СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз тили

Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
лексика-граматика

Список вопросов теста

Вопрос 1

Жакшы жигит жайкаңдайт,

Адам... көөн.. калтыр...

Жогорку сүйлөмдөрдү сөздөргө кайсы катардагы мүчөлөрдү ырааты менен уласак,сүйлөмдү туура түзгөн болосуз?

Варианты ответов
  • (А) -дан, -үн, -ат
  • (Б) -дын, -үн, -байт
  • (В) -дын, -у, -ат
  • (Г) -дан, -у, -ат
Вопрос 2

Сүйлөмдөрдө жылдызча ичиндеги сөздөрдүн ичиндеги адабий нормага туура  келбейт?

Варианты ответов
  • (А) Көп кыйналбай, акырын *иштеп жүрүмүн*
  • (Б) Ал убакта мен шаарда *иштеп жүрчүмүн*
  • (В) Ал өз кызматында мурункудай эле *иштеп жүрөт*
  • (Г) Беш жылдан кийин сизге окшоп *иштеп жүрөрмүн*
Вопрос 3

Иштен соң түз үйгө бар...

Жогорку сүйлөмдөгү боштукту кайсы катардагы мүчө менен толуктасак,максатниетти билдирген болобуз?

Варианты ответов
  • (А) -са экен
  • (Б) -гай эле
  • (В) -мак болду
  • (Г) -гым эле
Вопрос 4

Ак кар жамынган бийик тоолорду карап, көйгөйлөрүн унутуп,магдырап, көпкө отуруп калды.

Жогоруда берилген сүйлөмдөгү кайсы сөз сүйлөм мүчөсү катары кыймыл-аракеттин атын билдирип турат? 

Варианты ответов
  • карап
  • унутуп
  • магдырап
  • отуруп калды
Вопрос 5

Менин бул жердеги милдетим келгендерди тосуп алуу.

Сүйлөмдөгү кайсы сөздөн кийин сызыкча коюлуш керек?

Варианты ответов
  • менин
  • милдетим
  • келгендерди
  • жердеги
Вопрос 6

Бирөөнүн көзүн караган  жаман,балам. Колдон келсе, бирөөнүн көзүн караба да,бирөөнүн күнүн өзүңө түшүрбө!

Алды сызылган сөз тизмегинин маанисин аныктагыла.

Варианты ответов
  • Бирөөнү багуу
  • Бирөөнү тиктөө
  • Бирөөгө көз каранды болуу
  • Бирөөгө карыз болуу
Вопрос 7

Кайсы катардагы сөздөрдүн бардыгы кыймыл-аракетти билдирген сөздөрдөн жасалды?

Варианты ответов
  • жазуу, чабыш, турмуш
  • ташымал, ишкер, ашпоз
  • билим, чечим, жоокер
  • сызгыч, күрөк, ашпоз
Вопрос 8

Кайсы варианттагы сүйлөмдөрдүн тыныш белгилери туура коюлган?

Варианты ответов
  • Үч жерде үч,тогуз.
  • Үч жерде- үч тогуз
  • Үч жерде үч тогуз
  • Үч жерде үч-тогуз
Вопрос 9

Кайсы катардагы сүйлөмдө жылдызча ичиндеги сөз алгачкы маанисинде колдонулду?

Варианты ответов
  • Тышкы сооданын көлөмүнүн өсүшү экономиканы *көтөрүп койду*.
  • Буюмдарын чогултуп, болгонун болгондой *көтөрүп кетти*.
  • Отургандар Акбалтанын даражасын *көтөрүп койду*
  • Аскарды бул кызматка агасы *көтөрүп кетти*
Вопрос 10

Кайсы варианттагы сөздөрдүн бардыгы туура жазылган?

