[Название организации] | [Адрес организации]
Кыргыз адабият
Өмүрбекова нуржамал
Жусуп Баласагын — өмүр баяны
© Фото / Жоомарт Ураимов
Жусуп Баласагын — дүйнөлүк руханий маданияттын ири өкүлдөрүнүн бири.
Улуу ойчул, акын, саясат таануучу, мамлекеттик ишмер Жусуп Баласагын 1015-жылы, айрым маалыматтар боюнча 1016-жылы Карахандар каганатынын Чүй өрөөнүнүн чыгышындагы азыркы Токмок шаарына жакын жерде жайгашкан биринчи борбору — Баласагын шаарында туулган.
Жусуптун өмүр баяны жөнүндө азырынча толук маалыматтар жокко эсе. Бирок, автор өзү жөнүндө жазып кеткен кээ бир фактыларды анын "Кутадгу Билиг" ("Кут алчу билим") поэмасынан кездештирүүгө болот. Окумуштуу Р. Араттын эсеби боюнча поэманы жазып бүткөн мезгилде Жусуп 54 жашта болгон. Ал поэманы Баласагын шаарында баштап, 1067-1070-жж. Кашкарда аяктап, баш аягы 18 айда бүтүргөн, хандын ханы деп аталган Кашкар шаарынын башкаруучусу Тавгач Буура Карахан Абу-Али-Хасанга тартуу кылган. Ал поэманын терең мазмунун түшүнүп, алкыш иретинде акынга "Улуг-Хасс-Хажиб" деген наам берген. Мунун мааниси "Хасс" арабча хан сарайдагы урматтуу адамдардын бири, ал эми "Улуг-Хасс-Хажиб" хан ордосунда кызмат өтөгөн өтө кадырман адамдын наамы.
1069-1070-жылдары Жусуп Баласагын жазган түрк тилиндеги "Кутадгу билиг" ("Куттуу билим") эмгеги дүйнөнүн көп тилдерине которулган.
Азыркы учурда Жусуптун "Кутадгу билиг" поэмасынын үч нускасы сакталып турат. Бир нускасы Вена шаарында (Австрия) сакталуу. Египеттин борбору Каир шаарында сакталып турган экинчи нуска 1986-ж. табылган.
Ал эми Намангандан табылган үчүнчү нускасы азыр белгилүү болгон нускалардын эң толугу болуп эсептелинет. Эстеликтин үчүнчү нускасы азыр Өзбекстан Илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунун кол жазмалар фондунда сакталууда. Наманган жана Каир шаарларынан табылган нускалар араб ариби менен жазылган.
Чыгарма чыгыш маданиятында кеңири тараган санат-насыят маанисиндеги этикалык-дидактикалык эмгек. Дастан карахандар мамлекетин башкаруучу хандарга, бектерге, кол башчыларга арналып жазылгандыктан, алардын элге талыкпай кызмат кылышын, ошону менен эле катар бийлигинин чыңдалышын жана анын бекем болушун көздөгөн гуманитардык идея да жүзөгө ашкан.
Бул чыгарма – дүйнөлүк руханий мурастын, түрк адабиятынын, маданиятынын жана илиминин залкар эстелиги. Кыргыздар жана башка түрк эли "Кутадгу билиг" эмгегин өздөрүнүн жазма адабиятынын алгачкы түрк-мусулмандык шедеври деп эсептейт.
"Кутадгу билиг" Карахандар мамлекетиндеги адамдардын турмуш-тиричилиги жана социалдык түзүлүшү жөнүндө бай маалыматтарды камтыгандыктан, башкарууну түрк элинин жана мусулман маданиятынын бийик руханий-адеп-ахлактык принциптери менен шайкеш келтирген, мамлекетти башкаруунун теориясы жана практикасы тууралуу энциклопедиялык трактат катары өзгөчө бааланат.
Жусуп Баласагын мындан миң жыл мурда эле ар бир адамды өзүнүн диний ишенимдерин жеке тагдыры үчүн гана эмес, коомдун биримдиги жана мамлекеттин бүтүндүгү үчүн болгон жоопкерчиликке да шайкеш кылууга чакырган. Анын идеялары кыргыз мамлекеттүүлүгү чоң сыноодон өтүп, кайра жаралуу мезгилин башынан кечирип жаткан азыркы мезгилде да актуалдуу болууда.
