Просмотр содержимого документа
«Өсүдүктөрдүн эволюциясы»
Өсүмдүктөрдүн эволюциясы
Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн эволюциясы мындан 3 500 млн. жылдар мурун архей доорунда башталган. Бул мезгилде Жер жүзүндө көк - жашыл балырлардын гана пайда болгону белгиленген. Бул балырлар цианобактериялар тобуна кирип, алардын клеткаларында калыптанган ядро болгон эмес. Ошондуктан, аларды прокариотторго (ядролууларга чейинкилерге) киргизишкен. Көк- жашыл балырлардын арасында фотосинтезди ишке ашыруучу бир жана көп клеткалуу организмдер болгон. Фотосинтез процесси биздин планетанын атмосферасына аэробдуулардын тиричилигине керектүү кычкылтек келе баштаган.
Кийинчиреек протерозой доорунда (2600 млн. жалдар мурун) Жерди кызыл жана жашыл балырлар ээлей баштаган. Ал эми палеозойдун (силур мезгили) аягында эң алгачкы жогорку түзүлүштөгү өсүмдүктөр – риниофиттер же псилофиттер тиричилик кыла баштаган. Бул өсүмдүктөрдүн өркүндөрү гана болуп, тамыры жана жалбырактары жок болгон. Риниофиттер споралары менен көбөйүшкөн. Алардын кайсы бирлери сууда жана кургактыкта байырлашкан.
Кийинки палеозой доорунун перм мезгилинде Жер жүзүндө алгачкы жылаңач уруктуулар пайда болгон.
Ал эми кайнозой доорунда, болжол менен 70 млн. жылдар мурун, биздин планетада жогорку споралуулардын регрессине байланыштуу, алардын ордуна жылаңач жана жабык уруктуулар үстөмдүк кыла баштаган.
Бүгүн Жер жүзүндө 350 өсүмдүктөрдүн түрү өсүп, алардын арасында гүлдүүлөр, мох сымалдар, папоротниктер жана балырлар кездешет.
Өсүмдүктөрдүн классификациясы
Өсүмдүктөрдүн дүйнөсүнүн заманбап систематикасы үч топко: анык балырлар, багрянкалар (кызыл балырлар) жана жогорку өсүмдүктөр (түйүлдүктүүлөр) болуп бөлүнөт. Бул үч дүйнөчөлөрдүн Жер жүзүндө 350 мин түрү кездешет. Алар , өтө майда өлчөмдөн ири өлчөмгө чейин айырмаланган өсүмдүктөр. Бардык өсүмдүктөр дүйнөсүнүн өкүлдөрү бири- биринен: жашоо тиричилигинин формалары (чөптөр, дарактар, бадалдар), жашоо мөөнөтү (көп жылдык, бир жылдык, эки жылдык) , көбөйүү типтери жана айлана- чөйрөнүн шарттарына ынгайлануусу менен айырмаланып тиричилик өткөрүшөт.
Пластидалар
Пластидалар автотрофтуу өсүмдүктөрдүн клеткасынын негизги цитоплазмалык органелласы болуп эсептелет. Пластидалар грекче. «plastos» - «эскирип калган»дегенди түшүндүрөт.
Пластиддердин негизги кызматы – органикалык заттарды синтездөө, өздөрүнө тиешелүү ДНК, РНК жана белок синтезинин структурсынан турат. Пластидаларда пигменттер бар, алар түсүн аныктап турат. Пластидалардын классификациясы алардын түстөрүнө жана аткарган кызматтарына жараша үч типке: хлоропластар, лейкопластар, хромопластар болуп бөлүнүшөт. Ал эми балырлардын пластиддери хроматофорлор деп аталат.