көз караштарды салыштыруу үчүн өз билимине жана тажрыйбасына таянышы керек болот;
3. карама-каршылыктарды аныктоо жана талдоо- окурман ар кандай тексттердеги маалыматтарды салыштыруу, алардын ортосундагы карама-каршылыктарды аныктоо жана андан кийин аларды анализдөөсү керек болот. Алар маалымат булактардын аныктыгын жана айтылган ойдун логикасын баалоо аркылуу жасай алышат. Бул окуу аракети адатта бир нече текстти окуганда колдонулат.
Текстин тестеги форматтары
- Тапшырма бир туура жоопту тандоо менен
- Тапшырма бир ганча варианты тандоо менен
- Тапшырма кыска жооп менен
- Тапшырма бир нече кыска жооптору бар (жооптор үчүн өзүнчө бөлүк)
- Кеңири жообу бар тапшырма (текст, сүрөт же сүрөт менен текст түрүндө)
- Туура келүүчү тапшырма (объекттердин эки тобу)
- Туура келүүчү тапшырма (объекттердин бир нече тобу)
- Ыратуулукту түзүү тапшырмасы
- тексттин фрагментин белгилөө тапшырмасы
- татаал көп тандоосу бар тапшырмасы
- Түшүндүрмөсүн айтып жана жоопторду тандоо менен татаал тапшырма
- кыска жооп жана ага түшүндүрмө менен берилген тапшырма
Окуучулардын жазуу тексттерин окуп түшүнүү көндүмү (Маалыматтарды издөө жана табуу; Жалпылоо жана чечмелөө; Ой жүгүртүү жана баалоосун) баалайт.
PISA окуу сабаттуулугунда эмнелерди баалайт:
Тексттер
PISA изилдөөсүндө "тексттер" деген сөз табигый тилди колдонгон
кол менен жазылган, басылган, электрондук тексттерди билдирет.
Мындай текст диаграммалар, сүрөттөр, карталар, таблицалар,
графиктер түрүндөгү визуалдык сүрөттөрдү камтышы мүмкүн.
PISA окуу сабаттуулугун баалоодо фильмдерди, телекөрсөтүүлөрдү,
мультфильмдерди, сөзсүз сүрөттөрдү, аудио жазууларды камтыбайт,
бирок алар вербалдык тексттердин ажырагыс бөлүгү боло алат.
PISA сынагында окуу сабаттуулугун аныктоо үчүн “маалымат” деген сөз
эмес,“текст” сөзү тандалган, анткени ал көркөм адабиятты да, башка
тексттерди да камтыйт.
Текст форматтары
- Туташ текст (сүрөтү жок, көрсөтүүсүз үзгүлтүксүз текст)
- Туташ эмес (анын ичинде текстти түшүнүү үчүн зарыл болгон визуалдык ырааттуулуктар камтылган)
- Аралаш – (туташ жана туташ эмес тексттин фрагменттерин камтыйт )
- Көп кырдуу (курама аралаш) - бир нече тексттерди камтыйт, алардын ар бири ырааттуу жана толук бири-биринен көз карандысыз түзүлгөн .
Тексттин 4 форматы
1. Туташ эмес текст- түрдүү графикалык сүрөттөр бар.
Графика, диаграмма, схема, жер карталар имараттын планы, сайттардын картасы, унаалар жүрүү схемасы.
Ошондой эле сүрөтү жок да текст болушу мүмкүн. Таблица, сөздүк, список түрүндөгү жазуулар
2. Туташ текст-эч кандай сүрөт жок.
Кат, гезит, журнал, китеп, сайт, аңгеме, роман, повест, репортаж, фильм, спектакл, комментарий жазуулары
Туташ тексттер сүйлөмдөн туруп, абзац менен болот. Абзацтар, параграф главалардан алынышы мүмкүн.
Текстин форматтары
4. Көп түдүү текст-бир нече тексти өзүнө камтыйт. Ар бири өз-өзүнчө жазылган, бирок мааниси жагынан бирдей аяктаган.Мисалы авторлордун оюу менен толуктолуучу текст, ар түрдүү текст болушу ыктымал, бирок мааниси бир болушу мүмкүн. Мисалы эки туташ текст болушу мүмүкүн. Балким айрымасы да болушу ыктымал.
3. Аралаш текст- бири бирин толуктап туруучу туташ жана туташ эмес текстерден турат. Мисалы графика жана таблица комментарии менен. Бул текст форматы көбүнчө журнал, перезентация, отчет, электрондук почтада, форумда, чатта колдонулат.