Варианты ответов
  • жан-жаныбар, жан соога, жан-жөкөр
  • жан жаныбар,жан-соога,жан-жөкөр
  • жан-жаныбар,жан соога, жан-жөкөр
  • жан жаныбар, жан-соога, жан жөкөр
Вопрос 11

Кайсы варианттагы сүйлөмдүн биринчи бөлүгү экинчи бөлүгүнүн себебин билдирет?

Варианты ответов
  • Малчылар Чүйгө көчүп кетишкендиктен, жайлоонун чөбү кайра кулпура баштады.
  • Дан эгиндерин убагында суугарып турса,түшүмү мол болот
  • Бала от алып келгенден кийин,Сейде шалдырап отуруп калды.
  • Нурбектин муундары калчылдап,денесинен тер кетти.
Вопрос 12

Кайсы катардагы сүйлөмдө сызыкча белгиси туура коюлган?

Варианты ответов
  • Бүгүнкү күндөн эртеңкибиз-кызыктуу.
  • Бөлмөдөгү студенттердин саны- үч жүз.
  • Келечектин ээлери-силерсиңер.
  • Бул ишти колго ала тургандар-жаштар.
Вопрос 13

Кайсы катардагы географиялык аталыштардын бардыгы туура жазылган?

Варианты ответов
  • Түндүк Америка, Жакынкы чыгыш, Орто Азия
  • Каракол,Базар-Коргон,Ростов-на-Дону
  • Жети-Өгүз,Кара-Кулжа,Көкө-Мерен
  • Борбордук Азия,Жалал-Абад,Төө ашуу
Вопрос 14

Курч ...

Жогоруда берилген сөз кайсы катардагы сөздөрдүн бардыгы менен туура айкашат?

Варианты ответов
  • күрөк,сөз,тарак
  • жигит, мүнөз, иш-аракет
  • калем,тил,көз
  • абал,максат,бычак
Вопрос 15

сайраган

Кайсы катардагы сүйлөмдү жогоруда берилген сөз менен толуктасак,өтмө мааниде колдонулган болот?

Варианты ответов
  • Токтогулдай ________ ырчы бол.
  • Тоо арасында______булбул да жок.
  • Бак ичинде ________ куштар жүрөт.
  • Ээн талаада ________ кандай жандык?
Вопрос 16

Кайсы катардагы сүйлөмдө жылдызчанын ичиндеги сөз санды билдирип турат?

Варианты ответов
  • Ар бири *даана* көрүнүп турду.
  • Ар бир *даана* айтылган сөз угулуп турду.
  • Бир *даанасын* уккан киши барбы?
  • Ар бир *даанасын* текшерип алган эле.
Вопрос 17

Кайсы варианттагы жылдызчанын ичиндеги сөз жазуу эрежесине ылайык жазылган?

Варианты ответов
  • Кыз узатуу кечесине *чакыруу* кагазын алдым.
  • Кошунабыз апамды конокко *чакырып* келиптир.
  • Айгерим кызын чоң апасынын үйүнө *тыштап* кетти.
  • Бакыт жаңы барган мектептин эрежелерине *көнбөй*,кайра эски мектебинде окуп жатат.
Вопрос 18

Агайын-туугандар, өгүнү айтылган сунушту кантип иш жүзүнө ашырабыз?

Жогоруда берилген сүйлөмдү канча бириккен сөз бар?

Варианты ответов
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
Вопрос 19

Кайсы вариантта иш кагаздарынын стилинде колдонулбаган сөздөр берилген?

Варианты ответов
  • аябай,эң,абдан
  • чамалуу,өңдүү,соң
  • маган,кай бир,негедир
  • эртерээк,бат-бат,абдан тез
Вопрос 20

Кайсы катардагы сөздөрдүн бардыгы туура жазылган?

Варианты ответов
  • айыл-чарба,өнөр-жай,орун басар
  • айылчарба,өнөр жай,орун басар
  • айыл чарба,өнөр жай,орун басар
  • айыл-чарба,өнөр-жай,орун-басар
Сохранить у себя: