СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Окуучулардын окуудагы жетишкендиктерин баалоо

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Окуучулардын окуудагы жетишкендиктерин баалоо»

Окуучулардын окуудагы жетишкендиктерин баалоо:

Окуучулардын окуудагы жетишкендиктерин баалоо:

 Окуучулардын окуудагы жетишкендиктерин баалоодо төмөнкүдөй үч негизги түшүнүк колдонулат: Баалоо Баа берүү Баа

Окуучулардын окуудагы жетишкендиктерин баалоодо төмөнкүдөй үч негизги түшүнүк колдонулат:

  • Баалоо
  • Баа берүү
  • Баа
Баалоо- бул окуучулардын окуу жана таанып билүү ишмердигине байкоо жүргүзүү процесси, ошондой эле билим берүүнүн сапатын жакшыртуу максатында окуучу тууралуу маалыматты жазуу, чогултуу, каттоо жана чечмелөө процесси.

Баалоо- бул окуучулардын окуу жана таанып билүү ишмердигине байкоо

жүргүзүү процесси, ошондой эле билим берүүнүн сапатын жакшыртуу максатында

окуучу тууралуу маалыматты жазуу, чогултуу, каттоо жана чечмелөө

процесси.

Баа берүү – бул баалоо процессинин натыйжасы, баалоо боюнча ишмердик же иш-аракет, сапаттуу кайтарым байланыш маалыматы.

Баа берүү – бул баалоо процессинин натыйжасы, баалоо боюнча ишмердик

же иш-аракет, сапаттуу кайтарым байланыш маалыматы.

Баа – бул символ, окуучулардын окуу жетишкендиктерин цифралар, тамгалар, же башкача түрдө формалдуу- шарттуу, сан менен чагылдыруу.

Баа – бул символ, окуучулардын окуу жетишкендиктерин цифралар,

тамгалар, же башкача түрдө формалдуу- шарттуу, сан менен чагылдыруу.

Баалоонун түрлөрү : Диагностикалык Формативдик Суммативдик

Баалоонун түрлөрү :

Диагностикалык

Формативдик

Суммативдик

Формативдик (калыптандыруучу) баалоо ар бир окуучу менен иштөөгө багытталган. Мында биз күн сайын окуучулардын кызыкчылыгын жана жөндөмүн эске алуу менен жетишкендигин баалайбыз,алардын өсүшүнө шарт түзөбүз. Формативдик баалоо окуучунун өзүнүн таанып билүү- сүнө жоопкерчилигин иштеп чыгууга багытталган. Формативдик баалоо баалоонун башка усулдарына караганда окуучуну материалды терең түшүнүүсүнө мүмкүндүк түзүп, ошондой эле материалды кантип талдоо жана турмушка кантип колдонуу жөнүндө ойлонууга алып келет.

Формативдик (калыптандыруучу) баалоо ар бир окуучу менен иштөөгө багытталган.

Мында биз күн сайын окуучулардын кызыкчылыгын жана жөндөмүн эске алуу менен жетишкендигин

баалайбыз,алардын өсүшүнө шарт түзөбүз.

Формативдик баалоо окуучунун өзүнүн таанып билүү-

сүнө жоопкерчилигин иштеп чыгууга багытталган.

Формативдик баалоо баалоонун башка усулдарына караганда окуучуну материалды терең түшүнүүсүнө мүмкүндүк түзүп, ошондой эле материалды кантип талдоо жана турмушка кантип колдонуу жөнүндө ойлонууга алып келет.

Формативдик (калыптандыруучу) баалоо- окуучунун окуп үйрөнүүсүнө максаттуу үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүү процесси. Формативдик баалоо формалдуу эмес (көбүнчө баа койулбаган) баалоо болуп саналат.  Ал баалоону критерийлерге ылайык жүргүзүүгө негизделип, кайтарым байланыштын болушун талап кылат.

Формативдик (калыптандыруучу) баалоо- окуучунун окуп үйрөнүүсүнө максаттуу үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүү процесси. Формативдик баалоо формалдуу эмес (көбүнчө баа койулбаган) баалоо болуп саналат.

Ал баалоону критерийлерге ылайык жүргүзүүгө негизделип, кайтарым байланыштын болушун талап кылат.

