СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Текшерүү иши №1

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Химиялык кубулуштар менен биз күндөлүк турмушта, жаратылышта да кездешебиз. Шам, жаратылыш газынын күйүшү, металлдын дат басышы, өсүмдүктүн сөңгөктөрүнүн чириши ж. б. химиялык кубулуш болуп саналат. Жаратылышта хи-миялык кубулуштардын бир кыйласы өтө жай жүрөт, ошондуктан биз аларды дайыма эле байкай бербейбиз.

Просмотр содержимого документа
«Текшерүү иши №1»

Сабакка чейин

Сабактын темасы: Текшерүү иши №1

Сабактын методу: өз алдынча иштөө

Сабактын тиби: Аралаш

Сабактын формасы: өз билимин текшерүү сабагы


Сабактын максаты

Көрсөткүчтөрү

А)Конкреттүү максаты (билим берүүчүлүк): Химиялык формулалар боюнча эсептөөлөрдү жүргүзүүнү, салыштырмалуу молекулалык массаны эсептеп чыгарууну боюнча алган билимдерин текшеришет.

  • Химиялык формулалар боюнча эсептөөлөрдү өз алдынча жүргүзө алышса;

  • салыштырмалуу молекулалык массаны эсептеп чыгаруу боюнча көнүгүүлөрдү өз алдынча аткара алышса.

Б)Конструктивдүү (ѳнүктүрүүчүлук, тарбиялоочулук):

Химиялык формула, валенттүүлүк, эсептөөлөрдү жүргүзүү жолдору, татаал заттардагы химиялык элементтердин массалык үлүштөрүн эсептөө боюнча түшүнүгү өнүгөт. Жоопкерчиликтүү болууга тарбияланышат.

тапшырмаларды жана көнүгүүлөрдү аткарууда

  • Химиялык формула;

  • Валенттүүлүк;

  • эсептөөлөрдү жүргүзүү жолдору;

  • татаал заттардагы химиялык элементтердин массалык үлүштөрүн эсептөө деген түшүнүктөрдү туура өз орду менен пайдалана алышса;

  • химиялык формуланы туура так жаза алышса;

  • эсептөөлөрдү жүргүзө алышса.


Күтүлүүчү натыйжа:

  • Химиялык формулалар боюнча эсептөөлөрдү өз алдынча жүргүзө алышат;

  • салыштырмалуу молекулалык массаны эсептеп чыгаруу боюнча көнүгүүлөрдү өз алдынча аткара алышат.

Сабактын мотивациясы (бул сабак эмнени берет): Химиялык формулалар боюнча эсептөөлөрдү жүргүзүүнү, салыштырмалуу молекулалык массаны эсептеп чыгарууну боюнча маалымат алышат.

Сабактын ѳбѳлгѳсү (Окуучунун априордук билими (мурунку билими)): Химиялык формула, валенттүүлүк, эсептөөлөрдү жүргүзүү жолдору боюнча түшүнүгү бар.

Сабактын жабдылышы: Слайддар, сүрөттөр, моделдер, анимация колдонулат.

Убакыт: 45 минута

Убакытты бѳлүштүрүү:Чакыруу этабы:6-8мин

Түшүнүү этабы(сабактын негизги бѳлүгү):22-25 мин

Ойлонуу этабы (сабакты бышыктоо):12-12 мин

Сабак

Сабактын жүрүшү:

Чакыруу этабы:

Сабактын чөйрөсү: Саламдашуу,класстын тазалыгына кѳз салуу,тактоо.

Жагымдуу маанай түзүү:

Yйдүн сүрөт толук эмес тартылган барактар тартылат.Бул сүрөттү толуктап тарткыла.Тартылган сүрөттөргө карата мүнөздөмө берилет. Окуучулардын ойлору менен бөлүшүү.

Үй тапшырмасын текшерүү жана ѳтүлгѳн теманы кайталоо:

1. Na + O2 →Na2
2. Al + Cl2 → AlCl3 
3. CO + O2 → CO2 
4. KClO3 → KCl + O2 
5. K + Br2 → KBr 
6. C + O2 → CO 
7. Mg + HCl → MgCl2 + H2 
8. Al + Fe2O3 → Al2O3 + Fe 
9. HgO → Hg + O2 
10. S + O2 → SO3

11. Ca + O2 = CaO 

Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):

I вариант

1.Төмөндөгү заттардын курамындагы элементтердин массалык катыштарын, массалык жана проценттик үлүштөрүн тапкыла: H2SO4

2.Төмөнкү заттардын структуралык формуласын жазгыла: H2SO4

3.Валенттүүлүктөрү боюнча заттардын химиялык формуласы түзгүлө: HS



II вариант

1.Төмөндөгү заттардын курамындагы элементтердин массалык катыштарын, массалык жана проценттик үлүштөрүн тапкыла: H2SO3

2.Төмөнкү заттардын структуралык формуласын жазгыла: H2SO3

3.Валенттүүлүктөрү боюнча заттардын химиялык формуласы түзгүлө: NaH

Үйгѳ тапшырма:

1.Элементтердин валенттүүлүгүн эске алуу менен реакциялардын теңдемелерин түзгүлө:

а)V+ O2= б) Ca+S = в) Na+S =

Баалоо: