СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз тили

Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
студенттер учун

Список вопросов теста

Вопрос 1
  1. Адамдар сырткы келбетин хирургиялык жол менен оңдоого умтулуу, ...., социалдык оору болуп калды. Көп чекиттин ордуна бул сүйлөмгө тиешелүү киринди сөздү койгула.

 

Варианты ответов
  • баарыңыздарга белгилүү болгондой
  • бактыга жараша
  • андай деген менен
  • демек
Вопрос 2
  1. Айрымдар … дешет, бирок мен … деп ойлойм. Бул сүйлөм кайсы аргументти түзөт?

 

Варианты ответов
  • фактыларды
  • далилдерди
  • контраргументти
  • аргументти.
Вопрос 3

Макалды уланткыла.

а) кадыры бийик болот; б) эмгеги тоо болот;

в) балада акы зор болот; г) кадырына шек келтирбе

Варианты ответов
  • кадыры бийик болот
  • эмгеги тоо болот;
  • балада акы зор болот
  • кадырына шек келтирбе
Вопрос 4
  1. Аргументтештирилген эссени баалоонун критерийи берилди. Туура эмес катарды көрсөткүлө.

А) тезистин тактыгы жана ачыктыгы; б) аргументтердин тезис менен дал келиши;

В)аргументтердин ишенимсиздиги; г) тексттин структурасынын сакталышы.

Варианты ответов
  • тезистин тактыгы жана ачыктыгы
  • аргументтердин тезис менен дал келиши
  • аргументтердин ишенимсиздиги
  • тексттин структурасынын сакталышы.
Вопрос 5
  1. Төмөнкү катардан ойду корутундулоочу киринди сөздү тапкыла.

А) башкача айтканда; б) ошентип; в) демек; г) баары туура.

Варианты ответов
  • башкача айтканда
  • ошентип
  • демек
  • баары туура
Вопрос 6

.Мамбет Мамакеевдин илимий иштери кайсы ооруларга багытталган?

 

Варианты ответов
  • өт оорулары
  • жүрөк оорулары - инсулт, инфаркт ооруларын алдын алуу
  • Өпкө – боор ооруларынын келип чыгуу жолдорун жана аны изилдөө
  • медицина тууралуу илимий эмгектерге
Вопрос 7

 Кайсы катардагы сүйлөм түз мааниде колдонулду?

    

Варианты ответов
  • Көралбастык сапат ичи тардыктан келип чыгат.
  • Айта турган сөзүмдү айтайын десем, бул жер тарыраак болуп жатат.
  • Өтүгүн тар болсо, дүйнөнүн кендигинен не пайда.
  • Карап тур сени, тар жол, тайгак кечүүдө дагы салам айтышарбыз.
Вопрос 8

Мүчө туура эмес жалганган катарды белгиле.

 

Варианты ответов
  • Медицина факультетине жүздөгөн абитуриенттер тапшырышты.
  • Психологдун айткан кенеши жакшы жыйынтык берди
  • Митингке жүз чакты киши катышты.
  • Мектепке баргандагы окуялар өмүр бою эсинде калды.
Вопрос 9

Сүйлөмдөгү белгиленген сөздүн өтмө маанисин тап:

       Ал көпкө чейин туяксыз жүрдү.

          а)баласыз        б)мал-мүлксүз         в)ата-энесиз        г)ишсиз

Варианты ответов
  • баласыз
  • мал-мүлксүз
  • ата-энесизишсиз
  • ишсиз
Вопрос 10

“Диагноз” деген сөздү кантип түшүнөсүң?

 

 

Варианты ответов
  • медицинанын диагноз методу жөнүндөгү бир бөлүмү;
  • бардык жагынан текшерүүнүн негизинде ооруну табуу, корутунду ;
  • башка организмдин эсебинен жашаган өсүмдүк же жаныбар;
  • адамдардын, айбандардын тамак сиңирүү органы
Вопрос 11

Илимий стилге мүнөздүү белгилер:

 

Варианты ответов
  • конкреттүүлүк, тактык, далилдүүлүк;
  • тактык, образдуулук, логикалуулук;
  • тактык, логикалуулук, агитациялык;
  • далилдүүлүк, тактык, образдуулук.
Вопрос 12

.С.Чокморов кайсы кинолордо тартылган?

