СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жусупов маалымат

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Жусупов жөнүндө билишет

Просмотр содержимого документа
«Жусупов маалымат»

Жусупов, Калыгул


Калыгул Жусупович Жусупов (05.05.1935) - кыргызстандык математик илимпоз, физика-математика илимдеринин кандидаты (1969), доцент (1970), ардактуу профессор, агартуучу.

Кыскача өмүр таржымакалы

Калыгул Жусупов Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Нарын районундагы Жылан-Арык кыштагында 1935-жылдын бугу (май) айынын 5инде туулган. Ата-теги нарындык сарыбагыш уруусунан. Атасы – Жусуп Казакбай уулу Белектин небереси. Сарыбагыштын жантай уругуна кирчү өмүрбек уулунан. Жусуп ата 1889-жылы туулган, 1945-жылы Жылан-Арык айылында каза болгон. Энеси – Таажы Турдубай кызы (тегаты Казакбаева болуп калган). Турдубай – Куланак айылынан. Таажы эне 1900-жылы туулган, 1951-жылы Жылан-Арык айылында каза болгон. Калыгул – жалгыз уулу (калган 14 баласы чарчап калган).

Жылан-Арык айылы оболу, 1955-жылга чейин, Куланак районуна караштуу Пионер колозу болгон. Бул район жоюлган соң, 1955-жылдан 1992-жылга чейин Ак-Талаа районуна караштуу Пионер комплекстүү бригадасы болуп, “Ак-Тал” колхозуна, кийин Тоголок Молдо колхозуна караштуу болуп келген.

1992-жылдан тартып айыл Нарын районуна караштуу Жылан-Арык колхозу болду. 1993-жылы колхоз жоюлуп, Жылан Арык айыл аймагы, Сары-Ой айылдык кеңеши болуп калды.

Калыгул Жусупов 1952-жылы Куланак кыштагындагы орто мектепти аяктаган.

Нарын шаарындагы Н.В.Гоголь атындагы Нарын мамлекеттик мугалимдер институтундагы физика-математика факультетин 1954-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган.

1954-жылы сентябрь-октябрь айларында Нарын районундагы Куланак орто мектебинде физика сабагынан мугалим болгон.

1954-57-жылдары Термез (Өзбекстан) жана Мары (Түркмөнстан) шаарларындагы чек ара аймагында Түркстан аскер округунда Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн.

1957-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин) физика-математика факультетине тапшырган.

1962-жылы КМУнун физика-математика факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

1962-65-жылдары КМУнун теориялык математика кафедрасынын окутуучусу, ага окутуучусу.

1965-жылы Орусиянын борбору Москва шаарындагы М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин механика-математика факультетиндеги күндүзгү аспирантурага өткөн.

1969-жылы М.В.Ломоносов атындагы ММУнун механика-математика факультетиндеги күндүзгү аспирантураны ийгиликтүү аяктаган.

1969-жылы 19-октябрда аталган университетте кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоп, физика-математика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын алган.

1969-70-жылдары – Бишкек шаарындагы Фрунзе политехникалык институтунун (азыркы Исхак Раззаков атындагы Кыргыз тенхникалык университетинин) теориялык математика кафедрасынын ага окутуучусу, доценти болуп иштеген.

1970-75-жылдары жана 1980-85-жылдары Жусуп Баласагын атындагы КУУнун (мурдагы Кыргыз мамлекеттик университетинин) теориялык механика кафедрасынын доценти болуп иштеген.

1975-81-жылдары Каракол шаарындагы Пржевальск педагогикалык институтунда (азыркы К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде) математика факультетинин деканы болуп иштеген.

1985-92-жылдары Бишкек шаарындагы Кыргыз кыз-келиндер институтунда (азыркы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде) математиканы окутуу усулдары кафедрасынын башчысы болуп иштеген.

1992-2002-жылдары И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Бириккен кесиптик уюмдун төрагасы болуп иштеген.

2002-2006-жылдары И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректорунун кеңешчиси болуп иштеген.

2010-жылдан артып азыркы убакка чейин И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде ардактуу профессор кызматын аркалап келет.

Үй-бүлөсү

Жубайы – Салийбүбү Туттуева (1970-жылы үйлөнүшкөн).

4 уул, 1 кызы бар.

Улан (1971), Назира (1973), Кубанычбек (1974), Жуман (1977), Эркинтөрө (1992).

Неберелери бар (азыркы тапта 13). Алардын бири Данияр Улан уулу мыкты окугандыгы үчүн 2010-жылы 17-мартта АКШнын президенти Барак Обаманын өз колунан алкоо катын алган.