Сабакка чейин
Сабактын темасы: Текшерүү иши №5
Сабактын методу: өз алдынча иштөө
Сабактын тиби: Аралаш
Сабактын формасы: өз билимин текшерүү сабагы
| Сабактын максаты | Көрсөткүчтөрү |
| А)Конкреттүү максаты (билим берүүчүлүк): Химиялык байланыш жөнүндө түшүнүктөр, химиялык элементтердин терс электрдүүлүгү, химиялык байланыштын түрлөрү: коваленттик, суутектик, металлдык, иондук байланыштар боюнча алган билимдерин текшеришет | Химиялык байланыш; химиялык элементтердин терс электрдүүлүк; химиялык байланыштын түрлөрү; химиялык байланыштын пайда болушун айтып бере алышса; химиялык байланыштын түрлөрү: -коваленттик -суутектик -металлдык -иондук байланыштар боюнча берилген тапшырмаларды жана көнүгүүлөрдү өз алдынча иштей алышса |
| Б)Конструктивдүү (ѳнүктүрүүчүлук, тарбиялоочулук): Атом, атомдун электрондук формуласы, мезгилдик система, жөнөкөй жана татаал зат, химиялык элемент, химиялык байланыштын түрлөрү боюнча түшүнүгү өнүгөт. Жаратылышты сүйүүгө, коргоого тарбияланышат. | Атом; атомдун электрондук формуласы; мезгилдик система; жөнөкөй жана татаал зат; химиялык элемент боюнча алган билимине таянуу менен химиялык байланыштын пайда болушун далилдүү жазып, көрсөтүп, түшүндүрүп бере алышса. |
Күтүлүүчү натыйжа:
Химиялык байланыш;
химиялык элементтердин терс электрдүүлүк;
химиялык байланыштын түрлөрү;
химиялык байланыштын пайда болушун айтып бере алышса;
химиялык байланыштын түрлөрү:
-коваленттик
-суутектик
-металлдык
-иондук байланыштар боюнча берилген тапшырмаларды жана көнүгүүлөрдү өз алдынча иштей алышат
Сабактын мотивациясы (бул сабак эмнени берет): Химиялык байланыш жөнүндө түшүнүктөр, химиялык элементтердин терс электрдүүлүгү, химиялык байланыштын түрлөрү: коваленттик, суутектик, металлдык, иондук байланыштар боюнча алган билимдерин текшеришет жана бекемдешет
Сабактын ѳбѳлгѳсү (Окуучунун априордук билими (мурунку билими)): Атом, атомдун электрондук формуласы, мезгилдик система, жөнөкөй жана татаал зат, химиялык элемент, химиялык байланыштын түрлөрү боюнча билими бар
Сабактын жабдылышы: Слайддар, сүрөттөр, моделдер, анимация колдонулат.
Убакыт: 45 минута
Убакытты бѳлүштүрүү:Чакыруу этабы:6-8мин
Түшүнүү этабы(сабактын негизги бѳлүгү):22-25 мин
Ойлонуу этабы (сабакты бышыктоо):12-12 мин
Сабак
Сабактын жүрүшү:
Чакыруу этабы:
Сабактын чөйрөсү: Саламдашуу,класстын тазалыгына кѳз салуу,тактоо.
Жагымдуу маанай түзүү: Чымчык тести
Үй тапшырмасын текшерүү жана ѳтүлгѳн теманы кайталоо:
1.HCl, Cl2, NaBr молекуласындагы химиялык байланышты далилдүү аныктагыла
2.Хром атомундагы валенттик электрондордун дүүлүккөн абалында орбиталлдар боюнча жайланышы кандай? Жазып түшүндүргүлө.
3.Хлордуу суутек молекуласындагы химиялык байланышты жазып түшүндүргүлө
Түшүнүү этабы(сабактын негизги болүгү):
1.Заттардын түзүлүшү, химиялык байланыш.
Зат – бул тынч абалында белгилүү бир массага ээ болуп, биздин аӊ сезимибизен тышкары жашап, сезим органдарыбызда туюну пайда кылуучу материанын бир түрү. Мисалы;суу, кант, туз ж.б.
ХИМИЯЛЫК БАЙЛАНЫШ
Химиялык элементтер жаратылышта атом түрүндө эмес, негизинен жөнөкөй жана татаал заттар түрүндө кездешет. Асыл газдар гана - гелий, неон, аргон, криптон жана ксенон табиятта атомдук абалда кездешет. Бул асыл газдардын атомдорунун электрондук катмарларынын туруктуулугу менен түшүндүрүлөт. Башка бардык жөнөкөй жана татаал
заттарда атомдор бири-бири менен химиялык байланыштар аркылуу бириккен абалда болот. Химиялык байланыштардын негизинде элементтердин атомдору бири-бири менен кошулуп молекулаларды, иондорду жана эркин радикалдарды пайда кылат.
Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):
I
1.О2 молекулаларынын арасындагы байланыштардын схемасын көрсөткүлө Канча σ, канча π байланыштары бар?
2.Н2О, H2S молекулаларындагы байланыштардын схемасын көрсөткүлө.
3. Уксус кислотасынын CH3COOH молекуласынын ортосундагы суутектик байланыштын пайда болушун чийип көрсөткүлө
4.Күкүр атомунун валенттүүлүктөрүн аныктагыла
II
1.N2 молекулаларынын арасындагы байланыштардын схемасын көрсөткүлө Канча σ, канча π байланыштары бар?
2. NH3, CO2 молекулаларындагы байланыштардын схемасын көрсөткүлө.
3. Этил спиртинин C2H5OH молекуласынын ортосундагы суутектик байланыштын пайда болушун чийип көрсөткүлө
4.Фосфор атомунун валенттүүлүктөрүн аныктагыла
Үйгѳ тапшырма:
1.HF HCl HBr HI катарындагы бирикмелердин бекемдиги кандай өзгөрөөрүн аныктагыла
Баалоо: