СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

СССРдин тарашы. Кыргыз Республикасынын түзүлүшү

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгү жөнүндөгү декларациясы, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндөгү декларациясы жана Ош коогалаңы, Президенттик шайлоолор тууралуу маалыматтар берилген 

Просмотр содержимого документа
«СССРдин тарашы. Кыргыз Республикасынын түзүлүшү»

Тема: СССРдин тарашы. Кыргыз Республикасынын түзүлүшү.

План:

  1. Ош коогалаңы жана анын республикадагы коомдук-саясий кырдаалга тийгизген таасири

  2. Кыргызстандагы биринчи президентик шайлоо

  3. Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгү жөнүндөгү декларация.

  4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндөгү декларация.


  1. Ош коогалаңы жана анын республикадагы коомдук-саясий кырдаалга тийгизген таасири

Кыргыз ССРинде көп жылдардан бери чечилбей келе жаткан социалдык маселелер акырындык менен курчуп олтурган, Коммунисттик партиянын жетекчилеринин чечкинсиз жана көңүлкош мамилесинин натыйжасында өз убагында көңүл бурулбай келген көйгөйлөр эми ачыкка чыгып, коомчулуктун нааразычылыгын пайда кылган.

1990-жылдын май айынан баштап, Кыргыз ССРинин борбору Фрунзе шаарынын Ленин аянтында өзүлөрүнө жер талап кылып, кыргыздардын митингдери тынымсыз боло баштады. Жаш кыргыз үй-бүлөлөрүнүн турак-жай көйгөйүн чечүүнү талап кылып, бир нече ассоциациялар түзүлгөн. Ошол эле учурда, Кыргыз ССРинин Жалал-Абад облусунан келген өзбек аксакалдар тобу СССР Жогорку Советинин Улуттар Кеңешинин төрагасы Рафик Нишановго жана Компартиянын Борбордук Комитетинин биринчи катчысына жана Кыргыз ССРинин (башкача айтканда, республиканын башчысына) Абсамат Масалиевге өзбек калкына улуттук автономия берүү талабы менен кайрылышкан. Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин 1989-ж. 23-сентябрында кабыл алынган ―Кыргыз тили жөнүндөгү‖ мыйзамы Кыргыз ССРининдеги өзбек калкынын кыжырдануусуна себеп болгон, анда кыргыз тили мамлекеттик тил деп таанылган, орус тили улуттар аралык катнаштын тили болгон, ал эми өзбек тили статуссуз калган.

1990-жылдын жаз айларынын башында Кыргызстандын түштүгүндө этникалык өзбектер менен кыргыздардын жеке уюмдары жана бирикмелери өз укуктарын коргоп, активдеше баштады. Өзбектердин эң белгилүү бирикмеси "Адолат" (өзбек тилинен которууда адилеттүүлүк) болгон, ал эми кыргыздардын арасында "Ош-аймагы" коомдук уюму болуп калган. "Адолат" өзбек элинин маданиятын, каада-салтын жана тилин сактоо жана өнүктүрүү, ал эми "Ош-аймагы" - кыргыздарга турак жай курууга жер участокторун берүү, ошондой эле алардын укуктарын коргоо боюнча өзүнүн негизги милдети деп эсептеген.

1990-жылдын 27-майында калктын аз камсыз болгон катмарынан чыккан бир нече жаш кыргыз үй-бүлөлөрү шаарга таандык жерлерге жеке менчик үйлөрдү куруу үчүн жер участокторун берүүнү талап кыла башташты. Ош областынын жетекчиси Р. Кулматов жаштарга жер тилкелерин бөлүп берүүгө убада берген.Ленин атындагы колхоз, анда негизинен өзбек улутундагылар иштеген. Түштүк Кыргызстандагы ири жана үлгүлүү колхоздор менен совхоздордун көпчүлүгүн өзбек улутундагылар башкарган жана бул бирикмелердин жумушчулары негизинен өзбектер болгон.

4-июнда Ленин атындагы колхоздун талаасында кыргыз жана өзбек митингчилеринин топтору жолугушту. Кыргыздар тарабынан бир жарым миңге жакын адам, өзбектер тарабынан он миңден ашуун адам болгон. Жер алууга келген жаштарга ошол жерде жашаган өзбек улутундагы жаштар жерди бербейбиз деп чыгышкан. Натыйжада эки улуттун ортосундагы талаш-тартыш кандуу кагылышууга айланган. 6-июнга чейин өзбек митингчилеринин саны 20 миңге чейин көбөйдү. Оштун өзбектерине жардам катары башка ССРлердин Ош жана Жалал-Абад облустарынын башка региондорунан жана конуштарынан өзбектер, ошондой эле Анжиян шаарынан жана коңшу Өзбек ССРинин Анжиян облусунан келген өзбектер келишкен.

Кыргыз-өзбек кагылышуусу Ош облусунун башка калктуу конуштарында дагы болду. Өзбек ССРинин Фергана, Анжиян жана Наманган облустарынын бир катар калктуу конуштарында кыргыздарды сабап, үйлөрүн өрттөө башталган, бул кыргыздардын Өзбекстандын аймагынан качып кетишине себеп болгон.

Тополоң 6-июнь күнү кечинде, аймакка армия бөлүктөрүн киргизүү менен гана токтотулган. Бул кагылышууда, Өзгөндө – 161, Ошто - 23, Кара-Сууда - 24, Алайда – 11, Советте - 8, Араван райондорунда – 3, жалпысынан алганда 230 адам каза таап, 1371 адам жарадар болушкан, 573 жерде өрт чыкса, алардын 411 турак жай, 54 - мамлекеттик мекемелер, ишканалар болгон, 89 автоунаа өрттөлүп, 222 автоунаа уурдалып тонолгон. 

7-июнда курч кырдаал Ош областынын бардык аймактарында жана Фрунзе шаарында да түзүлгөн. Натыйжада 7 июнда Фрунзеде да өзгөчө кырдаал киргизилген. Кыргызстандагы саясий-социалдык абалдын өтө курчуп кеткен шартында республиканын жетекчилиги чечкиндүүлүк көрсөтө алган эмес жана элдин бийликтегилерге болгон нааразылыгын туудурган.

  1. Кыргызстандын биринчи президентин шайлоо

1990-ж. 24-октябрда Жогорку Советтин он экинчи чакырылышынын кезексиз сессиясында “Кыргыз ССРинин Президенттик макамын белгилөө жана республиканын Конституциясына өзгөртүүлөрдү толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, Кыргыз ССРинин өлкө башчысы катары президент эсептелген.Президенттик бийлик өлкөдө өкмөттүн ишмердигин аныктаган жана анын ишин көзөмөлдөгөн.Мыйзам чыгаруучу жана сот бийликтеринин иштерин эл чарбасын башкарууну, бюджеттик-финансылык системаны, эмгекке акы төлөө жана баалардын аныкталышын, мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөгөн.СССРде президенттик башкаруунун киргизилиши менен Казакстанда, Өзбекстанда ж.б. бир катар союздук республикаларда президенттик башкаруу киргизилген.

1990-ж. 27-октябрда Кыргыз ССР Жогорку Советинин сессиясында альтернативалуу негизде Аскар Акаев Кыргызстандын тунгуч Президенти болуп шайланган.1990-ж. 15-декабрда Кыргыз ССР Жогорку Советинде “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндөгү” Декларация кабыл алынып, Кыргызстан Советтер Союзунун курамындагы эгемен өлкө катары жарыяланган. 1991-ж. 22-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин 3-сессиясында “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө” мыйзам иштелип чыккан. Мыйзам боюнча биринчи жолу Президенттин, вице-президенттин кызматтары киргизилип, жергиликтүү бийлик органдарынын

милдеттери, укуктук негиздери такталган.
1991-ж. 5-февралда республиканын борбор шаарынын тарыхый аты кабылына келтирилип, Фрунзе шаарын кайрадан Бишкек деген баштапкы аты берилген.

1991-ж. 5-майда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети республиканын жаңы Конституциясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча комиссиянын курамын бекиткен. 1991-ж. 19-апрелде “Жер реформасы жөнүндө” мыйзам кабыл алган.


  1. Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгү жөнүндөгү декларация.

1990-ж. 15-декабрда Кыргыз ССРинин Жогорку совети тарабынан “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик суверендүүлүгү жөнүндөгү декларация” кабыл алынган. Декларациянын кабыл алынышы кыргыз мамлекети үчүн чоң мааниге ээ болгон. Аталган документте өлкөнүн бардык жарандарынын татыктуу жашоосу үчүн бирдей шарттар түзүүлөөрү айтылган. Бул окуя Кыргызстан элдеринин тарыхындагы бурулуш учур болуп калган. Республика эл аралык мамилелерде өз алдынча субъект катары улуттук кызыкчылыктардын чегинде тышкы саясатты аныктап, дипломатиялык жана Консулдук өкүлчүлүктөрдү ачууга, эл аралык уюмдардын иш аракеттерине катышуу укуктарына ээ болгон. Декларация боюнча мамлекеттик бийлик үч бутакка бөлүнгөн: мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот, андан сырткары саясий плюрализм принциптери таанылган. 

