Окуучулардын өз алдынча окуу жана өзүн-өзү тарбиялоо көндүмдөрүн өнүктурүү
« Мастер педагог к ѳп каражаттардын ичинен керект үү с ү н тандап алат. Ар бир жеке учурду бѳтѳнчѳлүгүнѳ жараша аны чыгармачылык менен пайдаланат».
И.Бекбоев КР Эл мугалими
Ж.Пиаже
Баланы өнүктүрүү
« Балдар өздөрү ачылыш жасаган нерсени чындап түшүнөт, биз аларга тез бир нерсени үйрөтүүго арет кылган сайын алардын нерселерге кайрадан ачылыш жасаганын токтототкон болобуз» (Ж.Пиаже )
Дж. Дьюи
Конструктивизм
« Билим берүү - бул коомдук процесс. Билим берүү - бул өнүктүрүү. Билим берүү бул жашоого даярдоо эмес,билим берүүнун өзү жашоо» »
(Дж . Дьюи )
Эдвард де Боно
«Бүткүл дүйнөдөдө өнүгүүнүн жаңы жолдорун жараткан чыгармачыл, конструктивдүү, ой жүгрүүгө муктаждык сезилет»
(Эдвард де Боно)
Заманбап билим берүү .
- Билим беруу стандарты:
- Билим сапаты ;
- Балдар жана өспүрүмдөрдү, чоңдорду окутуунун актуалдуулугу;
- Өмүр бою билим алууга умтулуу ;
- Компетенцияларга негизделген билим берүү;
- Педагогдордун үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүсү.
Заманбап окутуу формалары жана технологиялары
- Инсанга багытталган окутуу
- Компьютердик технологияларды колдонуу
- Социалдык тармактар;
- Ачык билим беруу ресурстары; Интернет сайттар
- Видеосабактар;
- SMART- максат коюу
- ТРИЗ-ЖМЧТ;
- Активдуу окутуу усулдары;
- Ар турдуу денгээлдеги тапшырмаларды колдонуу
- Блумдун таксаномиясы
- Г.Гарднердин теориясы
- Баалоонун турлору-Критериалдык баалоо
- Баалоо куралдары
КР жалпы орто билим берүүсүнүн Мамлекеттик билим берүү стандарты
Кыргыз Республикасынын жалпы орто билим берүүсүнүн МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫ 2014 - жылы 21 - июлда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 403 - Токтому менен бекитилген .
Компетентуулук – ар турдуу билимдердин, билгичтиктердин элементтерин жана иш аракеттин ыкмаларын белгилуу бир кырдаалда (окуу,инсандык,кесиптик)өз алдынча колдонууга болгон жөндөмдүүлүк, б.а окуучулар алган билимдерин практикада, турмушта колдоно билүү жөндөмдүүлүгү.
Негизги компетенттүүлүктөр
- Маалыматтык
- Коомдук - коммуникативдик
- Өзүн өзү уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү
Маалыматтык компетенттүүлүк
- маалыматты өзүнүн ишмердүүлүгүн пландаштыруу жана жүргүзүү, далилденген жыйынтыктарды калыптандыруу үчүн пайдаланууга даярдык
- маалымат менен иштөө
- жетишпеген маалыматты издөө
- кээ бир үзүндүлөрдү салыштыруу
- бүтүндүк талдоо жана гипотезаны коюу көндүмүнө ээ болуу
- Адамга талдап түшүнгөн маалыматтын негизинде аӊдап - түшүнгөн чечимдерди кабыл алууга мүмкүнчүлүк берет
Социалдык – коммуникативдик компетенттүүлүк
- өзүнүн умтулууларын башка адамдардын жана коомдук топтордун кызыгуулары менен мамилештирүү (шайкеш келтируу,ынгайлаштуруу), башка адамдардын баалуулуктарына (диний, этникалык, кесиптик, инсандык) сылык мамилени жана ар түрдүү көз караштарды таануунун негизинде өзүнүн көз карашын коргоо даярдыгы;
- чечимдерди кабыл алуу үчүн коомдук институттардын жана башка адамдардын ресурстарын пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет.
