СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тест 2 "Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы"

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тест 2 "Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы"»

“Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы” китеби боюнча тесттик суроолор

Даярдаган: Ноокат районундагы Алымкул Үсөнбаев атындагы “Арал” орто мектебинин математика\информатика мугалими Арапова Кундуз Акимовна

1.Фин өлкөсүндө жыл сайын канча китеп сатылат?

А) 20 000 000 Б) 2 000 000 В) 12 000 000 Г) 200 000

2. «Мен бир роман жазуучусу эмесмин,...-менин китебим бош убактыңызда кыялга бөлөнүп окуй турган китеп эмес. Мени силерге жиберген жашоонун өзү... Кимдин айтканы?

А) Снелман Б) Макдональд В) Ярвинен Г) Петров

3. «Бул» дегенибиз дүйнөнүн улуу каармандарынын бири. Жада калса Цезардан, Напалеондон да улуу каарман десек жарашат. Сөз ким жөнүндө айтылууда?

А) Томас Гүлбе Б) Йохан Карокеп В) Робинзон Крузо Г) Геркулес

4. ... аракечтердин барларына жана каапырканага айландырбагыла. Жерге түкүрбөгүлө. ... Ордун толукта.

А) Станцияны Б) Армияны В) Дүкөндү Г) Жолдорду

5. Мурда фин коомунун байлары байлыктарынын бир бөлүгүн чиркөөгө же кайыр иштери үчүн мураска калтырышчу. Снелмандын коому пайда болгондон кийин кайсы тармакка инвестиция кыла башташты?

А) Билим берүү Б) Саламаттыкты сактоо В) Армия Г) Туризм

6. Финляндия кайсы жылы көз карандысыз мамлекет болгон? А) 1816-жылы 6-декабрь Б) 1897-жыл 12-ноябрь В) 1917-жыл 6-декабрь Г) 1921-жыл 6-декабрь

7. «Качан гана биздин алакандай улутубуз айланабыздагы зор коңшуларыбыздан жогору маданиятка ээ болсо. Ошондо ичибиздеги коркуу жоголот». Кимдин, кайсы басмадагы сөзү?

А) Ярвинен, “Фин” гезити Б) Снелман “Сайма” гезити В) Карокеп “Мисене” гезити Г) Толстой “Европа” гезитинде

8. Кайсы жылы Финляндия Орусиянын курамына өз алдынча кээ бир тиешелүү укуктарга ээ болгон мамлекет катары кирген?

А) 1816-жыл Б) 1815-жыл В) 1847-жыл Г) 1817-жыл

9. Түндүк уюлга эң жакын жайгашкан метро станциянын аталышы кандай?

А) Итякескус Б) Парнас В) Меллунмяки Г) Хельсинки

10. «Жүрөгүмдө фин элинин бекем, туруктуу мүнөзү жана жаштык деми бар. Кебектүү нан жеген, токой жана баткактар арасында жашап, кайрат менен эмгектенип келген фин калкынын өкүлү катары кайрылуу жасаган»... падышасы

А) Кыям Б) Бут кийим В) Жумуртка Г) Буудай

11. Карокептин «заалым» болуусуна эмне себеп болду?

А) дүкөн Б) тараза В) коом Г) достор

12. Ар жылы билим алууга, китепканаларга, агартуучу, жазуучу, сүрөтчү, маданият адамдары жана изилдөө жүргүзүү үчүн 300 000 марка берип турган ким болгон?

А) Юкка Ярвинен Б) Кечил Макдональд В) Томас Гүлбе Г) Снелман

13. «Эл сенин атыңа айкел-эстелик тургузууну каалашат. Албетте сен буга ылайыксың. Бирок, сенин эң сонун жана жандүү эстеликтериң бизбиз» – деп ким тууралуу айтышат?

А) Снелман Б) Элдик дарыгер В) Улуу багбан Г) Футболчулар

14. Китептен алган таасирлериң? ________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________15.Кыргызстандын өнүгүүсүнө кантип салым кошосуң? ______________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

Арапова К.А