а) «Жамийла», «Мен Тянь-Шань», «Эрте келген турналар» кино тасмаларында;

б) “Караш-караш окуясы”,  “Жамийла”,  “Көксерек” кино тасмаларында;

в) “Биринчи мугалим”, “Фудзиямадагы кадыр түн” кино тасмаларында;

г)

«Жамийла», «Мен Тянь-Шань»,”Менин айылым” кино тасмаларында.

Варианты ответов
  • «Жамийла», «Мен Тянь-Шань», «Эрте келген турналар» кино тасмаларында
  • “Караш-караш окуясы”, “Жамийла”, “Көксерек” кино тасмаларында
  • “Биринчи мугалим”, “Фудзиямадагы кадыр түн” кино тасмаларында
  • «Жамийла», «Мен Тянь-Шань»,”Менин айылым” кино тасмаларында.
Вопрос 13

Сүйлөмдү толуктагыла.

Бизде жаткан бейтаптардын ____төмөн, ошондуктан бөлүмгө киргендер сөзсүз түрдө _________менен гана киришет.

 

Варианты ответов
  • витаминдери\витаминдүү азыктар;
  • кандары \ маска, бахила, халат
  • иммунитеттери\ маска, бахила, халат;
  • ой жүгүртүүсү \ психологдор
Вопрос 14

Саламаттык сактоо мекемелеринде дарыланып жаткан жана көзөмөлдө турган бейтапка медициналык жардам көрсөтүүчү кесиптин ээси

Варианты ответов
  • дарыгер
  • табып;
  • үй-бүлөлүк дарыгер
  • медсестра
Вопрос 15

Тазалык – соолук негизи, соолук – байлык негизи” деген макалга мааниси жакын макалды белгиле.

 

Варианты ответов
  • Таза болсоң суудай бол, баарын жууп кетирген
  • ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат
  • ойлонбой сүйлөгөн, онтобой ооруга жолугат;
  • биринчи байлык ден соолук.
Вопрос 16

Саламатсызбы, эже?

  • Э, ошо саламат боло албай атам, кызым. Бул жерге келүүмдүн себеби, бир топ убакыттан бери жүзүм бир аз саргайгандай, дене табым көтөрүлүп, зааранын түсү мурункудан бир аз өзгөрүп атат. Алым куруп, ичим ооруйт. Айтор, эмне оору экенин билбейм. Диалогдо кайсы оорунун белгилери жөнүндө сөз болуп жатат?

 

Варианты ответов
  • анемия
  • сарык
  • кургак учук;
  • бронхит
Вопрос 17

Ден соолукка байланыштуу айтылган ырым сөздөрдү белгиле.

 

Варианты ответов
  • соо жаныңды оору дебе, ооруп каласың
  • бутуңду жөнү жок тушаба, жаман болот
  • сенин тишиң ооруганча, иттин тиши оорусун
  • Таштандыны тебелебе, ооруп каласын
Вопрос 18

Дем алуу системасынын абалын көрсөткөн белгилерди аныкта

 

 

 

Варианты ответов
  • жөтөлүү, какырык түшүү, демигүү, алсыроо, чыйрыгуу, жөөлүү
  • жүрөк катуу дүкүлдөп согуусу, жүрөк ооруу, жүрөк кысылуу;
  • табиттин өзгөрүүсү, окшуу, кусуу, ооздон кара суу келүү, тил кургоо;
  • шишик басуу, заара азаюу, киргил, кызгылт заара;
Вопрос 19

– лык, - чы, - чылык, - чыл, - ист мүчөлөрү энчилүү аттарга уланса кандай жазылат?

 

Варианты ответов
  • жалпы атка өтүп, кичине тамга менен жазылат;
  • баш тамга менен кашаага алынып жазылат
  • жогорку мүчөлөр энчилүү аттарга уланбайт;
  • кичине тамга менен тырмакчага алынып жазылат.
Вопрос 20

Организмдин витаминди кабыл алуусу анын ___________ абалына жараша болушу керек

 

Варианты ответов
  • физиологиялык
  • эмоциялык
  • гипервитаминоздук
  • диффузиялык
Сохранить у себя: