СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Этиштин татаал формалары

Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Этиштин татаал формалары

Список вопросов теста

Вопрос 1

Кыймыл-аракеттин максатка багытталгандыгын билдирген  этиш сөздөр катышкан сүйлөмдөр.

Варианты ответов
  • Айгүл китепканага китеп алганы келди.
  • Күн күркүрөп жаан жааганы турат.
  • Маареке-той башталганы калды.
Вопрос 2

Кыймыл-аракеттин ишке ашырууга даяр экендигин билдирүүчү этиш сөздөрдү тап.

Варианты ответов
  • Апасы кызынын туулган күнүнө белек алганы жатат.
  • Мугалим керектүү суроолорду көрсөтүп берди.
  • Концерт башталганы калды.
Вопрос 3

Кыймыл-аракеттин аз жерден ишке ашпай калгандыгын билдирүүчү сөздөрдү тап

Варианты ответов
  • Шуулдаган жигиттер тегеректеп калышты.
  • Ун алганы баргам.
  • Колундагы буюмун сууга агызып ала жаздады.
Вопрос 4

Кыймыл-аракеттин узакка созулушун билдирүүчү этиш сөздөрдү тап.

Варианты ответов
  • Мугалим тынбастан, сүйлөмдөрдү жаза берди.
  • Мугалим тынбастан билим берет.
  • Нооруз майрамына атайын даярданышкан.
Вопрос 5

Кыймыл-аракеттин кайталана беришин билдирген сүйлөмдөрдү  тап.

Варианты ответов
  • Ал жардам берген адамдарды эстеди.
  • Ал адамдардын жакшы мамилелерин эстей жүрдү.
  • Ал адамдардын жакшы мамилелерин эстеп калды.
Вопрос 6

Капыстан болуп өткөн кыймыл-аракетти билдирген этиш сөздөр.

Варианты ответов
  • Баласынын жоругуна атасы күлдү.
  • Атчандардын астынан чыга калышты.
  • Жөө адамдар атчандардын соңунда калышты.
Вопрос 7

Жасалма мүнөздүү кыймыл-аракетти билдирген сүйлөмдөрдү тап.

Варианты ответов
  • Ал жактырбаса да, тагдырын жазмышы эле.
  • Коноктор чакырган убакка келип калышты.
  • Ал күчкө салып күлүмүш болду.
Вопрос 8

Кыймыл-аракеттин толук ишке ашкандыгын билдирген сүйлөмдөр.

Варианты ответов
  • Ал сумкасын оодара баштады.
  • Бир буюм алайын десем жетпей жатат.
  • Окуучулар борбордук аянтка келип калышты.
Сохранить у себя: