Просмотр содержимого документа
«Жаратылыш жан дүйнөм»
жаратылыш
Кызыл китеп
Кыргызстанрдагы жаратылыш
Кызыл китепке киргизилген жаныбарлар
Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1976-жылдын 10-майындагы токтому менен 1-жолу Кыргызстандын кызыл китеби түзүлүп, 1981-жылдын 13-апрелиндеги токтому боюнча ага катталуучу осүмдүктөр менен жаныбарлардын тизмеси бекитилген (Кыргыз жергесинде өсүмдүктүн 4,5 миндей түрү өсөт, анын 600дөйү дары чоптор). Кызыл китепке өсүмдүктүн 65,курт кумурсканын 18, канаттуунун 33, сүт эмүүчүлөрдүн 13, балыктын 2 түрү киргизилген. Алардын ичинде өтө азайып же жок болуп бараткан анардын байыркы сорту, мандалактын сейрек учуроочу түрү, бүркүт, шумкар, аюу, элик, марал, илбирс ж.б. бар.
КЫЗЫЛ КИТЕПКЕ КИРГЕН ~Айгүл гүлү~
Байыркы бир убакта Айгүл аттуу сулуу кызы бар бир бай адам жашаган. Анын сүйгөну Коз Улан, элдин биринчи эр жүрөк адамы катары белгилүү болчу. Жаштардын бири-бирине болгон мамилеси айылдыктардын урматына татыган. Кызына бакыт каалаган Айгүлдүн атасы жаштарга батасын берди.
Жаштар эми үйлөнөөрдө, элге кырсык келди. Душмандар бейпил жаткан элге кол салды, алардын арасында Козу Улан да болгон. Жакын арада душмандар толугу менен талкаланды, бирок Козу Улан көз жумду. Жигиттер Айгүлдүн каалосу менен Козу Уландын жүрөгүн алып келишти. Айгүл сүйүктүүсунун жүрөгүн алып, бийик аскалуу тоодон өзүнүн денесин таштады. Бир нече күн өткөндөн кийин, Айгүл денесин таштаган жерден укмуштуудай кооз гүл которулуп чыкты. Эл, бул гүлдү Айгүл гүл деп аташты. Ал эми Айгүл өзүн таштаган асканы Айгүлташ деп аташты. Ошол Айгүлташтын жанында дагы бир бийиктик бар болгон, бул жерди элде Козуулан деп аташкан. Белгилей кетчү нерсе, Айгүл гүлдүн ичинде ар дайым шүүдүрүмдүн тамчыларын көрсө болот., бул тамчыны жергиликтүү элдер «Айгүлдүн көз жашы» деп аташат. Бул абдан кооз жана кайгылуу уламыш көптөгөн жылдар бою ооздон оозго, балким, атүгүл жүздөгөн жылдар, кылымдар бою эл арасында жашап келгендир.
Ак илбирс кызыл китепке кирген жырткыч. Алардын саны дүйнө жүзү боюнча жети миңге чамалайт деп айтылат. Кыргызстанда 200-300гө жакын бар дешет окумуштуулар.
Ак илбирстер байырлаган аска-зоолор алты миң метрге чейинки бийиктикти түзөт. Бул Эферест чокусуна дээрлик үч миң метр гана жетпейт.
Ак илбирстер өтө ыкчам секирик жасай алганы менен айырмаланат. Алар дээрлик он беш метр жерден секирип жандыктарды кармай алат. Негизинен аркар, теке жешет.
Кызыл китепке кирген канаттуулар