© 2026, Акматалиев Айисабек Акматалиевич 16
СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Жабырлануучу тарабынан укукка жат зордук-зомбулуктан же мазактоодон, жабырлануучунун башка укукка жат аракеттеринен, ага тете жабырлануучунун укукка каршы аракеттеринен улам, узакка созулган психикалык травма кылуучу жагдайдан улам капысынан келип чыккан ачууга өтө алдырган абалында жасалган адам өлтүрүү кандай аталат?
Алдоо же башка ыкма менен башка адамдын өзүн-өзү өлтүрүүгө болгон чечимин пайда кылуусу, бул жабырлануучу өзүн өлтүрүүгө же өзүн өлтүрүүгө аракет кылууга алып келсе бул аракет .......... деп аталат
Курмандыктын көптөн-көп өтүнүчү боюнча жана анын өз эркине ылайык, өлүм алдында жаткан адамды жанын кыйнаган оорудан кутултуу максатында адам өлтүрүү – бул?
Зыян келтирүү убагында өмүргө коркунучтуу болгон денеге залал келтирүү түрүндөгү ден соолукка оор залал келтирүү же көрүү, сүйлөө, угуу же кайсы бир органын жоготууга, же болбосо органдын аткаруучу функцияларын жоготууга алып келген ден соолукка залал келтирүү, эмгекке жөндөмдүүлүгүн кеминде үчтөн бирин туруктуу жоготууга, же болбосо билип туруп кесиптик эмгекке жөндөмдүүлүгүн толук жоготуу менен байланышкан психикалык ооруга же ден соолугунун башка бузулуусуна алып келүү же болбосо адамдын бетине кетпес так салуу
Ден соолуктун кыска убакытка бузулуусуна же эмгекке жарамдуулукту олуттуу эмес туруктуу жоготууга алып келген ден соолукка залал келтирүү – бул?
Жабырлануучуга же башка адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна коркунучтуу болбогон зомбулукту жасоо менен же аны колдоном деп коркутуу менен анын эркине каршы, же болбосо жабырлануучунун алсыз абалын пайдалануу менен жыныстык катнашуу – бул?
Жабырлануучунун же башка адамдын өмүрүнө же ден соолукка коркунучтуу болбогон зомбулукту жасоо менен же аны колдоном деп коркутуу менен, же болбосо жабырлануучунун алсыз абалын пайдалануу менен жасалган бачабаздык, лесбияндык же ыплас формадагы сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттер – бул?
Эркектин эки же андан көп аялдар менен жалпы чарба жүргүзүү менен чогуу жашоосу – бул?
Башка бирөөнүн мүлкүн жашыруун алып коюу – бул?
Башка бирөөнүн мүлкүн ачыктан ачык тартып алуу – бул?
Башка бирөөнүн мүлкүн алып алуу максатында өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирген зомбулукту колдонуу менен, же болбосо ушундай зомбулукту колдоном деп коркутуу менен кол салуу – бул?
Опузалап талап кылуу деген – бул?
Алдоо же ишенимди кыянаттык менен пайдалануу жолу менен башка бирөөнүн мүлкүн же мүлккө болгон укугун ээлеп алуу, ошого тете келишимдик милдеттенмелерди атайылап аткарбоо менен байланышкан олуттуу эмес өлчөмдө жасалган аракеттер – бул?
Адамдарга өлүм коркунучун жаратуучу, же болбосо башка оор кесепеттердин пайда болушуна алып келген, калкты коркутуу, коомдук коопсуздукту бузуу же бийлик органдары же болбосо эл аралык уюмдар чечимдерди кабыл алуусуна таасир этүү максатында жардырууну, өрттөөнү же башка аракеттерди жасоо – бул?
Зомбулук, талкалоо, өрттөө, мүлктү жок кылуу, атуучу куралды, жарылуучу заттарды же жардыруучу түзүлүштөрдү колдонуу менен, же болбосо бийликтин өкүлүнө куралдуу каршылык көрсөтүү менен коштолуучу массалык иш аракеттер – бул?
Бейбаштык деген – бул?
Мамлекет тарабынан корголуучу тарыхый, маданий эстеликти же болбосо табигый объектти жазуулар, сүрөттөр же башка ыкма менен булгоо, ага тете эле транспортто же башка коомдук жерлерде мүлктү бузуу - бул?
Кыргыз Республикасынын жараны жасаган, Кыргыз Республикасынын тышкы коопсуздугуна зыян келтирүү менен иш жүргүзүүдө мамлекеттик сырларды берүү, тыңчылык кылуу же чет мамлекетке же чет өлкөлүк уюмга башка жардам көрсөтүү – бул?
Чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адамдар тарабынан жасалган мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды чет мамлекетке, чет өлкөлүк уюмгаже алардын өкүлдөрүнө берүү максатында аларды берүү, чогултуу, уурдоо же сактоо, ошого тете чет өлкөлүк чалгындоонун тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна зыян келтирүүгө колдонуу үчүн башка маалыматтарды берүү, чогултуу же уурдоо – бул?
Мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн бузууга, анын ичинде аймактын бөлүгүн андан бөлүүгө же мамлекетти дезинтеграциялоого багытталган күч колдонуу жолу менен жасалган жосун - бул?
Материалдык, ар кандай башка байлыктарды жана артыкчылыктарды мыйзамсыз алуу, ошондой эле коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгына коркунуч келтирүүчү жеке адамдарга жана юридикалык жактарга бул байлыктарды жана артыкчылыктарды берүү максатында бийлик ыйгарым укугуна ээ болгон бир же бир нече кызмат адамдарынын айрым жактар же топтор менен укукка жат туруктуу байланыш түзүшүндө турган атайлап жасалган аракеттер – бул?
Кызмат адамы тарабынан же анын буйругу боюнча, анын айтканы же макулдугу менен анын ыйгарым укуктарынын чектеринен чыккан же өмүр жана ден соолук үчүн коркунучтуу болбогон зомбулукту колдонуу менен, же мындай зомбулукту колдоном деп коркутуу менен бириккен аракеттерди жасоо – бул?
Кызмат адамына, чет өлкөлүк кызмат адамына же болбосо эл аралык уюмдун кызмат адамына өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда бул кызмат адамы кандайдыр бир аракеттерди аткаргандыгы же аткарбагандыгы үчүн жеке кызмат адамы же башка жеке же юридикалык жак үчүн өзү же ортомчулар аркылуу акча, баалуу кагаз, башка мүлк же мүлктүк же мүлктүк эмес мүнөздөгү пайда түрүндө пара берүү, ага тете параны кабыл алууну сунуштоо аракети – бул?
Пара берүүчүнүн же пара алуучунун тапшырмасы боюнча параны берүү боюнча аракеттерди жасоо, же болбосо алардын ортосундагы параны алуу жана берүү жөнүндө макулдашууга жетишүүдө же болбосо аны ишке ашырууда пара берүүчүгө жана (же) пара алуучуга башкача көмөк көрсөтүү аракети - бул?
© 2026, Акматалиев Айисабек Акматалиевич 16