СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Стереотиптер жөнүндө түшүнүк.

Категория: Завучу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Стереотиптер жөнүндө түшүнүк.»

Стереотиптер Бир адам,бир адамды өзгөртөт, Бир адам ,бир ааламды өзгөртөт.

Стереотиптер

Бир адам,бир адамды өзгөртөт,

Бир адам ,бир ааламды өзгөртөт.

 Стереотиптер Стереотип (байыркы грек. στερεός «катуу» + τύπος «из» сөзүнөн келген) — адамда мурунтан калыптанган бир нерсени оюнда баалоосу, ал адамдын стереотиптик жүрүм-турумунда чагылдырылышы мүмкүн. Стереотип терс да, позитивдүү да болушу мүмкүн, Ошондуктан стереотип менен көбүнесе терс маанайдагы бейкалыс пикирди айырмалоо керек.

Стереотиптер

Стереотип (байыркы грек. στερεός «катуу» + τύπος «из» сөзүнөн келген) — адамда мурунтан калыптанган бир нерсени оюнда баалоосу, ал адамдын стереотиптик жүрүм-турумунда чагылдырылышы мүмкүн. Стереотип терс да, позитивдүү да болушу мүмкүн, Ошондуктан стереотип менен көбүнесе терс маанайдагы бейкалыс пикирди айырмалоо керек.

Стереотиптер – бул адамдардагы эң күчтүү калыптанган көз караш.

Стереотиптер – бул адамдардагы эң күчтүү калыптанган көз караш.

Стереотип – бул кайсы бир адамдардын мүнөзү же сырткы көрүнүшү, көз карашы, жүрүм-турум нормалары тууралуу жөнөкөйлөштүрүлгөн божомол же көз караш. Негизинен стереотиптер кайсы бир топ же анын мүчөлөрү жөнүндөгү калыптанган терс көз караштардын жана ой-пикирлердин, алдын-ала болжолдонгон маалыматтардын үстүнө калыптанат. Алдын ала калыптанган мамиле жек көрүү же жактырбоо сезимдеринен улам келип чыгат. Ал шашылыш жалпылоого негизделет (башкача айтканда адам чындык башкача болсо дагы көргүсү келгенди көрөт).

Стереотиптер – окуялардын жана ага катыштыгы бар адамдардын индивидуалдуулугун жана уникалдуулугун көрүүгө мүмкүндүк бербейт. Алдын ала калыптанган көз караш жана стереотиптер улуттар аралык мамилелерге бөгөт болуп эсептелет. Алар чындыкты чындай кабыл алууну чектешет жана аны өтө «өзгөртүшөт». Стереотиптер ишенимди жок кылуу жана өз ара сый-урматты талкалоо менен адамдардын башка адамдарды толук таануусуна жол бербейт. Натыйжада, алар пикир келишпестик жаңжалдардын келип чыгышына себеп болуп, адамдардын өмүрүн коркунучка кептейт.

Этникалык стереотиптердин мисалдары: бул адамдардын баары «Х» - аракеч, келесоо же жалкоо; бул адамдардын баары «Y» - ууру; бул адамдардын баары «Z» - куу жана алдамчы.

Этникалык стереотиптердин мисалдары: бул адамдардын баары «Х» - аракеч,

келесоо же жалкоо;

бул адамдардын баары «Y» - ууру;

бул адамдардын баары «Z» - куу жана алдамчы.

Биринчиден- этникалык стереотиптер этникалык топтордун көп түрдүүлүгүнүн көп түрлөрүн (билим, кесип, кызыкчылыктар) эске албастан алардын татаалдыгын жана көп кырдуулугун кичирейтет. Топ, ар кандай позициядагы, көз караштагы индивиддерден турган коом катары эмес кандайдыр бир «монолит» катары каралып калат.

Экинчиден- адамдар кайсы бир топтун өкүлдөрүнө жана ошол топко белгилүү бир өзгөчөлүктөрдү, белгилерди ыйгарышат. Б.а. кайсы бир топтун мүчөсү болгон адам башкалардын көз карашы боюнча аталган топко берилген мүнөздөмөлөргө ээ болуп саналат.

 Стереотиптер жана алдын ала калыптанган көз караштар бардык раса жана элдер тууралуу жеңил желпи, терс мамиленин булагы катары кайгылуу натыйжаларга алып келиши мүмкүн.  Мисалы, басмырлоо жана зордук-зомбулук же өтө жаманы – геноцид.

Стереотиптер жана алдын ала калыптанган көз караштар бардык раса жана элдер тууралуу жеңил желпи, терс мамиленин булагы катары кайгылуу натыйжаларга алып келиши мүмкүн.

Мисалы, басмырлоо жана зордук-зомбулук же өтө жаманы – геноцид.

 Этникалык жана саясий чачыранды болгон коомдордо стереотиптер балдарга бир гана ата-энелер аркылуу берилбестен (үй-бүлөдө), ар кайсы жактын таасиринен улам калыптанат: мектептен, лидерлер, жалпыга маалымдоо каражаттары, жергиликтүү уюмдар ж.б.

 Стереотиптер бекем болот. Аларды өзгөртүү кыйын, себеби көпчүлүк стереотиптер бала кезден калыптанган, ал эми социалдык шарттар аларды улам бекемдейт. Бирок адамдарда коомдук кабыл алууну өзгөртүүгө болгон умтулуу күчтүү болсо, анда стереотиптерди да өзгөртүүгө мүмкүн болот.

Стереотиптерден төмөнкүдөй жолдорду арты-артынан жана туруктуу аткаруу аркылуу кутулууга болот:

Стереотиптерден төмөнкүдөй жолдорду арты-артынан жана туруктуу аткаруу аркылуу кутулууга болот:

-Өзүңөрдүн акыл «чыпкалагыч» табиятын түшүнүүгө жана айырмачылыктарга болгон реакцияңарды түшүнүүгө аракет кылгыла: - силер өзүңөрдүн алдын ала калыптанган ойлоруңардын тамырын билишиңер керек; - силер кайсы бир топтун же жеке адамдын динамикалуу, өзгөрүп турган мүнөзүнөн стереотиптерди айырмалай билишиңер керек. Бул силерден айырмаланган адамдарды түшүнүүгө жардам берет; - өзүңөрдөгү калыптанган ойлордун, стереотиптердин жолу менен кетпеш үчүн тунук акыл, рационалдуу, коркуусуз жана кооптонуусуз реакция кылуу тууралуу чечим кабыл алгыла; - альтернативдүү маалыматтарды издөө менен алектенгиле; - өз ичиңерде бирөөгө күйүү сезимин ойготкула, «дүйнөнү башка бирөөнүн көзү менен көрүүгө» аракет кылгыла, биринчи кезекте силердеги стереотиптердин обьектиси болгон адамдын; - кыйчалыш абалдарда, ойлонууга убакыт жок кезде «коркуу жана тануу» позициясынан чыгып өзүңөрдүн ойлоруңарды, эмоцияларыңарды жана кылган аракеттериңерди аңдоого аракет кылгыла; - чындыкты акыл калчоо менен кабыл алууну үйрөнүүгө аракет кылгыла.

-Өзүңөрдүн акыл «чыпкалагыч» табиятын түшүнүүгө жана айырмачылыктарга болгон реакцияңарды түшүнүүгө аракет кылгыла:

- силер өзүңөрдүн алдын ала калыптанган ойлоруңардын тамырын билишиңер керек;

- силер кайсы бир топтун же жеке адамдын динамикалуу, өзгөрүп турган мүнөзүнөн стереотиптерди айырмалай билишиңер керек. Бул силерден айырмаланган адамдарды түшүнүүгө жардам берет;

- өзүңөрдөгү калыптанган ойлордун, стереотиптердин жолу менен кетпеш үчүн тунук акыл, рационалдуу, коркуусуз жана кооптонуусуз реакция кылуу тууралуу чечим кабыл алгыла;

- альтернативдүү маалыматтарды издөө менен алектенгиле;

- өз ичиңерде бирөөгө күйүү сезимин ойготкула, «дүйнөнү башка бирөөнүн көзү менен көрүүгө» аракет кылгыла, биринчи кезекте силердеги стереотиптердин обьектиси болгон адамдын;

- кыйчалыш абалдарда, ойлонууга убакыт жок кезде «коркуу жана тануу» позициясынан чыгып өзүңөрдүн ойлоруңарды, эмоцияларыңарды жана кылган аракеттериңерди аңдоого аракет кылгыла;

- чындыкты акыл калчоо менен кабыл алууну үйрөнүүгө аракет кылгыла.

Сиз стереотиптерге жана алдын ала калыптанган көз караштарга натыйжалуу реакция кылуу үчүн дагы эмнелерди кыла аласыз?

Сиз стереотиптерге жана алдын ала калыптанган көз караштарга натыйжалуу реакция кылуу үчүн дагы эмнелерди кыла аласыз?

Алдын ала божомолдонгон мамилеге карата болгон реакция ошол эле топтун өкүлү тарабынан сынга алынган учурда натыйжалуу болот. Мисалы, корей тууралуу кыргыздын алдын ала божомолдонгон көз карашын корей эмес, орус эмес башка кыргыз жокко чыгарса; Стереотиптерге жана алдын ала калыптанган божомол сын-пикирлерге карата пассивдүү мамиледен баш тартуу ошол стереотиптерден кутулууда маанилүү. Бул айрыкча калкка кызмат кылган мекемелердин күнүмдүк ишинде же болбосо адамдар ишеним арткан уюмдардын жетекчилери үчүн маанилүү.