«Просвещение» басмасынын окуу куралдарындагы тексттердин форматтары жана жанрлары
Туташ текстс
Туташ эмес текст
миф
окуя
маршрут картасы, саякат
аралаш
сүрөттөрү бар саякат брошюрасынан макала
сын-пикирлер
Көп түрдүү (курамдуу)
маршруттун сүрөттөлүшү
схемасы , метеориттин кыймылы
миф + окуя
тарбиялык текст
күндөлүк жазуулар
саякат брошюра макала+
атаандаштыктын жоболору
туристтердин пикирлери + маршруттардын сүрөттөлүшү + карта + схема
күбөлөрдүн билдирүүлөрү
инфографика
макала (илимий, илимий-популярдуу, публицистикалык)
комментарийлер
билим берүү тексти + карта + күндөлүк жазуулар
диаграмма
чат
күбөлөрдүн эскерүүлөрү + метеориттердин кыймыл диаграммасы + илимий макала
коомдук медиа билдирүү
макала + комментарийлер
чиймелер
баракча
Нота
штамп сүрөтү
чат + социалдык тармактагы билдирүү + сынактын жоболору
интервью + инфографика
Тексттин түрлөрү
- Сүрөттөмө (объектти жана айлана-чөйрөнү сүрөттөө)
- Баяндоо (белгилүү бир ырааттуулукта болгон окуялар жөнүндө айтып берүү)
- Интерпретация (түшүнүктү анын элементтеринин татаал өз ара аракетинде толук сүрөттөп берет)
- Ой жүгүртүү (окуучуну автордун көз карашына ынандыруу, өз алдынча ойлонуу)
- Көрсөтмө (жол-жобосун көрсөтүү)
- Дискуссия (белгилүү бир коммуникативдик максаты жок, бир теманын үстүндө адамдардын ортосундагы сүйлөшүүлөр)
- Сүйлөшүүлөр (эки маектешүүнүн өз ара бир максатка жетүү үчүн багытталган сөздөр)
PISA - функционалдык сабаттуулук деңгээли
Көз карандысыз ой жүгүртүүсү бар жана кыйын шарттарда иштей алат
4-деңгээл - жаңы маалымат алуу үчүн болгон билимди жана көндүмдөрдү колдонуу жөндөмүн билдирет
2-деңгээл – босого болуп саналат, ага жеткенде студенттер билимин жана көндүмдөрүн эң жөнөкөй билим берүүдөн тышкаркы кырдаалдарда колдоно башташат
Кайсы предмет окуу жөндөмдөрү үчүн "жооптуу"?
Негизинен мектепте окутулган 16 предметтин баары жооптуу!
Мисалы
Текстер
Орус тили, кыргыз тили, чет тили
Математика
Окуу сабаты
Сөздүк жазуу
Контексттин негизинде сөздүн маанисин түшүнүү, ар кандай маалымат булактарына кайрыла билүү(сөздүк, визуалдык сүрөттөр ж.б)
Физика
График, диаграмма
Тарых/ коом таануу, география,
тарыхый карта тарыхчынын баяны-эмгеги
Графикалык маалыматты окуу жана түшүнүү
Химия
Табият таануу
Уламыштардагы жана картадагы маалыматтарды салыштыруу жана корутунду чыгаруу
Алгебра, Геометрия
тажрыйбасын сүрөттөгөн макала
Биология
Астраномия
Билдирүүлөр ортосунда себеп-натыйжа байланыштарды түзүү
Тексттеги маалыматты ар кандай максаттарда колдонуу
Факты менен пикирди айырмалоо
Гипотезаны түзүү, эксперименттин жыйынтыгын алдын ала байкоо
Окуунун үч фазасы
ИНТЕРПРЕТАЦИЯЛОО
ӨЗДӨШТҮРҮП АЛУУ
ТЕКСТТИ БИЛҮҮ
Маанисин түшүнүү,
текстти интерпретациялоо
(табылган фактыларды түшүндүрүү)
Алган билимин өздөштүрүү
(Контекст боюнча ой жүгүртүү),
байланыштарын түзүү
(өз пикирин түзүү)
Текстти чечмелөө,
маанисин,
мазмунун ачуу
Иреттөө жана классифицикациялоо
- Түшүндүрүү, айырмалоо, салыштыруу
- Топтоо
- Талдоо, жалпылоо, өз тажрыйбасы менен салыштыруу
- Контекст жана бүтүмдөрү боюнча ой жүгүртүү.