"Куттуу билим" чыгармасы ыр жана кара сөз менен жазылган. Кириш сөзүндө Байыркы Чыгыш акындарынын чыгармаларына өтө эле мүнөздүү болгон асман менен жерди, тоо менен түздү, суу менен деңизди, жылдыз менен күндү жана башкаларды даңазалаган салттуу мотив бар. Поэма жазылган мезгилдин саясий, социалдык-тарыхый өзгөчөлүгүн эске алуу керек. Карахандар мамлекети өз ичине Мавераннахр менен Чыгыш Түркстанды камтып, бир нече уруулардын тобунан, алсак, уйгурлар, карлуктар, аргу менен түргөштөр, ягма жана башкалардан турган. Мына ушул уруулардын баарын бириктиргенде түрктөр деп аталышып, жашап келишкен.
Булардан тышкары огуздар менен кыпчактар батышты көздөй сүрүлүп, Сыр-Дарыянын жээктерине чейин кирип келип, чоң аймакты ээлешип, тарыхта "Дашти кыпчак" түзүлгөн. Карахан мамлекетине баш ийген уруулар өз бетинче акимдиктерге бөлүнүп жашашкан. Ал жерди басып алуу менен Карахандар мамлекети Батыш жана Чыгыш хандыктарга бөлүнүп кетет, ошентип эки кандык пайда болгон. Жети-Суу өрөөнү менен Чыгыш Түркстан чыгыш кандыгын түзүп, анын борбору Баласагын шаары болуп калган. Кийин борбор Кашкар шаарына ооп кетет. Ал эми Мавреннахр батыш кандыгын түзүп, өз алдынча жашоого өткөн. Бул абал мамлекеттин тарап кетишине коркунуч туудурган баш аламандыкты, башкаруудагы баш аламандыкты алып келет. Уруу башчылары, бектер бийлик үчүн бири-бири менен тирешкен. Жогорудагы тарыхый кырдаал баласагындык Жусуптун "Кут алчу билим" поэмасынын жазылышын шарттаган.
Улуу ойчулдун чыгармасынан көрүнүп тургандай, орто кылымдардын эң билимдүү, энциклопедиялык масштабда ойлонгон инсандарынан болгон. Ал илимдин ар тармагын өздөштүрө алган. Мисалы, астрономия, математика, медицина. Ошондой эле адабият, тарых, философия, эстетика. Этика маселелерин, араб жана иран-тажик поэзиясын, түрк, фарси фольклорун эң мыкты билген. Анын чыгармасынын "Манас" эпосу менен үндөшкөн жерлери жана кыргыздын макал-лакаптары, учкул сөздөрү арбын пайдаланылат.
Бул жанрдын тарыхы байыркы Египет, Индия, Иран адабияттарынан башталып, кийин жалпы чыгыш элинин жазуу, оозеки адабиятында салттуу формасына айланган.
"Кут алчу билимди" изилдөөчүлөрдүн бири А.Н. Кононов поэманы эпостук деңгээлдеги чыгарма катары баалап, анда адам өмүрүнүн маанисин жана маңызын, адамдын коомдогу жүрүш-турушун, карым-катыш мамилелерин, даанышман ойчулдун коомуна карата философиялык көз карашын баса белгилеп көрсөтөт. Анда эпикалык мазмунду көрсөткөн негизги төрт түшүнүктү түзөт. Адилеттик, акыл-эс, бакыт, каниеттик — бул түшүнүктөр конкреттүү каармандардын образдары аркылуу берилген. Өкүмдар Күнтууду — адилеттик, вазир Айтолду – бакыт, вазирдин уулу Акдилмиш — акыл-эс, вазирдин иниси Өткүрмүш — каниеттик. Көрүнүп тургандай, поэманын персонаждарынын ысымдары аллегориялык-символикалуу мааниге ээ. Алар адам өмүрүндөгү эң бир өзөктүү да, өнөрлүү да рухий дөөлөттөрдүн этикалык-философиялык көркөм образдуу символу. Ойчул окууну, билимдүүлүктү дүйнө таанып билүүнүн эң негизги жолу катары баалайт. Окуу менен гана адам баласы акылын арттыра алат дейт акын.
Демек, Жусуп Баласагын табияттан берилген касиетти адам өз өмүрүндө аны окуу, үйрөнүү, үлгү алуу сыяктуу жолдору менен гана байыта алаарын айткан. Албетте, ойчул акын акылды адептүүлүк жолун тутуунун бирден-бир зарыл шарты деп эсептеген. Билимдүүлүк, билгичтик урмат-сыйдын да белгиси, билимдүү адам деп жолун сактаса, анда ал жогорку сыйга татыктуу. Билимдин деңиз сымал түбү да жок, чеги да жок, аны канча сүзсөң да бөксөрбөйт, тескерисинче толо берет.
Билимсиз жүрөк, тилдин пайдасы жок,
Билим, өнөр өмүргө суудай керек.
Билимдүү түйшүктөнүп ойлоп жүрөт,
Билимсиз ой жүгүртпөй ойноп-күлөт.
Жогорудагы саптар ойдун ээсинин терең билимдүүлүгүнө, даанышмандыгына күмөн санаттырбайт. Поэмада автордун философиялык терең ой-жүгүрткөн маселесинин бири — адамзатынын бактысы жөнүндө болгон. Поэмада адам бактысын нравалык идеал катары баалаганын көрсөк каршылыктуу диалектикасына кеңири токтолуп, ар бир инсан өз өмүрүн адептүү касиеттерге ээ болгондо гана ошол нравалык идеалга жете алат деген тыянакка келет.
Мындан сырткары аталган чыгармада жалпы адамзаттык ой-пикирди камтыган дүйнөдөгү ар кандай мамлекет жана элге жаккан нар алып өзүн гүлдөндүрүүнүн жолун таба ала турган идеялар көпчүлүк орунду ээлейт. Ар түрдүү кесиптеги адамдарды, илим, билимди, ыймандуулукту, адилеттүүлүктү, акылды, абийирдүүлүктү, чынчылдыкты, ынсаптуулукту, эмгекчилдикти даңазалайт да, ал аркылуу адамдарды мыкты сапаттарга ээ болууга үндөйт.
Мисалы:
Ким китепти окуй билсе күтүнө,
Эки дүйнө жарык берер ишине.
Илим менен — кырсык, кемтик түзөлөт,
Билим менен — эл кыйыры бүтөлөт.
Билим болсо — жан кыйышпас дос саган,
Илим болсо — кесиптешиң, кошунаң.
Тагдыр катаал болбойт десең өзүңө,
Тилиң тиштеп, сак болгунуң өзүңө.
Адамдын адаштырар көп душманы,
Аларга жакындаса бузат аны.
Бир душман — тили болот айтаар ушак,
Да бири — кур убада тарткан тузак.
Үчүнчү — ичимдикке берилгендик,
Белгилүү анын арты тирүүлүк,
Дагы бир жаман сапат — оройлугуң,
Бүтүндөй жүргөн жери — чатак мунун.
Да бири — заар сөзүң көңүл калат,
Жаныңдан адамдарды кууп салат.
Болсо эгер пендесинде мунун баары,
Анда анын өмүр бою куураганы.
Жаштык өтөт, өмүр өтөт элирген
Бу дүйнө — түш, сен да өтөсүң өмүрдөн.
Өмүрүңдү ата журтка арнасаң,
Жыргап-куунап кор болбойсуң эч качан.
Бактылуум, дөөлөтүңө чиренбегин,
Балаадан алыс болуп жүрсөм дегин.
Аккан суу, жүргөн желдей бакыт турбайт,
Эч качан айланпасы анын тынбайт.
Бакыт — кут өзгөрүлмө, бапаа болбойт,
Жылмышып жерге түшүп, учса — конбойт.
Кут бир келет — бакпасаң кетип калат,
Бак бир конот — үйлөсөң өчүп калат.
Бакытка колуң жетсе карма бекем,
Бошотсоң сага экинчи келбейт ишен.
Ажал — бул тирүүлөргө ачык эшик,
Тирүүлөр кутулган жок качып өтүп.
Оюңда ишти жашырбай — элге салгын,
Ар ишти жүрөк менен тандап алгын.
Ишенгин жалгыз гана өзүңө өзүң,
Чыкпасын башкаларга ашык сөзүң.
Буга окшогон гуманитардык ар катмардагы ар бир элге жаккан акыл-ой түрмөктөрү "Кутадгу билигде" өтө эле көп кездешет.
Ошондой эле, ал чыгармасында саясат, илим, билим менен гана чектелбестен жаштарга, бойдокторго дагы бир катар насааттарын калтырган.
Аял алуу кааласаң эгер өзүң,
Жакшы танда, өтө өткүр болсун көзүң.
Теги дурус,абийирдүү, болсун ак кыз,
Уяттуу,таза,эстүү жана айыпсыз.
Ата-теги өзүңдөн болсун төмөн!
Атактууга куч күйөө болосун сен!
Жүзү эмес, көңүлү сулуу болсун,
Сени дагы тазартат пейли кенен!
Аласыңбы аялды, билгин анда,
Төрт түрүн эске тутуп, анан карма.
Бири жүрөт бай кызга үйлөнсөм деп,
Да биринин — сулуудан көзү өтөт!
Үчүнчүсү тектүүнү самап келет,
Кекирейме адаты болуп себеп!
Төртүнчүсү эстүүнү издеп жүрөт,
Таптыбы — түбөлүккө кошот тилек.
Булардын кимиси артык — кеңеш берем,
Аласыңбы аялды — уккунуң сен.
Кулак сал, бай аялды көксөгөнүм,
Кул болуп байлык-мүлккө калба өзүң!
Андайлар ач көз болот, алкымы ачык,
Тойгузуу кыйын болор байлык ташып!
А силер, азгырылган сулууларга,
Элге күлкү, шакаба болуп калба!
Сулууларга түшөт да көптүн көзү,
Кудай колдоп напсисин тыйса дечи!
Тектүү кызды самаган кекиреймем,
Тек астына тепселип калбагын сен!
Тектүү жердин кызынын тили узун,
Катыныңа кул болуп калба өзүң.
Акылдуу кызды тапсаң карап турба,
Төрт сапаттын бардыгы болот анда!
Таптыңбы акылдууну — шашыл дароо,
Үйлөнүп ал, табылгыс бакыт ошо.
Тилегиң байлык болсо, аял жыят,
Байлык артып, бакытка үйүң тунат.
Абийирдүүбү аялың — сулуу ошо,
Аял сулуу көңүлү изги болсо.
Акылдуу, таза бекен — демек асыл,
Үч сапатты чогултуп баккан ушул.
Аялдын акылдуусун тапсаң эгер,
Төрт тарабы сапаттын болот түгөл!
А эгер акылдуунун тапсаң бирин,
Эч токтолбой, кутманым, үйлөнгүнүң.
Жусуп Баласагын айткан сөзү менен аткарган ишинин, тактап айтканда адамдын сырткы жана ички дүйнөсүнүн дал келишине да атайын токтолгон. Анын ою боюнча адамдын нарктуулугунун бир белгиси сөзү менен ишинин төп келгендиги. Андай адамга башкалар эки дүйнөдө ыраазы дейт ал. Ал эми сөзү суу кечпеген тантыкты, кадыры жок калпычыны автор нарксыз, адепсиз жандар деп баалайт. "Сөзүм өлгүчө өзүм өлөйүн" деген кыргыз ылакабы да буга күбө. Адамдардын адеп-ахлактык касиеттеринен болсо жөнөкөйлүктү жана кичипейилдикти ашкере баалаган. "Кут алчу билимдин" башынан аягына чейин автордун жөнөкөйлүк жана кичипейилдик, мээрмандык тууралуу омоктуу ойлору көп ирет кайталанып айтылат.
Ошондой эле, ал адамдын адамгерчилик сапатына дүйнөсүнө мүнөздүү болгон көтөрүмдүүлүк, сабырдуулук сыяктуу сансыз көп нарктуу касиеттердин артыкчылыгын айтуу менен, мактанчаактык, шашмалык, сараңдык сымал сапаттарды кара мүртөз жандарга мүнөздүү деп жектейт. Гуманист ойчул улууларды урматтап сыйлоо сыяктуу изгилүү касиеттер алды менен үй-бүлөдө, ата-эненин тарбия таалими менен калыптана тургандыгын айрыкча бөлүп айткан. Үй-бүлө куруу, балалуу болуу адам өмүрүндөгү эң чон бакыт. Балалуу болгон соң ата-эненин өздөрү үлгүлүү жүрүш-турушту тутушу жөн. Анткени "уядан эмне көрсө, учканда ошону алат" дегендей, атаны көрүп уул, энени көрүп кыз өсөт. Ушул салттуу адеп жолун сап туткан тубаса философ ойчул ата-энеден тарбия көргөн балдар бактылуу болорун, балдары акыл-эстүү болсун деген ата-эне аларга жаштайынан билим берүүсү зарыл экендигин чыгармасында баса белгилеген.
Жусуп Баласагын 55 жаш курагында 1075-жылы дүйнөдөн кайткан.
Иван Алексеевич Бунин считается одним из самых великих русских писателей. Не все почитатели этой личности знают про него интересные и удивительные факты. А жизнь Бунина богата на творческие свершения и события. Этот писатель первым смог завоевать Нобелевскую премию в сфере русской литературы. 1.Иван Алексеевич Бунин считается заслуженным членом Петербургской академии наук.
2.Бунин из дворянского рода.
3.Иван Бунин считался страстной и пылкой личностью.
4.У него завязался пылкий роман с Варварой Пащенко.
5.Огромную роль в карьере Бунина играл Чехов.
6.Наследника у Ивана Алексеевича Бунина так и не появилось.
7.Огромную часть собственной жизни этот писатель прожил на территории России.
8.Бунин в процессе Второй мировой войны пытался не общаться с нацистами, а поэтому он решил переехать в Альпы.
9.Бунин отличался тем, что верил в различные суеверия.
10.Несмотря на собственную страшную и длительную болезнь Иван Алексеевич Бунин не бросал творчество.
11.В жизни Бунина происходило много событий.
12.Он первым удостоился Нобелевской премии в истории русской литературы, и это произошло в 1933 году.
13.Писатель не смог принять российский переворот 1917 года, поэтому его называли белогвардейцем. Завод изготовитель кран козловой! ellsencrane.ru Козловой двухбалочный кран Козловой однобалочный кран Тельферы Гарантия качества Бесплатные консультации Низкая цена Перейти Яндекс.Директ
14.Иван Бунин был эмигрантом.
15.Деньги этот писатель предпочитал неумело тратить.
16.Ивану Алексеевичу Бунину не нравилась буква Ф, поэтому он радовался, что его имя начинается не на эту букву.
17.120 тысяч франков Бунин раздал людям после получения Нобелевской премии.
18.Бунин имел разносторонние способности.
19.Ивану Бунину нравилась луговая трава на вкус.
20.Друзьями Бунина были многие художники и музыканты.
21.Главной ценностью в жизни Ивана Алексеевича была именно любовь.
22.В 1888 году стихи Бунина впервые были опубликованы.
23.Почти вся жизнь этого писателя состояла из переездов
24.Первые стихи Иван Бунин смог написать в 17 лет.
25.Что касается женщин, то с ними писателя сильно не повезло.
26.Бунин пытался подражать Лермонтову и Пушкину.
27.Женат Иван Алексеевич Бунин за всю свою жизнь был трижды.
28.Занятием, которое нравилось Бунину больше всего, было определение человека по его рукам, затылку и ногам.
29.Бунин предпочитал коллекционирование.
30.Ему нравилось собирать флаконы и фармацевтические коробки.
31.Бунин обладал великим актерским талантом и славился прекрасной мимикой.
32.Иван Алексеевич Бунин обладал пластичными формами.
33.На протяжении всей своей жизни Бунин вел дневник.
34.Последняя запись в дневнике Бунина была написана в 1953 году.
35.Были названы парки и улицы в честь этого знаменитого писателя.
36.Иван Алексеевич Бунин родился в Воронеже.
37.Все детство этот писатель провел на стареньком хуторке.
38.Елецкую гимназию Ивану Бунину пришлось окончить экстерном.
39.Брат Юлий сильно помогал Бунину по учебе.
40.Иван Алексеевич Бунин был достаточно артистичной личностью.
41.Первой книгой этого писателя было издание с названием «На край света».
42.В 1900 году Бунин опубликовал собственные «Антоновские яблоки».
43.Бунин отличался простотой и душевностью.
44.Ивану Алексеевичу чуждым было лицемерие.
