СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жарык жөнүндө маалыматтар

Категория: Биология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Окуучулар жарык тууралуу маалыматтар алышат

Просмотр содержимого документа
«Жарык жөнүндө маалыматтар»

Жарык


Жарык өзгөчө гигиеналык мааниге ээ. Жетиштүү жарык адам турмушуна жана ишине жагымдуу шарт түзөт, ал эми жетишсиз болсо, адамдын иш жөндөмдүүлүгүн жана эмгек өндүрүмдүүлүгүн төмөндөтөт, көз бат чарчап, бузулат жана өндүрүштүк кырсыктардын көбөйүшүнө жана башка алып келет. Жарык табигый, жасалма жана аралаш (Турак жай) болуп бөлүнөт. Табигый жарык күн нурунун түздөн-түз тийишинен жана асманда чагылышып чачыраган жарыгынан болот.

Ал географиялык кеңдикке, күндүн бийиктигине, булуттун болушуна, атмосферанын тунуктугуна байланыштуу. Бөлмөнүн жарык болушуна анын бийиктиги, бөлмөнүн дубалын, ички төбөсүн агыш түскө боёоо, терезе айнегинин тазалыгы, ошондой эле ага тагылган пардалар таасир тийгизет. Терезе парда Жарыктын 40%ин сиңирип калат. Табигый жарык кишинин ченемдерди тиричилик-аракетин толук камсыздай албагандыктан жасалма жарык (электр лампасы) колдонулат. Жасалма жарыктын жалпы (бөлмөгө тегиз тиет) жана айкалыштырылган (бир эле убакытка жалпы жана жергиликтүү лампаларды пайдалануу) түрү бар. Жумуш ордунда столго коюлуучу лампаны жарыгы сол жактан түшкөндөй кылып орнотуу керек, мында колдон түшкөн көлөкө (жазууда, тигүүдө) ишке жолтоо кылбайт. Табигый (күндүзгү) жарык жетишпей калган учурда кошумча жасалма (электр) жарыгы пайдаланылат.