Гипотеза сунуштоо,
сунушун айтуу
Пикир түзүү
Моделдөө жана
жалпылоо
Турмушта, окууда,
кесибинде
пайдалануу.
- Көрүү, сөздөрдүн маанисин белгилөө
- Окшоштуктарын табуу
- фактыларды билүү,
- Сюжетти жана мазмунду талдоо
- Мазмунун айтып берүү
Окуу көндүмдөрү (PISA )
Текстке таянуу
Тексттен тышкаркы билимге таянуу
2.
интеграциялоо жана
интерпретациялоо
(текст билдирүүлөр)
1.
табуу жана
алуу
(маалыматты )
3.
түшүнүү
жана баалоо
тексттин
мазмунун
тексттин
формасын
Кырдаалдар (контекст)
Тапшырмаларды түзүүдө төмөнкү жагдайлар колдонулат - тексттердин иштеши:
- жеке (адамдын жеке кызыкчылыктарын тейлейт - практикалык, эмоционалдык жана интеллектуалдык жактан. Мындай тексттер үчүн арналгана адамдардын ортосундагы жеке мамилелерди колдоо жана өнүктүрүүдө (каттар,фантастика, өмүр баяны) жана кызыгууну канааттандыруу үчүн(маалыматтык тексттер), ошондой эле жагымдуу эс алуу үчүн колдонулат. Электрондук формадагы текстер жеке кырдаалда колдонулган тексттердин формаларына төмөнкүлөр кирет электрондук каттар, СМС, күндөлүк түрүндөгү блогдор);
- коомдук (коомдук уюмдардын иштерин жана камкордуктарын баяндоочу. Мисалы, расмий документтер, маалымат коомдук иш-чаралар, Гезит жаңылыктары, интернеттеги форумдар);
- окуу (биринчи кезекте, маалымат берүү үчүн арналган, ар кандай билим берүү маселелерин чечүүдө зарыл. Бул аталыштагы «үйрөнүү үчүн окуу« деп аталат. Мындай тексттердин мисалы катары мектеп китептери же электрондук интерактивдүү окуу куралдары программалары кирет);
- ишкердик (шашылыш иштин аткарылышын тейлейт. Кантип баштоо керектиги жөнүндө нускама ж. б. Бул интернеттен же гезиттин тиешелүү бөлүмүнөн жумуш издөө болушу мүмкүн. Бул «үйрөнүү үчүн окуу" деп аталат).
Тестеги уюштуруу жана багыты
- Статикалык (жөнөкөй, көбүнчө сызыктуу түзүлүш, жылдыруу тилкелери жана өтмөктөр сыяктуу жөнөкөй навигациялык куралдар колдонулат)
- Динамикалык (татаал структура жана барган сайын татаал навигация куралдары, мисалы, мазмундар таблицасы, тексттин сегменттеринин ортосунда өтүү үчүн гипершилтемелер же текстти окуп жатканда ар кимге өзүнүн маршрутун түзүүгө мүмкүндүк берген интерактивдүү куралдар, ошондой эле интерактивдүү байланыш каражаттары: электрондук-почта, форумдар, заматта кабарлар менен алмашуу)
,
.
Окуу сабаттуулугун изилдөө тармагын уюштуруу бири-бири менен кесилишкен үч аспектиге негизделген:
- окуу иш-аракеттеринин түрлөрүн: окуучу коюлган маселени чечүү үчүн негизги окуу сабатуулугун колдонуп чече алышы маанилүү.,
- Текстин түрлөрү берилген текстердин мазмунунда колдонулат.
- Кырдалга жараша тексттерди мектептен тышкаркы окуу жагдайлары да эске алынат.
Санариптик дүйнөдө билим алуу, технологияларды колдонуу менен байланыштын жаңы жанрлары
- Электрондук почта
- Кыска билдирүү (сообщения)
- Форумдар
- Социалдык медиа колдонмолору (приложения)
Электрондук тексттер
Электрондук тексттер басылган тексттерден көп жагынан айырмаланат.
- Окуунун ар кандай физиологиялык шарттары,
- Окуунун ар бир мүнөтүндө окурманга жеткиликтүү болгон тексттин ар кандай көлөмү,
- Тексттин бөлүктөрүнүн жана ар кандай тексттердин ортосундагы ар кандай байланыштар (гипертексттик байланыштар) жана эреже катары окурманды окуу менен алектенүүсүнүн дагы бир жолу.