Декларациянын 9-беренесинде “Кыргыз Республикасынын аймагы кол тийгис жана элдин макулдугусуз өзгөртүлүшү жана пайдаланышы мүмкүн эместиги” айтылган. Ал эми 10-беренеде “Кыргызстандын жери, анын ички байлыктары, аба мейкиндиги, токойлор, суулар, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү – бардык жаратылыш байлыктары, маданий жана тарыхый баалуулуктары, ошондой эле республиканын эли тарабынан түзүлгөн бүткүл экономикалык жана илимий-техникалык дарамети анын улуттук энчиси, өзүнүн гана менчиги болуп саналат” деп жазылган. Элдин макулдугусуз улуттук энчини алууга, ага ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө эч ким укуксуз экендиги баса көргөзүлгөн. 

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик суверендүүлүгү жөнүндөгү декларация” саясий-укуктук жактан олуттуу мааниге ээ болгон. Кеңештик Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу мамлекеттик бийлик көз карандысыз, эң жогорку жана өз алдынча күч экендиги, ал өлкөдөгү саясий, экономикалык жана улуттук-маданий маселелерди өз алдынча чече ала тургандыгы эл аралык коомчулукка жарыялаган. Декларация кийинчерээк республиканын Конституциясын жана улуттук мыйзамын түзүүдө укуктук негиз болуп калган. 

  1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндөгү декларация.

1991-ж. 31-августта Жогорку Советтин он экинчи чакырылышынын кезексиз өткөрүлгөн алтынчы сессиясында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндөгү декларация” кабыл алынган. Натыйжада кыргыз элинин мамлекеттүүлүгүнүн жаңы баскычы – өз алдынча көз карандысыз өнүгүү доору башталган. Декларацияда Кыргыз Республикасы “көз карандысыз, демократиялык өлкө”, анын аймагы “бүтүн жана бөлүнгүс”, ошондой эле анын аймагында республиканын Конституциясынын чегинде гана иш жүргүзүлөөрү” жарыяланган. 

Ушул күндөн тартып Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болуп, эл аралык уюмдардын тең укуктуу мүчөсү катары, алардын иш аракеттерине катышуу жана тышкы экономикалык маселелерди өз алдынча чечүү укугуна ээ болгон. Декларация республиканын көз карандысыздыкка жетүү жана конституциялык өнүгүү процессинин маанилүү мыйзамдуу негизи болуп кал 

1991-ж. 12-октябрда өлкө башчысынын иш аракеттерин мыйзамдаштыруу максатында жалпы элдик шайлоолор болуп өткөн. КРнын Жогорку Совети Президенттикке А. Акаевди сунуштаган жана шайлоодо жеңип чыккан.

1991-ж. Президенттин жарлыгы менен мамлекеттин коопсуздугун коргоо максатында Улуттук Гвардия уюштурулуп, бул аскердик күчкө атайын тандоо жолу менен жаш жигиттер алына баштаган. Кыргызстан көз карандысыз мамлекет катары жарыялангандан кийин, Жогорку Кеңеште республиканын мамлекеттик желеги (1992-ж. 3-мартында), гимни (1992-ж. 18-декабрында) жана герби (1994-ж., 14-январында) кабыл алынган. 

1991-ж. 8-декабрда Белоруссиянын Беловеж токоюнда Россия Федерациясынын, Украинанын жана Белоруссиянын президенттери “СССРди таратуу жөнүндөгү макулдашууга” кол коюшкан. Бул маанилүү документте: “Биз, 1922-ж. союздук келишимге кол койгон ССР Союзун негиздеген – Беларусь Республикасы, Россия Федерациясы (РСФСР) жана Украина СССР эл аралык укуктун жана геосаясий реалдуулуктун субъекти катары өз жашоосун токтоткондугун белгилейбиз..” деп көрсөтүлгөн. Андан сырткары президенттер “Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигин түзүү жөнүндөгү” келишим тууралуу макулдашышкан. 

1991-ж. 21-декабрда Алма-Ата шаарында СССРдин курамындагы он бир республиканын жетекчилери тарабынан көзөмөлдөөчү бирдиктүү мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот органдары болбогон көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигин (КМШ) түзүү жөнүндө декларация кабыл алынган. Андан сырткары, куралдуу күчтөрдү убактылуу башкаруу жөнүндөгү бүтүмгө, КМШ институттарын көзөмөлдөө жөнүндөгү келишимдерге кол коюлган. КМШнын курамына кирген мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүн сактоо жана алардын чек араларын өзгөртөө принциптери бекемделген: 1991-ж. 25-декабрда М. Горбачев СССР Президентинин милдеттерин аткаруусун токтоткондугу тууралуу жарыялаган. Алматы Декларациясынын негизинде КМШнын түзүлүшү СССРдин жоюлушуна алып келген. 70 жылдан ашуун убакыт аралыгында көп улуттуу республикаларды өзүнө бириктирип турган, ири держава саясий майдандан кеткен.