СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Атооч боюнча кайталоо

Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
кыргыз класс

Список вопросов теста

Вопрос 1

Зат,сын, сан атоочтордун суроолоруна жооп берип, сүйлөмдө алардын милдетин аткаруучу соз түркүмү кайсы?

Варианты ответов
  • тактооч
  • зат атооч
  • ат атооч
Вопрос 2

Жалаң  татаал ат атоочтордон  турган сөздөрдү белгиле.

Варианты ответов
  • бу (бул), ошо (ошол)
  • мына ушул, эч ким
  • кайсы бир, тиги (тигил)
Вопрос 3

Сүйлөмдөгү ат атоочтун түрүн белгиле: Бүткүл түрк элдери ынтымакка баш кошууда.

Варианты ответов
  • аныктама
  • сурама
  • шилтеме
Вопрос 4

Мен,сен-атоочторуна мүчөлөр уланганда өзгөрүп кеткен жөндөмөнү белгиле.

Варианты ответов
  • табыш
  • жатыш
  • барыш
Вопрос 5

Жалаң чыгыш жөндөмодө турган  ат атоочторду белгиле.

Варианты ответов
  • баарынан, кимден,андан
  • менден, ошондо, анда
  • сага, эмнеден, ошону
Вопрос 6

Чыгыш жөндөмөсүндө турган жактама ат атоочту белгиле. 

Варианты ответов
  • Андан бери көп мезгил өттү.
  • Кимдир бирөөдөн уккандай болдум.
  • Мен андан көп нерселерди үйрөндүм.
Вопрос 7

Сүйлөмдөгү ат атоочтун түрүн белгиле. Тиги көрүнгөн-жаңы курулуп жаткан мектеп.

Варианты ответов
  • тангыч
  • шилтеме
  • аныктама
Вопрос 8

Сурама ат атооч катышкан сүйлөмдү белгиле.

Варианты ответов
  • Ал мылтыкты белгисиз жерге атты.
  • Алар кайдан келе жатышат.
  • Эч ким,эч нерсе унутпайт.
Вопрос 9

Аныктама ат атоочтун синтаксистик кызматы

Варианты ответов
  • ээлик,толуктоочтук,аныктоочтук
  • ээлик,бышыктоочтук,баяндоочтук
  • аныктоочтук,толуктоочтук,бышыктоочтук
Вопрос 10

 Эч деген сөздүн тангыч мааниде колдонулушу кайсы сүйлөмдө  туура колдонулган.

Варианты ответов
  • Эч айткан эмесмин.
  • Эч иш кылган жок.
  • Эч кандай үн чыгарбады.
Вопрос 11

Кээ бирлери чыгып сүйлөштү. Сүйлөмдө белгисиз ат атооч кайсы сүйлөм мүчөсүнүн милдетин аткарды?

Варианты ответов
  • ээлик
  • аныктоочтук
  • толуктоочтук
Вопрос 12

Затты жалпысынан аныктап көрсөткөн аныктама ат атоочтор кайсылар?

Варианты ответов
  • ар ким, ар бир, бүткул, бардык
  • бүткүл, бүтүн, баары,бүт,бардык
  • ар кайсы, ар качан, бүт, баары
Вопрос 13

Жөндөлбөй турган белгисиз ат атоочторду белгилегиле.

Варианты ответов
  • кандайдыр бир, кайсы бир, качандыр бир.
  • эч качан,эч кандай, эч бир
  • бүткүл, бүтүн, ар качан
Вопрос 14

кайсы бир, кимдир бирөө, алда кандай, бир нерсе-булар ат атоотун кайсы түрүнө тиешелүү?

Варианты ответов
  • сурама
  • аныктама
  • белгисиз
Вопрос 15

Аныктама ат атоочтун курамындагы ар деген сөз өз алдынча көпчүлүк учурда....

Варианты ответов
  • колдонулбайт
  • колдонулат
  • билбейм
Вопрос 16

Бүгүн эч ким келген жок. Сүйлөмдөгү ат атооч сөз кайсы ат атоочко тиешелүү  жана кайсы сүйлөм мүчөсүнүн милдетин аткарды?

Варианты ответов
  • белгисиз, ээлик
  • тангыч, ээлик
  • аныктама, аныктоочтук
Сохранить у себя: