СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

ОРТга даярдоо тесттик суроолор

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тесттик суроолор Текст менен иштоо

Просмотр содержимого документа
«ОРТга даярдоо тесттик суроолор»


1

– Бекназар аке, сизди пансат күтүп олтурат... – деди бир жигит отко жакын келип, Бекназардын кабагы дагы бүркөлүп, унчукпады. Чакырып келген жигит жооп күткөндөй болуп, бирпас турду да, кайрып сөз айта албай топтон акырын суурулуп чыгып кетти.

– Аттар даярбы? – деди Бекназар өз жигиттерине.

5

– Даяр, Бекназар аке...

Бекназар ордунан турду. Эшим элирген каракашка аргымакты алдына тарта берди. Бекназар атка минген жок, нары обочо жерде бүлбүлдөп күйүп жаткан от жакты карай ыкчам басып жөнөдү. Эшим бир колуна өзүнүн атын, бир колуна каракашка аргымакты жетелеп, Бекназардын артынан кетти. Калган жигиттер да аттуу, жөө болушуп ээрчиди.

10

Бекназар келгенде топ жарыла берди. Оттун жогору жагында кымкап тонду желбегей жамынып, чарчагансып үлдүрөп отурган киши гана козголбоду. Эки көзү чекчейген арык киши, суюк буурул сакалы бар. Сеңселген ак көрпө тебетейи арт жагында чөптүн үстүндө жатты, ал жайынча кара манат топучан отурду. Кокон ордосунун бу Аксы багытындагы таасирдүү кишиси, аскер ишинде пансат атагы бар бий Абил болучу.

15

Тегерегиндеги мыктылар демдерин ичтерине алып, тым турушту. – Ассалому алейкум!

Бекназардын келип калганын эми билгенсип, сүйүнүп кеткенсип. Абил бий алик алды:

– Быякка!.. Кел, баатыр... – деп тизе какты.

– Чакыртыпсыз, пансат аке?

20

Абил бий Бекназарды бир имерип тиктеп алып, жай гана:

– Баатыр... – деп аяр үн салды. – Ортого түшчү кеп бар... Мындай кыйын кезде кеңеш жакшы. Кеңешели...

Бекназар оттун төмөн жагына сыңар тизелеп отура калды:

– Кулак сизде.

25

Не кылган менен Абил бий алда нерседен кооптуудай, ичи түтпөй турган өңдүү. Ал Бекназарды дагы бир кадалып тиктеди.

– Бузулар үйдөн эң биринчи ырк кетет. Атасынан адилдик кетет, баласынан намыс кетет, катыны айыңчы, келини ууру болот. Бирин-бири сыйлашуудан калат, биригип үй тутунуу милдетин унутушат. Баатыр, мына ушуну ойлонушубуз зарыл.

30

Мына, аталыктын көзү өттү, эми көрүп алабыз, ордодо дагы ит тартыш чыгат. Дагы кудай уруп чабыш башталат. Тигинтип бир жактан орус сыгып келатат. Башсыз, көзсүз, терс карашып жатканыбызда бир күнү, же хандан келип, же орустан келип канавайран түшүрүп чаап кетсе, анда эмне болобуз? – Абил бий тарамыштуу арык колу менен сакалынын учун кармалап, ичинен тооба келтиргенсип койду.

35

Абил бий жылмайган болду:

– Ордо баарыбызга тең, баатыр.

Бекназар унчуккан жок. Абил бий анын жүзүн, а түгүл оозунан чыккан демине чейин байкап, маани берип, ушул сүйлөшүүдөн жакшылыкты да, жамандыкты да күтүп отурду. Бекназар жүзбашы дайыма бирге болуп, ысыкты, суукту бирге көрүп,

40

жигиттердин көбүнө алынып кетип, кийинки күндөрдө паңсатка анча ийилбей, тоңмоюн болуп бараткан эле. Эмне? Мунун бир айталбай жүргөн кинеси, алалбай жүргөн акысы барбы? Алымкул аталыктын киши колдуу болушу булардын ортосун ого бетер суутуп кетти. Эч пайдасы жок дайым эле бузула берген ордодон такыр көңүлү калып, ордого жакын киши деп, мурда эле кыртышы сүйбөгөн Бекназар пансатты жек көрүп калган

45

болучу. Жолу бир болсо да, Ташкенден бери бет келишип кеп тартышканы ушул.

– Бизге азыр ырк зарыл, баатыр.

Бекназар да бирдемени күтүп, оттун кызылын тиктеген бойдон былк этпей отуруп, паңсаттын акыркы сөзүнө макул болуп акырын башын ийкеди.






50





– Мындай учурда, баатыр, өзүңдөн өтөрү жок, саруу уругунун колуна өзүң баш бол, – деди ал кеп чыгарып. – Муну элге барып, кары-жашын бүт чогултуп алдына айтсак болот эле, бирок жигиттер чарчады, үй-үйүнө тарап кеткен соң кайта үйрүлүп биригиш узагына тартар, ошон үчүн артыкбаш жыйыны жок, аттан дегенде түп көтөрө аттана бере турган кылып тартипти мукумдаш зарыл, жигиттер кимдин үнүн тыңшашын, кай туунун түбүнө

55

топтолушун азыр эле аныктап билип тарашы зарыл. – Сынай тиктеп отуруп, артынан: – Керек этсең мына биз даярбыз, биздей жашы улуу кишилерден кеңеш ала жүрөрсүң... – деп акырын кошумчалады.

Пансаттын оюнда тиги ушул сөздү угары менен ыргып туруп, таазим кылып, ыракматын билдирип жиберет го деп, биртике үмүтү турган. Бекназар үн катпай, былк этпей,

60

өзгөрбөй койду. Бийдин аяр көздөрү анын кебетесинен «сенсиз да, сенин тапшырууңсуз да, жигиттерге сөз өтөт» деген пикирди окуду. Ичи сыйрылды. Бекер айттыбы? Көптүрүп алдыбы муну? Көздөрү чекчейип, жини келе баштады. А Бекназар да паңсаттын ичиндеги куюнду сезди, куюн уюлгуп-уюлгуп келип ташка урунуп, бир шойкон чыгарышка деми жетпей, сынып жок болуп жатканын көрүп турду.

65

– Көрөбүз.

Жанаа жолго камынууга буйрук болгондон бери жигиттер топурап, аттарын издеп табышып, токушуп, от жаккандар отторун өчүрүп, дүүлүгүп жатышкан эле. Айтар жаңылыгын угууга, жүзбашылардын артынан, элүүбашылардын, онбашылардын артынан дүрбөп, пансаттын отун тегеренишип, тирелип ооз карап калышты.

70

Абил бий да, Карачал да, Бекназар да аттанышты. Ушундан соң Бекназар булдурсунду бүктөй кармап, Абил бий жакка жүз буруп, бирок, бетине тике карабай, ага сөз койгонсуп калды. Абил бий муну билип, алдыңкы жигитбашыларды бир имере тиктеп, тамагын жасады. Жакын тургандар тымтырс болду.

– Баатырлар, – деп кайрылды пансат, – жаңылык бир эле сөз. Мына элдин четинде

75

турабыз. Мындан нары жол улам айрылган сайын ар уруктун жигиттери өз айлына бөлүнүп кете берсе болот. Бирок жигиттер бир нерсени так билип кетиши өтө зарыл. Ошону гана кулакка салып коёлу деп... – Ушундан соң ал тоолуктардын оң, сол канатын бириктирген эзелки салтын, улуу алдында кичүү ийменип, төбөсү көккө жетип кеткен күндө да, ызат билиш сыпаалыгын айтып, аларды шарият менен бекемдеп өттү, анан

80

иштин ток этерине келди.

– Өзүңөр көрдүңөр, ордо дагы бузулду, тыяктан тигинтип орус кысып чыкты, муну да өзүңөр көрдүңөр. Мындай учурда ээнбаштык ыркты кетирет, колду байлайт. Келер жоонун алдында бизди алсыз кылат. Ошон үчүн, баатырлар, колубуз бир адамга баш коё турган болсун. Мен кары адаммын. Тилинде эми бар, билегинде күчү бар жаш

85

азаматтардан кошунбашы көтөрүп алгыла. Бекназар баатырдан өтөрү жок. Буга кандай дейсиңер? – Жалпыга угузуп: - Эмне болсоң ошо бол деп таштап салбаспыз баатырды. Баштаган, жаки бүтүргөн, жаки кылам деген иштеринде башында болуп, колубуздан келсе, акылыбыз жетсе, ийрисин түзөп, кемдигин бүтөп турарбыз! – деп кошумчалады. Бул жаңы кабар жол алууга дүрдүгүп турган беш жүз колдун кыйрына толкун түшүрдү.

90

Бир тарабы ачык кубаныч билдирип, «бекназарлап» ураан кыйкырып, түндү башына көтөрө башташты, бир тарабы күүлдөп, өз ара талаш куруп, сөздүн акырына карашып, жай толкуду. Ушулардын баарын байкап, Абил бийдин кайта ичи тарып кетти. Бирок сыр бербеди.







Бекназар колго таазим кылды. Те жигиттердин четинен кимдир бирөө «бекназарлап»

95

кыйкырды. Бекназар үн чыккан жакка серп таштап, ким экенин тааный алган жок, бозомтук таңкы шоола ичинде кара атчан ат ойнотуп камчысын булгалап турганын гана көрдү.

– Жигиттер! – деди Бекназар, кайрат толгон бийик үнү чууну шарт жарып өттү.

– Пансаттын каалоосун уктуңар. Эгер ушундай чалкеш заманда сарытаман атыңардын

100

күчүн, башыңардын баасын мага ишенип, мени ээрчип, мага жол койгуңар келсе, анда аскер ишиндеги мен ойлогон ойго, мен баштаган, мен бүтөргөн бүтүмгө, ким гана болбосун киши киришпесин! Биринчи шартым ушул...

Бул эскертүү так өзүнө айтылып жатканын Абил бийдин аяр көкүрөгү кантип түшүнбөй өткөрөт? Эски айлакер мостойду. Нечен ордо шумдуктарына катышып көргөн куу ушу

105

азыр кичине алданып турганын туйду. Бирок, анын сергек акылы бу жанкечти жүзбашы менен азырынча мамилени жамандыкка айланткысы келбей, бардык ызасын, заарын жашырып кадимкисиндей жакшы жымыйып турду. Бекназардын көкүрөгүндө зарде бар, ал амалды бирөөлөргө кызмат кылыш үчүн эмес, бирөөлөрдүн үстүнөн бийлик жүргүзүш үчүн ала турган кишилерден эле. Абил бий муну жактырчу. Эскертүү өзүнө

110

катуу тийсе да, унчукпай калып калды. Бекназарды колдоп, үндөр күүлдөп, арттагы атчандар улам теминип келишип, орто тарып кетти.

– Жигиттер! – деди Бекназар дагы. – Алты ай бою түзүктөп бел чечинбей, көйнөгүбүз этибизге катты...

Жапырт коштоду үндөр.

115

– Бой жазышыбыз керек. Мына эми улам тоого өйдөлөгөн сайын айлыбыз кезигет, бириндеп калып отурабыз. Окко учкан курдаштарыбызды, туугандарына угузуп, ариетин кылып, анан үй-үйүбүзгө тарап кетебиз. Ошол бойдон кабарсыз кетишпейли. Ар айылдан бирден жигит мени менен байланышын жоготпой жүрсүн. Бул зарыл. Бардык жамандыкка камдуу туралы. Андан наркысы бара-бара көрүнө жатар.

120

Баатырлар! Эң акыркы шартым бул...

Дагы кандай шарт? Күүлдөгөн үндөр тым боло түштү.

– Менин сөзүм эки кылынбасын! Сөзүмдү эч ким жыра тартпасын! Алдыма жулкунуп эч ким ат бастырбасын!

Көпчүлүк дагы дуулдап коштоду. Бекназар каракашка аргымакты акырын теминди:

125

– Тарткыла!

Ушердеги эки күндүк өргүүдө тыныга түшкөн аргымак элире баш көтөрүп, алчактап биринчи болуп топтон суурулду.















8-тапшырма. Тесттик тапшырманы аткаргыла.

