СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Аттестация 19

Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Мугалимдер үчүн

Список вопросов теста

Вопрос 1

Эмгек мыйзамына ылайык кандай адамдар кызматкер боло алышат?

Варианты ответов
  • Эмгек келишимин түзүүгө 16 жашка толгондор, кээ бир учурда бир катар шарттарды сактоо менен эмгек мыйзамдары жашырак курактагы адамдардын эмгегин пайдаланууга жол берет.
  • Эмгек келишимин түзүүгө 20 жашка толгондорго уруксат берилет.
  • Бардык курактаргы жарандарга эмгек келишимин түзүүгө уруксат берилет.
Вопрос 2

Иш берүүчүдөн эмне жөнүндө суроо керек?

Варианты ответов
  • Эмгек акы төлөө шарттарын, жумуш убактысын, ички эмгек тартибинин эрежелери, жамааттык келишим жана функционалдык милдеттер менен таанышуу.
  • Ички эмгек тартибинин эрежелери, жамааттык келишим жана функционалдык милдеттер менен таанышуу ж.б.
  • Өз укук милдеттери менен таанышуу.
Вопрос 3

Эмгек келишими менен жарандык-укуктук келишимдин айырмасы кандай?

Варианты ответов
  • Жарандык-укуктук келишим менен иштенен адамдар убактылуу эмгекке жарамсыз болгон учурларда жана төрөлгөн балдар үчүн энелеринин милдеттүү социалдык камсыздандыруу каралбайт. Жумуштан бошогон учурда чыгуу жөлөк пулу төлөнүп берилет, эч кандай жумуштуулук кепилденбейт.
  • Жарандык -укуктук келишимде жумуш убактысы боюнча чектөөлөр, эс алуу жана эмгек режими жөнгө салынбайт, акы төлөнүүчү өргүү берилбейт, келишимдеги тараптардын эмгек мамилелерин өзгөртүү жана токтотуунун мыйзам менен белгиленген жол-жоболору колдонулбайт.
  • Бул келишим боюнча иштөө аткаруучуга чоң эркиндик берилет, анткени жумуш убактысынын катуу сакталган режими, о.э. иш берүүчү тарабынан көзөмөл болбойт. Бул келишим боюнча иштеген мезгилдер пенсия чектөө үчүн камсыздандыруу стажына кирет.
  • Бары туура
Вопрос 4

Иш берүүчүгө кызматкер кандай маалыматтарды берүүгө милдеттүү?

Варианты ответов
  • Паспортун, эмгек китепчесин, билимин тастыктаган документтер.
  • Паспортун, социалдык коргоо күбөлүгүн, эмгек китепчесин, билимин тастыктаган документтер, жашаган жерден справка, аттестат.
  • Паспортун, социалдык коргоо күбөлүгүн, эмгек китепчесин, аскердик документтерин, билимин тастыктаган документтер.
Вопрос 5

Жумушка кабыл алууда сыноо мөөнөтүү дегенди кандай түшүнөсүз?

Варианты ответов
  • Эмгек келишимин түзүүдө тараптардын макулдашуусу менен кызматкерге тапшырылган ишке ылайык аны текшерип көрүү максатында сыноо мезгили шартталышы мүмкүн. Сыноо жөнүндө шарт эмгек келишиминде каралышы керек.
  • Эмгек келишимин түзүү үчүн сыноо мөөнөтүн коюу зарыл эмес.
  • Эмгек келишимин түзүү үчүн сыноо мөөнөтүү 6 ай аралыгында жүргүзүлүшү керек.
Вопрос 6

Жумушка сыноо мөөнөтүүсүз кимдер кабыл алынышы мүмкүн?

