Убактысы | Иштин мазмуну | Окуп-үйрөнүүчүлөрдүн ишмердүүлүгү | Тренердин ишмердүүлүгү |
14.00-14.10 | Чакыруу. Мээ чабуул Өзүңүздүн жеке тажрыйбаңыздан мисал келтириңиз: -Кайсы учурда окуучу эркин жана кеңири сүйлөп берет? - Окуучунун продуктивдүү сүйлөп берүүсүнө эмне тоскоол болот? Эмне үчүн? - Сиздин окуучуларыңыз кайсы учурда канааттануу менен жазуу ишин жазат? Эмне үчүн? | Катышуучуларга эки мүнот жекече оюн топтоого убакыт берилет. Жупта талкуулашат. Ар бир жуптан пикирлер айтылат. Катышуучулар өз тажрыйбасындагы ишмердүүлүктүн негизинде пикирлерди айтышат. | Тренер эки ватманга пикирлерди жазып турат. 1-ватманга сүйлөө ишмердүүлүгүндөгү пикирлерди, 2-ватманга жазуу ишмердүүлүгүндөгү пикирлерди жазып турат. |
14.10-14.55 | Моделдик сабак.“Тилмеч бала” 3-4-5-7-8-9-тапшырмалар. (Окуу колдонмодогу 11-тема. 174-176-беттер) | Катышуучулар 2-топко бөлүнүшөт. 1-топ окуучулар, 2-топ мугалимдер. Окуучулар моделдик сабакка катышат. Мугалимдер кеп ишмердүүлүктүн кайсы түрү ишке ашып жатканын байкап, белгилеп отурушат. | Тренер моделдик сабак өтөт. 3-4-5-7-тапшырмаларды ырааты менен колдонмодогудай аткарат. 8-тапшырмада окуучулар өз позицияларын аныктагандан кийин позицияларын жактап чыгышат. Талкуу жүргүзүлөт. |
14.55 – 15.10. | Рефлексия Окуучу катары кандай абалда болдуңуз? Мугалим катары: А) Бул сабакта сүйлөөнү өстүрүү боюнча кайсы тапшырмалар берилди? Б) Жазуу ишмердүүлүгү боюнча кайсы тапшырмалар берилди? Кандай кыйынчылыктар болду? 4. Кантип жакшыртууга болот? | Жекече, жупта, топто талкуулашат. Ар бир жуп 3 идея жазышат. Топто талкуулашат. | Тренер кошумчалайт, конкреттештирет, кеңеш берет, катардагы катышуучу катары суроо берет. |
15.10- 15.20. | Презентация(слайд). Мини-лекция “Сүйлөө жана жазуу кеп ишмердүүлүктөрү катары” | Катышуучулар сүйлөө жана жазуу ишмердүүлүктөрүн окутуудагы өзгөчөлүктөрүн белгилеп отурушат. | Тренер слайд аркылуу презентация жасайт. Сүйлөө жана жазуу ишмердүүлүгү жөнүндөгү түшүнүктөрүн конкреттештирет. |
15.20-15.40. | Практикалык жумуш. Көнүгүүлөрдү иштеп чыгуу. Бул үчүн топторго бөлүнүңүздөр. Тексттин негизинде сүйлөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүчү тапшырмаларды иштеп чыккыла. Сүйлөө боюнча презентациянын материалдарын, түрдүү интерактивдүү техникаларды ал эми жазуу боюнча жазуу үчүн берилген тапшырмалардын түрлөрүн пайдалансаңыздар болот. “Музыка” деген текст. . (Окуу колдонмонун 70-бети) | Катышуучулар 4 топко бөлүнүшөт. 1-3-топ сүйлөө ишмердүүлүгү боюнча көнүгүүлөрдү иштеп чыгышат. 2-4-топ жазуу ищмердүүлүгү боюнча көнүгүүлөрдү иштеп чыгышат. | Тапшырмалардын түрлөрү берилет. Ар бир топко жардам көрсөтөт. |
15.40 – 15.55 | Топтордун презентациясы | Топтордун презентациясы. Ар бир топ иштеп чыккан тапшырмаларын презентациялашат. Топтор бири-бирин угуп, суроолорду беришет, кошумчалашат. | Тренер топтордун презентациясын толуктап, конкреттештирип, багыт берип турат. |
15.55 – 16.00 | Жыйынтык рефлексия. Мээ чабуулунда ватманга жазылган идеялардын тизмесине кайрылабыз. | Тренер тизмедеги пикирлердин негизинде катышуучулар менен биргеликте жыйынтык чыгарат. | |