«Өзүн өзү уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү» компетенттүүлүгү
ар түрдүү ыкмаларды пайдалануу менен, өз алдынча же башка адамдар менен өз ара аракеттенүү менен маалыматта, окуу жана турмуштук кырдаалдарда карама-каршылыктарды табуу жана аларды чечүү, ошондой эле кийинки аракеттер жөнүндө чечимдерди кабыл алуу даярдыгы.
Маалыматтык компетенттүүлүк (үзүндү)
Аспект
1-деӊгээл
Милдеттерге ылайык булактарды издөө
2-деӊгээл
издөөнүн берилген параметрлерин эске алуу менен маалыматты табат;
3-деӊгээл
берилген суроо боюнча маалыматтын булагын өз алдынча табат
- коюлган ишмердүүлүктүн милдетине ылайык (анын жүрүшүндө биринчи маалыматты пайдалануу керек) маалыматтык издөөнү пландаштырат; -тигил же бул булактарды пайдаланууну негиздейт.
Компетенттүү багытка негизделген стандарттарды өздөштүрүү үчүн окутууну уюштуруу формасы өзгөрүлөт.
Салттуу сабак менен бирге окутуунун активдүү жана интерактивдүү технологиялары пайдаланылат, аларга топтордогу иш, «мээ чабуул», талаштардын ар түрдүү түрлөрү, долбоордук жана изилдөө иштери.
Баалоо системасы
- Окуучулардын жекече билим берүү жетишкендиктерин жана илгерилөөсүн ченөө үчүн баалоонун үч түрү колдонулат: диагностикалык, калыптандыруучу жана жыйынтыктоочу.
Баалоо:
- окуп - үйрөнүүнүн ички мотивациясын демилгелөөгө;
- өзүнө өзү баа берүү, өзүн өзү талдоо жана бири - бирине баа берүү көндүмдөрүн калыптандырууга;
- өзүнүн ишмердүүлүгүн жана башка окуучулардын ишмердүүлүгүн сын көз караш менен баалоого багытталган.
- Ушул максатта баа дагы, ошондой эле сапаттык жана баяндоо ыкмалары дагы пайдаланылат.
Эски стандарттардын жаңы стандарттардан өзөктүү айырмачылыктары кандай?
- Эски стандарттарда билим берүүдөн күтүлүүчү натыйжалар катары билимдердин жыйындысы гана эсептелген. Ал эми жаны стандарттарда билимдердин жыйындысын практикада,турмушта колдоно билүү жөндөмдүүлүгүнө басым жасалат. Андыктан, жаны стандарттарга ылайык компетенттүүлүк мамилеге негизделген билим берүү ишке ашырылууга тийиш.
Эмне үчүн бул маселени карайбыз?
- Жаңы окуу-нормативдик документтерди окуу процессине киргизүүнүн шарттарында окутуунун натыйжаларын баалоодо принципиалдуу өзгөрүүлөргө учурайт.
- Анткени, учурдагы баалоо системасында көптөгөн кемчиликтер бар. Бул кемчиликтер окутуудагы баалоо системасындагы ачыктыкты жана негиздүүлүктү камсыз кылуучу дифференцирленген баалоонун критерийлеринин жана стандарттарынын жокутугу менен түшүндүрүлөт.
- Ошондуктан учурдагы Мамлекеттик стандарттагы окуучулардын жетишкендиктерин баалоо боюнча талаптар маанилүү болуп эсептелет. Баалоо боюнча Эл аралык тажрыйбалар баалоо төмөндөгү эки критерийге таянуу керек экендигин көрсөтүүдө: 1. Баалоонун максаттарынын так болушун 2. Баалоонун критерийлеринин бул максаттарга дал келишин
АНКЕТА
- 1. Мен предметтер менен иштегенди билем.
- 2. Иштерди аткарууда жакшы багыт алам.
- 3. Менде достордун ортосундагы талаш-тартышты чечүүгө табигый жөндөмүм бар.
- 4. Мен ырдын тексттерин бат эле эске тутуп калам.
- 5. Башкалар кандайдыр бир теманы түшүндүүрүдөн кыйналса, мен оңой эле түшүндүрө алам.
- 6. Мен бардык иштерди этаптары менен аткарам.
- 7. Мен өзүмдү жакшы билем жана иштерди туура же туура эмес жасап жатканымды түшүнөм.
- 8. Мен коомчулук менен жана коомдук иштерди аткарган жагат.
- 9. Мен башкаларды укканды жакшы көрөм жана ошондуктан жакшы окуйм.
- 10.Мен музыканы укканда маанайым өзгөрөт.
- 11.Мага табышмактар, кроссворддор, логикалык тапшырмалар менен иштеген жагат.
АНКЕТА
- 12. Менин окушум үчүн материалды визулдуу кабыл алуу маанилүү: таблицалар, графиктер, схемалар.
- 13. Мен мени курчаган адамдардын маанайына жана кабатырлоосуна сезимталмын.
- 14. Мен өз алдымча иштегенди жакшы көрөм.
- 15. Мен кандайдыр бир нерсени окуурдун алдында, ал жакта керектүү нерселер бар экендигин түшүнүшүм керек.
- 16. Мен иштеп жана ойлонуп жатканда жалгыздыкты, тынчтыкты каалайм.
- 17. Татаал музыкалык чыгармалар ойнолуп жатканда ар бир музыкалык инструментти айырмалай алам.
- 18. Мен ойлоп тапкан же көргөн сценаларды оңой эле көрсөтүп бере алам.
- 19. Менин сөз байлыгым жакшы.
- 20. Мен жазганды жана сүрөт тартканды жакшы көрөм.
АНКЕТА
- 21. Мен кыймылдаганды жакшы көрөм.
- 22. Мен кубулуштар менен түшүнүктөрдүн ортосундагы мыйзам ченемдүүлүктөрдү көрө алам.
- 23.Мен командада чогу иштеп, башкалардын ойлорун угуп иштейм.
- 24. Мен баамчылмын, башкалар көрбөгөн нерселерди көрөм.
- 25. Мен токтоомун.
- 26. Мен башкалардан бөлүнүп алып иштегенди жана окуганды жакшы көрөм.
- 27. Мен музыка жазганды жакшы көрөм.
- 28. Мен сандар менен татаал математикалык маселелерди чыгара алам.
Жыйынтыгы
Интеллекттин тиби
Анкетанын пункттары
Лингвистикалык
Жалпы сумма
5, 9, 19, 20
Математикалык-логикалык
6, 11, 22, 28
Визуалдык-мейкиндик
2, 12, 18,24
Музыкалдык
Инсан аралык
4, 10, 17, 27
3, 8, 13, 23
Ички инасандык
7, 15, 16, 26
Кинестетикалык
1, 14, 21, 25
Натуралисттик
22, 12, 11, 2
Ар түрдүү деңгээлдеги (репродуктивдүү, продуктивдүү жана креативдүү) тапшырмаларды түзүүнүн ыкмалары жана ыктары
- Бүгүнкү күндүн мугалими окуучуларга жөнөкөй эле маалыматтардын топтомун берүү болуп эсептелбейт.
- Окуп-үйрөнүүнүн максаты – бул сынчыл ойлому өнүккөн инсанды тарбилоо жана окутуу менен бирге окуучулардын ойлонууга болгон муктаждыгын, ар кандай кырдаалды талдоого жана аларды туура баалоого, ар түрдүү маселелерди чечүнүн оптималдуу жолун табууга үйрөтүү
ПРАКТИКАЛЫК СУНУШТАР
- Сабакта окуучулардын жогорку деңгээлдеги ой жүгүртүүлөрүн калыптандырууну камсыздоо үчүн мугалим кээ бир практикалык сунуштарды эске алуусу зарыл:
- окуучуга ой жүгүртүүнүн кайсы билгичтиктерин түшүнүүсүн камсыздоо;
- суроолорду койгонго үйрөтүү; себептерди, кубулуштарды алып чыгууга үйрөтүү;
- жоопторду аргументация менен негиздөөгө жана өз ишмердүулун баалоого үйрөтүү.
- Мугалим жогорудагы сунуштарды окуу процессинде ишке ашыруу үчүн ар бир сабакта окуучулардын ой жүгүртүүсүнө, чыгармачыл потенциалын ачууга, логикалык байланыштарды түзүүгө шарттарды түзүүсү зарыл.
ПРАКТИКАЛЫК СУНУШТАР
- Учурдагы дидактикалык, методикалык материалдардын жана интерент ресурстардын көптүгүнө карабай мугалим окуу сабагынын материалын жана тапшырмалардын топтомун сабактын максатына ылайыкуу өзү түзөт.
- Ар түрдүү деңгээлдеги (репродуктивдүү, продуктивдүү жана креативдүү) тапшырмаларды түзүүнүн зарылдыгы эмнеде?
ПРАКТИКАЛЫК СУНУШТАР
- Себеби мектепке ар түрдүү деңгээлдеги даярдыгы, иштөө темпи, интеллектуалдык жөндөмү боюнча айырмаланган балдар келет.
- Бирок, алар кандайдыр бир зарыл болгон билимдердин жана компетенттүүлүктөрдүн деңгээлдерине ээ болушу керек.
- Учурда мектептин окуучулары окуу материалы менен таанышуунун жаңы формалары менен иштөөнү каалашып, ал окуу иштери өз алдынча жана ишмердүүлүк мүнөздөгү ой жүгүртүүгө багытталгандыгын талап коюуда.
- Сабакта чыгармачылыкка багытталган тапшырмаларды кокусунан эле пайдалануу каалаган натыйжаларды бербейт.
- Чыгармачылык ишмердүүлүккө багытталган тапшырмалар таанып билүү ишмердүүлүгүнүн бардык системасын камтуусу зарыл.
- Бул система маалыматты кабыл алуудан баштап эске тутууга, ой жүгүртүүгө акырында чыгармачылык нукта ой жүгүртүү менен аякташын көздөйт.
ПРАКТИКАЛЫК СУНУШТАР
- Окуу процессинде ар түрдүү деңгээлдеги тапшырмаларды колдонуу актуалдуу болуп эсептелет.
- Тапшырмалардын ар түрдүү деңгээлдерин колдонууда окуучуга аларды тандап алуу укугу берилгендиктен ал үчүн «ийгиликтин кырдаалы» түзүлөт.
- Ошондой эле конкреттүү окуу темалары боюнча билимдерди жөн эле өздөштүрбөстөн, ал билимдердин өздөштүрүү деңгээлин аныктаганга жана окуунун келечектеги натыйжаларын болжолдоого, өзүн өнүктүрүүгө шыктандырат.
Ар түрдүү деңгээлдеги тапшырмаларды колдонуунун баалуулугу төмөндөгүлөр менен түшүндүрүлөт:
- Мугалимдин ар түрдүү деңгээлдеги тапшырмаларды колдонуу көндүмү окуучулардын интеллектуалдык өнүгүүсүнүн кыймылын диагностоогоо мүмкүнчүлүк түзүлөт.
- Мугалимдин окуучулардын жеке өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен тапшырмаларды иштеп чыгуусу окутуунун инсанга багыттап окутуу мамилесинин чегинде ар бир окуучунун мүмкүнчүлүгүнө жараша окуу процессин уюштурууга мүмкүнчүлүк берет.
- Окуу процессинде ар түрдүү деңгээлдеги тапшырмаларды колдонуу натыйжалуу болот, эгерде баалоонун жазуу жана оозеки формалары менен айкалыштыруу аркылуу жүргүзүлсө.
- Бул тапшырмалар окуу процессинде сапаттуу натыйжаларды бериши үчүн үзгүлтүксүз колдонулушу керек.
Бенджамин Блумдун таксономиясы
Учурда Бенджамин Блумдун таксономиясы билим берүүдө ой жүгүртүүнүн жогорку деңгээлдеринин маанилүү экендигин түшүнгөн мугалимдерге практикалык жардам берүүгө багытталган.
БИЛИМ
Деңгээл
Тиешелүү этиштер
Билим
Аныкталышы
Түзгүлө, аныктагыла, сүрөттөгүлө, кайталап айтып берүү, идентификациялагыла, белгилегиле, санап бергиле, тиешелүүсүн тапкыла, эске туткула, атагыла, тартипке келтиргиле, бөлүп көрсөткүлө, тааныгыла, байланыштарын тапкыла, эстегиле эстегиле, кайталагыла, калыбына келтиргиле, тандагыла, тургузгула
Мисал
Үйрөнүлгөн маалыматтын эсте тутулуп калышы
Өзгөчө фактыларды, терминдерди, эрежелерди, ырааттулуктарды, классификацияларды, категорияларды, процедураларды, критерийлерди, методологияларды, прициптерди, теорияларды, түзүлүштөрдү эске тутуп калуу
ТҮШҮНҮҮ
Түшүнүү
Классификациялагыла, өзгөрткүлө, негиздегиле, сүрөттөп жазып бергиле, талкуулагыла, айырмалагыла, баалагыла, түшүндүргүлө, мааниси менен айтып бергиле, кеңейткил, жалпылагыла, мисал келтиргиле, аныктагыла, көрсөткүлө, бөлүп чыккыла, ордун аныктагыла, башка мааниде айтып бергиле, алдына ала айткыла, тааныгыла, редакциялагыла, маалымдагыла, кайрадан тургузгула, карап чыккыла, тандагыла, суммалагыла, которгула
Маалыматтын маанисин түшүнүүгө жетишүү
Көйгөйдү же маселени өзүңдүн сөзүң менен алдыга коюу, химиялык формуланы өзгөртүү, диаграмманы түшүнүү, сөздөрдү чет тилине которуу
КОЛДОНУУ
Колдонуу
Колдонгула, өзгөрткүлө, тандагыла, эсептегиле, демонстрациялагыла, издеп тапкыла, сценалаштыргыла, пайдалангыла, иллюстрациялагыла, интерпретициялагыла, таасир бергиле, башкаргыла, карап көргүлө, алдына ала айткыла, даярдагыла, өндүрүп чыгаргыла, байланышкыла, чектегиле, көрсөткүлө, чиймелерин чийгиле, эсептеп чыгаргыла, жазгыла
Реалдуу чындыктагы кырдаалда билимдерди пайдалануу
Математика курсундагы окутулган принциптерди ички механизмдердин кыймылдаткычынын цилиндрининкөлөмүн чыгарууда колдонуу
ТАЛДОО
Талдоо
Талдагыла, баа бергиле, бөлүштүргүлө, эсептегиле, категориялаштыргыла, салыштыргыла, карама-каршы келтиргиле, сындагыла, схема түрүндө бергиле, дифференциялагыла, айырмалагыла, таанып-билгиле, изилдегиле, эксперимент жасагыла, аныктагыла, иллюстрациялагыла, жыйынтыктагыла, моделдештиргиле, бөлүп бергиле, көрсөткүлө, сураштыргыла, байланыштыргыла, тандагыла, сынагыла
Объектилердин же идеялардын жөнөкөй курамдарын жайгаштырып, алардын байланыштарынын тартибин кароо
