9. Убакытты туура пайдалануу: Эң маанилүү иштерибиз.
А: Окуучуларга суроолор.
Күнүмдүк иштериңерге убакыт жетиштүү болуп жатабы?
Убакытты эффективдүү колдонуп жатам деген ойдосуңарбы?
Учурда силер үчүн эң маанилүү иш эмне?
Б: Теманы түшүндүрүү.
Мугалим, берген тапшырмаларды аткарбай келүүнү адатка айландырган окуучуларына : «эмне үчүн аткарбай келдиңер деп сураса», күндө эле окуучулары: «мен конокко бардым эле жетишпей калдым», - десе, экинчиси: «мен досторум менен жолугуп концертке бардым эле, үйгө кеч келдим», - десе, үчүнчүсү: «мен, ачыкчасы, кино көрүп, аткарбай калдым», - деп ар түрдүү себептерин айтышчу. Минтип жүрө берсе эртең эле жылдын аягы келип, окуучулары тапшыра турган экзамендерине жетишерлик даярданбай кала турганын сезген мугалим насаатын башкача жол менен айтууну чечет. Бир күнү, мугалим класска келип, окуучулардын алдына бир бош банканы коет да, сабактын темасы «Убакыт» экенин айтат. Андан кийин муштумдай таштарды алып, банканы толтурат да, отурган студенттерден сурайт:
Карагылачы, банка толдубу?
Толду, дешет баары бир ооздон.
Мугалим унчукпастан майдараак таштарды салган пакетти алып чыгат да, аны банкага сала баштайт. Майда таштар чоң таштардын арасындагы бош жерлерди толтуруп калат. «Банка толдубу же жокпу?» - деп дагы бир жолу сураганда, окуучулар: «Эми толду», - деп жооп беришет. Мугалим шашпай кум салынган пакетти алып чыгат да, банкага төгө баштайт. Майда кум бош жердин баарын толтуруп калат.
Эми кандай деп ойлойсуңар, банка толдубу?
Эми толду, бош орун калбады, - дешет окуучулар.
Мына ошондо мугалим суу куюлган идиш алып чыгат да, андагы сууну банкага куя баштайт. Банка толгондон кийин мугалим окуучуларга карап, бул эксперименттин мааниси эмне экенин сурайт. Окуучулардын баары ийиндерин кууштуруп, бир нерсеге байланыштыра албайт. Ошондо мугалим мындай дейт:
Мен эми түшүндүрөйүн, бош банка – бул силердин жашооңор. Чоңураак таштар – жашооңордогу негизги нерселер: үй-бүлө, ден-соолук, сабак, билим... Булар, башкасы жок болсо да, жашооңорду толтурган нерселер болуп эсептелинет. Майда таштар болсо силерге азыраак маанилүү болгон нерселер, мисалы: магазиндер, концерт, коноко баруу сыяктуу нерселер... ал эми кум менен суу – жашоодогу майда-чүйдө нерселер. Эгерде банканы башынан кумга толтурганыбызда, таштар батпай калмак. Ошондуктан жашоодо бардык нерсени өз убагында жасоо керек жана өзүбүздүн күнүмдүк тиричилигибизге биринчи өтө маанилүү деп эсептеген нерселерди жайгаштырып алышыбыз керек. Алардан артка калган убакытта башка нерселерди да аткарганга жетишебиз. Майда-чүйдө нерсенин артынан жүрө берген адам жашоодогу негизги «таштарды» ордуна жайгаштыра албайт. Силер үчүн бул жашоодо эмнелер өтө маанилүү, ошолорду аныктап, биринчи кезекте ошолорго орун бергиле.
Убакыт эч качан токтобойт. Өткөн убакыт тарых болду, эртеңки күндү көрөрүбүз анык эмес. Демек, учурду баалап, эң пайдалуу өткөзгөндү билели. Азыр колдон келген ишти эртеңкиге таштабайлы. Өмүр кыска, ал эми ар бирибиздин ойлогон ой-максаттарыбыз тоодой, пландаган иштерибиз, кыялдарыбыз бир топ. Ар бирин аткаруучу өз убакытттары бар. Окуучулук күндөр өтүп кетсе, эртең каап мен жакшыраак окуп, жакшыраак кесиптин ээси болмокмун десең, ал арман эле болуп калат. Себеби, ошол окуучулук күндөргө кайтып келе албайсың.
Банкта бир эсебиңер болгонун элестеткиле. Ал эсепке бирөө күнүнө эртең менен 86400 сом салып турат. Ал акчаны силер каалагандай коротсоңор болот, ал силердин эркиңер. Акча силердики. Бирок ошол 86400 сом ошол эле күн үчүн. Эгерде баарын иштетпеген болсоңор, калган акча ошол күнү кечинде күйүп кетет. Эсептен алынбаган акча кийинки күнгө которулбайт. Эсеп күндө кечинде ноль болуп, кайра эле эртеси күнү жаңыдан 86400 сом эсепке жүктөлөт. Эмне кылмаксыңар?! Баарыбыз ошол жүктөлгөн акчаны акыркы тыйынына чейин алып коротмокпуз, чынбы?! Баарын эсептен алып машина алмакпыз, үйгө, офиске түрдүү эмеректерди алмакпыз. Кыскасы бир да тыйыны эсепте калып кетип, күймөк эмес. Ооба, бул шексиз.
Чынын айтканда мындай эсеп баарыбызда бар. Баарыбыз “Убакыт” аттуу банктын кардарларыбыз. Баарыбыздын эсебибизге күндө эртең менен 86400 секунд жүктөлөт жана кайра эле кечинде нольго түшүп калат.Бул биздин эң чоң байлыгыбыз. Өзгөчө жаштардын табылгыс, кайра кайтарылгыс байлыгы. Жаштык кез - күчкө толуп, илим-билимге суусап турган кез. Эмне кылып калсак жаштык кезибизде кылып калабыз. Ошондуктан келгиле бир да секундубузду бош кетирбестен убактыбызды толук кандуу жана пайдалуу иштерге сарптайлы. Жылдар өтүп аркага кылчайганда убактыбызды ысрап кылбастан өзүбүз жана чөйрөбүз үчүн пайдалуу өмүр өткөргөнүбүздү көргөндөй бололу. Убакыттын кадырын убакыт өтүп кеткенден кийин сезгендин пайдасы жок. Убакыттын кадырын мурунтан баамдап, аны пайдалуу өткөргөндү билели.
Бир жылдын кадырын билгиң келсе талаадагы эгинин жоготкон дыйкандан сура. Бир айдын кадырын болсо сегиз айлык бала төрөгөн энеден сура, бир жуманын кадырын жумалык газета чыгарган журналисттен сура, бир сааттын кадырын экзаменден чыккан студенттен сура, бир минутанын кадырын поездке жетишпей калган адамдан сыра, бир секунданын кадырын аварияга учураган кишиден сура, секундадан да кыска убакыттын кадырын билгиң келсе спорттук олимпиадада экинчи болгон спортчудан сура. В: Накыл сөздөр.
Майдага кызыккан адамдын колунан чоң иш келбейт. (Ларошфуко)
Пайдасыз жашоо – мезгилсиз өлүмгө тете. (В. Гете)