Просмотр содержимого документа
«Теңдеменин тамыры»
Көп орундуу сандарды оозеки кошуу жана кемитүү ыкмалары 4 – класстарда төмөнкүдөй тартипте окуп – үйрөнүлөт:жана практикада колдонулат
Номерлөө учурларына карата.
99999 + 1 345000 – 1 560999 + 1
560000 – 1 399999 + 1 40000 – 1
Мындай түрдөгү эсептөөлөрдү аткарууда натуралдык сандардын түзүлүү принцибине таянылат.
Мисалы: 399999 + 1 – амалын аткарууда 399999 дан кийинки санга ээ болобуз.
399999 дан кийинки келген сан 400000 болуп саналат, ошондуктан 399999 + 1 = 400000
30000 + 1000 650999 – 900 600000 + 5
60345 – 5 345000 – 45000 800700 + 1000
Мындай түрдөгү амалдарды аткарууда бала сандын разряддык түзүлүшүн жакшы түшүнүүсү керек:
Тегерек миңдиктерди кошуу жана кемитүү.
32000 + 2000, 690000 – 50000 түрүндөгү кошуу жана кемитүү көп орундуу сандардын көлөмүндө оозеки эсептөөнү калыптандыруунун биринчи эсептөө ыкмасы болуп саналат.
Бала бул ыкманы жакшы өздөштүрүү үчүн көп орундуу сандарды разряддык курам түрүндө туюнта алыш керек. 32000ди 32миңд. катары жана 2000ди 2миңд. катары жазып, 32000 + 2000 суммасын 32миңд. + 2миңд. түрүндө туюнтсак, 34миңд. ээ болобуз. Натыйжасы кайрадан 32000 түрүнө ээ болот. Ошентип, тегерек миңдиктердин үстүнөн жүргүзүлүүчү амалдар разряддык бирдиктердин үстүнөн жүргүзүлүүчү амалдарга келтирилет.
Арифметикалык амалдардын эрежелердин негизинде (тегерек миңдиктерди) кошуу жана кемитүү.
70200 + 400 = 70000 + 200 + 400 = 70600
600100 – 99 = 600000 + 100 – 99 = 600001
3008 + 351 = 3000 + 8 + 351 = 3359
425100 – 24100 = 400000 + 25100 – 24100 = 401000