СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Вулкандар. Ысык булактар

Категория: География

Нажмите, чтобы узнать подробности

           Кургактыктын бетинде жана океандын түбүндө конус формасындагы жана магмалык тектерден түзүлгөн өзгөчө тоолор кездешет. Аларды жанар тоолор же вулкандар деп аташат. Магма агып чыккан канал ( жарка тешик)  вулкандын  кобулу деп, ал эми анын жер бетиндеги оозу кратери деп аталат. Кратерден вулкан аракеттенгенде ысык газдар, суу буулары, вулкандык күл (  магманын эң майда бөлукчөлөрү), таштар шуулдап атырылып чыгат, магма агып чыгып, тоонун капталынан ылдый агат. Агып чыккан магма лава  деп аталат., 

          Атырылуу жер алдынан чыкккан күүлдөгөн добуш менен, көп учурда жер титирөөлөр, нөшөрлөгөн жаан менен коштолот. Вулкандык күл суу менен аралышып ылайлуу селдерди пайда кылат. Кратерден агып чыккан лаванын температурасы 1000 С болгондуктан ал жолундагылардын баардыгын куйкалап, өрттөйт. 

      Вулкандар ар кандай аракетенишет. Айрым вулкандардан газдар, суу буулары атырылы. мезгил-мезгил менен жарылуу болуп, таштар асманга учат. Бирок лава агып чыкпай кратерде муздайт. Ал эми лавасы суюк вулкандардвн газдар жеңил, жарылуусуз эле бөлүнүп чыгат. 

      Жер бетиндеги 900 гө жакын аракеттеги вулкандардан тышкары өчкөн вулкандар да бар. Аракеттери жөнүндө эч маалымат жок, бирок түзүлүшү вулкандай болсо, аларды өчкөн вулкандар деп эсептешет. Өчтү деп эсептелген вулкан кайра "ойгонуп", аракеттене башташы да мүмкүн. Мисалы Эльбурс чоксу (5642 м) Кавказ тоолорундагы эң бийик, өчкөн вулкан. Эльбурстун аракеттин эч ким көргөн эмес. Кыргызстандын аймагында азыр вулкан жок.Бирок мындан ондогон миллиондогон жылдар мурда вулкандар болгон. Ал жөнүнө байыркы Вулкандык тектер күбө болот.    

           Ысык булактар. Гейзерлер. Аракеттеги жана өчкөн вулкандар бар жерлерде ысык булактар көп кездешет, алар жердин бетиндеги жаракалардан жай агып чыгышатже жер алдынан фантандай оргуштап атырылып чыгышат. Бул болсо жердин тереңдигинде ысык тоо тектери бар экендигин билдирет. Алар жер астындагы сууларды ысытат. Мезгил - мезгили менен  ысык суу менен бууну оргуштатып атып чыгаруучу булактарды гейзерлер деп аташат.  Алардан чыккан ысык суунунун фонтаны кээде бир нече ондогон метр бийиктикке жетет. Гейзерлер Исландияда, Түндүк Америкада, Камчаткада ысык булактар Куриль аралдарында жана башка вулкандуу райондордо көп кездешет. Гейзерлердин эң атактуусу АКШнын Йеллустон деген улуттук жаратылыш паркында: анда 200гө жакын гейзер бар.  Камчаткада гейзерлер өрөөнү  бар анда 20 дан ашык ири жана 300гө жакын майда гейзерлер бар. Гейзерлер мене ысык булактардын суулары үйлөрдү жана теплицаларды жылытыш үчүн пайдаланылат, бул суулардан электр станциялары да иштейт. 

            Кыргызстандын аймагында бир топ ысык булактар табылган. Алар Ысык -Көл, Чүй өрөөнүндө, Жалал- Абад облусунда бар. Алар дарылануу максатында пайдаланылат.