Варианты ответов
  • Сыноо мөөнөттү стажы көп кызматкерлер үчүн жүргүзүлбөйт.
  • Эмгек келишимин түзүү үчүн сыноо мөөнөттү кандай шарт, ким болбосун аткарылышы керек.
  • Конкурс боюнча шайланган адамдар, кош бойлуу жана бир жарым жашка чейинки балдары бар аялдар, он сегиз жашка толо электер, которулуу тартибинде ишке чакырылгандар, эмгек келишимин эки айга чейинки мөөнөткө түзгөн адамдар.
Вопрос 7

Мөөнөттүү эмгек келишими кандай түзүлөт жана кимдер менен түзүлөт?

Варианты ответов
  • Мөөнөттүү эмгек келишимин түзүү ар дайым кызматкердин эмес, иш берүүчүнүн талаптарына ылайык түзүлөт. 5 жылдан ашпаган мөөнөткө түзүлөт.
  • Мөөнөттүү эмгек келишимин түзүү ар дайым кызматкердин талаптарына ылайык, аныкталбаган мөөнөткө түзүлөт.
  • Мөөнөттүү эмгек келишимин түзүү ар дайым кызматкердин жана иш берүүчүнүн талаптарына ылайык түзүлөт. Аныкталбаган мөөнөткө жана 10 жылдан ашпаган мөөнөткө түзүлөт.
Вопрос 8

Уюштуруу -укуктук жана менчигинин түрлөрүнө карабастан уюмдардын жетекчилери, орун басарлары ж.б. бухгалтерлери, иш орду сактала турган кызматкер жок болгондо аны алмаштыруу үчүн, сезонду иштерди аткаруу убагында, бөөдө кырсыктарды болтурбоо боюнча шашылыш иштерди жүргүзүү үчүн, чет өлкөгө жиберилген адамдар менен, кызматкердин стажына жана кесиптик окуусуна байланыштуу иштер үчүн, окууган адамдар, курагы боюнча пенсионерлер, о.э.ден соолугу боюнча убактылуу мүнөздөгү ишке уруксат берилген адамдар менен кандай келишим түзүлөт?

Варианты ответов
  • Аныкталбаган мөөнөттүк келишим.
  • Мөөнөттүү эмгек келишими
  • Сыноо мөөнөтү менен келишим
Вопрос 9

Мөөнөттүү эмгек келишими кандай түзүлөт жана кимдер менен түзүлөт?

Варианты ответов
  • Мөөнөттүү эмгек келишимин түзүү ар дайым кызматкердин эмес, иш берүүчүнүн талаптарына ылайык түзүлөт. 5 жылдан ашпаган мөөнөткө түзүлөт.
  • Мөөнөттүү эмгек келишимин түзүү ар дайым кызматкердин талаптарына ылайык, аныкталбаган мөөнөткө түзүлөт.
  • Мөөнөттүү эмгек келишимин түзүү ар дайым кызматкердин жана иш берүүчүнүн талаптарына ылайык түзүлөт. Аныкталбаган мөөнөткө жана 10 жылдан ашпаган мөөнөткө түзүлөт.
Вопрос 10

Эмгек келишими кайсыл учурларда аныкталбаган мөөнөткө түзүлдү деп эсептелет?

Варианты ответов
  • Жетекчилер, бухгалтерлер, техникалык кызматкерлер жумуштун менчигине карабастан аныкталбаган мөөнөткө келишим түзө алат.
  • Эмгек келишими аныкталбаган мөөнөткө түзүлөт, эгерде кызматкер ишине так ишенимдүү адис болсо.
  • Тараптардын бири да эмгек келишиминин мөөнөтү бүтүшүнө байланыштуу аны бузууну талап кылбаса, ал эми кызматкер эмгек келишиминин мөөнөтү бүткөндөн кийин да иштеп жатса. Мөөнөтүү жөнүндө шарт эмгек келишимине мыйзамдарда каралбаган учурлар киргизилип калса, анда эмгек келишими мөөнөтсүз деп табуу сот аркылуу ишке ашырылат.
Сохранить у себя:

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!