Окурмандан өз жолунда тексттер аркылуу каалаган окуу тапшырмасын аткарууда жана каалаган электрондук текстти бүтүрүү үчүн аракетенүүдө алда канча өз алдынча изденүү талап кылынат.
Окуу сабаттуулугу, 2009-жылдагы жыйынтыктар
- Кыргызстандын 15 жаштагы 16,8 % окуучулары окуу сабаттуулугу чөйрөсүндө тапшырманын 2 же андан жогору деңгээлинде аткара алышы мүмкүн.
- Айрымдары гана (0,1 %) эң жогорку көрсөткүчтөрдү (5-6- деңгээлде) көрсөтүүгө жөндөмдүү.
- Топтогон баллдарынын орточо көрсөткүчү-314 (1b деңгээли)
- Кыргызстандын окуучулары үчүн маалыматты издөө жана табуу, ошондой эле ой жүгүртүү жана баалоо боюнча тапшырмаларды аткаруу кыйыныраак.
- Жалпылоо жана чечмелөө боюнча тапшырмаларды бир аз жакшыраак аткарышат.
Инсанга багыталган ой жүгүртүү
- Баштоо- ишке ашыруу
- Изилдөө
- Аныктоо
- Генерациялоо-идеяларды топтоо процесси
- Прототипти иштеп чыгуу- идеянын планын же макетинин чагылдырылышы
- Тестирлөө-
- Ишке ашыруу
- Айтып берүү
Адамда ой-жүгүртүп иш алып баруусуна багытталат. Жашоодо пландарды максаттуу колдонуп алган билимди турмушта пайдалуу колдонуу керек.
Тексттерге коюлган талаптар
PISA –тапшырмадагы текстер
1. Текстик топтомдор «адам айланысына» чогулат. Текстер менен танышууда кандай жагдайларга туш болот. Башкача айтканда заманбап адам кандай абалда кандай текстер менен дал келет. Кандай маалыматтык уюштуруучулук, аракеттик мисалдарды менен аны чече алат.
2. Текстер чыныгы жашоодогу текстерге окшош. Турмуштук гезиттерде пайда болгон кырдаал сыяктуу. Тапшырмалар ушул нерселерге байланыштуу болот. Жашоо турмушта пайда болгон ушундай текстерди колдонуучу тапшырмалар болот.
PISA –окуу адабиятындагы текстер
2. Пайда болгон кырдаалдан текстер алынат. Аларга мүнөздүү эмес тапшырмалардын чечими болуп калат
1. Текстер предмет айланысында, окуу китебинин авторунун түшүнүктөрүнүн айланасында топтолот. Жок дегенде көйгөй айланасында. Окуу китебинин авторунун ой жүгүртүүсү башка чөйрө тексти, мисалдар, ырастоолор менен жазылат.
33
Маалыматты критикалык баалоо жөндөмү бааланат
Көптөгөн текст камтылган (бир нече ар кандай булактардан алынган маалыматты чечмелөө жана синтездөө, интерпретациялоо)
Электрондук тексттер камтылган
PISA-2018 тестинин өлчөө предмети - окурманга карата жаңы социалдык-экономикалык күтүүлөрдү чагылдырат
Тексттердин темасы өзгөрдү. Көптөгөн тексттер интернеттеги маалыматтын колдонулушун баалоого байланыштуу, атап айтканда ишенимдүү сайттарды жана онлайн документтерди кантип таануу керек.
PISA 2018деги окуу сабаттуулугунун деңгээли (6- деңгээл )
Деңгээл
Төмөнкү деңгээл чеги
6
Окуу сабаттуулугунун
698
Окурман бүтүндөй текстти, анын бардык бөлүктөрүн, тексттин эң терең катмарларында айтылган ар бир маалыматты, кыйыр түрдө гана байланышы бар форманын ар бир, а түгүл көзгө көрүнбөгөн деталдарын толук жана так чечмелей алат дегендик. Окурман бир нече тексттерди жана алардын ортосундагы мамилелерди толук жана деталдуу түшүнүүнү көрсөтөт. Окурман текстте же карама-каршы маалыматты камтыган текстте айтылган бейтааныш ойлорду түшүнүшү керек. Бул идеяларды чечмелөө үчүн окурман өз алдынча абстракттуу түшүнүктөрдү куруп, фондо, анын ичинде академиялык билимге таянышы керек. Окурман бейтааныш темадагы татаал текстке сын баасын бере алат.
Ар түрдүү тексттердеги маалыматтарды салыштырып, авторлордун ачык жана жашырылган максаттарын талдап, булактардын сапатына жана ишенимдүүлүгүнө баа берип, бир эле учурда бир нече критерийлерге таянуу менен, тексттер ортосундагы карама-каршылыктарды жана карама-каршылыктарды аныктай алат, тыянак чыгара алат жана гипотезаларды көрсөтө алат. , бири-биринен айырмаланган маалыматты бириктирип, бир нече пункттарды эске ала алат.
PISA 2018деги окуу сабаттуулугунун деңгээли (5-деңгээл )
5
6 26
Окурман узун тексттерди түшүнө алат, эң терең катмарлардагы маалыматтын бирдиктерин таба алат жана байланыштырат, бир эле учурда бир нече кыйла узун тексттер менен иштей алат, маалыматты салыштыруу үчүн көңүлдү биринен экинчисине которот. Ал тексттеги конкреттүү маалыматка түздөн-түз кайрылбаган суроолорго жооп бере алат, ошол эле учурда тиешелүү маалыматтын бир нече бирдигин, анын ичинде ар кайсы булактарда жайгаштырылгандарды таба алат. Мындан тышкары, окурман дайыма көптөгөн окшош бирдиктердин арасынан тапшырмага байланыштуу маалыматты тандап алышы керек.
Бул тексттердин мазмуну жана формасы окурманга тааныш эмес. Бул деңгээлдеги тапшырмалар окурмандын күтүүсүнө карама-каршы келген түшүнүктөрдү окууну жана түшүнүүнү камтыйт. Текстти түшүнүү маалыматты критикалык баалоого жана тексттеги маалыматка таянып өз божомолдорун айтууга негизделген. Окурман тексттин мазмуну менен анын максатынын ортосундагы, факты менен пикирдин ортосундагы, анын ичинде абстракттуу билдирүүлөрдөгү айырмачылыктарды көрө алат, текстте берилген билдирүүлөрдүн жана корутундулардын ишенимдүүлүгүнө жана маалыматтын объективдүүлүгүнө баа бере алат. Тексттин мазмунуна да, маалымат булагына да тиешелүү сигналдарды биле алат.
PISA 2018деги окуу сабаттуулугунун деңгээли (4-деңгээл)
4
55 3
Окурман маалыматтын ачык айтылбаган бирдиктерин таап, байланыштыра алат, мурунку тапшырманын мазмунун жаттап алууну талап кылган маселелерди чечет. Бул деңгээлдеги кээ бир тапшырмалар тексттин жалпы билдирүүсүнө карата тилдик нюанстарды түшүнүүнү талап кылат. Башка тапшырмалар окурманга тааныш эмес темадагы текстти түшүнүүнү камтыйт. Окурман бейтааныш мазмуну жана формасы бар узун жана татаал тексттерди деталдуу жана так түшүнүшү керек. Окурмандын баасына жана автордун ой-пикирин өрчүтүүчү гипотезаларга негиз болуп текстте айтылган атайын билимдер саналат.
Окурман бир нече көз карашты салыштырып, бир нече булактардан алынган маалыматтын негизинде жыйынтык чыгара алат. Ал конкреттүү билдирүү менен адамдын талкууланып жаткан маселе боюнча пикири же тыянактарынын ортосундагы байланышка баа бере алат. Тексттердин мүнөздүү белгилерине (мисалы, рубрика жана иллюстрацияларга) таянып, ал автордун өз көз карашын билдирүүдө колдонгон ыкмаларын чагылдыра алат; ар кандай тексттердеги билдирүүлөрдү, эгерде алар ачык айтылган болсо, салыштырып, так критерийлердин негизинде маалыматтын маанилүүлүгүнө жана булактын ишенимдүүлүгүнө баа бере алат.
PISA 2018деги окуу сабаттуулугунун деңгээли (3-деңгээл)
3
48 0
Окурман бир же бир нече тексттин түз маанисин ачык-айкын маалымат же формалдуу илинчектер жок болгон учурда аныктай алат, бир нече критерийлерге жооп берген тексттик маалыматтын бирдиктеринин ортосунда ушундай байланыштарды түзө алат. Салыштыруу, карама-каршы коюу жана айрым тексттик билдирүүлөрдү категорияларга бөлүү бир нече себептерден улам бир убакта жүргүзүлөт. Тексттин негизги идеясын бөлүп көрсөтүү үчүн тексттин айрым бөлүктөрүн байланыштырат жана чечмелейт; ачык маалыматка таянып бир нече автордун көз карашын салыштырат. Бир кыйла татаал корутундуларды түзө алат сөздүн же сөз айкалышынын маанисин чечмелей алат.
Тексттин көлөмү бир барактан ашпашы керек. Керектүү маалымат көбүнчө ачык билдирилбейт, текстте көптөгөн карама-каршы маалыматтар жана башка кыйынчылыктар бар: тексттин айрым идеялары окурмандын күтүүсүнө жооп бербейт же жокко чыгаруу жолу менен формулировкаланат. Текстти түшүнүү үчүн окурман тексттин мазмунунун жана формасынын айрым элементтерин түшүндүрүп берүүсү же аларга баа берүүсү керек. Бул деңгээлдеги кээ бир тапшырмалар тексттик билдирүүлөр менен жалпыга белгилүү, күнүмдүк билимдердин ортосундагы байланышты деталдуу түшүнүүнү талап кылат, кээ бир тапшырмалар белгилүүлөргө таандык кылынбаган мазмун менен иштөөнү камтыйт.
PISA 2018деги окуу сабаттуулугунун деңгээли (2-деңгээл)
2
407
Окурман тизмеден керектүү маалыматы бар интернет булагын туура тандап, так, кээде татаал көрсөтмөлөргө таянып, тексттен кошумча, бирок жөнөкөй түшүнүүнү талап кылган бир же бир нече маалыматты таба алат, негизги ойду тааный алат. текстти, тексттин айрым бөлүктөрүнүн байланыштарын түшүнүү, тексттин айрым бөлүктөрүн чечмелөө, тексттин айрым билдирүүлөрүн салыштыруу же карама-каршы коюу жана алар колдоого алынган аргументтерге баа берүү. Жөнөкөй тыянактарды түзө алат, ал тургай тексттерде кандайдыр бир « ызы- чуу » маалымат камтыса да, чакан тексттин же белгилүү бир фрагменттин максаты жөнүндө ой жүгүртөт, эгерде бул максат так айтылган болсо, графикалык маалыматты алуунун жөнөкөй ыкмаларынын максатын түшүнө алат.
Текстти түшүнүү үчүн окурман текст менен тексттен тышкаркы билимдердин ортосунда бир катар байланыштарды түзүшү керек, бул жеке тажрыйбасына жана сүрөттөлгөн реалдуулукка болгон өз мамилесине негизделет.
PISA 2018деги окуу сабаттуулугунун деңгээли (1-деңгээл)
1а
335
1b _
262
Окурман тексттен ачык айтылган маалыматтын бир же бир нече бирдигин таба алат, тексттин негизги темасын же автордун максатын тааный алат, маанилүү маалыматты экинчиликтен ажырата алат, чакан кабардын түз маанисин түшүнө алат. . Тексттин темасы жана түрү окурманга тааныш болушу керек. Окурман тексттин кабары менен белгилүү, дүйнөлүк билимдин ортосунда байланыш түзө алат. Керектүү маалымат тексттин бетинде жатат жана атайын белгиленет; Текстте карама-каршылыктуу маалыматтар дээрлик жок. Текстте да, суроодо да окурманга суроого жооп берүү үчүн керектүү маалыматты табууга жардам берүүчү көрсөтмөлөр бар.
Окурман текстти чектелген убакытта, так жана жөнөкөй максат менен окуй алат, анын түз маанисин түшүнө алат. Ал тексттен ачык айтылган маалыматтын бирдигин таба алат. Текст кыска жана синтаксистик жактан жөнөкөй болушу керек. Тексттин темасы жана түрү окурманга тааныш болушу керек. Эреже катары, мындай текст иллюстрациялар же кайталоо сыяктуу окурман үчүн түшүнүктөрдү камтыйт. Текстте карама-каршылыктуу же ашыкча маалымат жок. Мындай текстти чечмелөө үчүн тексттин чектеш билдирүүлөрүн байланыштыруу талап кылынат.
Окурман ачык көрсөтмөлөрдүн негизинде кичинекей тизмеден керектүү маалыматты камтыган интернет булагын туура тандай алат.
Актуалдуу цитата
“ 21-кылымда окуганды жана жазганды билбеген адам сабатсыз
деп эсептелинет, бирок окуу жана жазуу жөндөмүн колдонуп, үйрөнүп,
кайра үйрөнө албаган адам сабатсыз деп табылат”. (Элвин Тоффлер )
Көңүл бурганыңыздарга терең ыраазычылык билидирем !
Окуу кандай болду, Суроолор барбы?