45.Африка и Азия очень нравилась данному легендарному писателю.
46.Бунин побывал во множестве стран Европы.
47.Настоящей любовью Бунина была именно Вера Муромцева, ведь она смогла стать не только его женщиной, но и соратницей, и подругой.
48.Бунин никогда не сел бы за стол, который был 13-м по счету.
49.Строжайший распорядок был и в доме этого писателя.
50.Бунину предлагали работу в театре.
51.У Бунина был сын Николай, который умер в пятилетнем возрасте.
52.Прожил Иван Алексеевич довольно долгую и плодотворную жизнь.
53.Пушкинская премия не раз присуждалась Бунину.
54.Даже жители Стокгольма узнавали в лицо Ивана Алексеевича Бунина.
55.Нацистский режим был хорошо знаком этому писателю.
56.В 1936 году Бунина арестовали нацисты.
57.Бунин умер в Париже, в собственной квартире.
58.Иван Алексеевич Бунин не смог получить систематическое образование.
59.В процессе Первой мировой войны Бунин получил огромное душевное разочарование.
60.Незаконченным остался литературный портрет Чехова, который Бунин начал создавать, но так и не успел.
61.Творческая деятельность этого писателя попадает в серебряный век русской культуры.
62.Бунин был крайне непрактичным человеком.
63.Иван Алексеевич умел хорошо танцевать.
64.Ребенок у Ивана Бунина был только от первого брака с Анной Цакни.
65.Иван Алексеевич Бунин был почетным членом Общества словесности.
66.Станиславский предлагал Бунину роль Гамлета.
67.Несмотря на то что большую часть своей часть жизни Бунин провел на чужбине, он все равно по духу остался русской личностью.
68.Первая большая любовь Бунина продлилась целых 5 лет, и она была поистине наваждением.
69.Иван Алексеевич Бунин был также критиком.
70.С 1929 по 1954 год в СССР стихи Бунина не публиковали.
71.Дворянином этот писатель был и по материнской, и по отцовской линии.
72.Жизнь Бунина была беззаботной.
73.В 1900 году к Бунину пришла поистине писательская слава.
74.Могила Бунина расположена в Сент-Женевьев-де-Буа.
75.Бунин был довольно любвеобильным мужчиной.
76.Он мог окунуться в омут любви с головой и полностью отдавался истинным чувствам.
77.Вера Муромцева с Буниным прожила целых 46 лет.
78.Когда Иван Алексеевич Бунин умер, его супруга Вера смогла опубликовать мемуары.
79.Начальное образования Иван получил благодаря домашнему воспитателю.
80.В жизни Бунина был и любовный треугольник.
81.Последние свои годы жизни великий писатель проводил в полной нищете.
82.В детские годы Бунин был впечатлительным ребенком.
83.С ранних лет Иван Алексеевич Бунин начал самостоятельно зарабатывать себе на жизнь.
84.Чаще всего Бунин писал именно о природе.
85.Путешествия в жизни Бунина стали важной частью.
86.Бунина также интересовали философия и психология.
87.Иван Алексеевич Бунин – это один из немногих русских писателей, которые не стеснялся писать правду.
88.В детстве Бунину дарили много любви и ласки.
89.Больше всего времени с маленьким Буниным проводила мать, балуя его постоянно.
90.Расставание Бунина с женой Анной отпечаталось на жизненном пути грустным следом.
91.Когда умер Бунин, на его кровати была найдена книга Толстого.
92.Несколько лет Бунин работал в «Орловском вестнике» корректором.
93.Главным кумиром Ивана Алексеевича Бунина был Пушкин.
94.Бунин на протяжении всей своей жизни часто болел.
95.Все подчинялось настроению Бунина.
96.К Советскому Союзу этот писатель относился достаточно доброжелательно.
97.Материальная обеспеченность пришла к Ивану Алексеевичу вместе с признанием.
98.Приблизительно 2 тысячи писем касательно помощи пришло Бунину после того, как он завоевал премию.
99.Тема одиночества и предательства смогла крепко закрепиться в творчестве Бунина.
100.Много трагедий было в жизни Ивана Алексеевича Бунина, но он смог пройти через многое.
Антон Павлович Чехов
Николай Васильевич Гоголь
Иван Сергеевич Тургенев
Иван Алексеевич Бунин