Калыптандыруучу баалоо күн сайын ар бир сабакта колдонулат. Окуучунун окуганын түшүнүүсү калыптандыруучу баалоонун түрдүү ыкмаларын колдонуу менен сабак учурунда бир нече жолу текшерилет. Калыптандыруучу баалоо баа коюу үчүн эмес, окуу процессинде пайда болгон көйгөйлөрдү аныктоо үчүн жүргүзүлөт. Калыптандыруучу баалоонун натыйжалары мындан аркы окутууну пландашты-руунун каражаты болуп эсептелет. Калыптандыруучу баалоонун ыкмаларынын ар түрдүүлүгү жана аларды ишке ашыруунун универсалдуулугу окуучуларды окуу процессине шыктандырган түр-дүү сабактарды пландаштырууга өбөлгө түзөт. Калыптандыруучу баалоо ар бир окуучунун натыйжалуу билим алуусуна шарт түзөт.
  • Калыптандыруучу баалоо күн сайын ар бир сабакта колдонулат.
  • Окуучунун окуганын түшүнүүсү калыптандыруучу баалоонун түрдүү ыкмаларын колдонуу менен сабак учурунда бир нече жолу текшерилет.
  • Калыптандыруучу баалоо баа коюу үчүн эмес, окуу процессинде пайда болгон көйгөйлөрдү аныктоо үчүн жүргүзүлөт.
  • Калыптандыруучу баалоонун натыйжалары мындан аркы окутууну пландашты-руунун каражаты болуп эсептелет.
  • Калыптандыруучу баалоонун ыкмаларынын ар түрдүүлүгү жана аларды ишке ашыруунун универсалдуулугу окуучуларды окуу процессине шыктандырган түр-дүү сабактарды пландаштырууга өбөлгө түзөт.
  • Калыптандыруучу баалоо ар бир окуучунун натыйжалуу билим алуусуна шарт түзөт.
ОКУУЧУЛАРДЫН ШЫКТАНУУСУНА БААЛООНУН ТААСИРИ  Шыктандыруу – бул белгилүү максаттарга жетүүнү камсыздоо үчүн иш-аракеттерге түрткү берүү процесси. Ички умтулуу– бул жеке каалоолор жана муктаждыктардын негизинде умтулуу. Тышкы умтулуу – бул демилге берүүнүн (мактоо, баалар, ардак грамоталар ж. б. у. с.) түрлөрүн камтыган айлана-чөйрөдөгү факторлордун негизинде умтулуу.  Окуучулардын умтулуусун жогорулатып, шыктандыруу окутуу процессинде жүргүзүлүп турат. Ал түрдүү окутуу ыкмаларынын жардамы менен: балдардын окурмандык компетенттүүлүгүнө ылайык келген тексттерди тандоо, мугалимдин чыгарманы кызыктуу кылып сунуштоо жөндөмдүүлүгү аркылуу ишке ашырылат.

ОКУУЧУЛАРДЫН ШЫКТАНУУСУНА БААЛООНУН ТААСИРИ

Шыктандыруу – бул белгилүү максаттарга жетүүнү камсыздоо үчүн иш-аракеттерге түрткү берүү процесси. Ички умтулуу– бул жеке каалоолор жана муктаждыктардын негизинде умтулуу. Тышкы умтулуу – бул демилге берүүнүн (мактоо, баалар, ардак грамоталар ж. б. у. с.) түрлөрүн камтыган айлана-чөйрөдөгү факторлордун негизинде умтулуу.

Окуучулардын умтулуусун жогорулатып, шыктандыруу окутуу процессинде жүргүзүлүп турат. Ал түрдүү окутуу ыкмаларынын жардамы менен: балдардын окурмандык компетенттүүлүгүнө ылайык келген тексттерди тандоо, мугалимдин чыгарманы кызыктуу кылып сунуштоо жөндөмдүүлүгү аркылуу ишке ашырылат.

КАЛЫПТАНДЫРУУЧУ БААЛОНУН ЫКМАЛАРЫ  Калыптандыруучу баалоонун бир нече ыкмалары бар. Алардын жардамы менен мугалим окуучулардын окуу процессине катышуу жана түшүнүү деңгээлин текшере алат.  Окуучулардын жоопторун кылдаттык менен талдоонун негизинде мугалимдер окуучулардын түшүнбөй калгандарын толуктап, артта калуусун жоюуга жардам бере алат.

КАЛЫПТАНДЫРУУЧУ БААЛОНУН ЫКМАЛАРЫ

Калыптандыруучу баалоонун бир нече ыкмалары бар. Алардын жардамы менен мугалим окуучулардын окуу процессине катышуу жана түшүнүү деңгээлин текшере алат.

Окуучулардын жоопторун кылдаттык менен талдоонун негизинде мугалимдер окуучулардын түшүнбөй калгандарын толуктап, артта калуусун жоюуга жардам бере алат.

Кар тобу Бул көнүгүү бөлүмдүн аягында же жаңы бөлүмгө өтөрдүн алдында окуучулар эме-нелерди үйрөнүп, билгендигин аныктоо мүмкүнчүлүгүн берет. Кар тобу – окуучулардын буга чейинки билимдерин активдештирүүнүн же өтүлгөн материалдарды кайталоонун көӊүлдүү ыкмасы.

Кар тобу

Бул көнүгүү бөлүмдүн аягында же жаңы

бөлүмгө өтөрдүн алдында окуучулар эме-нелерди үйрөнүп, билгендигин аныктоо мүмкүнчүлүгүн берет. Кар тобу – окуучулардын буга чейинки билимдерин активдештирүүнүн же өтүлгөн материалдарды кайталоонун көӊүлдүү ыкмасы.

Жол чырагы  Окуучулардын түшүнүүсүн текшерип туруу үчүн мугалим ар бир окуучуга же ар бир топко төмөнкүдөй тегерекчелерди таратып бериши мүмкүн. Мугалим окуучуларга тегерекче-лер эмне үчүн колдонуларын жана эмнени билдирерин түшүндүрөт. Мен бардыгын Көбүн түшүндүм, бирок суроолорум бар! Түшүнбөй жатам, мага түшүндүм! жардам керек!

Жол чырагы

Окуучулардын түшүнүүсүн текшерип туруу үчүн мугалим ар бир окуучуга же ар бир топко төмөнкүдөй тегерекчелерди таратып бериши мүмкүн. Мугалим окуучуларга тегерекче-лер эмне үчүн колдонуларын жана эмнени билдирерин түшүндүрөт.

Мен бардыгын

Көбүн түшүндүм, бирок суроолорум бар!

Түшүнбөй жатам, мага

түшүндүм!

жардам керек!

Сыйкырдуу таякчалар  Мугалимдер айрым бир окуучуларды кайра-кайра суроолорго жооп берүү үчүн чакыра беришкенин өздөрү да байкабай калышат. Мындай жагдай окуучулардын же байкоочулардын көзүнө дароо илинет. Кээ бир окуучулар муну билип туруп, мугалимдин суроосун укпай да коюшат.  Мугалимге бул көйгөйдү чечүү үчүн окуу-чулардын аттары жазылган таякчалар жардамчы болуп, ар бир окуучунун сабакка активдүү катышуусун камсыздайт.  Бул абдан жөнөкөй, бирок өтө натыйжалуу стратегия.

Сыйкырдуу таякчалар

Мугалимдер айрым бир окуучуларды кайра-кайра суроолорго жооп берүү үчүн чакыра беришкенин өздөрү да байкабай калышат. Мындай жагдай окуучулардын же байкоочулардын көзүнө дароо илинет. Кээ бир окуучулар муну билип туруп, мугалимдин суроосун укпай да коюшат.

Мугалимге бул көйгөйдү чечүү үчүн окуу-чулардын аттары жазылган таякчалар жардамчы болуп, ар бир окуучунун сабакка активдүү катышуусун камсыздайт.

Бул абдан жөнөкөй, бирок өтө натыйжалуу стратегия.

Эки жылдыз, бир каалоо   Мугалим окуучуларга аткарган иштери менен алмашып,өнөктөшүнүн жазуу ишин текшерүүнү сунуштайт. Текшерүү учурунда окуучу өнөктөшүнүн ишиндеги критерийлерге жооп берген же өтө жаккан эки нерсени белгилеп, ар биринин жанына жылдыздын сүрөтүн тартат. Ошондой эле оӊдоп-толуктоону талап кылган бир учурун белгилеп, жанына сунушун жазат же оозеки айтат. Текшерүү аяктагандан кийин жуптар натыйжаларды өз ара талкуулашат, адегенде жакшы жактары – «жылдыздар» – айтылат, андан кийин «сунуш» айтылат. Жуптар өз иштерин кайтарып алып, сунуштардын негизинде, бөлүнгөн убакыт ичинде оңдой алышат. Кийинки баалоону мугалим жүргүзөт.

Эки жылдыз, бир каалоо

Мугалим окуучуларга аткарган иштери менен алмашып,өнөктөшүнүн жазуу ишин текшерүүнү сунуштайт. Текшерүү учурунда окуучу өнөктөшүнүн ишиндеги критерийлерге жооп берген же өтө жаккан эки нерсени белгилеп, ар биринин жанына жылдыздын сүрөтүн тартат. Ошондой эле оӊдоп-толуктоону талап кылган бир учурун белгилеп, жанына сунушун жазат же оозеки айтат. Текшерүү аяктагандан кийин жуптар натыйжаларды өз ара талкуулашат, адегенде жакшы жактары – «жылдыздар» – айтылат, андан кийин «сунуш» айтылат. Жуптар өз иштерин кайтарып алып, сунуштардын негизинде, бөлүнгөн убакыт ичинде оңдой алышат. Кийинки баалоону мугалим жүргүзөт.

Окуучу-бул идиш эмес толтуруучу.  Окуучу-бул шам чырак жандыруучу.

Окуучу-бул идиш эмес толтуруучу.

Окуучу-бул шам чырак жандыруучу.

Көнүл бурганыңыздарга рахмат!

Көнүл бурганыңыздарга рахмат!