«Жашыл шаар»
Экология (грек тилинен oikos - үй, мекен,жашаган жер жана logos - илим,окуу. Түздөн түз которгондо: үй жөнүндө илим, ал эми адамзат үчүн үй бул Жер планетасы.)
организмдердин өз ара жана айлана чөйрө менен болгон байланышын изилдөөчү илим. Тирүү организмдин жашоо шартын жана организмдердин жашоо чөйрөсү менен өз ара байланышын изилдөөчү илим.
Заманбап экологиянын максаты цивилизациянын туруктуу өнүгүүсүн экологиянын мыйзамдарына ылайык келтирүү менен жаратылыш жана антропогендик системаларды, адамзаттын коомун жана бүтүн биосфераны башкаруу ыкмаларын иштеп чыгуу.
сөзсүз түрдө биосферага тийгизген антропогендик таасирди эске алуу менен, жашоонун уюмдаштырылышынын мыйзам ченемдүүлүктөрүн изилдөө;
Адамзат мындан 50-60 жыл мурда жаратылыш чөйрөсүнө олуттуу өзгөртүүнү баштаган башкача айтканда завод-фабрикалардын курулушу, автомагистралдардын курулушу жана башка көптгөн кичи ишканалардын жаратылышка зыяндуу заттарды чыгаруусу жаратылыштагы тең салмактуулуктун бузулуусуна алып келди
Экологиялык жагы каралбастан жеке кызыкчылыкты гана көздөп экономиканы өнүктүрүүгө белсенгени менен учурда түрдүү экологиялык кыйроолор көбөйдү. Региондук, локалдык, глобалдык проблемалар күн санап өсүүдө.
Шаарыбыздын айлана – чөйрөсүнө акырындык менен көз чаптырып көрлүчү. Дүркүрөп өнүккөн бак-дарактар жок, бирин–экин гана көрүүгө болот. Шаарыбыздын чөйрөсүн изилдеп көргөнүбүздө – илимдин жаңы илимий областы-урбоэкология деген түшүнүк келип чыгат. Шаарыбыздын экологиясы өтө начар абалга келип кептелди.
Шаардагы табигый компоненттер – атмосфера, өсмдүктө, жер астындагы суулар, суу түтүктөрүндөгү суулар жана климат өзгөрүүгө дуушар болду. Шаарды ыш (смог)-түтүн (транспорттон чыккан түтүн, завод, фабрика, комбинаттардан чыккан түтүн жана башка) каптап турат. Үстүртөн караганда боз түшкөнгө окшоп көрүнөт.
Таштандыларды жок кылуу же кайра иштетүү (англ. recycling) — айнек, кагаз, алюминий, асфальт, темир, жана пластиктен жасалган таштандыларды кайра иштетүү.
2000 жыл Европалык уюмга кирген мамлекеттер калдыктардын 50%тин кайра иштетип пайдалануу үчүн негизги маселени коюшкан.
Шаар чөйрөсүнүн учурдагы абалы кейиштүү абалга жеткен. Учурдагы шаардын экологиясы деген эмне?
Жашоонун сапаттык көрсөткүчү. Шаардагы ири жана майда өндүрүштөрдөн чыккан түтүн, шаарды боз каптагандай көрсөтөт. Бул менен күрөшүү үчүн жашылдандыруунун тура жолго коюу менен гана жетишебиз.
Бүгүнкү күндө андай эмес күндөн күнгө шаардын «паразиттери» өсүүдө башкача айтканда атмосферага, сууга зыяндуу заттар чыгып булгоодо. Бул ачуу чындык баарыбызга белгилүү.
Шаардагы зыяндуу таасирлерди азайтуу тура жолго коюлбаса, түбү жүрүп адамдар өз кылган катачылыктарыбызга өзүбүз өкүнүп калбагандай болуш керек.