1.Үзүндүдөгү окуя кайсы жерде болуп жатат?


а) Ташкенден келаткан жолдо

б) Ташкенге бараткан жолдо

в) боз үйдүн ичинде

г) боз үйдөгү оттун жанында


2. Абил бий чакырткан кишиси келгенде кандай тосуп алды?


а) ордунан туруп учурашты

б) алейкум салам, – деди

в) кучакташып көрүштү

г) ордунан турган жок


3. 27–33-саптарда Абил бий Бекназарга кайрылган кебинде эмне деген ойду айтты?

а) «ордодо биримдик жок»

б) «ордону бириктирели»

в) «ордонун жыйынын куралы»

г) «Кокон ханы басып келатат»


4. Бекназар жөнүндө 39–45-саптарда айтылган ой эмнени билдирет?

а) Бекназар Алымкул аталыкты киши колдуу кылган.

б) Бекназар – жүзбашы катары мыкты аскер башчы.

в) Бекназар Адил бийди жек көрүп, сүйлөшпөйт.

г) Бекназардын паңсаттан ала албай жүргөн өчү бар.


5. Паңсаттын Бекназарга айткан сөзүндө (50–56-саптарда) эмне жөнүндө кеп болду?

а) жигиттер чарчады, үйлөрүнө таратып жиберди

б) колбашчы болууга Бекназарды дайындады

в) биздей улуулардан дайым кеңеш алып тур

г) улуулук насаат сөз угуп жүр, деп айтты



6. «Бекназар да пансаттын ичиндеги куюнду сезди, куюн уюлгуп-уюлгуп келип ташка урунуп, бир шойкон чыгарышка деми жетпей, сынып жок болуп жатканын көрүп турду» деген сүйлөмдө (63–64-саптар) пансаттын кайсы сезимдери жөнүндө айтылды?


а) ызалануу

б) ачуулануу

в) капалануу

г) туталануу





7. Бийдин аяр көздөрү анын кебетесинен «сенсиз да, сенин тапшырууңсуз да, жигиттерге сөз өтөт» деген пикирди окуду» деген (59–61) саптарда эмне жөнүндө айтылды?

а) Абил бий Бекназарды карап отуруп, аяп кетти.

б) Паңсат өзү кол башчы болчу, эми Бекназарга өткөрдү.

в) Паңсат дайындабаса деле Бекназар кол башкара алган.

г) Бекназар жаңыдан жүзбашы шайланып жатат.




8. Бекназар жигиттерге айткан сөзүндө эмне үчүн «аскер ишиндеги мен ойлогон ойго, мен баштаган, мен бүтөргөн бүтүмгө, ким гана болбосун, киши киришпесин» (101–102-саптар) деген шарт койду?


а) Бекназар беш жүз аскерди башкарууда өзүмчүлдүк кылды.

б) Бекназар эч качан эч ким менен бийлик бөлүшүнүүнү каалабайт.

в) Бекназар аскер ишинде эң мыкты башкаруучу болгон.

г) Абил бий кийлигише берерин билип, Бекназар атайын айтты.


9. «Бекназардын көкүрөгүндө зарде бар, ал амалды бирөөлөргө кызмат кылыш үчүн эмес, бирөөлөрдүн үстүнөн бийлик жүргүзүш үчүн ала турган кишилерден эле» деген сүйлөмдүн маанисин кандай түшүнсө болот?


а) жоокерлер Бекназардан коркушат

б) Бекназар амалдуулардан коркпойт

в) Бекназар бийлик жүргүзүш үчүн амал алат

г) Бекназар чоңдорго кызмат кылууну каалайт


10. Үзүндүдө кайсы ордо жөнүндө айтылды?


а) Кокон кандыгы

б) ордо оюну

в) Алтын ордо

г) Чынгыз кан


11. «Бой жазышыбыз керек» (115-сап) деген эмне?


а) боюбузду узарталы

б) боюбузду теңештирели

в) чарчаганыбызды жазалы

г) ким көп чарчаганын жазалы


12. Бекназардын мүнөзү ... .


а) курч, кыраакы, кырт

б) кыраакы, өткүр

в) токтоо, сабырдуу

г) кыраакы, салмактуу