9-класс Адам жана коом 1-чейрек үчүн тест
1. Өзгөчө кырдаал эмне үчүн жаралат?
А) коомдук коопсуздукту сактоо үчүн
Б) табиятты коргоп калуу үчүн
В) мамлекеттин байлыктарын сактап калуу үчүн
Г) мамлекеттер аралык согушту болтурбоо үчүн
2. Өзгөчө кырдаал кайсы учурда жаралат?
А) коомдук иш чаралар өткөрүлүп, эл көп топтолуп, Президенттин өмүрүнө корокунуч жаралган учурда
Б) эл аралык деңгээлдеги иш чаралар болгондо башка мамлкеттен келген коноктордун коопсуздугун сактоо үчүн
В) коңшу мамлекетте кооптуу абал жаралганда чек араларды жаап, жарандардын коопсуздугун сактоо үчүн
Г) мамлекет учурдагы абалды жарандардын ден-соолугуна жана өмүрүнө кооптуу деп тапкан учурда
3. Өзгөчө кырдаал учурунда эмне кылуу керек?
А) дароо керектүү буюмдарды, мал-мүлктү алып башка мамлекетке көчүп кетүү, жарандыкты өзгөртүү керек
Б) чек араларга аскерлерди жайгаштырып, башка өлкөлөрдөн качкындар кирбей тургандай кылып бекемдөө
В) улуулардын, адистердин жана макмлкеттин көрсөтмөлөрүн так аткаруу, биргеликте иш жүргүзүү, дүрбөлөңгө түшпөө
Г) жер төлөгө керектүү азык-түлүктү жайгаштырып, үй-бүлө менен кирип коргонуу, башкаларды киргизбөө
4. Биологиялык кооптуу абал деген эмне?
А) адамдардын агрессивдүү ишмердүүлүгү менен түздөн-түз байланыштуу коркунучтуу кырдаалдын жаралышы
Б) адамдардын өмүрүнө жана ден-соолугуна коркунуч келтирген жугуштуу оорулардын тарап кетиши
В) күтүүсүз табигый кырсыктар тарабынан адамдардын ден-соолугуна жана өмүрүнө коркунучтуу абалдын жаралышы
Г) адамдардын шалаакылыгынан же техникалардын иштен чыгуусунан келип чыккан авариялар, жарылуулар, өрттөнүүлөр ж.б. кырсыктар
5. Эркиндик деген эмне?
А) инсандын ой-жүгүртүү, тандоо, чечим кабыл алуу жана аракеттенүү мүмкүнчүлүгү
Б) субъектке карата адамдын индивидуалдуу жана коллективдик эркиндиги
В) адамдын саясий, экономикалык, социалдык жана руханий чөйрөдөгү эркиндиги
Г) “менин эркиндигим башка адамдардын эркиндигин чектеп, укугун бузбашы керек” деген принципти кармануу
6. Чыгармачылык, ой-жүгүртүү, дин тутуу эркиндиги төмөнкүлөрдүн кайсынысына кирет?
А) саясий Б) экономикалык В) социалдык Г) руханий
7. Адамдын аң-сезимдүү түрдө чечимдерди кабыл алуу, максат коюу жана аларды ишке ашырууда тоскоолдуктарга карабастан аракеттенүү жөндөмдүүлүгү – бул.....
А) тандоо Б) эрк В) аң-сезимдүүүк Г) өз алдынчалуулук
8. “Адамдын башка адамдардан өзгөчөлүгү, анын коомго аралашуудагы, адамдар менен мамиле түзүүдөгү негизги сапаты болуп эсептелет” – бул....
А) мүнөз Б) темперамент В) эмоция Г) сезим
9. Өзүн-өзү тарбиялоо процессине кайсы чектөөлөр таасир этет?
А) кызматка ээ болуу, акчалай сыйлык, мактоо Б) штраф, айыптоо, жазалоо, камоо
В) тарбия, мүнөз, ата-эне, мектеп Г) абийир, парз, милдет, күнөө
10. Адамдардын жашоо тууралуу ой-толгоосу, жүрүш-турушу, көркөм адабият, маданият, идеология – бул.....
А) адамдардын калыптануусуна таасир эткен факторлор
Б) адамдын өнүгүүсүнө таасир эткен шарттар
В) адамдын өзүн-өзү таануусуна багыттаган жолдор
Г) адамдын кесиптик тандоосуна таасир эткен факторлор
9-класс Адам жана коом 1-чейрек үчүн тесттин жооптору:
1-а
2-г
3-в
4-б
5-а
6-г
7-б
8-а
9-б
10-а