Просмотр содержимого документа
«Сандардын бөлүнүүчүлүгү»
Тема: Сандардын бөлүнүүчүлүгү.
Эң чоң жалпы бөлүүчү( ЭЧЖБ),
Эң кичине жалпы бөлүнүүчү(ЭКЖБ ).
Түзгөн: Анаркулова Майрамкан Маматкасымовна
Сабактын максаты:
а) билим берүүчүлүк максаты : бул сабакта сандардын бөлүнүүчүлүк белгилери жана эң чоң жалпы
бөлүүчүсү( ЭЧЖБ), эң кичине жалпы бөлүнүүчүсү ( ЭКЖБ) менен таанышасыңар.
б) тарбиялык максаты: студенттерди тактыкка, тыкандыкка, тазалыкка тарбиялоо.
в) өнүктүрүүчүлүк максаты: ой жүгүртүүсүн, сүйлөө речин, элестетүүсүн өнүктүрүү.
- Сандардын акыркы цифрасы 2, 4, 6, 8,0 болсо, ал 2 ге бөлүнөт. Муну 2ге бөлүнүүчүлүктүн белгиси деп аташат. Мисалы: 1202, 896,1448, 1200, 364 ж.б.
- Эгерде сандын акыркы эки цифрасынан түзүлгөн сан 4 кө бөлүнсө, анда ал сан өзү да 4кө бөлүнөт.
Мисалы: 8936, 216 ж.б .
- Эгерде сан 5 же 0 цифралары менен аяктаса, анда ал 5 ке бөлүнөт. Ал эми 10 санына 0 менен аяктаган гана сандар бөлүнөт.Мисалы: 95,85,80,90 ж.б.
Эгерде сандын цифраларынын суммасы 3кө бөлүнсө, анда ал сан өзү да 3кө бөлүнөт.Мисалы: 603
6+0+3 =9; 9:3 =3 ж.б.
Сандардын 9 га бөлүнүүчүлүк белгиси да ушул сыяктуу аныкталат. Эгерде сан 9 га бөлүнсө, анда ал
Үчкө да бөлүнөт. Бирок, 3кө бөлүнгөн сандардын бардыгы эле 9га бөлүнө бербейт.
Эң чоң жалпы бөлүүчү(ЭЧЖБ)
Бир нече сандардын жалпы бөлүүчүсү деп, алардын ар бири бөлүнө турган санды айтабыз. Алардын эң чоңун берилген сандардын ЭЧЖБ дейбиз. Мисалы: 680 жана 612 16 жана 28
680 2 612 2 16 2 28 2
340 2 306 2 8 2 14 2
170 2 153 3 4 2 7 7
85 5 51 3 2 2 1
17 17 17 17 1
1 1
ЭЧЖБ( 680,612) = 2*2*17=68 ЭЧЖБ(16,28) =2*2=4
Эң кичине жалпы бөлүнүүчү( ЭКЖБ)
Бир нече сандардын жалпы бөлүнүүчүсү деп, алардын ар бирине бөлүнө турган санды айтабыз. Алардын эң кичинеси берилген сандардын ЭКЖБ сы деп аталат.
ЭКЖБ ны табууда төмөндөгү формуланы колдонобуз.
ЭКЖБ( а,в) =
Мисал: ЭКЖБ(16,28)
ЭКЖБ( 16,28) = = 112
Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң рахмат
Үйгө тапшырма :
№ 1
15,18,20,27, 85,90,10880 сандарынан 2ге, 3 кө, 4кө, 5ке, 9га, 10 го бөлүнө тургандыгын аныктагыла .
№ 2
ЭЧЖБ( 20,12)
ЭКЖБ( 20,12)
ЭЧЖБ( 36,18)
ЭКЖБ( 36,18)