Ошондуктан шаардын ландшафттын тура пландаштыруу бүгүнкү күндүн талабы. Шаардын ландшафттын калыптандыруу боюнча түрдүү иш аракетерди колго алуу;
санитардык – гигеналык жагын кароо, калк үчүн жагымдуу шарт түзүү, экологиялык таза чөйрө түзүү, жашоого эсеттикалык ырахат тартуулаган жагымдуу шарт түзүлүүгө тийиш.
Калк жашаган пункттар санитардык – техникалык жактан камсыз болуш керек. Ага суу түтүктөрүн тазалоо, канализацияны тазалоо жана өндүрүштөрдөн чыккан таштандыларды зянсыздандыруу үчүн түзүлгөн система кирет.Таштандыларды көбөйүп жатышынын бир нече себептерин атоого болот.
- бир жолу гана пайдаланып (одноразывый) ыргыта турган товарларды калк массалык түрдө пайдалануусу,
- оролуп даярдалган (упакованный) буюмдардын көбөйүшү
- калктын жашоо деңгээлинин жогорулашы, буюмдарды жаңыртуу
Ар бир Россия жарааны жыл сайын 300 кг кату күнүмдүк калдыктарды (ККК) ыргытышат. Франция, Германияда да ушул сыяктуу, жер шаарында эң көп санда таштандыларды таштаган булар Америкалыктар жыл сайын 600 кг таштандыларды таштайт. Ал эми Кыргызстанда бул көрсөткүч 100 – 190 кг ды түзөт.
Экологияга чон салым кошкон адамдар:
Николай Коперник
Галилео Галилей
Демокрит
200 жыл мурун б.з.ч. Римде таштандыларды тазалоо үчүн атайын кызматкерлер түзүлгөн
1315 жыл. Парижде шаар көчөлөрүндөгү таштандыларды, калдыктарды тазалоо киргизилген
1388 жыл. Англия парламентинде Лондон шаарында мусурларды кчөгө жана ичилүүчү сууларга таштоого тыюу салынган.
1775 жыл Лондондо мусор таштоочу атайын урналар орнотулган
1869 жыл Биринчи жолу целлулоид иштетүү ишке кирген, пласмассанын көптөгөн түрлөрүн иштеп чыгара башташкан
1. Көмүү.Бул эң эле антиэкологиялык вариант. Себеби көмүлгөн калдыктар сууга токсикалык заттарды бөлүп чыгарат. Абага метанды бөлүп чыгарат. Ошонун негизинде парник эффектиси пайда болот.
Парник эфектиси бүгүнкү күндө глобалдуу проблема. Себеби дүйнөлүк температураны 20%ке жогорулатты. Көмүүнүн дагы бир жолу полиэтилендерге ороп көмүү сууга токсикалык заттар азыраак чыгат, бирок атмосферага метан баштагыдай эле тарай берет.
2. Өртөө.Калдыктарды өрттөө менен аз да болсо энергия алабыз. Мисалы 1 тонна таштандыдан 400 кВт энергия бөлүнүп чыгат. Бирок бул вариант жашоо үчүн пайдалуу эффект бере бербейт. Себеби атмосферага түтүн чыгып ышка айланат да адамдын дем алуу жолуна терс таасирин тийгизет. Ошондуктан акыркы 20 жылдын ичинде Америкада өрттөө жолу 20%ке төмөндөгөн о.э. мусор өрттөөчү заводдор жабылган. Айып 2000сом
3. Сортоо жана кайра иштетүү.Бул эң негизги экологиялык вариант. Биринчи кезекте сууга Жана атмосферага зыяндуу заттар тарабайт. Экинчиден – кайра иштетилген товарга керектөөлөр токтобойт.
Түтүн менен булганган аба калктын, өзгөчө балдардын жана өнөкөт оорулуулардын ден соолугуна терс таасир этет. Дем алуу жолдорунун катарларын, бронхит, өпкөнүн фиброздук өзгөрүшүн пайда кылат.
Биз бул койгойлуу маселени бирге жене алабыз!
Сенин тандоон
Дуйно жузундо эн коп бул – тамекинин калдыктары. Ар бир жыл сайын 4.5 млрд штук ыргылат