СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

8-класс Адабият

Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
"Семетей", "Сейтек"

Список вопросов теста

Вопрос 1

Айчүрөк курсагындагы баласын канча ай көтөрүп жүрөт?

Варианты ответов
  • 8 ай
  • 9 ай
  • 7 ай
  • 12 ай
Вопрос 2

Кыяз Айчүрөк Сейтекти төрөгөндө кандай абалга түшөт?

Варианты ответов
  • Бала өзүнүкү эместигин сезип жок кылуу максатында болот
  • Баланын Семетейден төрөлгөнүн сезип, аны чоңойтуп анан жок кылам дейт
  • Семетейдин баласы болсо да бага берем, менин балам болот дейт
  • Айчүрөктү баласы менен кошуп жок кылам дейт
Вопрос 3

Сейтекке ата тегин кай жерден ким угузат?

Варианты ответов
  • Күлчоро Сейтекке талаадан жолугуп айтат
  • Сейтек аң уулап жүргөн кезинде талаадан кезиктирип айтат
  • Карагул жылкы айдап жүрүп Сейтекти көрүп калып айтат
  • Аң уулап жүргөндө Карадөө айтат
Вопрос 4

Сейтектин минген аты

Варианты ответов
  • Тоотору
  • Тайбуурул
  • Чалкуйрук
  • Кылкүрөң
Вопрос 5

Тайбуурул менен Семетейди ким көрүп калат?

Варианты ответов
  • Күлчоро
  • Бакай
  • Карадөө
  • Сейтек
Вопрос 6

Жакындары Семетейди кантип өзүнө келтиришет?

Варианты ответов
  • Семетейди өзүнүн элине алып келип өткөн күндөрдү эскертишет
  • Каныкей эмизгенде сүт чыгат да, Семетей өзүнө келет
  • Көкмончокко Айчүрөк Семетейди кайтарып беришин суранганда макул болуп кайра өзүнө келтирет
  • Күлчоро дары чөп алып келип ичирип өзүнө келтирет
Вопрос 7

Карадөө кимдин колунан каза табат?

Варианты ответов
  • Куялы баатыр кыздан
  • Кытай каны Чоң китенин колунан
  • Желмогуз уулу Сарыбайдан
  • Өзүн-өзү өлтүрөт
Вопрос 8

Айчүрөк Куялыны эмне үчүн алып келет?

Варианты ответов
  • Семетейге аялдыкка алып берүү үчүн
  • Күлчорого аялдыкка алып берүү үчүн
  • Желмогуз уулу Сарыбайды жеңүү үчүн
  • Сейтекке жар кылып берүү үчүн
Вопрос 9

Сейтек кимге үйлөнөт?

Варианты ответов
  • Кулайымга
  • Куялыга
  • Акберметке
  • Кыз Сайкалга
Вопрос 10

Куялы Сарыбай менен беттешүүдөн мурда Семетейге кандай шарт коѐт?

Варианты ответов
  • “Эгер балаң Сейтекке баш коштурсаң гана Сарыбай менен беттешем”, - дейт
  • Семетей мени аялдыкка алса гана Сарыбай менен кармашам, -дейт
  • Күлчоро мени аялдыкка алса гана Сарыбай менен беттешем, -дейт
  • Сарыбайды жеңгенден кийин мага Тайбуурул атыңды бересиң, - дейт
Вопрос 11

Айчүрөк толготуп жатканда ага төрөгөнгө ким жардам бергени келет?

Варианты ответов
  • кыздар
  • Карачач
  • Жети кемпир
  • Кыяс
Вопрос 12

Эпостун аягы эмне менен бүтөт? "Семетей"

Варианты ответов
  • Канчоро Семетейдин ордуна кан шайланат да, Чачыкейди алат. Кыяз Айчүрөктү зордук менен өз журтуна алып кетет
  • Канчоро Айчүрөктү алып кан шайланат
  • Кыяз Чачыкейди алып кан шайланат. Канчоро Айчүрөктү аялдыкка алат
  • Кыяз Айчүрөктү күңдүккө алып кетет
Вопрос 13

Жедигер колу кыргыз элин бастырып киргенде Кыяз Семетейди жарадар кылып качып жөнөгөндө Семетейди ким алып кетти?

Варианты ответов
  • Семетейдин сөөгүн Күлчоро Кыяз, Канчорого таштабайм деп алып кетип кара үнкүргө жашырат
  • Семетейди жарадар кылып Кыяз туткунга алат
  • Семетейди Айчүрөктүн сиңдиси Көкмончок бир жанга көрсөтпөй алып кетет
  • Канчоро Семетейдин сөөгүн жырткыч айбандарга салып берип өч алат
Вопрос 14

Канчоро Семетейге кантип чыккынчылык кылат?

Варианты ответов
  • Семетейдин душманы Кыяз менен беттешкенде жалгыз таштап кетет
  • Кыязга Семетейдин атсыз калганын кабарлап, аны чабууга камынышын айтат
  • Кыяз бастырып келгенде Семетейдин атасынан калган курал жарагын жашырып коёт
  • Канчоро Семетейди Кыязга кармап берет
Вопрос 15

Семетей Үмөтөйдүн кунун кантип төлөйт?

Варианты ответов
  • Көптөгөн мал-мүлкүн берет
  • Семетейге караштуу жерин казак элине тартуу кылат
  • Тайбуурул аты менен көп дүйнө тартуу кылат
  • Үмөтөйдүн кунун “өзү күнөөлүү”деп төлөбөйт
Вопрос 16

Бакай Семетейди Жакыптын үйүнө алып барганда Жакып кандай жорук көрсөтөт?

Варианты ответов
  • Семетейди жакшылап тосуп алат да балдары Абыке, Көбөштөргө салып берет
  • Кош көңүл мамиле жасап, Семетейдин келгенин жактырбайт.
  • Семетейди жакшы тосуп алып, кымызга уу чылатып Бакайдын кымызына бал чылатып өлтүрмөкчү болот.
  • Семетейти жактырбай кууп чыгат
Вопрос 17

Семетей өзүнүн ата-тегин алгач кай жерде жана кимден укту?

Варианты ответов
  • Гүл-Токойдо Сарыбайдан
  • Гүл-Токойдо Сарытаздан
  • Сыр-Дарыя боюнда Карадөөдөн
  • Таласта Бакайдан
Вопрос 18

Семетей канча жашында кан шайланды?

Варианты ответов
  • 15
  • 12
  • 18
  • 10
Вопрос 19

Темиркан Семетейге алтын таажы кийдирип кан көтөрүп той бергенде Каныкей ат чабышка Тайторуну эмне үчүн кошту?

Варианты ответов
  • Тайторуну сыноо үчүн
  • Тайторунун биринчи келип баш соорунду алышына көзү жеткен
  • Семетейге төлгө кылып
  • Букарага кимдин аты экенин көрсөтүү үчүн
Вопрос 20

Каныкей Букарага келип баласын кимге бала кылып берет?

Варианты ответов
  • Атасы Темирканга
  • Иниси Ысмайылга
  • Агасы Сарытазга
  • Өзү багат
Сохранить у себя:

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!