Студенттин Ньютондун кыймыл жөнүндөгү 1-мыйзамын түшүндүрүүдө логикалык каталары тууралуу талкуу жүргүзүү
СИНТЕЗ
Синтез
Бөлүштүргүлө, чогулткула, категориялаштыргыла, тандагыла, бириктиргиле, макулдаштыргыла, түзгүлө, кургула, жараткыла, долбоорлогула, иштеп чыкыла, ойлоп тапкыла, түшүндүргүлө, сүйлөп маанисин айтып бергиле, бириктиргиле, калыбына келтиргиле, уюштургула, палндаштыргыла, даярдагыла, сунуштагыла, кайрадан кургула, калыбына келтиргиле, байланыштыргыла, кайрадан уюштургула
Идеяларды, түшүнүктөрдү жаңы кырдаалга которуу
Маселелерди чечүү боюнча отчетторду жазуу; топтук талкууларды же дискуссияларды пландаштыруу; курстук ишти жазуу
БААЛОО
Баалоо
Аныктагыла, талаш-тартуу жүргүзгүлө, баалагыла, байланыштыргыла, тандагыла, салыштыргыла, аяктагыла, карама-каршылыкты белгилегиле, коргогула, айырмалагыла, эсептегиле, тургузгула, талкуулагыла, негиздегиле, интерпретициялагыла, колдогула, баа бергиле
Сырткы критерийлердин же ички күбөлөндүрүүчү себептердин негизинде ой толгоолорду түзүү
Маселелерди альтернативдүү чечүүнүн жолдорун балоо; студенттик башкаруунун өкүлүнүн сөзүнөн карама-каршылыктарды табуу
Тапшырмаларды татаалдыгы боюнча бөлүштүрүү
1-деңгээл – Репродуктивдүү
- Максаты: билимдерди кабыл алуу, аңдоо, эске тутуп калуу, кайрадан айтып берүү.
- Даяр түрүндө мугалим тараптан берилген маалымат бардык окуучулар тараптан өздөштүрүлүшү керек.
- Кайрадан кайталап берүүлүчү репродуктивдүү мүнөздөгү тапшырмалар: орун калтырылып коюлган жерлерге сөздөрдү коюу, жетишпеген маалыматтарды киргизүү, туура жоопторду туура эмес жооптордон бөлүп алуу.
2-деңгээл-продуктивдүү
- Продуктивдүү деңгээлдеги иштер: алгоритмдин негизинде үйрөнүлгөн тапшырмаларды аткаруу же 2-3 жол менен чыгаруучу тапшырмаларды өзгөртүү
3- деңгээл- чыгармачылык
Белгисиз маселелерди чыгаруу, алардын даяр эталону жок.
Билимдерди, билгичтиткерди тааныш эмес окуу кырдаалында чыгармачылык менен колдонуу.
Алгоритмдештирилбеген көп сандагы өзгөртүүлөрдү талап кылуучу тапшырмалар б.а. чыгармачылык деңгээлдеги иштер.
Сабакта окуучулардын өз алдынчалуулугун уюштуруу.
- Сабактын максатын окуучулар менен бирге коюу-Смарт;
- Окуучулар менен бирге пландаштыруу
- Рефлексия-Кайтарым байланыш тузуу
- Критериалдык баалоону колдонуу
- Жагымдуу атмосфера тузуу-окуучулардын эркин болуусу-Топтор менен окутуу формасы
- Активдуу окутуу усулдарын колдонуу
- Ар турдуу денгээлдеги тапшырмаларды беруу
- Кошумча маалымат булактарын окуучулар менен бирге колдонуу
- Кайтарым байланыш
- Пландаштыруу
- Проблемалык окутуу
- Рефексия
- Пландоо
- Дифференцацияланган баалоо
- Уй тапшырманын турлору, окуучулардын тандоо мумкунчулугу.
Көңүл бурганыныздарга рахмат!