Алдын ала божомолдонгон мамилеге карата болгон реакция ошол эле топтун өкүлү тарабынан сынга алынган учурда натыйжалуу болот. Мисалы, корей тууралуу кыргыздын алдын ала божомолдонгон көз карашын корей эмес, орус эмес башка кыргыз жокко чыгарса;

Стереотиптерге жана алдын ала калыптанган божомол сын-пикирлерге карата пассивдүү мамиледен баш тартуу ошол стереотиптерден кутулууда маанилүү.

Бул айрыкча калкка кызмат кылган мекемелердин күнүмдүк ишинде же болбосо адамдар ишеним арткан уюмдардын жетекчилери үчүн маанилүү.

Негизги ой түшүнүктүү: эч ким өзүн коргоо үчүн кайсы бир топко таандык болгон адам (башкаларга калыптанган көз караш менен караган адам) жасагандай натыйжалуу иш аракет кыла албайт. Муну жөн гана «гумандуу ой-жүгүртүүдөн» улам жасоого болбойт, эки топтун тең жалпы кызыкчылыгы үчүн жасоо зарыл. Стереотиптер жана алардын улуттар аралык мамилелерге тийгизген кыйратуучу таасиринен сөз кылууда чоңдор дүйнөсүнүн балдар дүйнөсүнө болгон өзгөчө жоопкерчилигин эске алуу керек. Баланы курчаган айлана-чөйрөгө (үй-бүлө, мектеп, коом) карабай, кадыр-барктуу чоңдор өздөрүнүн калыптанган божомол көз караштарына жараша дайыма балдарга «программа орнотуп» коюулары мүмкүн.

Негизги ой түшүнүктүү: эч ким өзүн коргоо үчүн кайсы бир топко таандык болгон адам (башкаларга калыптанган көз караш менен караган адам) жасагандай натыйжалуу иш аракет кыла албайт.

Муну жөн гана «гумандуу ой-жүгүртүүдөн» улам жасоого болбойт, эки топтун тең жалпы кызыкчылыгы үчүн жасоо зарыл.

Стереотиптер жана алардын улуттар аралык мамилелерге тийгизген кыйратуучу таасиринен сөз кылууда чоңдор дүйнөсүнүн балдар дүйнөсүнө болгон өзгөчө жоопкерчилигин эске алуу керек. Баланы курчаган айлана-чөйрөгө (үй-бүлө, мектеп, коом) карабай, кадыр-барктуу чоңдор өздөрүнүн калыптанган божомол көз караштарына жараша дайыма балдарга «программа орнотуп» коюулары мүмкүн.

Стереотиптер адам жашоосунда коргоочу ролду ойнойт, ошондуктан тышкы таасирлерге жакшы туруштук берет: ага керек болсо жаңы тажрыйба дагы көп таасир бербейт. Бирок өзүңдө көп түрдүүлүктүн баалуулуктарын жана нормаларын иштеп чыгуу үчүн, сизде кандай стереотиптер бар экендигин аңдап түшүнүүгө аракет кылуу керек. Бул анча жеңил иш эмес, бирок мунун үстүнөн дайыма үзгүлтүксүз иштөөгө аракет кылса, стереотиптер «сизди өз кулчулугунан чыгарат».

Бардык европадан келгендер -   билимдүү Бардык депутаттар -   кокочо кир Бардык МАИ кызматкерлери - көп сүйлөйт   паракорлор Бардык япондор - Бардык КАМАЗ айдоочулары - эмгекчил Бардык аялдар - алсыз Бардык италиялыктар - мафия мүчөлөрү

Бардык европадан келгендер -

билимдүү

Бардык депутаттар -

кокочо кир

Бардык МАИ кызматкерлери -

көп сүйлөйт

паракорлор

Бардык япондор -

Бардык КАМАЗ айдоочулары -

эмгекчил

Бардык аялдар -

алсыз

Бардык италиялыктар -

мафия мүчөлөрү

«Калем лидер» академиясы тарабыдан өткөн тренингден алган таасирлердин натыйжасында ушундай слайд жасап мугалимдер менен бөлүштүм.

«Калем лидер» академиясы тарабыдан өткөн тренингден алган таасирлердин

натыйжасында ушундай слайд жасап мугалимдер менен бөлүштүм.

  Көңүл бурганыңыздар  үчүн чоң рахмат . Даярдаган: Шадыманова Б

Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң рахмат .

  • Даярдаган: Шадыманова Б