Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного
использования.
Администрация сайта не
проверяет возможные ошибки,
которые могут встретиться в тестах.
Ишкердикти кантип баштоо керек?
У. Сулайманова
Киришүү:
1. Ар кандай өнүккөн өлкөнүн экономикасынын башатын бизнес түзөт. Анткени ал бардык жагы төп келген, телегейи тегиз, көпчүлүктүн мүдөөсүнө туура келген бизнес болуп эсептелет.
2. Дегеле бизнес деген – бул акчадан акча жаратуу. Болгондо да мурункудан көбүрөөк, кошумча киреше алып келе турган акча. Рынок мамилелеринин биринчи этабында биздин республиканын калкы алып сатуу менен тиричилик өткөрүштү.
3. Эмки маселе бизнести өндүрүштүк иш-чаралар аркылуу өркүндөтүүдө. Бизнести иш жүзүнө ашыруучуларды – бизнесмен дейбиз. Бизнесмен – бул ишкер адам, ишти уюштуруп, ишкана ачып, андан даяр продукция чыгарып, сатып, биринчи кезекте өзүн жана андан кийин элди баккан адам.
4. Мындай татаал жана терең маанилүү процессте иштин көзүн билген, келечектеги өзгөрүүнү сезе билген билгич жана дилгир адам гана иштей алат. Албетте, иштин жүрүшүндө кандай тоскоолдуктар күтүп турат, тобокелдин аягы эмне менен бүтөт, ийгиликке жетүүнүн кандай шарттары бар – булардын баарына оңой жооп, даяр рецепт жок.
5. Мындай иште ар бир ишкер, ар бир башкаруучу жана уюштуруучу өз алдынча чыгармачылык менен чечип, бүтүм чыгарыш керек. Ишти баштоо кыйын. Бизнес деген биринчи кезекте тобокелге салуу. Ошондой болсо да, жөн эле кез келген ишти баштай бербей, аны терең изилдеп, бир канча этаптарга бөлүштүрүп, талдап, алдын ала эсептеп, анан баштоо керек.
6. Биринчи кадам:
Ишкер Адам ишти баштай турган мезгилди жана иштете турган орунду ачык, так билиши керек. Эгерде ишти өз убагында баштабай, убакыттан уттуруп койсо, анда ал ишкер эмес. Ар бир убакыт, саат, күн чоң мааниге ээ.
7. Ишти баштаардан мурун айлана чөйрөнү, «тегерек-четиңди» жакшылап кара. Сен чыгара турган продукцияга суроо-талап кандай, канча салым жасаганда, кандай кайтарышы болот, ага канча убакыт сарпталат, ушулар жөнүндө толук маалыматтар болуш керек. Бул үчүн күндөлүк маалымат каражаттарынан баштап, расмий отчётторго чейин карап чыгуу керек.
8. Экинчи кадам:
Алган багытың аныкпы, кайсы тармак сага жакын, ал аймакта кандай өнүккөн, келечеги кандай – мына ушуну такта. А мүмкүн бул жерде жок өндүрүштү ачып жүрбө? Дүйнөдөгү жетишкендикти, тарыхты, келечекти талдап чыгып, мыкты адистерден кеңеш сура.
9. Буга көп убакыт жана эмгек керек болот. Эң алды өндүргөн буюмуңду ким пайдаланат, болжолдуу талапкерлер кимдер, алардын мүмкүнчүлүгү канчалык, сага кимдер атаандаш боло алат, алардын мүмкүнчүлүгү кандай; – мына ушунун баарын талдап чыгуу зарыл.
10. Мүмкүн болушунча, колдон келишинче аракет кыл. Бардыгын өзүңдүн мүмкүнчүлүгүң менен салыштыр. Кандай технологияны колдоносуң, мурда иштетилип жүргөнбү же эч жерде колдонулбаган жап жаңыбы? Албетте, ал да бир кезде эскирет, сатып алуучулардын талаптары өзгөрөт, ошондуктан азыраак чыгым менен пайда табуучу тармакты тандап алышың керек.
11. Үчүнчү кадам:
Ишти жекече жүргүзөсүңбү же топ же жамаат менен иштейсиңби – ушуну аныктап алышың керек. Жалгыз, жеке деле ишти жүргүзсө болот, бирок андай учурда ишиңдин баардык азабын да, кыйынчылыгын да өзүң көтөрөсүң. Бирок «жалгыз дарак токой болбойт» дегендей, жеке ишкердик менен чоң чоң иштерди аткара албайсың. Эртеби кечпи жамааттык ишкердике өтүү керек.
12. Анын көп түрлөрү бар: Бир же бир канча үй-бүлө бир коомдук бирикме же жоопкерчилиги чектелген коомду түзсө болот. Ар биринин өзүнчө жакшы да, терс да жагы бар. Анын баарын салмактап көрүп, өндүрүштүн мүнөзү кандай, салык саясаты кандай таасир тийгизээрин эсепке ал. Ишкердиктин кийин түрүн тандап алаарын, өнөгүң ким болоору эң маанилүү. Бүгүнкү өнөгүң – эртеңки душманың да болуп калышы мүмкүн.
13. Төрттүнчү кадам;
Алгдыга койгон максатты ишке ашыруу үчүн сөзсүз каражат керек. Өндүрүштү иштетүү үчүн биринчи кезекте – чийки зат, аларды сактай турган кампалар өндүрүш каражаттары, имарат ошондой эле аларды иштете турган жумушчу күчү керек.
14. Албетте, булардын баарына тиешелүү суммадагы акча каражаты талап кылынат. Өзүңдүн каражатың жетпесе башкалардын узак мөөнөткө, пайыздык шарт менен же банктардан карызга алууга туура келет. Кредит (насыя) алыш үчүн эң мыкты бизнес-долбоор иштеп чыгышың зарыл.
15. Өзүңдүн кудуретиң, мүмкүнчүлүгүң, билимиң жетпесе, тажрыйбалуу адистерге, экономистерге, юристерге кайрыл. Акча эсепти жакшы көрөт. Ал үчүн жогорку деңгээлдеги эсеп-кысап иштери жүргүзүлүшү керек. Бизнес, биринчи кезекте эсеп-кысап.
16. Бешинчи кадам:
Стратегия жана тактика. Баштаган ишиңдин ийгилиги жана натыйжасы өзүңдүн жөндөмдүүлүгүңө жана рыноктон алган ордуңа байланыштуу белгилүү болот. Өндүргөн товарың сапаттуу, наркы төмөн болсо гана атаандаштарыңды жеңесиң.
17. Ага кандай жол менен жетишесиң, кандай ыкманы тандап аласың, тажрыйбалуу адистерди чакырасыңбы, өндүргөн продукцияны жаңылап турасыңбы, алар кардарларды канчалык деңгээлде канааттандырат – мунун баарын изилдеп чыгуу керек.
18. Биринчи кезекте, өндүрүш процесстерин улам өркүндөтүп, жаңылап турууга кам көрүү керек. Жаңы технологияны ишке киргизүү, саппатты жогорулатуу, бардык учурда үнөмдүүлүккө жетишүү көңүлдүн борборунда болуш керек.
19. Алтынчы кадам:
Продукцияны өндүрүп чыгарган мезгил келди. Эми аларды кардарларга жеткирүү керек. Продукциянын санына жана сапатына карата баа коёсуң. Сатыла турган бааны аныктоо эң чоң маселе.
20. Эгерде мындай продукцияны силердин гана ишкана өндүрсө, анда силер монополист болуп эсептелесиңер. Кардарлардын төлөө жөндөмү гана силердин каржылык жагдайыңарды аныктайт. Мындай шартта өндүрүштү тезирээк кеңейткенге аракет жасоо керек.
21. Төлөө жөндөмү жаккшы кардарларды табуу силердин жарнамаңарга жараша болот. Жарнама – өзүнчө эле исскуство. Андан каражат албастан, иштин көзүн билген, даярдыгы мыкты, тажрыйбалуу адистерди ишке тарткыла. Алар кардарларды кызыктырып, продукциянын сапатын ачып көрсөтүүлөрү тийиш.
22. Жарнаманы бардык басма сөз каражаттары, теле, радиоканалдар аркылуу жүргүзсө да болот. Сатыктан түшкөн каражаттан бардык чыгымыңарды алып салып, пайдадан төлөнө турган салыкты, карызыңардын пайызын ж.б төлөмдөрдү кемитсеңер, таза киреше аныкталат.
23. Жетинчи кадам:
Мында изденүү маанилүү. Өндүрүштү иштетүү – ийгиликтин теңинен көбү. Жетишкен ийгилик менен эч качан чектелбеш керек. Рынок – ар дайым өзгөрүлүп турган, тынымсыз изденүүнү талап кылган мамиле.
24. Ошондуктан өндүрүш технологиясын, эмгек тартибин, уюштуруу деңгээлин төмөн түшүрбөш керек. Бул иштерде кичине эле калпыстык кетсе, ал эң чоң жоготууларга алып келиши мүмкүн. Ишиңерге эмнелер көбүрөөк таасирин тийгизди, аларды аныктагыла.
25. Кандай мүмкүнчүлүктөрүңөр бар, аларга кайсы жолдор менен жетишсе болот, ушуларды эсептеп чыккыла. Эгерде силердин ишиңерге терс таасирин тийгизген жагдайлар болсо, аны пайда кылган негизги булактар менен күрөшкүлө. Ар бир жасаган ишиңерде, мамилеңерде таза пейил жана чынчылдык болсо гана чоң ийгиликтерге жетише аласыңар.
Список вопросов теста
Вопрос 1
1."Акчадан акча жаратуу" деген эмне
Варианты ответов
- а) көп олжо табуу
- б) акчага акча кошуу
- ) акчаны көбөйтүү
- г) түшкөн пайда
Вопрос 2
2. Ишкер адамга кандай сапаттар мүнөздүү?
Варианты ответов
- а) иштин шартын, ыгын мыкты билүү
- б) тез эле аралашып кетүү
- в) адамдын ишенимине тез кирүү
- г) эпилдеп адамга жумшак мамиле жасоо
Вопрос 3
3. Бизнесмен – бул ..... .
Варианты ответов
- а) ишмер
- б) ишкер
- в) иштерман
- г) иштемчи
Вопрос 4
Варианты ответов
- а) коркунучтуу ишти баштоо
- б) эч нерсесин айтпоо
- в) кыйналганына кайыл болуу
- г) кыйынчылыктан коркпоо
Вопрос 5
5. Ишти баштоодон мурда эмне чыгарыш керек?
Варианты ответов
- а) жыйынтык кылуу
- б) бир пикирге келүү
- в) бүтүм чыгаруу
- г) чечим чыгаруу
Вопрос 6
6. «Убакыттан уттуруп коюу» деген эмне?
Варианты ответов
- а) жүргүзгөн иштин кечеңдөөсү
- б) ишине кечигип калуу
- в) каалаган нерсесине жетпөө
- г) колдо барын жоготуу
Вопрос 7
7. Сиз чыгара турган продукцияга .... кандай, канча салым кошкондо, кандай ..... болорун билүү керек?
Варианты ответов
- а) суроо-талап / кайтарым
- б) чыгым / киреше
- в) кардар / сапат
- г) сунуш / пайда
Вопрос 8
8. «Бизнесте багытты тандоо» деген эмне?
Варианты ответов
- а) өнүккөн тармакты тандоо
- б) бардык тармакты карап чыгуу
- в) бет алган тарапты тандоо
- г) мыкты адис менен кеңешүү
Вопрос 9
69. Керектүү товарды көп чыгарса ...
Варианты ответов
- а) чыгаша аз болот
- б) олжо көп болот
- в) киреше жакшы болот
- г) кредит көп берилет
Вопрос 10
10. Азыраак .... келтирип, көбүрөөк ... алуу оңой эле.
Варианты ответов
- а) пайда / олжо
- б) чыгым / киреше
- в) чыгаша / доход
- г) акча / байлык
Вопрос 11
11. Жалгыз деле ишти жүргүзсө болот, бирок ...
Варианты ответов
- а) кыйноосун өзүң тартасың
- б) кордугун өзүң тартасың
- в) запкысын өзүң тартасың
- г) мээнетин өзүң тартасың
Вопрос 12
12. Тексттеги «жалгыз дарак токой болбойт» деген макал эмнеге байланыштуу берилген?
Варианты ответов
- а) бак-дарактардын аздыгын түшүндүрүү үчүн
- б) ишкердүүлүктөгү жалгызчылыкты
- в) биримдиктин жоктугун
- г) автор макал колдонгусу келген
Вопрос 13
13. Бир же бир канча үй-бүлө ... же ... түзсө болот.
Варианты ответов
- а) коомдук бирикме / акционердик коом
- б) ишкана / имарат
- в) чакан бизнес / кичи район
- г) ферма / фермердик коом
Вопрос 14
14. Баарын салмактап көрүп, ... кандай таасир тийгизээрин ... .
Варианты ответов
- а) теңинен көбү / уттуруп кой
- б) эсеп-кысап / тобокел кыл
- в) салык саясаты / эске ал
- г) акча / билип кой
Вопрос 15
15. Бүгүнкү ..... – эртеңки душманың болуп калышы мүмкүн.
Варианты ответов
- а) ишкердүүлүгүң
- б) фирмаң
- в) шеригиң
- г) тамырың
Вопрос 16
16. Продукцияны өндүрүү үчүн .... жана .... керек.
Варианты ответов
- а) бышпаган сырье, күркө
- б) жетилбеген сырье, склад
- в) эндей материал, жай
- г) чийки зат, кампа.
Вопрос 17
17. Бизнес-долбоор жакшы болсо, ....
Варианты ответов
- а) өндүрүш каражаттары тез табылат
- б) жумушчу күчү тез табылат
- в) чийки заттар тез табылат
- г) насыя акча тез табылат
Вопрос 18
18. ..... эсепти жакшы көрөт, ошондуктан эң жогорку .... эсеп-кысап иштери жүргүзүлүшү керек.
Варианты ответов
- а) кардар / багыттагы
- б) акча / деңгээлдеги
- в) талапкер / мүмкүнчүлүктөгү
- г) кредит / маанайдагы
Вопрос 19
19. Башталган ишиңдин ийгилиги өзүңдүн .... жана .... деңгээлине жараша болот.
Варианты ответов
- а) мүдөөңдөн / жашоо тиричилигиңден
- б) чыгымыңдан / маалымат каражаттарыңдан
- в) ыкмаңдан / уюштуруучулук жөндөмүңдүн
- г) максатыңдан / келечегиңдин
Вопрос 20
20. Кандай гана .... болбосун ..... жетишүү көңүл борборунда болушу керек.
Варианты ответов
- а) аймак / калпыстыкка
- б) шарт / пайдага
- в) бүтүм / тоскоолдукка
- г) жагдай / үнөмдүүлүккө
Вопрос 21
21. Бизнесте 1-кезекте – эсеп-кысап деген эмнени түшүндүрөт?
Варианты ответов
- а) табылган акчаны катып коюу
- б) бир жагынан алып, бир жагынан берип туруу
- в) табылган акчаны ар дайым санап туруу
- г) ишти такыр эсеп менен жүргүзүү
Вопрос 22
22. Атаандашты кантип жеңүүгө болот?
Варианты ответов
- а) товар сапаттуу жана наркы төмөн болсо
- б) товар чыдамдуу жана арзан болсо
- в) товар бышык жана наркы кымбат болсо
- г) товар татыктуу жана наркы жогору болсо
Вопрос 23
Варианты ответов
- а) сатуучулардан
- б) базарлардан
- в) кардарлардан
- г) каалоочулардан
Вопрос 24
24. Бардык кабарды уга турган булак –
Варианты ответов
- а) жарыя
- б) жарлык
- в) жарнама
- г) кабар
Вопрос 25
25. Соодадан түшкөн пайда –
Варианты ответов
- а) таза натыйжа
- б) таза акча
- в) таза байлык
- г) таза киреше
Вопрос 26
26. Кредит алыш үчүн эмнени иштеп чыгыш керек?
Варианты ответов
- а) эң мыкты бизнес-проект
- б) эң мыкты бизнес-долбоор
- в) эң мыкты бизнес-план
- г) эң мыкты бизнес-грант
Вопрос 27
27. Ишкердүүлүктөгү кичине эле калпыстыктар эмнеге алып келет?
Варианты ответов
- а) жардылыкка
- б) жокчулукка
- в) кедейликке
- г) жоготууларга
Вопрос 28
28. Чоң ийгиликтерге кантип жетишүүгө болот?
Варианты ответов
- а) санаасы таза, нукура болсо
- б) көңүлү таза, туура болсо
- в) ниети таза, калп болбосо
- г) эс-дарты таза, тилеги болсо
Вопрос 29
29. ... чычкан болуп кирип, .... болуп чыгат.
Варианты ответов
- а) аласа / бээ
- б) чыгаша, / уй
- в) кырсык / кой
- г) карыз / төө
Вопрос 30
30. Төмөнкү макалдардын кайсынысы бул тексттин негизги оюна төп келет?
Варианты ответов
- а) Иштесең – тиштейсиң
- б) Эмгек эрезеге жеткирет
- в) Кулдай иштеп, хандай эс ал
- г) Иштесең жетээрсиң муратка.